Мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун келечеги жана көйгөйү талкууланды

  • 17.06.2013
  • 0

Кыргыз экономикалык университетинде өткөн «Мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу тегерек столдо “Кыргыз тилчилердин” жана “Орус тилчилердин” ассоциациясы түзүлдү.

Иш-чарада мамлекеттик жана расмий тилдердин көйгөйлүү маселелери каралып, келечектеги  жолдору такталып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анын негизинде билим берүү мекемелеринде мындай иш-чараны жылда өткөрүп туруу үчүн “Эстафета баракчасы”  БГУга салтанаттуу түрдө тапшырылды. 

 — Биздин окуу жай “Мамлекеттик тил”, “Эл аралык эне тил” күнүнө карата жыл сайын республикалык деӊгээлде иш-чараларды өткөрүп келебиз. Бул иш-чара  дагы мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун сапатын жогорулатууга, мектептер, орто кесиптик окуу жайлары  менен жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты күчөтүүгө багытталды, — дейт КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Н.Жапаралиева.

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии