Мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун келечеги жана көйгөйү талкууланды
- 17.06.2013
- 0
Кыргыз экономикалык университетинде өткөн «Мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу тегерек столдо “Кыргыз тилчилердин” жана “Орус тилчилердин” ассоциациясы түзүлдү.
Иш-чарада мамлекеттик жана расмий тилдердин көйгөйлүү маселелери каралып, келечектеги жолдору такталып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Анын негизинде билим берүү мекемелеринде мындай иш-чараны жылда өткөрүп туруу үчүн “Эстафета баракчасы” БГУга салтанаттуу түрдө тапшырылды.
— Биздин окуу жай “Мамлекеттик тил”, “Эл аралык эне тил” күнүнө карата жыл сайын республикалык деӊгээлде иш-чараларды өткөрүп келебиз. Бул иш-чара дагы мамлекеттик жана расмий тилдерди окутуунун сапатын жогорулатууга, мектептер, орто кесиптик окуу жайлары менен жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты күчөтүүгө багытталды, — дейт КЭУнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы Н.Жапаралиева.
Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»
Комментарии