”Өлкө мектептери жаӊы окуу жылына даяр”

  • 06.09.2013
  • 0

Догдуркүл Кендирбаева:

2013-2014-жаӊы окуу жылына саналуу гана күндөр калды. Быйылкы жылы билим берүү системасында кандай өзгөрүүлөр бар, мугалимдердин айлык акысы, окуучулардын бирдиктүү мектеп формасы жана тамактануусу тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева маек куруп берди.

— Догдуркүл Шаршеевна, жаӊы окуу жылына өлкө мектептери канчалык деӊгээлде даяр? Былтыр айрым мектептер чатырда окушту эле, быйыл алардын абалы кандай?

— Кыргызстан боюнча билим берүү мекемелери жаӊы окуу жылына даяр. Жер-жерлерде салтка айланган мугалимдердин методикалык кеӊешмеси өтүп жатат. Анын максаты, биринчиден, жаӊы окуу жылына даярдыкты тастыктоо, экинчиден, мугалимдердин алдындагы милдеттерди аныктоо, үчүнчүдөн, билим берүүнүн мазмунундагы өзгөрүүлөрдү так жана түшүнүктүү жеткирүү. 5-сентябрга карата жалпы республикалык комплектөө аяктайт. Быйыл деле былтыркыдай бир миллиондон ашык бала мектепке барат.

Бардык жетекчилер жер-жерлерге чыгып, салынып жаткан объектилер канчалык деӊгээлде даяр экендигин, анын сапаттуу курулуп жатканын көрдүк. Жакында эле премьер-министрдин тапшырмасы  менен өкмөттүк комиссия Ош, Баткен областтарында салынып жаткан мектептерди көрүп келдик. Учурда Ош областы боюнча  44 мектеп салынып жатат. Сентябрь айында 19 объект, жылдын аягына чейин дагы 30 объекти пайдаланууга берилет.

Былтыр республика боюнча эки мектеп чатырда окуп, окуу жылын аякташты эле. Биринчиси, Кара-Суу районунун Жоош айылындагы Сматов атындагы мектеп. Жакында эле  өкмөттүк комиссия менен ал мектепти көрүп келдик. Мектеп авариялык абалда экенин аныктаган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими бар.  Биринчиден, жер титирөөнүн кесепетинен, экинчиден,  кээ бир жердеги нымдуулуктан мектеп фундаменти чөккөндүктөн  жарака пайда болгон. Бул мектеп уланып салынган. Эки класс гана жарабайт, калган класстарда кадимкидей сабак өтүлө берет. Ошондой эле мектепке ылайыктуу бир үйдү ижарага алып, бөлмөлөргө парталарды коюп, сабак өтүлөт. Ал эми  Жумгал  районундагы бир мектеп, былтыр  27-апрелде ремонтун бүткөргүчө убактылуу чатырга чыккан эле. Ал жерге да барып келдим, ремонту бүткөрүлдү.

— Кандай өзгөрүүлөр менен жаӊы окуу жылы башталат?

—  Жылда эле бир топ өзгөрүүлөр киргизилет. Быйыл чоӊүч өзгөрүү бар. Биринчиден, финансылык реформа жүргүзүлдү. Анткени буга чейин билим берүү мекемелери айыл өкмөттөрү аркылуу каржыланып келсе, эми мектептер толугу менен Билим берүү жана илим  министрлиги аркылуу каржыланат. Районолор алдында борборлоштурулган бухгалтериялар түзүлдү. Маселен, Сузак, Өзгөн   сыяктуу  чоӊ районолорго 25тен бухгалтер кабыл алынды. Экинчи чоӊөзгөрүү — бул Кыргызстандын алкагында бала бакчанын жетишпегендигинен мамлекеттин эсебинен 240 сааттык мектепке чейинки даярдоо курсу үч жарым ай окутулду. Буюрса, эмдиги жылы толугу менен мектепке даярдоо бир жыл бою жүргүзүлөт. Үчүнчү чоӊөзгөрүү, куррикулум же билим берүүнүн жаӊы стандарттары боюнча быйыл китептерди чыгара баштадык. Учурда 2-3-класстын окуу китептери ЮНИСЕФтин колдоосу менен чыгарылып, бардык мектепке жеткирилди. 

Мындан сырткары, билим берүүнү баалоонун жаӊы инструменттери киргизилет. Бул  өкмөттүн токтому менен ратификация болуп, кайрадан гранттык негизде ишке ашырылат. Ошондо эӊ чоӊөзгөрүүнү байкаса болот. 4-класстан кийин окуучулардын жетишкендиктери бааланат. Бизде негизинен жалпы билим берүүүч баскычтан турат: башталгыч, негизги жана орто билим берүү. Ириде эле башталгыч классты бүткөндөрдүн билим деӊгээли бааланат. Экинчиден, Талас жана Ысык-Көл областтарындагы мектептерде мамлекеттик жыйынтыктоо экзамен берүүдөгү механизм өзгөрүлүп, аттестациянын жаӊы модулу киргизилет. Үчүнчүдөн, бардык предметтер боюнча жаӊы муундагы тестирлөөнүн  базасы түзүлөт. Сыноо ирээтинде 9-класстын бүтүрүү экзамендеринде да окуучулардын жетишкендиктери бааланат. Баалоо системасын пайдалануу боюнча 10 миӊ мугалим окутулат. Ошондой эле нормативдик актыларга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Эгерде мурда мугалимдердин  сааттарына чектөө коюлган болсо, азыр 36-48 саатка чейин узартылды. Директорлорго 12 саатка чейин сабак берүүгө уруксат берилди. Мурда 6-9 саат эле болчу. Ал эми бала бакчаларда мурда 56 саат болсо, азыр 62 саатка чейин узартылды.

Кыргызстанда негизги билим берүү бекер жана милдеттүү. Кээ бир өлкөлөрдө башталгыч класста окуу бекер болсо, калгандары төлөп билим алышат. Союз учурунда экономикалык чоӊ держава кезинде окуу китептерин ата-эне сатып берчү. 1996-жылы өкмөттүн токтому менен айылдык мектептерде бир жолу 100 сом, шаардык мектептерде 150 сом керектөөчү взнос төлөчүбүз. Окуу китептерин ижарага алчубуз. Бүгүнкү күндө окуу китептерин ижарага берели деген сунушубузду “Башмыйзамдын  45-беренесине туура келбейт” деп Адилет министрлиги өткөрбөй жатат. Жогоруда айткан жылына бир жолу төлөөчү керектөө  взносун киргизели десек дагы,  ал да өтпөй турат. Бирок ошол эле мезгилде, маселен, кыргыз-түрк  лицейлерине 1500-2500 долларга чейин ата-энелер төлөп, балдарын окутуп жатышат. Каалоочулар көп. Демек, ата-эненин алдында тандоо бар. “Эби бар эки жолу ичет” дегендей, мамлекеттен дагы каражат алып, ата-энелерди да пайдаланып жаткан билим берүү мекемелери жок эмес.

— Бишкек шаарында мектепке, бала бакчага балдарын ата-энелер киргизе албай кыжаалаттанып, бизге чейин арызданып келишүүдө. Канткенде жана кайсы жол менен бул маселе чечилет?

— Былтыр Жогорку Кеӊешке көп ата-энелер кайрылышкан. Айрым белгилүү мектептер, айрыкча, 1-класска кабыл алууда көп каражат талап кылып жатышканы боюнча даттанышкан эле. Ошонун негизинде атайын парламенттик угуу болгон. Бишкек шаары боюнча мектептеги ар кандай мыйзамсыз акча чогултууну токтотуу максатында  жумушчу топ түзүлгөн эле. Кечээ ушул маселени комиссия атайын карап чыктык, көпкө чейин талкууладык, сунуштарды киргиздик.

Миграция толкунунун натыйжасында  Бишкекке келгендин баары эле мыкты мектептерден, бала бакчалардан орун алсак дешет. Тилекке каршы, Бишкек шаарында бала бакча жетишпейт. Аны  чечүүнүн бир гана жолу бар — бала бакчаларды куруш керек же болбосо райондордогудай жамааттык бала бакчаларды ачуу керек.  Бирок мектепке чейинки даярдоо класстары мектептин алдында ачылсын десек шаардагы балдардын саны өтө эле көп. Айрыкча Бишкек шаарында жана  анын тегерегиндеги мектептерде окуучулардын саны  өтө эле ашыкча. Анткени Бишкек шаарында мектептер салына элек. Мисалы, кечээ түштүк жергесинде болгондо бир айылда 325 орундук мектеп салынганын көрдүк. Ал жерде 330 бала окуйт экен. Бул өтө эле  кененчиликке жатат. Ар бир балага бирден парта туура келет. Ошондуктан балдар кайсы жерде көп топтолсо, ошол жерге ылайыктуу мектептер курулушу зарыл. Бишкек — элеттик жашоочулардын акча табуу чөйрөсү. Анда чоӊ борборлоштурулган базарлар орун алып, айылдыктарга жумуш ордун берүүчү шаар болуп эсептелинет. Ушуну дагы эске алышыбыз керек.

— Айрым ата-энелер кээ бир мектептерде бирдиктүү форманы таӊуулап жатышат деп нааразычылыктарын билдирип чыгышты…

— Маселен, эӊ күчтүү  деген Япония, Америка, Германия  мамлекеттеринде бирдиктүү мектеп формасы киргизилген жана милдеттүү түрдө кийишет. Россия Федерациясынын президенти В.Путин деле форма кийгизүү зарылчылыгын белгилеп чыкты. Эгерде бизде эне-аталар бир пикирге келип, мектептин чегинде ата-энелер чогулушунда чечип алып, бирдиктүү формага өтүшсө биз колдойбуз. Бул жерде эки маселе чечилмек. Биринчиден, окуучулардын социалдык шартын теӊдемек. Экинчиден, эркиндикке, укукка жамынып алып, диндик кийимдер аркылуу чабуул коюлуп жатат. Ошол дагы кандайдыр бир ойлондуруучу маселе. Бирдиктүү форма  бирдей шартта, бирдей билим-тарбия алганга, бирдей мүмкүнчүлүктү түзгөн болот эле.

— Башталгыч класстын окуучуларынын тамактануусун алып салуу сунушу менен айрым жетекчилер чыккан эле. Быйыл кандай болот?

— Жаӊы окуу жылдан баштап буга чейин бөлүнүп келген 470 миллион акча дагы эле ысык тамакка бөлүнөт. Ооба, окуу китеби жетишпегенинен балдардын тамактануусуна кеткен 470 миллионго окуу китептерин чыгарсак деген сунуш болгон. Негизинен 450 миӊге жакын бала тамак ичет. Балдар күнөөлүү эмес, ата-энесинин колунда бар же жок экенине. Экинчиден, тамак берүүнүн негизги себеби бар. Бүгүнкү күндө балдардын бойлору кичирейип кеткен, өзгөчө эртеӊки чек ара коргой турган, укук коргоо мекемелеринде иштей турган келечектеги эр жигиттерибиздин  бойлору кичик. Андыктан балага туруктуу витаминдүү тамак берүү зарыл.

Азыр биз Россия  тамак-аш институту менен биргелешип, жоболорду иштеп, методикалык колдонмолорду чыгардык.  Ириде 59 мектепти пилоттук деп тандап алдык. Россиядан чыккан ашкана жабдыктар менен пилоттук мектептер жабдылды.  Муздаткычынан баштап  идиш-аяк  жууй турганына чейин бар. Тамак берүү менюсу иштелип жатат.

Негизги талап — темир менен байытылган ундан жасалган нан же кесме болушу зарыл. Анткени темир жетишпегенинен окуучулардын  кабыл алуу функциялары төмөн.

— Тажрыйбалуу мугалимдердин айлык акылары жаш адистер менен теӊ болуп калганына көптөр нааразы. Эмне үчүн ушундай кадамга барууга туура келди?

— Жаш мугалимдердин жетишпегенин жоюу максатында квалификациялык категория жоюлган болчу. Биринчи жолу мектеп босогосун аттаган жаш мугалимди тажрыйбалуу педагогдор  менен бирдей карап, аларга дем берели дедик. Бул жаш мугалимдерди мектепке тартуу ыкмасы эле. Айлык акы аз болгон жок. Статистикага кайрылсак, учурда республика боюнча 74 миӊ мугалим бар десек, статкомдун маалыматы боюнча мугалимдердин саны андан да арбын. Анткени бөлүнгөн саат майдаланып жатат. Бир ставка менен иштеген мугалим сөзсүз 7-8 миӊ сомдун тегерегинде айлык алышы керек. Ошол эле кезде мугалимге 20 саат бербестен, анын ордуна ал саатты үч кишиге бөлүп берип коет. Ошондуктан кишинин саны көбөйүп, айлык акысы  аз болуп жатат. Быйыл айрым мамлекеттик укуктук нормалык документтерге  өзгөртүү киргизүү боюнча сааттык чектөөлөрдү жогорулаттык. Эгерде башталгыч класста 16 саат болсо, азыр 36 саатка чыкты, айрымдарына 47-48 саатка чейин алганга уруксат берип жатабыз. Бул дагы чоӊ ийгилик. Учурда 2300 мугалим жетишпейт.

 Маектешкен Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии