КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ РЕПРЕССИЯДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

  • 14.11.2016
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында жыл сайын уюштурулуп туруучу “Кыргызстандагы саясий репрессияда курман болгондорду эскерүү күнүнө” карата “Ата-Бейит” улуттук мемориалдык комплексинде Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжинин жүздөн ашык студенттери жана мугалимдер жамааты “Сталиндик репрессияга” дуушар болгон кыргыздын чыгаан уулдарынын жакын туугандары, балдары, кыздары, неберелери катышкан эскерүү иш-чараны өткөрүп келишти.

Эскерүү иш-чарада маркумдардын эстеликтерине гүл коюлуп, куран окутулду. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен ишке ашырылды.

Иш-чаранын негизги максаты  — студенттерди Кыргызстандын тарыхын үйрөнүүгө кызыктыруу, Ата Мекенин сүйүүгө үндөө жана патриоттук сезимин ойготуу.

Эскерүү иш-чарасына Кыдыралиева Бюбюра Абыкановна, 1938-жылы репрессия болгондордун көмүлгөн жерин көргөзгөн жалгыз күбө, Айтматова Роза Төрөкуловна, Айтматов Ильгиз Төрөкулович — репрессияланган Айтматов Төрөкулдун балдары, Исакеева Лариса Баялиновна — репрессияланган Баялы Исакеевдин кызы, Айдарбекова Зифаргуль – репрессияланган Иманалы Айдарбековдун  небереси, Иманова Гульнара Эльбековна – репрессияланган Данаке Имановдун неберелери катышышты.

Чыгып сүйлөгөн БКАМКтын директору Дюшебаев М.Ж., Айдарбекова З., Айтматова Р.Т., Айтматов И.Т., Иманова Г.Э., Эрдешов А.Т. Кыргызстандагы саясий репрессияда курман болгондорду эскерүүнү уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, келечек муундарыбыз үчүн тарбиялык мааниси чоң экендигине токтолушту.

ХХ кылымдын 30-жылдарындагы совет мамлекети тарабынан эч күнөөсүз өз өлкөсүнө берилген инсандарга карата жүргүзгөн сталиндик репрессия жогорку деңгээлдеги адилетсиздик болгонун, ар бир элдин алдыңкы интеллигенциясы, мыктынын мыктылары жок кылынганын колледждин студенттерине жана иш-чаранын катышуучуларына фактыларды келтиришип, толкундануу менен айтылып жатты. 1990-жылы Кыдыралиева Бюбюра тарабынан сталиндик репрессияда атылгандардын көмүлгөн жери көрсөтүлгөндөн кийин, 30-августта 1991-жылы “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде репрессияда курман болгон он тогуздан ашык ар улуттун өкүлдөрү, 137 кыргызстандыктардын сөөгү кайрадан коюлган. Алардын арасында Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Иманаалы Айдарбеков, Данаке Иманов ж.б. болушкан.

Ошондой эле “Ата бейитте” “Улуттук боштондук көтөрүлүшүнө — 100 жыл”деген түрмөктүн алкагында ачылган “Үркүн” тарыхый комплексинин авторлору, архитекторлор Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын ээси Бейшенбаев Уланбек Абыкеевич, Бейшенбаев Муратбек Ишенбекович жана Бейшенбаев Мирбек Ишенбековичтер менен жолугушуу уюштурулду. Авторлор бул эстеликтин кандайча жаралганын, архитекторлор арасында республикалык масштабда жарыяланган сынактын өтүү шарттарын, комплекстеги көрсөтүлгөн ар бир орнаменттер менен жазуулардын маңызы менен философиясын окуу жайдын студенттери жана мугалимдерине жогорку деңгээлде айтып беришип, келечекте аталган колледждин студенттеринин арасынан таланттуу архитекторлор, куруучулардан өсүп чыгаарына ишеним артышты.

Жогоруда аталган архитекторлордун мамлекетибизде жарыяланган “Маданият жана тарых” жылына кошкон салымы катары колдорунан жаралган үч эмгегин айта кетсек болот. Алар: Кыргыз Эл жазуучусу Ч.Т. Айтматовдун сунушу менен аты коюлган “Ата-Бейит” улуттук мемориалдык комплекси (ушул эмгеги үчүн У.А. Бейшенбаевге “Токтогул мамлекеттик сыйлыгы” ыйгарылган), Бишкектин борбордук аянтындагы “Апрель революциясынын баатырларына” арналган тарыхий эстелик жана “Ата-Бейит” улуттук комплексиндеги жакында КР Президенти А. Атамбаевдин катышуусу менен ачылышы болгон “1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнө — 100 жыл” (“Үркүн”) орнотулган тарыхий комплекс эсептелет.

Бишкектеги курулуш, архитектура жана менеджмент колледжи студенттерди өз өлкөсүнүн өткөн тарыхын, маданий мурасын, үрп-адат, каада-салтын толук кандуу өздөштүрүү, үйрөнүү, ынтымак менен биримдикти сактоо ж.б.у.с. максатында буга чейин дагы көптөгөн иш-чараларды окуу планына киргизүү менен иш жүзүнө ашырып келет жана мындай салт  окуу жайда улана бермекчи.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии