КЫРГЫЗСТАН СОЦИОЛОГДОРУНАН ЖЕТИ СУНУШ

  • 29.01.2016
  • 0

Белгилүү болгондой, учурда социология илими жана социологиялык изилдөөлөр бардык алдыӊкы өлкөлөрдө коомду илимий башкаруунун, өнүктүрүүнүн жана маселелерди чечүүнүн мыкты куралы катары колдонулуп келет. Өзгөчө мамлекет ишке ашырып жаткан социалдык-экономикалык саясаттын, реформалардын натыйжалуулугун баалоо, улуттук стратегиялардын, тармактык программалардын ийгиликтүү жүзөгө ашышына илимий-методологиялык негиз түзүү, дегеле социумдун ар кыл чөйрөсүндө келип чыккан көйгөйлөрдү изилдөө, талдоо, аларды чечүү жолун сунуштоо, б.а. коомдун «ден соолугуна» өз убагында диагноз коюп, дабаасын таба билген теориялык-тажрыйбалык илим катары кызмат кылат.

К

Кыргызстанда дагы социология илим жана кесип катары 1992-жылдан тартып институтташуунун жана кадамдап өнүгүүнүн жолунда. Азыркы тапта республиканын төрт жогорку окуу жайы (БГУ, БААУ, КУУ, КТМУ) тиешелүү кафедралардын алкагында адис-социологдорду окутууда. Маселен, өлкөдө алгачкы болуп социологиялык факультет ачылган (1992-ж.) К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде эле акыркы 20 жылдын ичинде 350дөн ашык (сырттан окугандарды эске алганда 900дөн ашык) социологдор даярдалып, эмгек майданына чыгарылган. Бүгүнкү күнгө карата социология илимдеринин 6 доктору, 25тен ашык кандидаттары даярдалып, илим жана билим берүү тармактарында эмгектенишүүдө. Демек, бул багытта суверендүү Кыргызстандын көрөӊгөсү бош эмес, тиешелүү илимий потенциал жыл санап калыптанууда.

Дүйнөлүк тажрыйба тастыктагандай, илим башка чөйрөлөрдөн бөтөнчөлөнүп тикелей мамлекеттик колдоого жана инвестицияларга муктаж. Антпесе анын өнүгүшү көйгөйлүү. Тилекке каршы, улуттук социологиялык илимдин мамлекеттеги статусу,  ага карата мамлекеттик мамиле, ошондой эле анын дүйнөлүк турмуш далилдеген мүмкүнчүлүктөрүн тажрыйбада колдонуу маселеси кейиштүү абалда калууда. Алсак, эркин мамлекеттүүлүктү куруунун жолуна түшкөн 25 жылдык тарыхыбыздын ичинде өкмөт тарабынан илимдин бул тармагына жетишерлик көӊүл бурулбай келет. Ал эми социологиялык маалыматка болгон муктаждыкты, биринчи кезекте, өкмөттүк түзүмдөр жаратышы керек эле. Социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары өкмөттүк программалардын, тармактык саясаттардын, улуттук стратегиялардын өзөгүнөн орун алышы зарыл эле. Эмне деген гана мамлекеттик стратегиялар, концепциялар, программалар жана пландар бекитилген жок чейрек кылымдын ичинде? Булар кантип ишке ашты (же аштыбы деги?), өз максатына жеттиби, карапайым калктын жашоосу үчүн кандай натыйжа берди, дегеле коомубуздун алга карай илгерилешине, бакубаттуулугуна эмне салым кошту? Социологиялык изилдөөлөрдүн ар кандай түрлөрү мына бүгүнкү күнгө чейин бейөкмөт уюмдар, жалпы эле жарандык сектор тарабынан, тышкы донорлордун эсебинен жүргүзүлүп келе жатканы сыр эмес. Стратегиялык мүнөзгө ээ, айрым учурда мамлекеттин коопсуздугун аныктаган тармактар жөнүндөгү маалыматтар эч кандай тоскоолсуз батыш талдоочуларынын үстөлүнө түшүп жатканы да сыр эмес. Алар эми биздин уруу-уруу, сай-сай, кокту-колотко бөлүнгөн ички түзүлүшүбүзгө чейин изилдеп, аныктап алышкан.

Эмне үчүн мамлекет социологиялык изилдөөлөргө жана социолог-талдоочуларга, изилдөөчүлөргө кызыкдар эмес? Качан коомубузду, турмушубузду илимий башкарууга, рационалдуу пландаштырууга, жөнгө салууга, анын туруктуулугунун алдын алууга, конфликттерди болтурбоого өтөбүз?

Жогоруда айтылган маселелердин кеӊири чөйрөсү социологдор коомчулугунда буга чейин да талкууланып келген. Мына ушул нуктагы илимий дискуссия 2015-жылдын 13-ноябрында (14-ноябрь – Дүйнөлүк социология күнүнө карата) Кыргызстан социологиялык ассоциациясы тарабынан БГУнун базасында өткөрүлгөн “Социологиянын коомду илимий башкаруудагы орду жана келечеги” аттуу Кыргызстандын социологдорунун VII Республикалык конгрессинде да улантылды. Өлкөнүн бардык аймактарынан, борбор калаадан келген илимпоз-социологдор, эксперттик коомчулук, изилдөөчүлөр чогулган бул конгрессте олуттуу маселелердин түрмөгү илимий талкууга алынды: 1) “Глобалдашуу учурундагы улуттук социологиянын калыптанышы, өнүгүшү”;  2) “Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө маселелерин чечүүдөгү социологиянын мааниси”; 3) “Ислам социологиясы: Кыргызстандагы диний саясатты иштеп чыгуудагы изилдөөлөр”; 4) “Бийлик жана социология: диалог жаратуу маселелери”; 5) “Үй-бүлө социологиясы жана заманбап үй-бүлөнүн көйгөйлөрү”; 6) “Мектептерде “Адам жана коом” сабагын окутуу маселелери”; 7) “Куралдуу күчтөрдүн көйгөлөрү жана Кыргызстанда аскер социологиясын калыптандыруу маселелери”; 8) “Жаштар социологиясы жана мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруудагы социологиялык изилдөөлөрдүн мааниси” 9) “Социалдык иденттүүлүк, иденттешүү, иденттештирүү – кыргыз мамлекетин  бекемдөөнүн булагы” ж.б.

Б

Бул орчундуу маселелер боюнча тиешелүү секциялардын алкагында илимпоздордун, адис-эксперттердин баяндамалары, изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары кызуу талкууланды. Глобалдык дүйнөдө мааниси улам жогорулап бараткан социология илимин Кыргызстанда өнүктүрүү, анын теориялык-методикалык жетишкендиктерин кыргыз коомунун социалдык-экономикалык бакубатчылыгын камсыздоого бет алдыруу максатында, Кыргызстандын социологдорунун VII Республикалык конгресси төмөнкүдөй резолюция (жана сунуштарды) кабыл алды жана аларды тиешелүү мамлекеттик түзүмдөргө жана тармактарга багыштайт (министрликтерге, агенттиктерге, кызматтыктарга):

1. Жалпы коом тутумун натыйжалуу башкарууда эмпирикалык илим катары социологиянын тажрыйбалык мүмкүнчүлүктөрүн мамлекет (өкмөт, тиешелүү органдар, тармактар) кеӊири колдонушу абзел. Бул максатта, биринчи кезекте, мамлекеттик стратегиялык документтердин, концепциялардын, программалардын ж.б. ишке ашышына мониторинг кылуу системасын социологдор менен бирге иштеп чыгышы жана ишке киргизиши зарыл. Ошондой эле  узак мөөнөттүү мамлекеттик стратегиялардын ишке ашуу процессине илимий колдоо көрсөтүү, натыйжаларын баалоо, идеологиялык негиздөө сыяктуу маанилүү иштерге социологдор түздөн-түз тартылышы керек.

2. Кызматтардын мамлекеттик реестрине “социолог” кесибин киргизүү маселеси бышып жетилди. Бул маселенин чечилиши менен социологдордун ролун жогорулатып, социологиялык кызматтарга муктаж болгон социалдык-экономикалык тармактарды тиешелүү адистер менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөк.

  1. Учурда социологиялык изилдөө-лөрдүн дээрлик бардыгы бейөкмөт уюмдар, жеке консалтинг агенттиктери тарабынан тапшырык аркылуу ишке ашырылат. Булар эл аралык донордук каражаттардын эсебинен иштегендиктен, изилдөө саясатында көз каранды экендиги анык. Ошондуктан, дүйнөлүк тажрыйбаны эске алып, өкмөт улуттук кызыкчылыктарды сактоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана эӊ негизгиси  кыргыз коомунун күрөө тамырын тартып, анын пикирин, “ахыбалын” такай изилдеп, көйгөйлөрдүн, социалдык чыӊалуунун алдын алып туруучу мамлекеттик мекеме ачышы зарыл. Мунун бир жолу катары учурда иштеп жаткан УСИИ (НИСИ) мекемесин тереӊ реформалап, анын базасында Коомдук пикирди изилдөө институтун түзүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында социология бөлүмүн (түзүмүн, институтун) ачуу жана социология боюнча корреспондент-мүчө ордун бөлүү маселесин чечүү сунушталат;

4. Азыркы тапта эӊ эле орчундуу маселеге айланган диний экстремизм, терроризм, ошондой эле бул процесске калктын айрым бөлүгүнүн, өзгөчө жаштардын жигердүү тартылышы, жалпы эле республикадагы диний абал тереӊ талдоону талап кылат. Бул маселелерди чечүүгөөзүнүн конструктивдүү, илимий негиздүү сунуштары менен социология жардамга келмек. Демек, социологиялык изилдөөлөрдүн жана социолог-эксперттердин бул жагдайдагы үлүшүн кеӊейтүү зарыл;

5. Орто мектептерде “Адам жана коом” сабагын окутуу системасын (окуу программасын, окуу куралдарын, педагогдордун компетенциясын) кайра карап чыгуу абзел. Биринчиден, азыр окутулуп жаткан программа заманбап талаптарга жооп бербейт, окуу куралынын көпчүлүк компоненттери эскирип, актуалдуулугун жоготкон. Андыктан бул программа жана жаӊы окуу куралы кайрадан, замандын суроо-талабын, социологиянын жетишкендиктерин эске алуу менен иштелип чыгышы керек. Ал эми аталган сабакты социологдор окутушу максатка ылайыктуу. Бул багытта, тиешелүү жогорку окуу жайларында социолог-педагогдорду даярдоого гранттык орундарды берүү зарыл. Маселен, учурда илимсиз эле кары-картаӊдарга жардамдашуу, тейлөө жумуштарын аткаруучулар болгон социалдык кызматкерлерди даярдоого өтө көп гранттык орун берилет, бул турмуштун талаптарына жооп бербейт. Социологдорду окутуу болсо 7 жылдан бери контракттык гана негизде жүргүзүлүп келет.

6. Дүйнөлүк жемиштүү практикага ылайык, Бишкек шаарындагы, ошондой эле республиканын аймактарындагы бардык профилдеги ЖОЖдордо, кесиптик-техникалык окуу жайларында “социология” дисциплинасын милдеттүү сабак катары киргизүү абзел. Бул болочоктогу кесип ээлеринин коом тууралуу билимин, дүйнөтаанымын, ой-жүгүртүүсүн, соиалдык-саясий маданиятын өстүрүүгө, активдүү жарандык позициядагы инсанды калыптандырууга шарттарды түзөт (учурда техникалык эмес, гуманитардык билим берген көпчүлүк университеттерде да, тилекке каршы, “социология” сабагы окутулбайт);

7. Учурда куралдуу күчтөр түзүмдөрүндө орчундуу социалдык көйгөйлөр бар. Ал эми аларды талдоого, чечүүгө багытталган социологиялык изилдөөлөр чейрек кылымдын ичинде дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Натыйжада аскерий коомчулук көмүскөдө, белгисиз калууда. Мындан сырткары, бул тапта аскердик түзүмдөрдө социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп, тиешелүү сунуштарды иштеп чыга турган адистер да жок. Бул жагдайды кескин өзгөртүү мезгили бышып жетилди. Ошондуктан, дүйнөлүк прогрессивдүү тажрыйбаны эске алып, өлкөдө аскердик социологияны калыптандыруу зарыл. Бул максатта, баштапкы кадамдар иретинде, мамлекеттин куралдуу күчтөрүндө тиешелүү адистерди окутуп даярдоо керек. Ошондой эле аскерий чөйрөдө мындан ары адис-социологдордун кызматын кеӊири пайдалануу маселесин көтөрүү, ойлонуштуруу максатка ылайыктуу. Кыргызстан социологиялык ассоциациясы, КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы, КР Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта аскердик адистердин квалификациясын жогорулатуу (аскердик социологиянын теориялык-методикалык негиздери, тармактык изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү) боюнча атайын окууларды уюштурууну сунуштайт.

Ошентип, биз көкүрөгүбүздү көптөн бери өйүп келе жаткан көйгөйлөрдүн орчундууларын түрмөктөп, жетиге топтоп, кыргыз мамлекетинин, өкмөттүн, тиешелүү мекемелердин жана жалпы коомдун назарына алып чыгууну туура деп таптык. Албетте, социология компетенттүү болгон маселелер чөйрөсүн мындан да кеӊейтсек болот. Жогоруда аталган көйгөйлөрдү чечүүгө тикелей катышууга, б.а. жумушчу тартипте тиешелүү жактар менен жолугушууга, сүйлөшүүгө, талкууга жана реалдуу кадамдарга Кыргызстан Социологиялык ассоциациясы даяр экендигин билдиребиз.

Урматтоо менен,

Кыргызстан социологиялык ассоциациясынын президенти,

философия илимдеринин доктору, социология профессору,

Кыргыз эл мугалими

КУСЕИН ИСАЕВ;

Кыргызстан социологиялык ассоциациясынын вице-президенти,

социология илимдеринин кандидаты, доценттин м.а., К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин социология бөлүмүнүн башчысы

БАКЫТБЕК МАЛТАБАРОВ;

Кыргызстан социологиялык ассоциациясынын окумуштуу катчысы, социология илимдеринин кандидаты, доценттин м.а., К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин социологиялык жана маркетингдик изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы

САМАР СЫРГАБАЕВ

Поделиться

Комментарии