Кыргыздын билим кемесин заманбап жолго айдаган капитан

  • 11.04.2014
  • 0

IMG_3557

Өткөн жумада Канат Садыков үчүнчү жолу өкмөт курамына кирип, билим берүү жана илим министри болуп кайрадан дайындалды. Бул Канат Садыковдун аталган тармакты заманбап шартка ылайык реформалоодогу аракет мээнетине берилген объективдүү мамилени күбөлөп турат десек болчудай. Акыйкатта, билим берүү жана илим министрлигинин көп мээнеттүү аракеттери Канат Садыков жетектеп турган учурга туура келет. Учурда билим тармагын заманга ылайык модернизациялоого азыркы министр көп күч жумшап жатат. Демек, эл өкүлдөрү Канат Садыковдун билим, илим тармагындагы иштиктүү аракеттерин туура баалап, бул тармакты андан ары да өнүктүрүп кетүүгө дагы бир жолу ишеним көрсөтүп отурушат.         

Ушундан улам баамдап карасак,  кийинки үч-төрт жыл ичинде Кыргыз Республикасында билим берүү системасын реформалоонун негизги  багыттары аныкталды.

Билим берүү системасындагы реформаны алга жылдырууда 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасында билим берүүнүн Концепциясы, 2012-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында билим берүүнүн Стратегиясы жана 2012-2014-жылдарда билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруунун мерчемдүү аракеттери  бекитилип, иш жүзүнө ашууда.

2013-жылдын 1-мартынан баштап, 3-5 айдын аралыгында республикабыздын дээрлик бардык мектептеринде 240 сааттык балдарды мектепке даярдоо боюнча программа иш жүзүнө ашты.

Азыркы учурда билим берүүнүн мазмунун өзгөртүүнүн үстүндө иштер жүрүүдө. 2012-2013-окуу жылында башталгыч класстар билим берүүнүн жаӊы стандартына өткөрүлдү. Ал эми 2013-2014-окуу жылында жаӊы стандартка 3-класстар өткөрүлөт. 2013-окуу жылында 5-6-класстарга билим берүү жаатында жаӊы стандарттардын апробациясы 4 предмет боюнча — так илимдер, тил, математика жана искусство аркылуу улантылат.

2011-жылы КРнын Өкмөтү билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жолун өзгөрттү. Мурда тарифтик торчонун негизинде каржыланып келсе, азыр мугалимдин жасаган ишине жана окуткан саатына жараша маяна төлөнөт. Мындан тышкары, мурда төлөнбөй келген сабакка даярдануу, педагогикалык чеберчиликти өстүрүү, усулдук бирикмелерге жетекчилик кылуу    өӊдүү иштерге азыр маяна төлөнө баштады. Натыйжада мектепке жаш педагог кадрлар көп келе башташты. Ушу тапта бир катар райондордо жана шаарларда мугалимдик бош орундар жок.

КРнын Өкмөтүнүн  токтомуна ылайык, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө борборлоштурулган бухгалтериялар түзүлдү, ошону менен катар, мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген  билим берүү уюмдарын  толук кандуу каржылоо үчүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Аппаратына  кошумча штаттык орундар берилген.

Жогорку кесиптик билим берүүгө өтүү жана жаӊы муунга билим берүүнүн мамлекеттик стандартын өркүндөтүү да бир кылка ишке ашууда. Жогорку окуу жайларда сапаттуу адистерди даярдоо үчүн, КРнын Өкмөтү  2011-жылы ЖОЖдордо эки баскычтуу билим берүүгө өтүү жана жаӊы муундун Мамлекеттик стандартынын макети боюнча токтомун бекиткен. Бул токтомго байланыштуу, 2011-жылы окутуу-усулдук бирикмелердин курамы жаӊыртылып, ага Кыргызстандын ЖОЖдорунун белдүү окумуштуулары менен педагогдору катышышкан.

2012-жылдын 1-сентябрынан баштап, Кыргызстандын ЖОЖдору магистратура жана бакалавр деген аталыштагы эки баскычтуу окутуу системасына өткөн.

Кыргыз Республикасында жогорку окуу жайлар тармагын оптималдаштыруу да эки этапта өтүүдө. 1-этап (2011-2012-жылдар). Жогорку кесиптик билим берүү түзүмдөрүн, багыт берүүчү ошондой эле, адистерди даярдоочу ЖОЖдордун санын оптималдаштыруу болуп эсептелет.

2011-жылы КРнын Өкмөттүк деӊгээлде жогорку окуу жайларда сапаттуу адистерди даярдоо үчүн эки баскычтуу билим берүүгө өтүү жана жаӊы муундун Мамлекеттик стандартынын макети боюнча токтом бекитилген. 2012-жылы КЖБ-кесиптик жогорку билим берүүчү окуу жайлары лицензия талаптары боюнча текшерилген. Анын натыйжасында 72 адистик боюнча 15 ЖОЖдун лицензиясы кайтарылып алынды. Андан тышкары бакалаврларды даярдоонун 42 түрү боюнча лицензия берүү токтотулган.

2012-2013-жылы сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу токтотулду. Ошол себептен, аралыктан билим берүү боюнча, окуу жайлардын ишкердүүлүгүн жөнгө салуучу укуктук-ченемдик базаны жогорулатуу иштери жүргүзүлгөн.  2-этап (2013-2014-жылдар). Улуттук маанидеги ЖОЖдорду аныктоо, ЖОЖдордун профилин тактоо, магистрлерди даярдоо программасын ишке ашырган ЖОЖдордун санын кыскартуу болуп эсептелет.

Ушул тапта ЖОЖдордун лицензияларын кайрадан карап чыгуу жана окуу жайдын профилине жана миссиясына жооп бербегендердин маселесин кароо турат. Бул иштердин жыйынтыгында бакалаврларды даярдай турган гана ЖОЖдордун тизмеги такталып, ал программаны ишке ашырууга  уруксат берилет. Ал эми магистрлерди даярдоочу жогорку окуу жайлар бир топ кыскарат. 3-этап (2014-2015-жылдар). ЖОЖдордо аккредитация жол-жоболорун өнүктүрүү. Аккредитация жүргүзүүдө иштеп жаткан ЖОЖдордун макамынын өзгөрүшүнө  мүмкүнчүлүк алынат, ошондой эле, мамлекеттик ЖОЖдорду жалпылаштыруу маселесин чечүүнү аягына чыгарат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын “Билим берүү тууралуу” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды, Бул Мыйзамдын аккредитация жол-жобосуна да түздөн-түз тиешеси бар. Мыйзам билим берүүчү уюмдар үчүн 2014-жылы 1-сентябрында күчүнө кирет. Ал убакыт келгенге чейин аккредитация өткөрүүнүн механизмдери биротоло бекитилет.

2013-жылы биринчи жолу балдар бакчасына барбаган жеткинчектер мектепке даярдоодон өткөн. Алар — беш жарым жаштан — жети жарым жашка чейинки өспүрүмдөр.

Дагы бир тыйылбай келе жаткан көйгөй — окуу куралдары менен камсыз кылуу.  Бул уланып келаткан көйгөйдү жергиликтүү авторлор менен биргеликте, Министрлик (АБР) Бүткүл дүйнөлүк банктын каражатынын эсебинен чечүүнү колго алды. Министрлик дептерлерди кошуп, окуу-усулдук комплекстерди басып чыгарууда облустук басмаканалар менен бирге иштешүүгө кызыкдар болууда.

Министрликтин милдети — биринчиден, билим берүүнүн стандарты, экинчиден, мугалимдердин кесиптик билимин  жогорулатуу болуп эсептелет. Стандарттар боюнча, окутуу-усулдук комплекси иштелип чыгып, мындай китептер менен аймактар тааныштырыла баштады. Тилекке жараша, жаӊы окуу китептерин жана материалдарын иштеп чыгууга, сынакка  катышууга, ар бир мугалимдин мүмкүнчүлүгү   бар. Так маалыматтар министрликтин сайтында жана “Кутбилим” газетасында жарык көрүүдө.

Кесиптик билимди жогорулатуу бул биринчи ирээтте сабактын сапатын жана мугалимдин аброюн көтөрүү болуп саналат. 2014-жылдын аралыгында министрлик педагогикалык билим берүүнүн Концепциясын жана мугалимдердин кесибин жогорулатуунун стандартын толуктап иштеп чыгып,  кабыл алууну мерчемдеп жатат. Бул мугалимдердин көпчүлүгүн жигердүү окутууну талап кылат.

Системалуу өзгөрүүлөргө келсек, министрлик бюджеттик каражаттар секторун башкаруунун 70 пайызын көзөмөлдөөнү өзүнө алды.

Эмки милдет — бул каражаттар натыйжалуу жана сапаттуу билим берүүгө кызмат кылууга тийиш. Тактап айтканда, каржы каражаттарынын 90 пайызы эмгек акы маяналарына жана мектептердин инфраструктурасына жумшалууда. Анын 5-7 пайызы гана мектепти өнүктүрүүгө берилет. Милдеттүү бюджеттик угуулар болуп, мектептерди жан башына каржылоого өткөрүүгө байланыштуу, мектептердин  чыгаша структурасында өзгөрүүлөр башталды. Ошентип, мектептин жамааты мурда башка ыкмага көнүп калган болсо, азыр ар бир тыйын окутуу чөйрөсүнө жумшалып, билимдин сапаты 12-15 пайызга чейин өстү.

Коррупциялык схемаларды жоюу максатында 2011-жылы “Билим берүү жөнүндө” КРнын мыйзамынын 44-1, 44-2, 44-3- беренелерине өзгөртүү киргизилип, мектепке берилген каражаттарга коомдук көзөмөл кылуунун жакшы шарттарын түздү. 2013-жылы өлкөбүз боюнча, 620 мектепте Камкордук көрүүчү  Кеӊештер түзүлдү. 2013-жылдын 1-августунан 20-августуна чейин бюджеттик угуулар болду. Натыйжада мектептердин инфраструктурасы оӊолуп, компьютерлер коюлуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берилген. Мындай мисалдар жүздөп саналат.

Мыйзамдын алкагында, Кыргызстандын бир катар мектептеринде мектептик бюджетти толуктоонун жаӊы булактарын издеп табышууда. Бюджеттик жана бюджеттик эмес  угууларды өткөргөн мындай мектептер жергиликтүү администрация өкүлдөрү, ата-энелер жана башка кызыкдар адамдар мектептин жамааты менен биргеликте угууларды үзгүлтүксүз өткөрөт. Алар окутуу чөйрөсүн жакшыртуунун оптималдаштыруунун,  мугалимдердин ишинин сапатын жогорулатууну ийрим, студиялар аркылуу балдар чыгармачылыгын өстүрүүнүн жолдорун издеп табышууда.

2014-жылы министрлик мектеп администраторлорун  сертификаттоо ченемдерин иштеп чыгууну мерчемдеп жатат. Келечекте бир дагы жетекчи билим берүү менеджментине байланышкан маселе боюнча  магистратурадан же тренингден өтпөсө, директорлор ассоциациясынын сертификатын албаса, анда ал жетекчи болуп шайланбайт. Азырынча министрлик бул иштерге алгачкы кадамын таштады.

Мурда белгиленгендей, билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу анын стандартына байланыштуу болору белгилүү. Дал ушул жагдайда, министрлик акыркы жылдары билим берүүнүн бардык баскычтарында, компетенттүүлүктүн негизинде,  жаӊы муундун стандартын иштеп чыгууга айрыкча көӊүл буруп келет.

Эл аралык изилдөөчүлөр белгилегендей, көпчүлүк өлкөлөрдө мектепке чейинки даярдоодон өткөн 15 жаштагы окуучу, даярдыктан өтпөгөн балдардан алда канча жогору турары далилденген. Ошондуктан мектепке даярдоо ишине 2013-жылы министрлик өзгөчө маани берди.

Баса белгилеп айта кете турган нерсе, биринчи жолу бир кылка Улуттук стандартка, Кыргызстандын ченемдик документтерине “баалоо” деген түшүнүк киргизилди. Баалоо мектеп окуучусунан тартып класска, мектепке чейин өзүнүн оӊ таасирин тийгизди. Мунсуз билимдин сапатын баалоо эч мүмкүн эмес эле.

Дагы бир  алгылыктуу иштердин бири — 100 инновациялык мектеп долбоору кирет. Министрликтин жүргүзгөн талдоосуна ылайык, Кыргызстандын мектептеринде 2013-жылдын 1-декабрынан баштап, 95 интерактивдүү доскалар пайдаланууга берилген. Инновациялык технологияны колдонуу-окутуу материалдарын байытып, окуучулардын кызыгуусун арттырып, жигердүүлүгүн күчөтөт. Кийинки кадам — жаӊы технологиялар окуучуларга кандай таасир берерине байкоо  салуу. Министрлик бул талдоолорду  2013-2014-окуу жылынын жыйынтыгы менен аягына чыгарат.

Ушул 2014-жылы инновациялык  мектептер өз иштерин алдыга жылдырууну баштайт. Биринчи кезекте, эӊ чоӊ колдоо — мугалимдердин билимин жогорулатууга жана администрацияга жумшалат, анткени алар жаӊыча иштөөнүн жаӊы нугуна түшө  албай жатышат. Андыктан, мугалимдерди жөн эле окута бербестен, мугалимдердин кесибин жогорулатуунун жаӊы курстарын, мектеп командаларынын жаӊы форматтарын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.

2013-жылы министрлик балдарды тарбиялоо ишин күчөттү. Тарбиялоо ишин жүзөгө ашырууда “Кыргызстанда өсүп келе жаткан муунду тарбиялоонун Концепциясы” иштелип чыгып, кабыл алынган. Концепциядагы дагы бир кызыктуу нерсе — кыргыздын байыртадан келе жаткан нукура нарк-насилинен, маданиятынан өсүп чыккан, салттуу тарбия киргизилген, ошондой эле, толук маданияттуу тарбия, ар түрдүү этносторго өз ара сый көрсөтүү, сабырдуулукту түптөө маселеси бар.

Азыркы күндө Концепцияга карата иш-пландар иштелип чыгууда, бул документ элдердин достугун бекемдөөдө, ар кандай улуттагы этносторду  урматтоо, сый-сыпат көрсөтүү — министрлик тарабынан иштелген маанилүү иштердин бир бөлүгү болуп  эсептелет.

Тарбиялоо милдеттерин күчөтүү максатында 2013-жылы Кыргызстандын мектептеринде бир катар долбоорлор иштеди. Ал долбоорлордун арасында-Евро Бирликтин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын улуттук, аймактык, жергиликтүү деӊгээлде мектеп парламентине балдардын катышуусун жакшыртуу максатында мектеп парламентин чыӊдоо долбоору бар.

“Сорос-Кыргызстан” фондусу каржылаган “Мектеп — коомдук кеӊешүүнүн борбору” деген долбоор да кошо иштейт. Долбоордун максаты — Баткен, Ош, Жалал-Абад, облустарындагы 15 мектептин дареметин көтөрүү, анткени аталган аймактарда ар  кандай улуттардын этностору жашагандыктан, кызыкдар тараптардын кошуналык мамилелерин колдоо, улуттар арасындагы карама-каршылыктарга бөгөт коюу болуп саналат.

БУУнун дүйнөнү куруу фондусунун  колдоосу менен ”Көп түрдүүлүктөгү биримдик” долбоору да өсүп келе жаткан жаш муунду тарбиялоо маселесин жакшыртып, бир кыйла иш-чараларды өткөрдү. ОБСЕнин жардамы менен да көп тилдүү билим берүүнүн сапатын күчөтүп, жеткинчектер менен чоӊдордун ортосундагы өз ара түшүнүүнү бекемдеди.

Кайсы гана сергек коомдогу балдар болбосун, аларды бирин-бири сыйлоого, андан кийин улууларды урматтоого, ыймандык ченемдерин кеӊейтүүгө арналса, “Зордук-зомбулуксуз мектеп” программасы да 2012-2013-жылы натыйжалуу иштеди, ал долбоор 2014-жылы улантылат.

Мектептерде үлгү Кызматтары түзүлдү, ал педагогдордон жана 5-11-класска чейинки окуучулардын курамынан турат. Кызмат аркылуу окуучулар менен педагогдор арасындагы кол көтөрүү, күчкө салуу сыяктуу, жагымсыз иштер каттоого алынат. Азыр мектептерде  ишеним почтасы, ишеним телефондору иштеп, маалымат кереге гезити чыгарылат.

Жогоруда биз билим берүү системасындагы кийинки үч жыл аралыгындагы иш-аракеттеринин айрым гана негиздүү бөлүктөрүнө токтолдук. Ушунун баары дагы бир жолу эл ишенимине ээ болгон билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун жетекчилиги астында болуп жатканы талашсыз.

 

Мукаш Базаркулов,

Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, коомдук ишмер:

 

— Мурдагы премьер-министр отставкага кетип, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаӊы курамы түзүлдү. Билим берүү жана илим министри болуп кайрадан Садыков Канат Жалилович дайындалды. Анын министр болуп иштегенине үч жыл болду. Бул мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн стратегиясынын талабына ылайык билим берүү системасын өркүндөтүү боюнча пландар иштелип чыкты.

Мектеп окуучуларына билим берүү боюнча окуу программалары кайрадан каралып чыгып, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, аны мамлекеттик стандартка туура келгидей деӊгээлге жеткирүү үчүн көп аракеттер жасалды. Мугалимдерге айлык акы төлөөнүн жаӊы эрежеси иштелип чыкты. Эреже боюнча мугалимдерге берген сабагы үчүн гана эмес, сабакка даярдангандыгы, жазуу иштерин текшергендиги үчүн да эмгек акы төлөнөт. Натыйжада мугалимдердин айлык акысы жогорулап, мектептерге иштеш үчүн жогорку окуу жайларын бүтүрүшкөн жаш адистер келе башташты.

Башталгыч класстардын окуучулары үчүн жаӊы стандарттагы окуу китептери басылып чыкты. Мектеп окуучуларын окуу китептери менен камсыз кылуу иштери колго алынды.

2010-2011-окуу жылында мектеп окуучуларынын 62 пайызы окуу китептери менен камсыз болушса, 2013-2014-окуу жылында 73 пайызы камсыз болушту.

Бала бакчаларга барбаган балдарды мектепте окууга даярдоо боюнча жаӊы программа түзүлүп, балдар окутула баштады.

Азыр республикада 52 жогорку окуу жайы бар, аларда 200 миӊден ашык студенттер окушат. ЖОЖдордо кадр даярдоодо эмгек рыногунун талабы эске алынбайт, бирин-бири кайталаган адистер даярдалат. Көпчүлүк жогорку окуу жайларында студенттердин билим деӊгээли төмөн, мамлекеттик стандартка жооп бербейт.

Мындай абал коомчулукту тынчсыздандырып жатат. Бул маселени эске алып, Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларында билим берүүнү оптималдаштыруу боюнча концепция иштеп чыкты. Аны этаптар боюнча ишке ашыруу үчүн пландар түзүлүп жатат.

К.Садыков — билим берүү системасын жакшы билген, анын проблемаларын чечүүгө аракет кылган, компетенттүү министр. Билим берүү сферасында азыр бир жарым миллион  киши окуйт жана иштейт. Билим берүү министрине жардам берип, аны колдоого алыш керек.

 

 

Абдылда Мусаев,

БГУнун ректору, “Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун ассоциациясынын” төрагасы:

 

— Чын-чынына келгенде Канат Жалилович  билим берүү жана илим министри катары абдан татаал жылдары, оор шартта иштеп келди.  Бул тармакта министр болуп иштеген киши катары жакшы билем, илим менен билим берүү ушунчалык назик, аялуу материя — ал зордукту,  күч колдонууну көтөрө албайт. Ал заматта куруп, урап калса заматта калыбына келтирүүчү имарат же завод эмес. Ондогон, жүздөгөн жылдар калыптанган, адамдын көз карашы, дүйнө таанымы, жан дүйнөсү менен тыгыз байланыштуу ыйык  касиет, интеллектуалдык көрөӊгө. Апрель революциясынан кийинки алгачкы учурда бир топ татаал жагдайда дал ушул илим жана билим берүү системасын уратпай, зыянга учуратпай сактап  калуунун өзү эле бир топ чоӊ иш эле. Канат Жалиловичтин иш билгилиги, токтоолугу, сабырдуулугу ушул мамлекеттеги эӊ чоӊ, эӊ татаал тармакты чачыратып жибербей, акырындап өнүгүү, өсүү жолуна түшүүсүндө өз кызматын өтөдү. “Акырындап өнүгүү” дегенди мен кокусунан айткан жокмун. Анткени бул системанын табияты ошондой, ал дароо секирик жасап, кескин өнүгүп кетпейт. Албетте, билим берүү жаатына коомчулук  тарабынан дооматтар көп. Анын көбү жүйөлүү. Алар негизинен өлкөбүз өз алдынчалуулукту алгандан бери топтогон проблемалар. Бул маселелерди бир күндө, бир жылда чече албайбыз. Бирок ошол кенемтелерди толтуруу багытында аракеттер жок дегенге мен макул эмесмин. Билим берүүнүн бардык тепкичтеринде өзгөрүүлөр, оӊолуулар, албетте, бар. Бул Канат Жалилович баштаган биздин министрликтин аракетинин жемиши. Кечээ жакында мамлекетибиздеги жогорку окуу жайлар биригип “Кыргызстандагы ЖОЖдордун Ассоциациясын” түздүк.  Негизги максат министрлик жүргүзүп жаткан реформаларга колдоо көрсөтүү, интеллектуалдык күчтөрдү жаратмандыкка, мамлекеттин стратегиялык программаларын ишке ашырууга багыттоо.

 

 

Төлөбек Абдырахманов,

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору:

 

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин республиканын  жогорку билим берүү системасын реформалоо боюнча жүргүзгөн акыркы жылдардагы  иштерине баа берип жатып төмөнкүлөрдү белгилеп коюш керек.  Эӊ негизгиси, билинбегени менен акыркы жылдары  өтө олуттуу реформа-аракеттери башталып, алар өлкөнүн билим берүү системасын абдан  чоӊ өзгөртүүлөргө алып келди. Ал реформалар мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, кесиптик  жогорку билим берүүгө чейинки Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын баардык сегменттерин өз кучагына алган. Натыйжада постсоветтик доордо абдан азайып кеткен мектепке чейинки билим берүүчү окуу жайлардын саны арбып, алардын ар кандай түрдөгү формалары пайда болду. Эӊ негизгиси, мектепке чейинки билим берүүнүн методикалык  жана уюштуруучулук негиздерине олуттуу жаӊычылдыктар киргизилүүдө.  Мектептик жалпы орто билим берүүдөгү реформалар постсоветтик жыйырма жыл бою каралбай келе жаткан мектеп мугалимдеринин эмгек маяналарын монетаризациялоо жана ошонун негизинде бул маселени  кайра карап чыгууга байланышкан. Ушул өӊүттөгү өтө олуттуу жана маанилүү кадам катары мектептерди каржылоо ишин совет мезгилинен ушул учурга чейин сакталып келе жаткан дүӊүнөн каржылоодон баш тартып, аларды окуучулардын жан башына карата каржылоо принцибин көтөрүү аракети абдан маанилүү. Мунун бир топ себептери бар жана алар рыноктук шартта жашап жана иштеп жаткан Кыргызстандын мектептеринин шарттарына байланыштуу. Мектептик жалпы орто билим берүүдөгү реформалык аракеттердин дагы бир маанилүү багыты катары Кыргызстандын билим берүү системасынын бул сегментинин билим берүү программаларын мазмундук жактан өзгөртүү аракеттерин айтууга болот. Тагыраак айтканда, куррикулумдарда киргизүү маселелерин айтсак болот. Мунун зарылчылыгы, бир жагынан, өлкөнүн жогорку кесиптик билим берүү системасын бакалавр-магистр- PhD системасы боюнча адистерди даярдоого өтүү менен байланышып, мектеп менен жогорку билим берүүнүн ортолорундагы окутуу программаларынын ортосундагы шайкештикти камсыз кылууга багытталган. Ал эми, экинчиден,  бул аракет аркалуу жалпы орто билим берүүдөгү өтө көйгөйлүү маселе болгон  көп предметтүүлүктү жана окуучулардын ыгы жок көбөйүп кеткен окуу жүктөрүн жөн эле орой жол менен азайта коюп, чече салбастан  оптималдуу негизде ишке ашырууга    эсептелген.

Кыргызстандын кесиптик орто билим берүү сегментиндеги реформалар дагы айрым жагымдуу натыйжаларын берүүдө.

Албетте,  өтө олуттуу жана концептуалдуу реформалар өлкөнүн кесиптик жогорку билим берүү сегментинде жүрүүдө.  Алардын негизгилерин төмөнкү иш аракеттер түзөт. Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алууну  билим берүүнүн баардык формалары боюнча   ЖРТнын жыйынтыгы боюнча ишке ашыруу, көп баскычтуу (бакалавр-магистратура) жогорку билим берүүгө биротоло өтүү, PhD боюнча пилоттук долбоордун  башталышы,  кредиттик технологияны киргизүү, сырттан окуунун жоюлушу жана дистанттык билим берүүнү киргизүү, ректорлорду шайлоону киргизүү, жогорку окуу жайларын профилдештирип оптималдаштыруу аракеттери,  жождордун атайын  эсебиндеги каражаттарына  салынган 20% салыктын жоюлушу, Ednet тарабынан пилоттук режимде бир нече жождордун айрым адис  даярдоо программаларын аккредитациялоо, Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайынын Болон процессинин Генералдык хартиясына кол коюшу, бюджеттин эсебинен окутуучуларга жана кызматкерлерге бериле турган эмгек акылардын көбөйүшү сыяктуу иштер болду.  Мындай аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын жогорку билим берүү системасы кескин өзгөрүп, таптакыр башка формага жана мазмунга өтө баштамакчы.

Албетте, жогоруда белгилегендей, жакшы саамалыктар менен катар Кыргызстандын билим берүү системасында орун алып келе жаткан  бир топ маселелер бар. Бул маселелерди чечүү менен өлкөнүн билим берүү системасы азыркыдан дагы жогорку сапаттык деӊгээлге көтөрүлөөрү талашсыз. Бул маселелерди чечүү үчүн министрликтин креативдүүлүгү,  чечкиндүүлүгү, жогорку уюштуруучулугу жана ыкчам ишмердүүлүгү талап кылынат. Эӊ негизгиси, министрликтин өлкөнүн билим берүү системасын натыйжалуу реформалоого карата саясий эрки жана позициясы бар экендиги.

 

Урматтуу Канат Жалилович!

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын Ассоциациясы” Сизди кайрадан билим берүү жана илим министри болуп дайындалышыӊыз менен  куттуктайт.  Сиз өмүр бою билим берүү жана илим тармагында эмгектенген, анын ички табиятын мыкты билген, анын өнүгүш  багыттарын даана, так ажыраткан жетекчи  катары бул  тармакты реформалоодо көп аракеттерди жасап жатасыз. “Жалгыз дарак токой болбойт” дегендей бул ары татаал, ары ардактуу жана мамлекеттин өнүгүш өзөгүн ээлеп турган тармакта мээнет төккөн ар бир атуул, Сиз жетектеген министрликтин жүргүзүп  жаткан реформаларына өз үлүшүн  кошкондо гана ал жемишин берет. Ошондуктан бул чөйрөдө  иштеген ар бирибиз анын азыркы абалы, эртеӊки келечеги  үчүн  жооптуубуз.

Урматтуу Канат Жалилович, Сизге чыӊ ден соолук, чыдамкайлык, чыгармачылык жана илимий ийгилик каалайбыз.  Элиӊизге ак эмгегиӊизди өтөй бериӊиз.

 

Кыргыз Республикасынын  жогорку окуу жайлар ассоциациясы

 

Даярдаган Майрамбек Токторов, “Кутбилим”   

Поделиться

Комментарии