Кыргыз тилин кесипке багыттап окутуудагы инновациялык методдор

  • 12.07.2013
  • 0

(Укук тармагындагыларды кесипке багыттап окутуу)

Бул сабактын иштелмеси укуктук кесипте билим алып жаткан студенттерге жана оку­туучуларга арналат.

Сабактын темасы:

Грамматикалык тема: Текст. Текст кантип түзүлөт? Тексттин мүнөздүү белгилери.

Кептик тема: Бажы иши жана контрабанда.

Сабактын максаты: Теманы тереӊ жана кенен түшүндүрүү. Текст кандай түзүлөт? Текст маанилик түзүлүшү боюнча кан­дай бөлүктөрдөн турат? Ча­кан тексттерди түздүрүү жана көнүктүрүү. Укуктук терминдер­ди окуп үйрөнүү менен сүйлөм жана тексттерди түзүүдө стилдик жактан туура байланыштырууга‚ өз оюн эркин түшүндүрүүгө‚ эне тилинде эркин сүйлөп, аны ур­маттоого‚ патриот болууга тарби­ялоо. «Сынчыл ой жүгүртүү» стра­тегиясынын негизинде кептик тема боюнча, тактап айтканда, бажы иши жана контрабанда деген темада топторго бөлүп, өздөрү каалаган чыгармачылык фантазиясы менен оюн сабакты көрсөтүп беришет.

Сабактын тиби: Практикалык сабак.

Сабактын ыкмасы: Инно­вациялык метод. РАФТ – тех­нологиясынын негизинде. Оюн ролдору.

Сабактын жүрүшү: а) Уюш­туруу иши.

б) Жаӊы сабак. РАФТ – тех­нологиясынын негизинде.

г) Сабакты жыйынтыктап‚ топторду баалоо.

д) Үйгө тапшырма берүү.

Сабактын жабдылышы: Тема боюнча слайддар, скотч, батман, маркер.

Текст жана анын мүнөздүү белгилери. Текст кантип түзүлөт?

Текст — кеп чыгармачылыгы­нын натыйжасы. Текст түзүүдө адамдардын ар кандай башка чы­гармачылык сыяктуу эле белгилүү бир максатты көздөйт. Ал эми анын максаты кептин предмети аркылуу аныкталат. Кептин пред­мети болуп тигил же бул турмуш­тук көрүнүштөр эсептелет.

Текст түзүүдө орундуу кайта­лоо жана орунсуз кайталоо болот. Орундуу кайталоо адамдардын ички сезим туюмдарын – кайгыр­ганын‚ кубанганын‚ чочуганын‚ кептин көркөмдүүлүгүн арттыруу үчүн‚ айтылган ойду тактоо жана бышыктоо үчүн колдонулат.

Мисалы‚ Токточу өмүр‚ ток­точу өмүр‚ токтой тур‚

Көзүӊ чуӊкур‚ өӊүӊ кансыз‚ сары нур. (А.О.)

— Мына сага! Ме! Арам өлгөн айбан! Мына сага, ку­турган ит‚ маӊги баш! — Эдигей ачуусун Каранардан чыгарды. Эмне өкүрөсүӊ, ажыдаар?! Бай­кап бакыргын, ажыдаар?! (Ч.А).

Орунсуз кайталоо сөз мааниле­рин жакшы өздөштүрбөгөндүктөн‚ синонимдерди‚ алардын катарла­рын кепте туура колдоно ал­багандыктан‚ тил байлыгынын жардылыгынан келип чыгат.

М: Бүгүнкү күндө кылмышкер­лердин саны күн санап өсүүдө. Кылмышкерлердин кылмышка барышына эмне түрткү болууда? Кылмышкерлерге кандай чаралар колдоноорун укук коргоочулар ар тараптуу айтышууда, кылмыш­керлердин санын азайтуу укук коргоо органдарынын иши.

Бул текстте кылмышкер, укук коргоо деген сөздөр кайра-кайра орунсуз кайталанды. Анын ор­дунда мааниси жагынан туура келүүчү башка сөздөрдү колдонуу керек эле.

Тексттин маанилүү бөлүктөрүн окуп үйрөнүүдөн мур­да ага түздөн-түз байланышта каралуучу тексттин маанилик бүтүндүгүнүн мүнөздүү белги­лерин эсиӊерге салабыз.

а) тематикалык бүтүндүк — кеп­теги айтыла турган негизги ойдун бир темасынын айланасына топ­тоштурулушу;

б) кептин стилдик өзгөчөлүктөрүнө карата карым- катнашы — тексттин стилинин анын бир түрүнө тиешелүүлүгү‚ же бир түрүнүн басымдуулук кылышы;

в) ойдун биримдиги — кепте айтылып жаткан ойдун ыраат­туу түрдөөнүгүшү аркылуу бир бүтүн мазмунду билдирүүчү сүйлөмдөрдүн грамматикалык жактан тыгыз байланыштыгы.

Демек‚ тексттин маанилик бүтүндүгүн стилдик-тематикалык‚ маани жана грамматикалык жак­тан уюмдашкан сүйлөмдөрдүн тизмеги түзөт.

Айталы, 1. Таш боор‚ мерес кара жер сени да өз койнуна алат го?! Ээй‚ жигиттер‚ оозуӊарга кум куюп алгансыӊарбы? (Т.С.)

2. Урматтуу окурмандар‚ эл­дик казына болгон элдик оозеки адабиятынын 40 томдугун алып койсоӊуздар‚ бала-чака‚ небере- чөбөрөлөрүӊүздөр үчүн түгөнгүс байлык топтогон болосуздар.

Жогорку сүйлөмдөрдүн топто­му текст боло албайт. Анткени бул сүйлөмдөрдүн ар бири өз ал­дынча турганда гана‚ кандайдыр бир маанини туюндурганы менен‚ тематика-стилистикалык‚ маани­лик жана грамматикалык жактан өз ара тыгыз байланышта эмес. Сүйлөмдөрдүн мындай ар түрдүү стилдик‚ маанилик тематикалык жактан бири-бири менен бай­ланышпаган топтомун текст деп атоого болбой.

Эми тексттин бардык талап­тарына жооп берген төмөнкү сүйлөмдөргө көӊүл буралы.

— Алыкул Осмонов талант­туу акын болгон. Ал — 1915-жылы азыркы Чүй областынын Жайыл районундагы Каптал-Арык ай­ылында туулган. Кичинесинен жетим калып‚ балдар үйүндө тарбияланган. Кийин мурдагы Фрунзе‚ азыркы Бишкек шаа­рында окуп‚ билим алган. Алыкул балдар үчүн көп чыгармаларды жазган. Мыкты котормочу да болгон. Ал Шекспирдин‚ Пушкин­дин‚ Шота Руставелинин чы­гармаларын кыргызчага эркин которгон.

Бул сүйлөмдөрдүн тизмеги маанилик бүтүндүккө ээ жана тексттин талабына жооп берип‚ төмөнкүдөй белгилердин бирди­гинен турат:

1. Сүйлөмдөр өз ара темати­калык жактан байланышта. Ошон­дуктан тексте Алыкул Осмонов‚ анын өмүр жолу жана чыгарма­чылыгы туурасында айтылуучу ой кыскача‚ бирок ырааттуу бе­рилген.

2. Тексттеги сүйлөмдөр грам­матикалык жактан да тыгыз бай­ланышта. Текст стилдик бир бүтүндүккө ээ. Башкача айткан­да, ал илимий-публицистикалык стилге тиешелүү. Анткени текстте­ги акындын өмүрү‚ чыгармачылы­гы жөнүндөгү маалыматтар анын илимий-публицистикалык стилге мүнөздүүлүгүн айгинелеп турат.

3 Текст кептин бир түрүнө — баяндоо түрүнө таандык. А.Осмоновдун өмүрү‚ чыгарма­чылыгы ырааты менен биринин артынан экинчиси келген кыймыл- аракеттер аркылуу баяндалган.

Тексттин маанилик бүтүндүгү жогорудагы белгилердин барды­гы‚ ойдун структурасы сакталган­да гана болот.

Тексттин бөлүктөрү төмөнкүдөй: тексттеги ойдун башталышы‚ тексттеги ойдун өнүгүшү жана тексттеги ойдун аякташы. Тексттеги сүйлөмдөр бири экинчиси менен маани­лик, тематикалык жагынан жана грамматикалык түзүлүшү боюн­ча байланышып‚ тексттеги ойдун маанилик бүтүндүгүн‚ же анын (ойдун) структуралык бирдигин түзүп турат.

Тексттеги айтылуучу негиз­ги ойду‚ анын темасын анык­тай турган‚ же алардан кабар берүүчү алгачкы сүйлөм же сүйлөмдөр ойдун башталышы деп аталат. Теманын маанисин андан ары тереӊдетүү менен‚ аны кеӊейтүү, өрчүтүп-өнүктүрүү максатында башталыштан кийин келүүчү сүйлөмдөр тексттеги ой­дун өнүгүшү деп аталат.

Тексттеги айтылып жат­кан окуя‚ көрүнүш, ар кандай кубулуштар туурасындагы ой- кортундуларды жыйынтыктоочу акыркы сүйлөм же сүйлөмдөр тек­сттеги ойдун аякташы деп аталат.

Текст. Текст кантип түзүлгөндүгү тууралуу маалымат алдыӊар.

Эмесе бүгүнкү сабакты андан ары улантсак. Сабакты сынчыл ой жүгүртүү стратегиясы менен өтөбүз. Тактап айтканда, оюн сабагы.

Сынчыл ой жүгүртүү маалы­матты кабыл алуудан башталып чечим чыгаруу менен бүткөн та­таал процесс‚ идеяларды‚ ре­сурстарды комбинациялоонун (айкалыштырып колдоно билүү) жана интеграциялоонун (киргизип жайылтуу)‚ түшүнүктөргө жаӊы маани берүүнүн татаал процес­си. Сылык скептицизмдин чектүүүлүшү менен идеяларды кабыл алуу.

Сынчыл ой жүгүртүүнүн струк­турасы психологдордун ою боюн­ча, таанып билүүнүн үч стадия­сын камтыйт: чакыруу стадиясы‚ маӊызын түшүнүү стадиясы‚ ой­лонуу стадиясы. Бул стадиялар сабакта ар кандай болушу мүмкүн‚ бирок теманы ачууну ушул ста­диялар аркылуу жүргүзүү зарыл. Чакыруу стадиясында өтүлө тур­ган сабактын темасы тууралуу ай­тылат. Мисалы: бажы, контрабан­да дегенди кандай түшүнөсүӊөр? Ушул сыяктуу суроолорду берсек болот. Студент өзүнүн билгенин айтып берет. Студент өз оюн эр­кин айтууга укуктуу.

«Сынчыл ой жүгүртүүнүөстүрө турган окуу жана жазуу» про­граммасын Джинни Стил‚ Курт Мередис‚ Чарльз Темпл түзгөн. Анын негизинде тандалып алынган сынчыл ой жүгүртүүнүн эффективдүү ыкмаларын жана жолдорун көптөгөн мамлекет­тердин билим берүү система­сында колдонуп келе жатышат. Сынчыл ой жүгүртүүнүөстүрүүдө окуу чөйрөсүн түзүү зор мааниге ээ. Чөйрөнү түзүү процессинин маанилүү мүнөздөмөсү болуп стереотиптерди бузуу‚ ойлонуу­га атайын убакыт бөлүп берүү‚ идеянын ар түрлөрүн кабыл алуу болуп эсептелет.

Бүгүн биз сабакта колдоно турган стратегия РАФТ- техноло­гиясы .

РАФТ төмөнкүдөй чечилет. Роль — Аудитория — Форма – Тема .

РАФТ процедурасы студент­тердин чыгармачыл жазма иш­теринин түрүн, башкача айткан­да, текст түзүүнү‚ чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн жана башкалар­ды үйрөтүүнү негиздейт.

Стратегиянын кадамдары: 1) Теманы тандоо. 2) Ролду тан­доо. — Сен кимсиӊ? Сен кайсы ролду ойнойсуӊ? Текст кимдин атынан түзүлөт? 3) Аудиторияны тандоо. Сен кимге айтып бересиӊ? Сенин айтканыӊ кимге даректе­лет? Текст кандай аудиторияга даректелет? Бул аудиториянын кандай өзгөчөлүктөрү бар? 4) Фор­маны тандоо. Формасы (кандай? кайсы формада?). Сен кантип сүйлөйсүӊ? Айткан чыгармаӊдын тону кандай болот? 5) Темасы (эмне жөнүндө?). Сен конкреттүү эмне жөнүндө айтып бересиӊ? Чакан эссе жазуу.

Студенттер каалаган рол­ду тандап, берилген убакыттын ичинде даярданып‚ андан кийин аткарып беришет. Мисалы‚ соттун‚ мугалимдин‚ журналисттин‚ актер­дун‚ адвокаттын жана башкалар­дын ролун аткарууга болот. Сабак күндөгү сабактан өзгөчөлөнөт да‚ топторго бөлүнгөндүктөн атаан­даштык пайда болуп, сабак жан­дуу жана кызыктуу өтөт.

РАФТ – технологиясы сын ой жүгүртүүнүөстүрө турган окуу жана жазуу программасы. РАФТ процедурасы аркылуу студент­терге чыгармачыл жазма иш­тердин ар кандай түрүн үйрөтүү. Бул стратегияда ойлонууга уба­кыт берилет‚ ар бир ой баалуу болуп‚ көптөгөн ассоцияларды‚ пикирлерди эркин айта алышат жана ойлонтууга мажбурлайт.

Стратегиянын кадамдары

1)Теманы тандоо

2) Ролду тандоо‚ сен кимсиӊ? Сен кайсы ролду ойнойсуӊ? Текст кимдин атынан түзүлөт?

3) Аудиторияны тандоо. Сен кимге айтып бересиӊ?

4) Форманы тандоо. Формасы кандай? Кайсы формада?

5) Тема. Темасы эмне жөнүндө? Конкреттүү эмне жөнүндө сүйлөйсүӊ?

Беш мүнөттүк эссе жазуу.

Кыскача мазмуну: Белгилүү стилде дилбаян‚ текст жа­зууну үйрөнүү.

Образы: Бир актердун театры.

Мугалим бажы иши жана контрабанда жөнүндө түшүнүк ала турган чакан тексти студенттерге таратып берет да, окуп түшүнүүгө убакыт бөлүп берет. Убакыт бүткөндөн кийин, бажы, контрабанда тууралуу эмне билдиӊер деп суроо узатат, студенттер жооп бери­шет, чогуу бышыкташат.

Мугалим алдын-ала маалымат алып келүүүчүн күн мурунтан тапшырма берип койсо болот. Студенттер бир‚ эки деп сана­шып, эки топко бөлүнүшөт. Студенттер кеӊешип, каалаган ролду‚ теманы‚ кандай формада өтөөрүн тандашып айтышат‚ мугалим алардын айткандарын доскага жазып турат. Даярда­нууга убакыт бөлүнүп берилет. Биринчи топ: 1-роль. Сот­тун ролун тандашты. 2-тема. Темасы кылмышкерди аныктоо. 3-форма. Сот процесси формасында. 4-аудитория. Сот залы. Экинчи топ: 1. Телеберүүдөгү журналисттин ролун көрсөтөт. 2. «Коом билгиси келет» укуктук суроо-жооптор. 3. Формасы тегерек стол. 4. Аудиториясы телекөрүүчүлөр‚ эл‚ коом. Берилген уба­кыттын ичинде кайсы топ даяр болсо өз ролдорун көрсөтүшөт. Убакытты мугалим көзөмөлдөп турат. Убакыт берилет. Экинчи топ биринчи даяр болгондуктан биринчи көрсөтүүгө туура келет.

Үйгө тапшырма:

Бүгүнкү сабакта катышкан укук терминдерин окуп түшүнүп‚ аларды катыштырып текст түзүп келгиле.

Бул сабакта колдонулган методдун маӊызы‚ студенттердин өздөрүнүн же болбосо‚ мугалим менен студенттердин биригип‚ өз ара мамилесинин сүйлөшүү‚ акылдашуу‚ дискуссия жүргүзүүөз ара көмөктөшүү жолу менен маселени чечиши‚ теманы толук ачып керектүү материалдарды билип алышында. Интерактив деген англис сөзүөз ара аракеттенүү (взаимодействие) деген маанини билдирет. Демек ‚ интерактив биргелешкен жемиштүү‚ натыйжалуу эмгекке багытталган иш усулу. Диалог бул жерде мугалим менен студенттин ортосунда эмес‚ студент менен студенттин ортосунда кызуу жүргөндүгү менен айырмаланат. Алар ар бири тандап алган ролду ачып берүүгө‚ ошол ролду кызыктуу аткарууга аракеттенишет. Мугалимдин монологу үстөмдүк кылбайт. Тескерисинче студенттер үзгүлтүксүз алака-катышта болуп (общение) өз ара жардамдашуу ишке ашат. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, студенттердин тандап алган ролдоруна жараша баарлашуу‚ сүйлөшүү‚ лидерлерди даярдоо ишке ашат да чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышат. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында сөз байлыктары калыптанып‚ эне тилинде эркин сүйлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ж.ИБРАИМОВА, КМЮАнын МРДТ жана ЛТБнын улук окутуучусу

Поделиться

Комментарии