Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз АТАМБАЕВге, Жогорку Кеӊештин социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы Каныбек ОСМОНАЛИЕВге, Билим берүү жана илим министри Канат САДЫКОВго, Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга, “Кутбилимге” жана бардык мугалимдерге жолдойм КҮН ТАРТИБИНДЕ – НАТЫЙЖАЛУУ ОКУТУУ ЖАНА МАЙНАПТУУ ТАРБИЯ БЕРҮҮ

  • 06.09.2013
  • 0

Урматтуу замандаштар, мына, баарыбыз чыдамсыздык менен күткөн жаӊы окуу жылы башталды. Демек, сааты келип турат, ошого байланыштуу мен Сиздер менен кеӊешип алуу үчүн бир катар олуттуу маселени ортого салмакмын. Албетте, бул көйгөйлөр көз жүгүртүп, көӊүлгө тутуп коюу үчүн эле эмес, алдыдагы кадамдарды биргелешип аныктап алуу үчүн өтө зарыл демекмин.

 

Сындап жатып сындырып, кыйкырып жатып кыйратып албай, элдеги москоол күчтөрдү тирек кылалы

 

Бул СССРден мурастап калган окуучуларга жалпы орто билим берүү тармагы ошол өлкөдө жашаган эл менен кошо анын эгемендүү мамлекетте жашап жаткан укум-тукумунун да тарыхый шыбагасы, эч ким тартып алгыс дөөлөтү да болуп саналат. Бул жоюлушу күтүлбөгөн жана келечек муун үчүн жасала берүүчү зор камкордук. Акысыз билим берүүнү каржылап кармап туруу, канчалык кыйын болсо да, өлкөнүн жана аны мекендеген элдин тагдырына, келечегине залака келтирбей сактап калуунун алгылыктуу жолу экендиги талашсыз чындык. Сындайт десе эле оозду куу чөп  менен сүрүп, жамандай берүүгө болбойт, сөз чынынан бузулбайт, мектеп колхоз, совхоз сыяктуу жок болуп кетпей сакталып калды, мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү, жаӊы мектептер курулуп жатат, азыркы кезде 2204 мектепте 1 млн. 15 миӊ 172 окуучу билим алууда, алар менен 76 миӊдей мугалим эмгектенет. Билим берүү жана илим министрлигинин жакындагы маалыматтары боюнча 2014-жылдан баштап кыргыз өкмөтү менен европалык кеӊешменин келишиминин негизинде донорлор билим берүү тармагын реформалоого жардам катары 20 млн. евро бөлөт. Донорлордун дагы бир жардамы — 16,5 млн. доллар жаӊы муундагы окуу методикалык жана окуу куралдарын чыгарууга, мугалимдердин усулдук адистигин көтөрүүгө жумшалат. Курулуп жаткан 67 мектептин 17си 1-сентябрга, 30 мектеп ушул жылдын аягына чейин, 20 мектеп эмдиги жылы бүтөт. Ал эми Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы (2013-жыл, 1-июль) боюнча “Инновациялык 100 мектеп” программасы ишке ашырылып, 5-11-класстарында тил сабактарын окутуунун заманбап функциялык-коммуникациялык усулдарын пайдаланууга негизделген окуу-усулдук комплекстерди (окуу китептер, жумушчу дептерлер, усулдук окуу куралдары) басып чыгарууга каражаттарды бөлүү каралган. Ушунун баары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында иштелип жатат. Албетте, мен мугалим катары да, кыргыз жараны катары да мындай иштерге ыраазымын. Сынчыл, ачык коомдо деле жакшыны жакшы, туураны туура деп айтуу кемчилик эмес. Түз таяктан ийрейген көлөкө издөөнүн кереги жок. Бирок бир беткейленип дурусун айтпай, бурушуна өнтөлөп жабышып алуу өлкөнүн турмуш тиричилигин жалаӊ кем-керчиликтен, арылбаган шордон уюп бүткөндөй таасир калтырып, заман оӊолбос жагына ооп, кутулбас куяга, учуп кетер жарга кабылгандай түшүнүктү калыптандырышы мүмкүн. Ошондуктан Кыргызстан мамлекетин, элин өнүктүрүүгө кол кабыш кылыш үчүн дурусун дурус, бурушун буруш деп тике эле кесе айтуу зарыл. Анткени жакшысын да мөртөй-шөртөйгө, апырык-сапырыкка кошуп жаманга ыйгарып ыргытып жиберүү алга жылууга кедерги гана болот.

Мен да кабатырланып, айрым маселелер боюнча сунуш кийрүүнү ылайык көрүп турам. Ырас, жогоркудай чоӊ аракеттерден кийин мектеп тармагындагы окуучуларга билим берүү менен таалим-тарбия жолуна түшүп, бутуна туруп кете алар бекен. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында класстарды компьютер ж.б. керектүү техникалар менен жабдуу аркылуу окуучулардын билими тереӊдейт деген ишенич бар эле. Мындай заманбап жабдуулар, сырттан жана ичтен болгон жардамдар жакшы эле болуп жатты, бирок алар мектепти алдыга жылдыра алган жок. Окуучу да бир орунда калды. Кайра артка кетти. Балким, менин айткандарым мамлекеттик отчет-баяндамаларга туура келе бербес, бирок чындыкты чыркыратып бетке айткандан артыгы жок. Мен атайы төмөндөгүдөй окутуу-тарбиялоо ишиндеги бөксөрүүлөрдү, кемтиктерди оӊдоо, алардын ордуна жакшы иштерди өнүктүрүү үчүн атайы жакшы ниет менен айтып жатам. Мына назар салып көрүӊүздөр, чет өлкөлүктөрдүн көзү менен карайлы. 2006-жылы ПИЗА эл аралык иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча ага катышкан 57 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 57-орунга ээ болгон. Демек, артынан санаганда биринчи орунда. Ал эми ошол эле учурда, 2006-2007-окуу жылында “Айылдык билим берүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун иликтөөсүндө 4-класста түшүнүп окуу боюнча 64,4%, 8-класста 73,5% окуучунун билими базалык деӊгээлден төмөн экендигин көрсөткөн. Математикада мындай төмөнкү деӊгээл 62-84,3%, табият таанууда 64,8%, химияда 88% түзгөн. Бул аныктоо 4-класста 3412, 8-класста 3553 окуучунун катышуусу менен чыгарылса да, базалык билим берүү боюнча деӊгээл өтө төмөн экенин каӊкуулап турат. Ал эми 2012-2013-окуу жылынын этегинде өткөрүлгөн тестирлөөдө республика боюнча кызыл аттестат алууга сунуш кылынган үч миӊ окуучунун ичинен эки жүзү гана аталган аттестатты алууга татыктуу болушкан. Бул сунушталган он беш окуучунун бири гана кызыл аттестат алууга татыктуу дегенди билдирет. Ал эми кызыл аттестатка сунушталбаган миӊдеген окуучулардын билим деӊгээли өтө төмөн экенин айттырбай эле түшүнүүгө болот. Эптеп-септеп баа алып, мектепке келди-кетти атын алып жүргөндөр канча дейсиз. Эми жекече байкоолорго көӊүл буралы. 1. Башталгыч класстарда окуучулардын көбү шар окуй албайт, жөнөкөй сандарды оозеки кошуп, кемитип, көбөйтүп, бөлө алгандары өтө аз. Бирок жогорку класстагыларга караганда башталгыч класстарда сабакка катышуу жана тартип жакшы. 2. Жогорку класстарда математикадан маселени бир да окуучу чыгара албай отуруп калган учурлар кездешет. 3. Физика жана химия сабактарында лабораториялык иш түгүл, окуучулар мыйзамдарды оӊдуу билишпейт, дээрлик унутуп коюшкан. 4. Орус тили сабактарында тилди колдонуп сүйлөп машыгууга караганда жаттатуу күч. 5. Кыргыз тили сабактарында окуучулардын басымдуу көпчүлүгү грамматикалык талдоолорду өтө начар жүргүзүшөт, шар жана жеткиликтүү кылып сүйлөгөндү билбейт, дилбаянды өз алдынча жаза албайт, даяр тексттерден көчүрүп алууга көнүшкөн, жат жазуудан көпчүлүгү жайнаган ката кетиришет ж.б. 6. Мектептеги таалим-тарбиянын барк-баасы төмөндөөдө. Көпчүлүк эркек балдардын эс-дарты, кандай жол менен болсо да акча, тыйын-тыпыр табууда. Акча чыгар иш табылса, анын артынан көшөкөрлүк менен сая түшөт. Акча төлөп бербеген сабак аны кызыктырбайт, андан көрө бирөөнүн жыгачын аралап, отунун жарып, тыйын таап, телефонуна бирдик, жегенине конфет, эгер чеккен болсо, чылым сатып алганы  чоӊ олжо. Кээ бирөөлөрү ата-эненин мажбурлоосу менен мектепке жөнөп, бирок жолдон башка бир жумуш бар жерлерди издеп кетишет. Ошол себептен класста, айталы, 27 окуучу болсо, алардын 11-12си гана сабакта отурушат, эртеси да ошондой, анан кантип тереӊ билим болот да, татыктуу тарбия берилет. Алы жеткендерин коркутуп, алы жетпегендерине кыянат кылат, кыӊк этпей баш ийип, бер дегенин таап берет. Кино, телетасмалардагы жосунсуз жоруктарды тез өздөштүрүшүп, эч кимге баш ийбеген, баш аламандыкка көнгөн, улуттун баалуулугун теӊсинбей, эне тилин, ата  салтын  жериген  муун  калыптанып  жатат.

Бирок ошол эле окуучулардын ичинде жашоого бүйрө, тыӊ, сарамжалдуулары, колунан иш келип, жетилип  жаткандары да байкалат. Мал бакканды, суу сугарганды, картошка, төө буурчак өстүрүп саткандары, кол өнөрчүлүк кылгандары, үй курулушуна иштегендери да бир кыйла. Ошентсе да билимдүү, колунан иш келген, бири-бирине жөлөк-таяк болуп, ынтымакты туу туткан, улут, өлкө үчүн өмүрүн арнаган мекенчил, манасчыл келечек ээлерин калыптандыруу өксүүдө. Кээде  жөндөн жөн эле айрым тукуруу, чагым, күйт-күйттөө, же ээрчимелик менен чапан сыйрышып, муштум көрсөтүп, үнү бүткөнчө кыйкырышуудан, тирешүүдөн пайда жок. Кыргыз элинин, мамлекетинин өнүгүшү үчүн бизде али да болсо тирек, жөлөк, таяныч боло ала турган бакубат күчтөр эл арасында арбын. Андайларды кошоматчылардан, дүжүр чалдардан айырмалап тааный билүү зарыл. Сөз ошолор жөнүндө.

 

“Биздин балдар кул болуп калбасын!”

(же эненин мээни көзөп өткөн ачуу чыӊырыгы)

 

Биз баарыбыз текши улуттук нарктарды жоготуп, баалуулуктарга кол шилтеп салган, ийгиликтерди уккусу келбей кулагынын сыртынан кетирген, кемчиликтерге чап жабышып, өнтөлөп кеп кылган, кимдир бирөөнү жамандоодон ыракат алган, жумурткадан кыр чыгарганды сүйгөн абалга кептелип, ошону эрмек кылып жашаган калкка айландыкпы?! Эл “пулуӊ болсо кулуӊмун” деген заманга туш келип, жалаӊ акчаны, дүнүйөнү пир тутуп, каерден пайда чыгат деп, ошону саресеп кылып, үӊкүйүп отуруп калдыкпы? Ата балага, бала атага карабай, туугандар биринин үйүнө бири кирип-чыгышпай, таш боордуктун, өзүмчүлдүктүн, зыкымдыктын тебелендисинде сиркеси суу көтөрбөй күн өткөрүп жатабы? Мен айылда төрөлгөм, азыр да айылда жашайм. 46 жылдан бери карапайым мугалим болуп иштейм. Көп менен мамилелешмин, алыш-бериш кылам, жакшылык-жамандыгына катышып турам, бирок элет,  “пулуӊ болсо, кулуӊмун” деген көз караштын туткуну эмес, тескерисинче, ал мамлекеттин, элдиктүүлүктүн бекемдигин, ынтымактуулугун кармап турган кебелбес пайдубалы, таянар тоосу, жөлөнөр жөлөгү. “Заман тынч, эл аман, эл арасында урук-тууганым, бала-чакам аман болсун!” деп ар бири тилек кылат. Бул жөн эле ооз учунан күбүрөп койгон көнүмүш сөз эмес, тереӊ көз караштын чагылышы. Элет ач көз эмес. Тапканына топук кылат. Барга көзү тоет. Мээнеткеч. “Мен минтип жатам” деп төшүн каккылап айтпаганы менен, берекенин баары ошолордо, малын багып, жерине буудай, буурчак, картөшкө, жүгөрү, пахта, не түркүн мөмө-жемиш өстүрүп (экологиялык жактан дээрлик таптаза экенин, аларды керек болсо издеп жүрүп таап, азык-түлүк катары колдонуу керектигин көӊүлгө түйүп коюӊуз), өзүн эле эмес, шаардагы бала-чакасынан бери камсыздап турат. Артканын арзан алып, кымбат саткан ортомчулар аркылуу базарга түшөт. Эне тилди да, нарк, салт-санааны да, ырым-жырымды да сактап турган ошолор. Оболу, шаарды жаӊы муундун өкүлдөрү менен толуктап, санын өстүрүп турган да элеттиктер. Мен ар бир  кишинин төрдөгүлөр менен улагалардагыга, колунда тизгин-чылбыр кармагандардан тартып көчө шыпыргандарга чейин тиешелүү, ой жүгүртүүгө түртмөктөгөн төмөнкү  элеттик үч эненин кебин ортого салмакмын.

Бирөө мындан 15-20 жыл мурда мектепке келип, дээрин деп, айтаарын айтып кеткен. Калган экөө азыр да арабызда жашап жатышат. Алар, менин оюмча, айыл жеринин чыныгы турпатын, улуттук нукура жүзүн көрсөтүп турган жарандар.

Биринчи эненин нускасы. Эсимде, сабактар аяктап, кетүүгө камданып жатканбыз. Аӊгыча колунда куржуну бар, кичине боргулданып тердеп алган бир эне келип калды да, “Айланайындар, бир аз кетпей турсаӊар?” деп, он чакты мугалим болчубуз, баарыбызды токтотту. Эненин  ишараты боюнча эки-үч келин жардамдашып, столдорду бириктирип, үстүнө тасмал жайып жиберишти. Эне куржундан бир козунун этин, боорсок алып чыгып, жазып койду да, “Силердин боюӊардай кар жааса эмне болот, отургула!” деп баарыбызды отургузду. Эки шише арагы да бар экен. Айланып-кагылып, ой-бойго койбой алып келгендерин баарыбызга ичирип-жегизди. Анан эмнеге келгенин эне минтип айтып берди.

— Айланайындар, баарыӊардын түрүӊөрдөн “бул кемпир эмнеге көтөрүнүп келип калды экен” деген түкшүмөлдөөнү ачык эле сезип турам. Менин келгенимдин жөнү мындай. Силерге пара алып келген жокмун. сүйүнгөнүмдү айтып, аз болсо да, сый кылып кетейин деп келдим. Жашырбайм, дайыма эле карыз сурап жүрөт, бул деле бир жарыбаган кызмат экен деп, мугалимдикти жактырчу эмесмин. Кээде “а байкуштар” деп да койчумун. Бирок, айланайындар, менин маалим жөнүндөгү ой-пикиримди төӊкөрүп салган абалга туш келдим. Бул – силердин алдыӊарга кечирим сурайын деп да келгеним. Экинчиси, силерге энелик ыраазылыгымды билдирейин дедим. Өзүӊөр билесиӊер, 1-класста көкүрөк күчүгүм окуйт. Ал эркенин эркеси, тентектин тентеги эле. Бир болор-болбос нерсе үчүн чыӊырып ыйлап жибергенде, үнү кулакты жарып кирип, экинчи жагынан өтүп кетчү. Анан да тултуӊдап, туш келген жерге, баткак болсо да оонап бакырганын айт. Кыскасы, чаар баштыгы менен эсимди оодарып, ырпымды курутчу. Аны ушул кыялы менен киши болбойт го дечимин. Анан 1-класска кирди. Андан бери үч ай өттү. Атаке-ей, баягы жинди кадыресе киши болуп калыптыр. Эрте туруп, төшөгүн өзү жыйнап коет, анан тишин жууйт, “Апа эмне иш кылайын. Анан сабагымды даярдайм” дейт. Баарыбызга сиз деп кайрылат. Кээде шымын туш келди чечпей, төшөктүн этек жагына тапталсын деп бастырып коет. Бут кийиминин чаӊын сүрүп, сырт кийимин щеткалайт. Кыскасы, тишин эмес, эгерим  бетин өз алдынча жуубаган балам таптаза өзгөрдү. Жинди, жарым айбан  баламды киши кылганыӊарга өтө ыраазы болдум. Бир кездеги мугалимдерди бардар турмушта жашабайт деп теӊсинбегениме иттей уялдым. Айбандан кишини жаратыш кумдан алтын  чайкап алгандан да оор, кымбат жана улуу кесип экенине ынанып келип отурам. Бир эле мен эмес, жүздөгөн, миӊдеген ата-энелердин менин уулума окшош  аш жиндилерин кишилик калыпка салып жаткан өнөрүӊөргө миӊ бир эки алкыш айтсам да, теӊ келбейт. Башымды ийип таазим кылам, аз-көп дебей мен алып келген даамды түгөтө жегиле. Алдагы шишеден куюлганды да эрдиӊерди тийгизип эле койбой, ичип койгула, ооз  чайкам  эле болот.

Эне анан тарап жатканда төмөндөгүдөй алкоо айтты:

— Айланайындар, силердин он биринчи классты бүтүрткөн окуучуларыӊар колунан иш келбей, көрүнгөндүн босогосун сагалаган кул, күӊ болуп калбасын!..

Демек, биздин эркек балдарыбыз кул, кыздарыбыз күӊ болуп калбасын. Бул бир эле эненин эмес, мамлекеттин, элдин, коомдун мектепке берген тапшырмасы. Бирок эненин “биздин тукум кул болуп калбасын” деген сөзү ачуу чындыкка айланып, азыр да кулагымдан кетпейт. Кыргызстан керемет жер: миӊ сандап салаалап аккан булактарын айт, аскасы асман тиреген тоонун койнундагы уларлуу, жапалак арчалуу, төрт түлүк малды асыраган жылга-жыбыттарын, жайыттарын айт,  дүйүм  жемиштүү  жерин айт. Өндүргөн азык-түлүктөрүнүн экологиялык жактан тазалыгы жана жагымдуулугу менен айырмаланганын айт. Ошонун баарына ээлик кылган кыргыз эли оӊой калк эмес. Бирок ушул элдин тукуму турмуштун айынан дүйнө кезип, оокат издеп, айрымдары байып, калганы кул, күӊ болуп жүрүшү, Ала-Тоонун абасынан бир кере жутуп алууга зар болушу – бийлик ээсин да, ишкерди да, соодагерди да, катардагы жаранды да ой-түшүнөн кетпей ойлондурушу зарыл, ойлоп эле койбой, аракет кылып, керектүү жагдайларды жаратуу жана түзүү керек. Кыргызстанда ошондой күч барбы? Же баары эле дүнүйөнүн артынан томолонуп, шылуун, алдамчы, жан кечти болуп калдыбы? Жок! Андай күчтөр шаарда да, элетте да өтө көп. Мисалы, элет жерин алсак, алардын баары жакырчылыкта мүӊкүрөп, эӊгиреп эси ооп отуруп калган бир макулуктар эмес. Тескерисинче, айыл эли мамлекеттин өзөгүн түзүп турган өтө кубаттуу күч, тилди да, салтты да, улуттук нарк-насилди да элеттиктер сактап турат. Шаарды да азык-түлүк менен камсыз кылууда. Калааны да жаш күчтөр менен улам толуктап, өнөрпоздордун, окумуштуулардын ж.б. дээрлик көпчүлүгү ошолордон. Ооба, оӊдоп кетүүчү күчтөр өлкөбүздө арбын.

Мисалы, төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтсөк болот:

1. 2013-2017-жылдарды кучагына алган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы. Бул ири программа азыр аракетте. Али да болсо, анын өзөктүү багыттары, чакан, жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен калктын калыӊ катмарына жеткирилиши жана бекер таркатылышы зарыл. Жер-жерлерде анын негизделиши жана ишенимдүүлүгү боюнча жаштар арасында, мектептерде изин суутпай айтылып турушу абзел.

2. Саясий таймаш, трибунада, теледе олуттуу маектешүүлөр деле керек деӊизчи, ошентсе да элдин чыныгы пейилден кылып жаткан үлгүлүү иш-аракеттерин топтоп, кайра-кайра ар кыл формада теледен уктуруп, көрсөтүп турганга не жетсин. Балким, ошондой теле куржун уюштуруу керектир. Ал эми ошондой ийгиликтердин ээсин мамлекет башчысынан акимге чейин алакандай кагаз менен куттуктап турса, жарашып эле калар эле да. Адамга көӊүл буруу деген ушундай майда иштерден башталат эмеспи. Ал алакандай кагаз өмүр бою сакталып, анан сыймык катары укум-тукумуна өткөрүлүп берилсе, жаманбы? Себеби ага жеке бир жаран эмес, мамлекет башчысы, өкмөт мүчөлөрү, аймак жетекчилери кастарлап кайрылып жатпайбы.

Экинчи эненин нускасы. Ал чек арага жакын жайгашкан айылда жашайт. Айылдагы ишке жарактуу эр азаматтардын көбү жумуш издеп чет өлкөгө кетип жаткан кез. Алардын бир тобу жерин там-ташы менен бөлөк улут өкүлдөрүнө сатып, жол кире топтоп жатышкан. Кемпирге да жериӊди, тамыӊды сат дешип бир катар адамдар келишти. Бир эле эмес бир нече жылы ушундай сунуштар түшүп турду. Кемпир бирине да макул болгон жок, кайра кетменди ийнине салып, алмаларына суу жыгып, кыӊылдап ырдап келет.  “Бул кемпирдин өсөрү калган жок, өлөрү калды, жерди эмне кылат” деп сатып алууга камынгандар четтен чыгат. Калган өмүрүн жылуу-жумшак өткөрүү үчүн күйөөдөгү кыздарынын колуна деле кетип калса болмок. Бирок кемпир антпейт, анын да билгени бар. “Бул абышкамдан калган жер, кыргыздын жери, ага азыр мен ээлик кылып турганымда, анын бир нукум да жерин сатпайм. Аны коруганым коруган. Өз жерин эч нерсе өспөйт деп жамандап, болгондо да бөлөк жактан көчүп келгендерге сатып жаткандарга жиним келет. “Бөлөк жерде султан болгончо, өз элиӊде ултан бол” деген ата-баба кеби бар, “ултан — бул өтүктүн таманы” деген сөз. Ата-энеси жашаган жерди саткандан көрө ултан-өтүктүн таманы болгон артык. Ал эми мага окшогондор жеӊил-желпи оокат издеп, ыктыярдуу жер  ооду болуп кетпей, кудайга шүгүр, жел ооп кеткен жокпуз, аздыр-көптүр оокат бар, эл катары жашап да, чек араны коргоп да турабыз”.

Үчүнчү эненин нускасы. Ал да чоӊ айылда жашайт. Үйүнө жакын 2га  көлөмүндөгү көл бар эле. Каралбай, ар ким акыр-чикир төгүп кетип отуруп, көл соолуп, сасыктыгынан киши чыдап өтө алгыс абалга жеткен эле. Кемпир бир күнү мындай чечимге келди, жыйнаган акчасын, алыстан бала-бакырасы берген тыйын-тыпырына чейин топтоп, алиги көлдөгү акыр-чикирди машина жалдап тазалата баштады. Эки жыл дегенде көл тазарып калыбына келди. Жээгине кум төктүрүп, боз үй тигип, эс алуучу жайга айландырды. Сууга түшкөндөрдөн акы албайт. Ал элдин көп келип, сууга түшүп эс алып кетишинен ыракат алат. Мындай ыракат кимдир бирөөлөр үчүн апендилик, ал эми кемпир үчүн миллиондогон сомдон жогору турган көлкаралык, кишилик чоӊ сезим эле. Эл арасында ушундай жулунбаган залкар, ток пейил жарандар жашайт. Бирер-жарым эмес. Көп. Ошондуктан үч эненин теӊ аты-жөнүн, кайсы айылдык экенин атайы атабадым. Алар өзгөчө көӊүл бурган ызаатты, шаан-шөкөттү деле каалашпайт. Бир карасаӊ, кой момун жоош. Жетип-жетпеген турмуштун өзүнө, аны мойнуна илип бар болуп жашап жатканына ыраазы. Турмушту ошонусу менен кызыктуу дешет. Ошондуктан өзүнөн-өзү кирдеп, ачыкпайт. Камырабайт. Өз тирлиги менен алек. Бирок күйүмдүү, карамдуу. Жаалы кайнаганда бетке айтат. Ал эми ушундай жарандар мамлекеттин чыныгы тиреги экени баамдалбай, негедир көз жаздымда, көлөкөдө же коюу чаӊ арасында калып калганы байкалат. Аларга карганда   ири окумуштуулар, чоӊ өнөрпоздор, ишмерлер, партия жетекчилери көп даӊазаланат. Коомдо, айрыкча, басма сөздө, теледе ачык жана жабык түрүндөгү тирешүүлөр, актануулар, каралоолор, тымызын бийлик жана байлык талашуулар, оӊ же терс пикир туудуруу максатын көздөгөн маалыматтар басымдуу. Ошентсе да, көзгө басар атактуулардын катарына кирбесе да, алар алпейим, пейили ток, карапайым, ошонусу менен мектеп окуучуларына таасир этип турган зор күч. Ошол себептен мен 15-17 жыл бою окуучулардын улууларга саякатын уюштуруп, алардын натыйжасында ой толгоо түрүндөгү жүздөгөн дилбаяндар жазылган эле. Балдар саясатташпаган, жасалмасыз нукура элдик турмушту өз колу менен “кармалап” көрүп, салыштыруулар аркылуу өз багыттарын байкап билүүгө дуушар болушкан. Алар окуучулардын ой-пикирин, аракетин элдик баалуулуктарга баштоого, ошолорду өз ой электеринен өткөрүп, жекече акыл корутундуларын чыгарууга кириптер кылган эле.

Демек, ушул карапайым үч эненин нускасынан төмөндөгүдөй корутунду чыгарсак болот:

1. “Балдарыбыз кул, кыздарыбыз күӊ болуп калбашы үчүн эмне кылуу керек” деген собол ар бирибизге тиешелүү, келгиле, баарыбыз: ата-эне, министр, мектеп, мугалим, президент, депутат, журналист дебей, тегиз ойлонолу, ага жооп даярдап, турмушка ашыруунун камын көрөлү. Аны биз кылбасак, ким кылат, кимдин кабыргасы кайышып, көкүрөгү сыздайт.

2. Мекенчил, манасчыл сезим канткенде окуучулардын толук кандуу жан дүйнөсүнө өтүшүп, аракет кылуунун көрөӊгөсүнө айланат. Ал кантип ички ынаным, ар-намыс, бекем ишеним боло алат. Чет өлкөлүк терс таасирлерге канткенде башы байланбайт.

3. Агынан жарылган элдик тунук пейилге, жакшылык кылып ыракаттанууга окуучуларыбыз кантип жетет? Ага эмне тоскоолдук кылып жатат. Эмне үчүн өзүбүздү өзүбүзгө, атанын балага, аялын эрине, элин бийлигине, жеке жаранды элине кас кылган азезил шайтан төрүбүздөн бери аӊтарып жойлоп жүрөт. Ага ким жол ачты?!

Сен анча-мынча таттууга алданып, ички сырды ачып берген баео бала эмессиӊ да, сен миӊдеген жылдарды карыткан, өз улутун, тилин, жүзүн, салтын эрдик менен сактап калган, бүгүнкү күнгө аман-эсен жетип келген, “заман ушул, кимдин арабасына түшсөӊ, ошонун ырын ырда” деп баш ийип, кул болбогон, жүрөгүндө жалы бар баатыр элдин тукумусуӊ да. “Калкым кыргыз, сен үчүн курман болуп кетейин” деген Айкөл Манастын кулуну экениӊ жалганбы. Же бир тыйындын артынан кулаган, ошон үчүн улутун, тилин, салтын, мекен-жайын унутуп, түтүлөп жем чачкан бөтөн журттун босогосун сагалаган тоок өӊдүү бир байкуш эмессиӊ да. Жогорку үч эне — турмуштун чыныгы сабагы, алар кезинде университетте окубай, диплому жок эле, эл катары кир жууп колу кабарып, бала төрөп, уй саап, үй жыйнап жүргөн катардагы жарандар, бирок улуттук нарк-насилди билим катары өздөштүргөн, кан-жаны эли, тууган-уругу менен бирге, алардан обочолонуп бөлүнүп калбаган, азыр базар заманынын ой-чуӊкуруна түшүп кетпей, бирөөлөргө көрүнүп, мактанайын дебей, үлгүлүү жана өрнөктүү өмүрүн сактап жүрөт. Демек, биз баарынан кол жууп, шум, алдамчы, пайдакеч, кырдаалга жараша жүзүбүздү өзгөртүп турган абалга толук өтө элекпиз, ага калдайган көпчүлүктү түзүп турган эл күбө. Кээлер “баары ичкич” дейт, санай келсеӊ жүз кишинин ичинен үчөө (же беш-алтысы) ичкич, калганы соо, “баары ушакчы” дейт, алар деле жүз кишинин ичинен беш-алты  эле, “баары бузулган” дейт, андайы эки-үчөө эле. “Баары түшүнбөйт” дейт, санай келсеӊ жүз кишинин ичинен беш-алтоо гана түшүнбөйт, калганы түш жоруйт, саясаттын тишин чагат, өз алдынча көз карашы, баамы, таанып-билүүсү жетилген. Беш-алтоо чогулган жерге барып кулак төшөп көрүӊүз, Путин, Обамадан баштап кеп кылып, аягы Ташиев менен келип бүтөт. Ошол калдайган көпчүлүк аман болсун, аларга чын ыкыластан кызмат көрсөтүп, жакшысын даӊазалап турууну адатка айландыруу зарыл.

Демек, өлкөнүн ичинде (сыртында эмес) таянар тоо бар. Мамлекет ошолор менен күчтүү. Кыргыз Республикасында ошол таянар тоого жөлөнүп, мектепти, мамлекетти жана элди сактап калуучу күчкө айландырганда, эртеӊкиге ишенимдүү кадам шилтеген болор элек.

 

Мектепке учурдагы артыкчылык делгендерден да бийик турган артыкчылык берүү муктаждыгы

 

Өлкөдө Кыргызстанды бутуна тургузуп, бүткүл дүйнөгө даӊаза кыла ала турган 1 млн. 15 миӊ кишиден турган окуучулардын армиясы бар. Бул эмне деген армия, эмне деген зор күч. Дагы алар бир-эки жыл эле эмес, мектепте он бир жыл бою билим алышат. Жогорку сан бирде өйдө, бирде ылдый болсо да, ар дайым 1 миллиондун тегерегиндеги окуучулардын мектепте окуганы окуган. Бул – учу үзүлбөй, улам аркасынан толукталып турган адамдардын агымы. Ушул окуучуларга ар кыл кесиптеги мугалимдер сабак жана таалим-тарбия беришет. Алар үчүн окута  турган  орун — мектеп  белен. Окуу куралдары да бар. Баары мамлекет тарабынан каржыланат. Демек, жалпы окуучулар мектеп, мугалим жана окуу китептери менен (жетишсиз болсо да) камсыздалган. Буга 1 млн. окуучунун санын, он бир жылдык билим берүүнү кошуӊуз. Булар жөн эле баш аламан, топураган сүрмө топ күч эмес, уюмдашкан, башкарылган зор күч. Мамлекетте окутуу жана тарбиялоо иши артыкчылыктуу тармак деп эсептелет.

Бирок ушунча күч менен жери бай өлкөдө эмне үчүн элдин турмушун жакшыртып,  Кыргызстанды гүлдөтө албайбыз. Эмне, окуучуларды мектепте он бир жыл окутуп, анан алардын сезилерлик бөлүгүн өз өлкөсүндө тыӊ жашоого арга таппай, чет өлкөдө жашап, күн өткөрүшү үчүн даярдап жатабызбы?! Бир нече кыргыз өспүрүмү “кайрадан төрөлсөӊ ким болоор элеӊ?” деген суроого, бири да “мен кыргыз болуп төрөлөр элем” деп айтпаганын, немис, япон, англис болуп төрөлүүнү каалаганын эстеп коюӊуз. Мындай тилек кылууга бир эле мектеп күнөөлүү эмес, мында өз улуту үчүн кайдигер караган ата-эненин, коомчулуктун, теле-радионун, гезиттердин, жетекчилердин жүзү кашкайып чагылып турат. Бул жерде таалим-тарбиянын кыйшык кеткени, түпкү багыттардан ажырап калганы ачык байкалып жатат. Эмне, кыргыз элинин, мамлекеттин мектепке жумшаган камкордугу бөлөк өлкөлөргө багытталып калганбы? Алгачкы мугалим, санжырачы, ойчул, дарыгер Үмөт Молдо (1883-1943) “Жүз жигит” деген күү чыгарган экен. Ошол күүгө негиз болгон окуя мындай. Калмак менен кыргыз чабышы күч алып турган кезде, душман үстөмдүккө жетишет да, Көкүм деген чоӊ айылды басып алат. “Туткунга эч кимди албагыла, колуӊардан келишинче кыргыла, бирок мага эмгектеп жүргөндөн төрт жашка чейинки эркек балдарды олжолоп келип, тапшырасыӊар”, — дейт кол башчы. Анын айтканы аткарылат. Калмак төрөсү болсо баягы олжолоп алып келген жүз баланы жат көзгө көрсөтпөй, өзүнчө бактырат, күнү-түнү жоокердик өнөргө үйрөтө берет. Балдар ата-эне, боор ооруу дегенди билбейт, өлтүрүүгө маш кан ичер болуп чыгат. 20 жылдан кийин ошол 100 жигитти кыргыздарга каптатат. Аёо дегенди билбеген, башты үзө чаап, көөдөндү найза менен теше сайганына маашырланган 100 жигит өз элин кыргынга учуратат. Кыргыз жоокерлерин гана эмес, кыз-келиндерди, алардын арасындагы өздөрүн төрөгөн энелерди да сулата чабат. Аӊгыча Күлбото карыя атайы даярдаткан сыбызгы чоор үнү чыгып, аны улап комуздун “Көкөй кестиге” окшоп боздогон үнү угулду. Оӊдон да, солдон да миӊ кубулжуп, дилдиреп, жүрөктү эзип, жан мээрди ойготуп, боор тарттырып, жакындыкты сездирип, жүрөккө, мээге үрөлүп кирип, тике эле канга-күрөө тамырга өтүп жаткандай болду. Ошентти. Жүз жигиттин киши өлтүрүү ниети  аздап жоголуп, кылычтар кынга салынып, найзанын учу көктү карап калды. Күү дагы күч алды. Бир аздан соӊ жүз жигиттин найзалары кайра калмактарды карай бурулду, “кыргыздап” ураан чакырып, аларга каршы аттанды. Анан жеӊиш келди. Үмөт Молдонун бул күүсүндө эки чоӊ багыт бар, биринчиси, күү маӊкуртчулуктан ойготуучу теӊдешсиз жана улуу каражат экендиги. Бул куралды азыр да колдонуу кеч эмес, анткени элин, мекенин, тилин, салтын чангандар аз эмес. Экинчиси, окуяда душман кыргыздарды жеӊип чыгуу үчүн өзүнө-өзү кол салдырат. Бул укмуштай арамзалык менен ойлонуп табылган күчтүү курал. Болгону акыл-эске кире элек 100 баланы тандап алат да, аларды уюмдашкан баш кесерлер тобуна айландырат. Ошолордун колу менен кыргыздарды муунтуп, жеӊишке жетишмек. Мындай өзүн-өзүнө душман кылуу саясаты азыр да күчүндө. Мисалы, кыргыз тилинин мамлекеттик тил деген конституциялык укугуна каршы чыгып, бөгөт болгондор кимдер? Дээрлик көпчүлүгү — кыргыздар. Ал эми “Манастын арбагы колдосун!” дегенде, “астапырылда” деп чочуп кеткендер да кыргыздар, ж.б.

Ошентип, он бир жылдык билим берүүнүн сакталып турушу – бул биздин тагдырыбызга туура келген гениалдуу артыкчылык. Аны “тигиниси укмуш, таланттуу”, “мунусу башы иштебейт, бир торпок” деп алалабай баарына тегиз нурун чачып турган күн сыяктуу деп элестетүүгө болот. Эгемендүүлүккө биз социализмден нечен жолдорду, бийик-бийик имараттарды, электр станцияларын, өнөр-жай ишканаларын, нечен курулуштарды ж.б. алып калдык, бирок ошолордун ичинен бүлдүрбөй жана натыйжалуу пайдалануучу жана келечекте мындан ары да көздүн карегиндей сактап өркүндөтүүчү улуу, жалпы жана артыкчылыктуу байлык – бул мектеп. Андан гений да, кароолчу да, жалкоо да, ууру да окуйт.

Ооба, ачык эле айтууга болот. Азыркы абалында мектеп Кыргыз мамлекетинин жана улутунун түпкү мүдөө-максаттарын орундатууда өтө алсыз. Күчү ченелүү эле. Ага азыркы кезде өркүндөтүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар, камкордуктар жетишсиз. Аны беш эсе, таза болбогондо эки-үч эсе көтөрүү керек. Эмне үчүн? Анткени өлкөнүн, улуттун тагдыр чечер чоӊ көйгөйлөрүнүн баары мектепке байланыштуу жана баса белгилеп айткым келет, мектепке, тагыраак айтканда, анын окуучуларына көз каранды. Жогоруда мисалга алынган жүз жигитти же ошолордун далдасында турган 1 миллиондон ашык мектеп окуучуларын экономикалык, саясий, маданий, маселелерди чечүүгө катыштырууга неге болбосун. Ал өз балдарыбыз да. Кыргыз өлкөсүнүн чыныгы ээлери да. Аларды мектептен эле түзүүчү жана жаратуучу нукура эмгекке даярдашыбыз керек да. Булардын баарын жалгыз министрликтин, мектептин, мугалимдин мойнуна жүктөп, “бул силердин адистик милдетиӊер, биз жоопту гана сурайбыз” деп коюшка болбойт. Ал баарыбызга тиешелүү. Мектеп бүтүрүүчүсү эртеӊ темселеп чет өлкөдө мусапыр болуп, бирөөнүн малын жайып, тамекисин тизип, көчөсүн шыпырып, там-ташын, мончосун тазалап, кирин жууп отурбасын. Ошол үчүн мектепке кол сунуп, төлөнүп берилүүчү ширеткичтин, электриктин, ар кандай өнөр ээлерин ж.б. даярдоочу ийримдерди түзүп берели. Бийик тоолуу жана жайыты кенен Ак-Сай, Арпа, Ат-Башы өӊдүү жерлерде топоз багып, азыркыдан он эсе көп кылып өстүрүп, топоздун этин, сүтүн, айранын дүйнөнүн туш тарабына сатып өткөрүүчү табышкер жана иштерман балдарды мектептен даярдап алууга неге болбосун.

 

(Уландысы кийинки санда)

Бектур ИСАКОВ,  Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Манас ата сыйлыгынын,  И.Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты, педагогикалык 52 китептин автору, Талас району, Арал орто мектеби

Бектур ИСАКОВ,
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Манас ата сыйлыгынын, И.Арабаев атындагы сыйлыктын лауреаты, педагогикалык 52 китептин автору, Талас району, Арал орто мектеби

Поделиться

Комментарии