КУУ БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ БЕРДИ

  • 04.02.2022
  • 0

 Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессордук-окутуучулар курамы, жалпы эле кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын   өткөн жылда Баткен жергесиндеги тажиктер менен болгон кандуу кагылышта жапа чеккен элге социалдык  жактан көмөк көрсөтүү максатында топтошкон.

 

КУУ БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ БЕРДИ-КР Билим берүү жана илим министри Б.Купешов сентябрь айында Баткен облусуна болгон иш сапарында жардамга муктаж мектептерде болуп келген соң,  КУУнун кызматкерлери тарабынан  топтолгон  бир миллион сом өлчөмүндөгү бир күндүк эмгек маяналарын даректүү түрдө жардам көрсөтүү үчүн Тажикстан менен чектешкен Дөбө айлындагы “Дөбө” орто мектебин окуу жайыбыздын жетекчилигене сунуштаган. Баткен РайОНОсунун башчысы Олжобай Мажилимов, мектептин директору Тиллебай Курбанбеков менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин топтолгон акчага техникалык каражаттарды, эмеректерди алып берүү макулдашылган эле. Ага карата тиешелүү комиссия түзүлүп, тендерлер жарыяланган. Натыйжада, 13   компьютер, бир принтер, бир интерактивдүү доска, класстык столдор менен стулдар, китеп шкафтары алынып берилди,-дейт аталган окуу жайдын проректору Садык Алахан бизге берген маалыматында.

Кечээ жакында КУУнун эмгек жамаатынын бул белегин комиссиянын төрагасы, окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору Садык Алахан (Тиллебаев) менен университеттин технопаркынын директору Улукбек Неверяевдер тапшырып келишти. Улуттук университеттин өкүлдөрүн Баткен районун акими Учкунбек   Жоробаев, “Дөбө” мектебинин эмгек  жамааты, окуучулары, айыл тургундары зор урмат менен кабыл алышып, Улуттук университеттин эмгек жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

-Улуттук университет Баткен районунун “Дөбө” орто мектебин камкордукка алуу менен тиешелүү жардамын мындан ары да уланта бермекчи,- дейт С.Алахан.

М.Кайыпов,

“Кут Билим”

 

Поделиться

Комментарии