•“Кутбилимге” жарыяланган эле… “ДИНИЙ МАӉКУРТЧУЛУК ТҮБҮБҮЗГӨ ЖЕТЕТ!”

  • 01.07.2013
  • 0

«Кутбилим» гезитинин №9 санында (2013-жыл) жарыяланган “Диний маӊкуртчулук түбүбүзгө жетет” аттуу макала 80ден ашуун жарандардын, коомдук уюмдардын жетекчилеринин кол коюусу менен жарыяланды эле.

Ал учурдан бери бир топ убакыт өтүп, бул макаладагы маселе боюнча КР Улуттук коопсуздук кызматы Билдирүү-Талап негизге ээ экендигин, андагы коюлган талаптарды “Диний билим берүү жана диний окуу жайлар” жөнүндөгү Мыйзамга киргизүү туура болорун билдирсе, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү Академиясы, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы бул күн тартибинде турган маселе экендигин белгилесе, КР Жогорку Кеӊешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетиндеги депутаттар — К.Осмоналиев, Р.Акназарова, Н.Никитенко, Ч.Султанбековалар катуу көӊүл буруп, маселени кызуу талкуулап эки жолу  жыйын өткөрүп, эки тараптын катышуусу жана макулдугунун негизинде алымча-кошумчалары менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алгандыгы жөнүндө өкүл болуп шайланган жазуучу А.Сариев редакцияга маалымат иретинде билдирди.

 

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеӊешинин

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун, коомдук уюмдардын жана жарандардын билдирүү-талабы жөнүндө

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеӊешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун, коомдук уюмдардын жана жарандардын (2013-жылдын 21-февралындагы № 12-225913) билдирүү-талабын карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:

Билдирүү-талапта азыркы убакта Кыргызстанда диний кырдаалдын жана диний билим берүүнүн абалы кооптуу экендиги белгиленген. Кыргызстанда азыркы учурда радикал-исламчылар көчөмө-көчө, үймө-үй кыдырышып, өлкөдөгү бардык мечиттерде, адам каза тапкан, эл жыйналган жерлерде өзүлөрүнүн пикирлерин таӊуулашып, бир жактуу үгүт-насаат иштерин жүргүзүшүп, ислам динине ылайыкташтырылган окуу программаларын, диний китептерин таратышууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзу, коомдук уюмдар жана жарандардын ушул кырдаалды жөнгө салууга мектептерде, лицейлерде, жогорку окуу жайларында мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп бербеген ислам динине ылайыкташтырылып түзүлгөн окуу программаларын кабыл албоо, окуу китептерин окутпоо жана калк арасында диний адабияттарды жайылтууга тыю салуу жөнүндө ойлорун айтышкан. Мектептерде, лицейлерде, жогорку окуу жайларда Дин таануу сабагын жана кыргыз элинин улуттук каада-салтын, үрп-адатын үйрөткөн Адеп сабагы үчүн атайын программа түзүүнү сунуш кылышкан.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеӊешинин  Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети төмөндөгүдөй чечим кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы:

— жалпы орто билим берүү уюмдарынын окуу программасына дүйнөлүк диндердин жана маданияттын тарыхы сабагын киргизип, тартиптештирсин.

— Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун кеӊеш берүүсү жана макулдугу менен  кыргыздын улуттук каада-салтын, үрп-адатын камтыган Адеп сабагы үчүн атайын программаны иштеп чыксын.

2. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына төмөнкүлөр сунушталсын:

— Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ислам жолундагы  уюмдар, борборлор, фонддор, обьектилер жана диний окуу жайлар менен тыгыз байланышта салттуу ислам дининин жол-жоболорун сактоо менен элдин ырыс-ынтымагын бекемдөө, өлкөнүн коопсуздугун сактоо үчүн кыргыздын каада-салтына, маданиятына доо кетирбей турган негизде иш-чараларды жүргүзүү

3. Ушул чечимди көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К. Осмоналиев) жүктөлсүн.

Комитеттин төрагасы К.ОСМОНАЛИЕВ

Поделиться

Комментарии