КОРЕЯДАН КОШ БАЙГЕ

  • 01.07.2013
  • 0

Кечээ жакында Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында ойлоп табуучу аялдардын Бүткүл Дүйнөлүк Ассоциациясынын колдоосу жана Корея өлкөсүнүн ойлоп табуучу аялдардын Ассоциациясынын демилгеси менен Бүткүл Дүйнөлүк Конгресси иштеди. Алгач 1-4-майда илимий конференция, андан кийин 5-9-май күндөрү интеллектуалдык менчикти коргоо жана патенттөө боюнча семинар болуп өттү. Ага 26 өлкөдөн 500 айым катышты.

КОРЕЯДАН КОШ БАЙГЕ

Кыргызстандан Өзгөн Технологиялык Университетинин Жогорку билимдер факультетинин деканы, айыл чарба илимдеринин кандидаты Самиева Жыргал Токтогул кызы ошол конгресске жалгыз өзү барып, бир күмүш, бир коло медаль жана атайын приз менен сыйланып кайтты.

КОРЕЯДАН КОШ БАЙГЕ

Күмүш медалды «Тамекиден май алуунун жолу» 2004-жылы 30- июндагы №666, коло медалды «Корт» антисептик каражаты 2006-жылы 30-ноябрда  №917 Кыргыз Республикасынын ойлоп табуучулар Мамлекеттик реестринде катталган 2 патенти үчүн сыйланган. Бул илим жаатында чоӊ жеӊиш жана зор сыймык.

Азыркы учурда Самиева Жыргал тамеки өсүмдүгүнөн целлюлоза өндүрүп алуу боюнча докторлук даражасын коргоонун үстүндө эмгектенип жатат. Айылдан өсүп, билим алып чыккан, карапайым тамеки өсүмдүгүн оор эмгек менен өстүрүп, болор-болбос каражат тапканын көрүп, алардын кирешесин көбөйтөйүн деген асыл максатын ишке ашырып жатканы баарыбызды сүйүндүрөт. Атасы Самиев Токтогул мектепти, Ош пединститутунун химия-биология факултетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, илимге деген үмүтүн минтип кыздары ишке ашырып жатат. Дагы бир кызы, Каныкей экономика  жаатында илимий иш жүргүзүп келет. Деги эле 7 перзентинин бардыгы жогорку билимдүү, элге үзүрлүү кызмат кылууда. Байбичеси экөө ардактуу эс алууда, уул-кыздарынын ийгиликтери менен сыймыктанып өмүр сүрүшүүдө.

Жыргал кызыбызга, анын бир туугандарына, үй-бүлөсүнө ийгиликтерди, бекем ден-соолук каалайбыз.

 

Исматулла Парпиев, Өзгөн району.

Поделиться

Комментарии