“КОКОН ХАНДЫГЫ ЖАНА НҮЗҮП МИҢ БАШЫ”

  • 04.05.2015
  • 0

Эгемендик доорунда тарыхчылар өткөн тарыхыбызды кайрадан карап, элдин эсинде калган жана калбаган окуяларды, бабалардын басып өткөн жолундагы тагдыр чечүүчү маалыматтарды издеп таап, аларды калың элге, калайык калкка кабарлап келүүдө. Улуу ойчулдардын “тарых доордун күзгүсү” деген сөзү таамай айтылганы анык. Бекеринен “тарых менен тагдырды чечсе болот, тамчы менен ташты да эзсе болот” деп айтышпагандыр…

Тарых “күзгү” гана эмес, ал “насаатчы” да. Анткени, биз тарыхты өткөндү билип коюу үчүн гана үйрөнбөйбүз, аны “ким элек, ким болдук, эми ким болобуз” деген суроого жооп издөө менен учурду туура түшүнүп, келечекке туура кадам таштоо үчүн үйрөнөбүз, окуйбуз. Демек, тарых өткөндөн сабак алып берген “көсөм” да, элди биримдикке чакырган, жаштарды өткөндүн сабактары менен мекенчилдикке үндөгөн “насаатчы” да, тарбиячы да…

Азыр кыргыз тарыхнаамасы дүйнөлүк тарых илиминин мыйзам-ченемдеринин, жол-жоболорунун алкагында ар тараптуу өнүгүүгө багыт алган илимге айланууда. Советтик-тоталитардык идеологиянын чүмбөтүндөгү көз караштардан арылып, таптык, коммунисттик принциптерди четке кагууда.

Албетте, тарыхты тарыхчы жазат. Тарыхчы — бул субъект, адам. Анын илимий деңгээли, даярдыгы ар түрдүү. Тарыхчы өз коомунун жемиши болгондон кийин анын партиялык, жамааттык, топтук да кызыкчылыгы бар. Ошондуктан тарыхчылардын баары сыдыргыга салгандай бирдей көз карашта эмес, аларда плюралисттик ача-пикирлер арбын. Ар бир тарыхчы абсолюттук чындыкты жаза албайт.

Философиянын назарияттык тастыктоосунда “абсолюттук чындык болбойт, чындыктын баары салыштырмалуу” деп айтылат. Бул аксиомага тарых илими да баш ийип турат. Бирок, кандай болгондо да тигил же бул тарыхчынын бирден-бир милдети – изилдөө процессинде чындыкка улам жакындай берүү болушу абзел. Демек, так ушул жандуу амалияттын алкагында тарых проблемалуу да, кызыктуу да болуп, “талаштан тактык жаралат” таризинде элге керектүү илим катары өнүгө берет.

Азыркы кыргыз тарыхнааасы так ушул принципте жашап жатат, анын келечеги бар, илимийлиги жогору. Ошондуктан кыргыз улуттук тарых илими “фольк хистори” деп аталгандардын өкүлү катары дилетанттык менен тарых жазган мифологдордон айырмаланып өнүгүүсү абзел.

Ар тараптуу маселелерди камтыган эгемендүү кыргыз тарых илиминин азыркы олуттуу багыттарынын бири бул инсантаануу. Учурда бул жаатта изилдөөлөр активдүү жүрүүдө. Китептердин, макалалардын жарыкка чыгуусу да ыкчам. Мындай көрүнүш совет мезгилинде айтылбай, элге жетпей калган бабаларыбыздын өмүр жолуна, тарых-таржымалына жалпы жарандардын чаңкоосу али толук кана электиги менен түшүндүрүлөт.

Ошол эле учурда, тилекке каршы, тарыхтын бул багытында “ кокту-колоттук” психологиянын бир топ өнүгүп жаткандыгы да чындык. Тигил же бул уруунун, уруктун башчысын, же байгер болуп өткөн бабаларыбызды, калкына анчейин кызматы жок болсо да “журт атасы” кылып көрсөтүүгө аракеттенүүдөбүз. Андай “аталардын” колунда бар азыркы урпактары туурабы, туура эмеспи, кез-келген жерге айкел орнотушуп, катар-катар боз үй тиктирип, казан-казан эт бышыртып, шаан-шөкөт уюштуруп келет. Мындай мисалдарды билсек да билмексен, көрсөк да көрмөксөн болуудабыз.

Бирок, мунун баары убактылуу көрүнүш, ал акырындык менен өз нугуна түшөр деген ойдобуз.

Демек, чыныгы “журт атасы” болуу деген чоң нерсе. Ал даңк, аброй гана эмес, ал зор жүк. Журт башына келген кыйын кезеңдерде “чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улаган”, калк карбаластап турганда “капилеттен жол тапкан”, керек болсо эли-журту үчүн, идея үчүн каны-жанын аябаган, атүгүл өлүмгө да барган инсан гана чыныгы “журт атасы” деген макамга ээдир… Кыргыз элинин тарыхында андай “журт аталары” арбын, бирок, алар Теңир-Тоонун ар сайында, ар колотунда эмес, бүтүндөй бир келки журтунда, өрөөнүндө же аймагында “эл билип”, тагдыр чечкен иштерди жасап, калкын “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” турган.

Ошондой зор, “журт атасы” болгон тарыхый инсандардын бири — Кокон хандыгындагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, атактуу аскер башчы, көсөм дипломат Нүзүп миңбашы Эсенбай бий уулу болгон.

Коммунисттик идеологиянын капшабына, куугунтуктоого карабай Кокон хандыгынын доорунда жашап, “кылычын сындырып” эли-жери үчүн кызмат кылган улуу тарыхый инсандардын тарыхый бейнелерин, анын ичинде Нүзүп миңбашынын тарых-таржымалын көрүнүктүү кыргыз калемгери Төлөгөн Касымбеков элге жеткизген. Бирок, ал кезде бир катар тарыхчылардын колунда Нүзүптөй инсандар жөнүндө көптөгөн тарыхый маалыматтар турса да олуттуу илимий изилдөөгө кирише алышкан эмес.

Эгемендиктин шарданы менен гана улуттук тарыхыбыздын “унутта калган барактарына” эшик ачылып, аларды изилдөө ыкчамдады. Инсан таануу багытындагы жемиштүү иштеген окумуштуулардын жоон тобу пайда болду. Алардын катарында ал кезде жаш тарыхчы катары эми эле кандидаттык диссертациясын жактаган Жээнбек Байыскул уулу мындан дээрлик 15 жыл мурун “Нүзүп бий” аттуу илимий-популярдуу бейнелик изилдөө жарыялаган эле (Бишкек: Шам,2000).

Андан бери кыргыз тарых илими бараандуу иштерди жасап, тарыхчылардын иликтөө илимканасы заманбап ыкмалар менен жабдылып, илим өнүктү. Бир катар маанилүү фактылар табылып, жаңы суроолорго жооп издөө талабы келип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө» деп аталган, ошол жылдын 30-январындагы Жарлыгына ылайык Нүзүп миңбашынын 220 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча Мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген иш-планынын негизинде Нүзүп бабабыздын өмүрү жана ишмердиги, анын тарыхый улуу инсандык бейнеси кайрадан изилденип, бир катар иш-чаралар болуп өттү, илимий жыйындар уюштурулду, макалалар чыкты, адабий китептер жарык көрүүдө.

Аталган аракеттердин арасында орчундуу иштин бири кыргыз тарыхчыларынын арасында белгилүү окумуштууга айланган тарых илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Алымбаев Жээнбек Байыскуловичтин колуңуздардагы “Кокон хандыгы жана Нүзүп миңбашы” аттуу көлөмдүү монографиясы.

Китеп тарых илиминин заманбап методологиясынын алкагында жаңы илимий табылгалар жана булактарды илимий айлампага киргизүү менен илимий-популярдуу жанрда даярдалган. Анда Нүзүп бийдин көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, дасыккан аскер башчы, көрөгөч дипломат, эл билги жана көсөм саясатчы катары инсандык бейнеси гана ачылбастан, Кокон хандыгы, анын саясий түзүлүшү, коому, XIX кылымдагы эл аралык кырдаал да ар тараптуу изилденген.

Нүзүп миңбашынын тарыхый бейнеси али да далай изилденет. Ал эми Кокон тарыхын тереңдеп үйрөнүү, анын кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн бир түрү катары болгондугун илимий тастыктоо, хандыктын жашоосун ар тараптуу изилдөө эми гана башталууда. Демек, бул илимий багытта Жээнбек Байыскуловичтин китеби орчундуу орунду ээлеп турат.

Китепке ак жол гана каалап, калайыктын назар таразасына салабыз…

 

Ташманбет Кененсариев, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор

Поделиться

Комментарии