“КИМ ЭСКИНИ АЛПЕШТЕП, ЖАҢЫНЫ АҢДАП БИЛСЕ, АЛ АДАМ МУГАЛИМ БОЛО АЛАТ”.

  • 02.04.2020
  • 0

Мектепте иштеп баштаганыма бир жылдан ашуун убакыт болду. Бул аралыкта мугалимдик кесип ардактуу, жоопкерчиликтүү ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип экендигин түшүнө алдым.

Ар бир замандын, мезгилдин мугалими болот тура. Бул ой менен мен эмнени айткым келип жатат. Азыркы заман үчүн бул сөз чоң мааниге ээ. Анткени, өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу дистанттык окуу кирип жаткандыгы жалпыбызга маалым. 21-кылым техниканын заманы дегендей, учурдун мугалими өзүнүн кесибин эң жакшы билсе же педагогикалык этиканы сактаса эле заманбап мугалим болуп калбайт. Ал үчүн техникалык билимди да эң жакшы өздөштүрүш керек. Ушул ойлор аркылуу Конфуцийдин төмөндөгүдөй сөзү эске түшөт: “Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап билсе, ошол адам мугалим боло алат”.

Буга чейин санариптештирүү жылына байланыштуу мектептерде бир катар жакшы иштер жүрүп келди.

Жакынкы аралыктан баштап, онлайн сабак өтүүгө даярданып жаткан учурубуз. “Freecаm 8”, “Bandicam” , “Zoom” программаларын өздөштүрүп, сабактарыбызды мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша тартып баштадык. Мултисабактан же Googleдан кайтарым байланыш үчүн тесттерди түзгөндү үйрөнүп жатабыз. Бул, албетте, жандуу сабак өткөнгө жетпейт. Ошентсе да кырдаалга жараша, болгон аракетибизди көрүп, аралыктан окутуунун кандай жолу болсо да окуучулар менен байланышта болушубуз керек.

Аким кызы Айлира, Ош шаарындагы №17 Ю.А.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Поделиться

Комментарии