Кесипкөй элеттик мугалим

  • 12.07.2013
  • 0

Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында кыргыз тили жана адабияты мугалими Акак Сөлпүева 33 жылдан бери талыкпай эмгек­тенип келатат. Редакцияга келген Ак-Чий орто мектебинин мугалими Дайырбек Айдарбеков эмгекчил, тажрыйбалуу элеттик мугалим жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтарды берди.

Акак Солпүева кыргыз тили жана ада­бияты мугалими болуу менен мектептин коомдук иштерине активдүү катышып, өзгөчөлөнүп келет.

— Билим, тарбия берген окуучулары­нын көпчүлүгү ар кандай кесиптин ээлери. Айрымдары илимдин кандидаттары, кээ бирөөлөрү жогорку кызматтарда, ал эми мугалимдик кесипти тандап алышкандар эжей менен чогуу бир жамаатта эмгектенип келишет, — дейт Дайырбек Айдарбеков.

Уюштургуч, эмгекчил, ишине жоопкерчиликтүү Акак эжей 1998-2000-жыл­дары мектепте уюшулган “Сезим” бий ан­самблинин жетекчиси. Чыгармачыл эжей 2000-жылы “Манас” театрын уюштуруп, аны 2005-жылдан кийин “Жаш манасчы” ийримине айлантып, азыркы учурга чейин өзү жетектейт.

Эжейдин иш билги, уюштургуч жөндөмүн, чыгармачылык менен сабак өтүүсүн райондук билим берүү бөлүмү баалап, аны кыргыз тили жана адабия­ты сабагы боюнча райондук методикалык секциянын жетекчиси кылып дайындайт.

— 2009-жылдан бери ал райондук билим берүү бөлүмүндө методикалык кеӊештин мүчөсү. Тынымсыз эмгегинин натыйжасын­да 1993-жылы “Жыл мугалими” сынагына катышып 2-орунду камсыз кылган. 1998- жылы облустук “Өзгөчө көрсөтмө курал­дардын ээси” деген байгени жеӊип алган. Ал эми 2005-жылы “Үлгүлүү кыргыз тилчи” облустук мугалимдер аралык конкурсуна катышып, 1-орунду жеӊип, КР Президен­тине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын диплому менен сыйланган. Кыргыз тилин окутуу боюнча өзү жазган кичинекей методикалык китеп­челери жарык көргөн, — дейт кесиптеши.

Манас таануу ишин алга жылдырууга көп иш-аракеттерди жумшап келет. Ал окуучулар арасында “Жаш манасчы” ий­риминде “Кырк чоро” командасын түзгөн. Аталган командасы менен быйыл облуста өткөрүлгөн “Манас таануу” интеллекту­алдык телетаймашына катышып, 2-орун­га чыгып, II даражадагы диплом менен сыйланган. Ал эми биринчи жолу “Манас таануу” боюнча өткөрүлгөн республикалык олимпиадада анын окуучусу Эркинбек кызы Дилара 2-орунду жеӊип алган. Бул ийгилиги үчүн Акак эжей Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ардак грамотасы менен сыйланган, ал эми окуучусу Эркинбек кызы Дилара ноутбук жана II даражадагы дип- ломго татыган.

Элеттик мугалимдин дарегине облустук, райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан ыраазычылык, алкыш барак­чалар берилип келет. Анын эмгеги Өкмөт тарабынан бааланып, 1999-жылы «КР Би­лим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланса, 2005-жылы Нарын об­лустук мамлекеттик администрациясынын грамотасына татыган.

Өмүрлүк жолдошу, 28 жылдан ашуун кошо мугалимдик кесипти аркалап келат­кан Эсенбек Балтабаев менен эки уул, эки кыздын бактылуу ата-энеси. Учурда баалуу, барктуу, эӊ түйшүктүү мугалимдик кесипте эмгектенип, өзү окуткан окуучулары менен сыймыктанып келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии