Казандагы ийгиликтер

  • 12.07.2013
  • 0

DSC03063[1]Казань шаарында өтүп жаткан студенттердин ХХVII Дүйнөлүк жайкы универси­адасында Кыргызстандын курама командасы 9-орунда келе жатат.

Универсиада 6-июлда Казань шаа­рында башталган. Дүйнөлүк спорттук мелдеште Кыргызстандан 63 спортчу спорттун 12 түрү боюнча өз күчүн сыно­одо. Анын ачылышына кыргызстандык спортсмендерди коштоп Билим берүү жана илим министри Канат Садыков да барган. Ачылыш салтанатында Кыргызстандын желегин Азиянын чемпиону, бел күрөш боюнча коман­данын мүчөсү Нурбек Аканов көтөргөн. Универсиаданын биринчи күнүндө эле Нурбек Кожобеков жана Нурбек Аканов бел күрөш боюнча өздөрүнүн салмак категориясында эки алтын медаль жеӊип алышкан. Кыргызстандын ку­рама командасына ушул эле күнү эки коло медалды Канимет Барпыбеков жана Бекбосун Кушубаков алып келген.

Универсиаданын төртүнчү күнүндө БатМУнун студенти Кадыр Келсинбе­ков, Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери Дуулат Сапарбек уулу жана Нуржан Рыскул уулу күрөштүн классикалык түрү боюнча үчүнчү орун­ду алып, Кыргызстандын эсебине дагы үч коло медаль кошушту.

Ошентип, Кыргызстандын курама командасынын эсебинде азыр тогуз медаль бар. Анын экөө алтын, бири күмүш жана алты коло медалы менен Кыргызстан 166 команданын ичинен 9-орунда. Жалпысынан Россиянын курама командасы 1-орунда келатса, 2-орунда Түштүк Корея, 3-орунда Япо­ния алдыда келүүдө.

Универсиаданын жеӊүүчүлөрүн сыйлоо үчүн Билим берүү жана илим министрлиги 1 млн. сом бөлүп берген. Эскерте кетсек, Дүйнөлүк универсиа­дага Кыргызстан мындай чоӊ коман­да менен биринчи жолу катышууда. 2011-жылы Кытайда өткөн мелдешке болгону алты спортчу катышкан.

Нурия КУДАЙБЕРГЕНОВА

Поделиться

Комментарии