КАРАНТИН УЧУРУНДА КИТЕП ОКУЙБУЗ

  • 07.04.2020
  • 0

Профессор А.Молдокулов атындагы УИГМЛинин башталгыч класстар мугалими Гүлүмкан Асанкадырованын окуучулары адабий китеп окуганды аябай жакшы көрүшөт.

КАРАНТИН УЧУРУНДА КИТЕП ОКУЙБУЗ

Карантинге чейин 3- “д”классынын окуучулары  эжейи менен К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасына үзбөй барып турушчу. Азыр үйдө китеп окуп, бош убакытты пайдалуу өткөрүп жатышат. Албетте, балдардын китеп окуусун ата-энелер колдоого алышты.

— Биз эжейдин айткандарын балдарга туура түшүндүрсөк, анда алар сабагынан кыйналышпайт,- дешет 3″д»классынын окуучусу Азизбекова Лунаранын ата-энеси Курманбек менен Жийде.

КАРАНТИН УЧУРУНДА КИТЕП ОКУЙБУЗ

Жакында окуучулар Сулайман Рысбаевдин «Миң бир туугандар» жомогун окушуп, окуганы боюнча сүрөт тартып, түшүнгөнүн айтып беришти. Мындан тышкары, окуучулар Ватсап аркылуу эжейине өздөрү аткарган обондуу ырларын жиберишти.

Гүлүмкан эжей болсо, ар бирине дароо жооп жазат.

— Бул күндөрү балдар биздин колдообузга абдан муктаж. Алардан жакшы сөзүбүздү, акыл-кеңешибизди аябашыбыз керек, -дейт тажрыйбалуу педагог.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии