Каникул кандай өтүүдө?

  • 13.01.2016
  • 0

Жыл жаңыраар алдында КР Өкмөтүнүн жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев майрам күндөрүндөгү маданий-массалык иш-чаралардын коопсуз жана уюшкандыкта,ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшүн жана ошондой эле кышкы каникул учурунда балдардын маданий эс алуусун туура уюштуруу милдетин койгон эле. Ага ылайык, борборубуздагы жана аймактардагы маданий эс алуу жайларында, спорт аянттарында балдар үчүн кызыктуу жомоктор, көңүл ачуучу оюн-зооктор жана спорт боюнча кызыктуу мелдештер кызуу башталды.

“Баламды кыргыз тили курсуна жаздык”

Балдардын кубанычына быйылкы кышкы эс алуусу бир айга чукул убакытка созулмай болду. Алардын каникулу ары пайдалуу, ары кызыктуу өтүшүнө албетте биринчи кезекте ата-энелер кызыкдар. Көңүлдүү эс алуу үчүн көңүлдөгүдөй каражат керек экендиги да талашсыз. Арийне, аны бардык эле ата-энелер көтөрө алышпайт. Алсак, каникулда алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө эс алууга балдарын атайын алып чыгышкан ата-энелер да жок эмес. Алардын катарына Айгүл аттуу айымды кошсок болот. Ал чет жактагы туугандарыныкына конокко баруу мезгилин атайын кызынын эс алуу учуруна жылдырган. Чакырууга жараша балким Москва шаарына же Египетке чыкканга даярданып жатышканын, бул күндү кызы чыдамсыздык менен күтүп жаткан кызы да экинчи чейректи жалаң бешке аяктап, апасын кубантканын айтат.

Каникул мезгилинде көңүл ачуу менен эле чектелбей, пайдалуу да өткөргүсү келген Нуриля айым балдарды бош койбой, сөзсүз кандайдыр бир иш менен алектендирүү керек деп эсептейт.

—         Албетте, бардык эле ата-эне балдары үчүн жагымдуу шарт түзүп берүүнү каалайт эмеспи. Бирок жагымдуу дегенде сөзсүз эле олчойтуп акча жумшоо керек эмес. Ашыкча чыгымды кыскартуу боюнча Премьер-министрибиз Темир Сариев абдан туура айтты. Айткандай эле акча-тыйыныбызды той-топурга жумшабай, балдарыбыздын туура билим алышына жумшасак, алда канча пайдалуу. Азыр кандай сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Ар кимисин өз алына, жөндөмүнө жараша ийримдерге катыштырып, каражатыбызды балдарыбыздын билимин бекемдөөгө сарптаганыбыз туура. Мектеп курагындагы балдарды болсо жылы бою, бардык учурда түрдүү ийримдерге, секцияларга тартуу керек. Ал үчүн каникул мезгилин күтүүнүн зарылдыгы деле жок. Спорт ийримдери биринчиден, баланын ден соолугуна пайдалуу. Экинчиден, балдар колоктоп бош жүрбөй, энергиясын туура жумшаганга үйрөнүшөт. Ал эми тил үйрөтүүчү курстардын пайдасы тууралуу айтуунун зарылдыгы деле жок болуш керек.

Маселен, мен баламды теннис ийримине жаздырып койгом. Жумасына үч жолу барып, өзү теңдүү балдар менен машыгып, дене боюн жазып келет. Болбосо, сабактан келгенден тартып компьютерге үңүлүп же болбос кол телефонун чукулап отурганын көрүп зээним кейийт – деп, биз менен ой бөлүштү.

Ал эми Бишкек шаарындагы орус тилдүү мектептин биринде 8-класста окуган уулу эки чейректе тең кыргыз тилинен жакшы баа алалбай кыйналгандыгын эске алган Айым аттуу эне, аны кышкы каникулда кыргыз тили курсуна жаздырган.

—         Балабыз орус тилдүү мектепте окугандыктан, кыргыз тилинен кыйналып калууда. Үйдө биз мүмкүн болушунча кыргыз тилинде сүйлөшкөнгө аракеттенебиз. Бирок сабагынан көбүрөөк жардам берүүгө убактыбыз жетпейт. Андыктан каникул мезгилдеринде убакыттарына карап, балдарыбызды курстарга беребиз. Кышкы каникулда балабыздын кыргыз тили боюнча билимин бекемдейли деген максатта кыргыз тили курсунда окута баштадык. Эс алуу учурунда да окудум деп капа болбошу үчүн тоого лыжа тебүүгө алып чыгабыз деп убада бердик, — дейт Айым.

Шамал менен жарышып чана тебишет

КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2016-жыл -“Тарых жана маданият жылы”  деп жарыяланбадыбы. Бул жылы балдар үчүн да ыңгайлуу кырдаал түзүлөөрү шексиз. Републикабыздын бардык аймактарында, анын ичинде билим берүү, илим жана маданият мекемелеринде  Кыргызстан тарыхын жана маданиятын окуп-изилдөө жана жайылтуу ж.б. иш-пландары каралууда.

Балдардын кышкы каникул мезгилин уюшкандыкта өткөрүү иш-планын Кемин райондук билим берүү бөлүмү алдын-ала даярдап, райондогу мектеп директорлоруна тараткан. Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Зина Алиева бизге билдиргендей, окуучулардын дээрлик бир айлык эс алуусун кантип уюшкандыкта жана пайдалуу өткөрүү керектиги тууралуу педжамааттар менен биргеликте түзүшкөн. Ал программанын алкагында окуучулар эс алууда бекер жатпай элдик оозеки чыгармалар боюнча билимин сынашып “Өнөр алды кызыл тил” кароо-сынагын өткөрүшөт. Кышкы каникул чана, коньки тебүү сыяктуу көңүл көтөргөн оюндарсыз кантип өтсүн, андыктан балдар топ-тобу менен тоону көздөй чана сүйрөп жөнөшсө, ылдый карай зуулдатып лыжа тебишээри турган иш. Тоолуу аймактын кыш мезгилинде ойнолуучу оюндарын кыргыздын улуттук оюндары толуктамакчы.

Каникулда корей тилин окушат

Дээрлик бир айга созулган балдардын эс алуусу пайдалуу өтүүсү үчүн кышкы лагерлер уюштурулууда. Алардын бири 6-январда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөгү өзгөчө зээндүү балдардын мектеп-гимназиясында корей тилин үйрөтүүчү класс ачылды.

Бишкек шаарындагы корей борборунун колдоосу менен уюшулган лагердин ачылышына борбордун директору Ли Ен Хунг, Сеул улуттук университетинин студенттери жана Талас өрөөнүнөн келишкен 20дан ашык чет тилдерди үйрөнгөн окуучулар катышты.

Мектеп-гимназиянын директору Бүбүкан Жусупованын айтымында, аталган борбор өзүнчө бир классты тийиштүү жабдуулар менен жабдып берген.

—         Акыркы жылдары алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерге барып иштеп, окуп жатышкан жаштарыбыз көбөйүүдө. Кореяга да ошондой максатта чыгып жатышкандар арбын. Ал үчүн биринчи кезекте тил үйрөнүү зарыл экендиги талашсыз. Ошондой тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгү биздин балдар үчүн түзүлүп жаткандыгына кубанычтабыз. Кыргызстандагы Корей тили борборунун жетекчилиги биздин мектеп-гимназиянын базасында атайын бир класс ачып, аны керектүү эмеректер жана окуу колдонмолору менен жабдып берди, — дейт директор.

Бул тил үйрөнүү мөөнөтү 6-январдан 16-январга чейин созулмакчы. Мындан тышкары балдар каникул учурунда корей тили сыяктуу ар түрдүү тил үйрөтүүчү курстарга барышып, окуучулар үчүн атайын уюштурулган оюн-концерттерге катыша алышат.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

 

Поделиться

Комментарии