КАМКОРДУККА АЛЫНГАН МЕКТЕП

  • 06.09.2013
  • 0

Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылындагы Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектепте 1-сентябрь – жаӊы окуу жылына карата ушул аймактан Улуу Ата мекендик согушка аттанышкан эр-азаматтардын жана мектептин ардагер мугалимдеринин сүрөт-галереясы ачылды. Анын ачылышына айыл аксакалдары, мектептин ардагер мугалимдери жана кезегинде ушул мектептен билим алышкан бүтүрүүчүлөр чакырылган.

Шаршенкул МАКЕШОВ, Ж.Алыбаев атындагы орто мектептин директору

Шаршенкул МАКЕШОВ,
Ж.Алыбаев атындагы орто мектептин директору

Мектептин директору Шаршенкул Макешов бул чакан сүрөт-галерея окуучуларды патриоттук духта тарбиялоодо чоӊ таасир берерин жана ардагерлердин басып өткөн өмүр жолу кийинки муунга үлгү болоорун айтат:

«Мектепте балдарга билим-тарбия берүүдө ушундай иш-аракеттердин таасири күчтүү болот деп ойлойм. Анткени ушул сүрөттөгү адамдардын көбүн балдар өздөрү көрүп-билишкени менен алар өз кезегинде балдардын жаркын келечеги үчүн от күйгөн согушка аттанышып, душмандан мекенин коргогон баатыр болушканын жана кийин согуш аяктагандан берки тынч турмушта деле опол тоодой эмгек өтөшкөн адамдар экендигин дайыма эле эстей беришпесе керек. Биздин максат-тилегибиз – жаш муундар алдыӊкы муундун аткарган иш-аракетин унутпай эстеп жүрүшсө, алардан үлгү гана албастан, андан да күчтүү дем-кубат менен гүлдөгөн мамлекет курууга белсенип киришкен намыскөй жаштардан болушса. Кудайга шүгүр, мектеп окуучулары үчүн үлгү болорлук кийинки жаштарыбыз да жок эмес. Айылдын турмушуна, айрыкча, билим очогу болгон мектепке жакындан колдоо көрсөтүп жүрүшкөн жоон топ жигиттерибиз бар. Айрыкча, Улан Өмүралиев, Чыӊгыз Жаилов, Бакыт Ашыралиев, Туйгунбек Алыбаев, Урмат Дунганов, Эмил Түлкиев, Чыӊгыз Макешов, Памир Төлөев, Эркин Жамангулов сыяктуу учурда ар кайсы кесипте үзүрлүү эмгектенип келатышкан жердештерибиз ушул сүрөт-галереяны уюштурууга каражат жагынан жардам беришти. Бакыт Ашыралиев үй-бүлөсүнүн атынан быйыл 1-класстын босогосун жаӊы атташкан окуучуларга «Алиппе» китебин тартуулады.

Бүгүн ушул жерге айыл аксакалдарын, мектепте көп жыл үзүрлүү эмгектенишип, азыр эс алууда жүрүшкөн ардагер мугалимдерибизди чакырып, алардын ал-акыбалын сурап дегендей, көзү өтүп кеткендерге багыштап куран окутуп, дасторкон жайып чай уюштурдук. Ушул жерден көптөн бери бири-бирин көрүшпөй, сагынышып калышкандар кучак жайып көрүшүп, ал-акыбалдарын сурашып, чечекейлери чечиле божурашып отурушкандарын көрүп биз да кубанып турабыз.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин чакырыгыбызды четке какпай келишкен сыймыктуу эжей-агайларыбызга, айыл аксакалдарыбызга жана ошондой эле биздин демөөрчү жигиттерибизге тереӊ ыраазычылык билдирип кетким келет. Анткени алар дайыма мектеп турмушуна кайдигер карашпай, колдорунан келген көмөктөрүн берип турушат. Мектептин жылда жасалчу ремонт иштери да алардын катышуусуз өтпөйт.  Демөөрчүлүк кылган жогоруда мен аттарын атап өткөн балдарыбыз актовый залды, мугалимдердин бөлмөсүн евроремонттон өткөрүп беришкени биз үчүн чоӊ жардам болду».

Кийинки учурда өз айлына, мектебине колдоо көрсөтүп жатышкан, колдорунан иш келген улан-кыздар көбөйүп келатканы жакшы көрүнүш. Ш.Макешовдун айтымында, алар каражат жагынан эле эмес, маданий, таалим-тарбиялык таасири бар иш-чараларды уюштурууга да көӊүл бурушууда. Алсак, Германия менен биргелешкен “ТриО” компаниясынын башчысы Бакыт Ашыралиев айылдаштары ырларын сүйүп уккан ырчысы Кутман Жолдошевдин концертине 64 билет алып, ал билеттерди айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлерине, дарыгерлерге, мугалимдерге бекер бергенин ушул убакка чейин мактаныч менен эскерип калышат. Эмил Түлкиев деген азаматы мектептин спорт аянтын ремонттоого көмөктөшүп, балдар кечинде да футбол ойногонго шарт түзүп, футбол аянтына жарык орноштуруп берди.

Шаршенкул Келдикеевич жогоруда атап өткөн демөөрчүлөрдүн катарында өзү ушул айылдан болбосо да, алардын мектебине, мугалимдерге жакындан жардам берип, колдоп келаткан Чүй университетинин негиздөөчүсү, КР Эл мугалими Султан Мамбеткалиев да бар. Ал бир нече жылдан бери жыл мугалими конкурстарында алдыӊкы көрсөткүчтөргө ээ болгон мугалимдерге жана ошондой эле мыкты окуган окуучуларга жеке өзүнүн атынан стипендия ыйгарып келет. Айрыкча, 2011-жылы мектепти электр жылыткыч менен жылытууга өткөргөндө ал киши өз чөнтөгүнөн 10 миӊ сом бергенине мектеп директору тереӊ ыраазы болгон.

Ж.Алыбаев атындагы орто мектепте учурда 130дан ашык окуучу, 20 мугалим бар. Мектеп заман талабына шайкеш жабдылган. Окуучулардын интеллектуалдык даярдыгын жогорулатуу үчүн мектепте компьютердик, лингафондук класстар ачылган, ошондой эле алардын ден соолугунун чыӊ болушуна кам көргөн демөөрчүлөрдүн жардамы менен жабдылган спорт залы, волейбол, баскетбол, футбол аянтчалары бар. Мектепте төрт билим берүүнүн отличниги, бир илимдин кандидаты эмгектенет. Директору Шаршенкул Макешовду жердештери мыкты жетекчи эле эмес, 7-апрелдеги элдик революцияда көрсөткөн эрдиги үчүн медаль алган, эл-жери үчүн күйүп-жанган намыскөй эр-азаматтардын бири деп билишет. Ошондой эле мектептин эӊ тажрыйбалуу мугалимдеринин бири, тарыхчы Жумакадыр Тайтаков, биология мугалими Жаӊыл Шыйтиева, адеп мугалими Гүлмира Нарынова жана кыргыз тили жана адабияты мугалими, педагогика илиминин кандидаты Элмира Абдырасуловалар окуткан окуучулар райондук, облустук олимпиадаларда байгелүү орундарга ээ болушуп, мугалимдердин эмгек акыбетинин кайтарымы күч болуп жаткандыгын далилдешүүдө.

Жаӊы окуу жылынын башталышында ремонттолуп, жаӊырып калган класстарды аралап, ушул жерде өткөн ары түйшүктүү, ары сыймыктуу жылдарын бир чети кусалуу сагыныч, бир чети кубануу менен эскерип отурушкан ардагер мугалимдердин бири Сакен Алышпаева. Сакен Касымовна ушул мектепте 38 жыл башталгыч мектептин мугалими болуп иштеген. Эл агартуунун отличниги төш белгисинин ээси, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө башталгыч класстын секция жетекчиси болгон. Ал беш баласы теӊ жогорку билимге ээ болгондугуна сыймыктанат. Келини Светлана Касымбаева кайненесинин ордун ээлеп азыр башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жаткандыгына үч жылдан ашып калды. Келинине өз тажрыйбасынан бөлүшүп, ага методикалык колдонмо куралдарды жасоодо жардам берип турат. Ошондой эле Назира Курманкулова, Гулиза Кенжекараева ж.б. ардагер мугалимдер насаатчы катары жаш адистерге кеп-кеӊештерин айтышып, өз тажрыйбаларынан бөлүшүп дегендей, колдон келген жардамдарын аяшпай, мектеп менен сый мамиледе келишет.

Мектепке 1992-жылы белгилүү сатирик-жазуучу Жапаркул Алыбаевдин ысмы ыйгарылган. Жазуучунун үй-бүлөсү мектептен кол үзүшпөй, жакындан жардам берип турушат. 1993-жылы мектептин алдына эстелигин тургузушуп, ошол эле жылы агайдын 60 жылдыгына арналган тандалмалар жыйнагын басмадан чыгарышкан.

Мектепте өткөрүлгөн иш-чаралар Ж.Алыбаевдин байбичеси Айтбаева Арзан эжей, уулу Алыбаев Туйгунбексиз өтпөйт десек да болот. Ардактуу коноктордун катарын толуктаган Арзан эже өзү да 49 жыл мугалим болуп иштеген. Арзан эжей мектепте Жапаркул Алыбаевдин музейин ачсак деген тилегин билдирди.

— Мезгил деген өктөм тура, убакыттын өтүшү менен баары эскирип, унутулат экен, бир гана адамдын артында калган эмгеги эсте калат экен. Андыктан мен мектеп Жапаркул Алыбаевдин атын алып жүргөндөн кийин ушул мектепте агайыӊардын колу тийген буюмдары, китептери сакталган музейин ачсак деп ойлойм, — дейт ардагер эжей.

 Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Поделиться

Комментарии