ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

  • 25.03.2020
  • 0

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мектептерге карантин жарыяланып, эс алууга чыгышты. Каникул болгону менен мугалимдердин дагы деле жаны тынбай аралыкта электрондук сабактарды берип, балдарды окутуп жатышат. Ошол эле кезде алар изденип өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүп, заманбап технологиянын сырларын ачып, WhatsApp аркылуу бири-бири менен тажрыйба алмашып жаткан чак. Биз Бишкек, Нарын жана Ош шаарында мугалимдердин билимдерин өркүндөтүү кандай нукта жүрүп жатканынан кабар алып көрдүк.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

Ош шаары

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин химия мугалими, республикалык “Мыкты мугалим” кароо-сынагынын 1-орунунун ээси Айжан Абдувапованын пикиринде, каникул мугалимдер үчүн көп нерселерди ойлонууга, жасоого ыңгайлуу учур.

— Албетте, мугалимдердин басымдуу бөлүгү аял заты. Бүтпөгөн көр тирилик менен алпурушабыз. Менин үйдө үч балам болсо, мектепте жүздөгөн балдарым бар. Алардын ар биринин келечеги үчүн жооптубуз. Окуучулар үчүн тынымсыз өз билимибизди өркүндөтүп, жаңыланып, изденип турууга милдеттүүбүз. Дүйнөнү каптаган таажы вирусунун айынан билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 16-марттан 8-апрелге чейин мектептерге, жалпы билим берүүчү мекемелерге эс алуу жарыялаган. Каникул мезгилинде убакыт кенен, — дейт мугалим.

Ушул мезгилде окуу программасы үзгүлтүккө учурап жаткандыгына байланыштуу электрондук сабактарды өтүү үчүн мугалимдер ар түрдүү программаларды, сабакта колдонулуучу жаңы стратегияларды өздөштүрүп жатышат.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

Айжан Абдувапова: «Алгач бүгүнкү күндөгү актуалдуу болуп жаткан программалар менен бөлүшүп кетейин. Окуучуларга электрондук видеолорду тартуу үчүн IV чейректе өтүлүүчү сабактын темаларына мыкты слайддарды жасоо үчүн анимация жасоону тереңдетип үйрөндүм. Даяр болгон слайддарды колдонуп, электрондук сабак даярдоо үчүн Bandicam, Free Cam аталышындагы программаларды өздөштүрдүм. Бул эки программанын башка программалардан артыкчылыгы: кошумча микрофон же кулакка тагып угуучу (наушник) жок болсо да программанын микрофонун колдонуу менен сабак өтүүгө ыңгайлуу. Биз тартылган видеобузду соцтармактарга жайгаштырып, алардын шилтемесин окуучулардын, ата-энелердин WhatsApp тайпаларына жиберебиз. Бирок 10-15-мүнөттүк видеонун мегабайты көп болгондуктан, аны соцтармактарга жүктөө да көйгөй жаратат. Өз тажрыйбамдан колдонуп, видеого онлайн-конвертирлөө (конвертирование) жасап, андан соң жайгаштырууну сунуштайм кесиптештериме. Албетте, сабак учурунда деле ар бир теманы өткөн соң кайтарым байланыш жасайбыз. Кайтарым байланыш – максатка жетүү үчүн аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалымат. Кайтарым байланыш, өз учурунда, өз убагында мага гана тиешелүү жана өтө чоң пайда алып келе турган маалымат.

Эмне үчүн кайтарым байланыш берүү керек?

  • Окуучуларга окуп үйрөнүүдө коюлган максаттарга жана күтүлүүчү жыйынтыктарга жетүү деңгээли жөнүндө маалымат берет, жетүү көрсөткүчү жөнүндө маалымат берет;

  • Окуучуларга ар бир кайтарым байланыштан кийин жакшыраак деңгээлге чыгууга түрткү берет;

  • Окуучуларга кайсы учурда ката кетиргени жөнүндө маалымат болот жана алардын алдында бул каталарды кайталабоосуна шарт түзөт;

  • Окуучулар конструктивдүү сынды (критиканы) туура кабыл алып, өзүлөрүнүн окууларына жардам болоорун түшүнүшөт.

Жогоруда сөз кылганыбыздай ар бир электрондук сабактан соң, окуучуларга Гугл класс программасы менен тесттерди, текшерүү иштерин түзүп, шилтемелерин жиберемин. Жыйынтыгын чыгарып, кайтарым байланыш беремин. Гугл класстан атайын медицина багытын тандаган окуучуларга тайпа ачып, алар менен материалдарды бөлүшүп турамын. Мындан сырткары азыркы билим берүү тармагы санарип мугалимди талап кылып жаткандыктан, Гугл хромдон презентация бөлүгүнөн электрондук портфолиону жасап чыктым. Бул мезгилге чейин деле портфолиобуз болгон, электрондук портфолионун өзгөчөлүгү штрих код берилет. Ар кандай текшерүү же кароо-сынактар болсо кайсыл жерде жүрсөк дагы штрих код менен ачып көрүүгө болот. Аталган иш-аракеттерден сырткары кесиптештерибиз менен өз билимибизди, өз тажрыйбаларыбызды ватсап тайпалар аркылуу бөлүшүп жатабыз.

Ар бир мугалимде асыл ой, бийик идея, максаттуулук жашайт. Аны биз педагогикалык философия деп айтып жүрөбүз. Чындыгында асыл ой, улуу идея адам жашоосунун азыгы гана эмес, ал мүдөө-максаттарды ишке ашырууда кубаттуу энергия боло алат. Педагогикалык философиядагы асыл ойлор мугалимди дайым шыктандырат, адал иш, ак эмгек аркылуу алдыга сүрөйт.

Педагогикалык ишмердик аркылуу улуттун ден соолугуна эӊ зор салым кошсо болот. Мугалим мектептеги окуу-тарбия ишинде гана эмес коомчулукта, бардык жерде – көчөдө, аялдамада, автобуста, мааракелерде, маданий-массалык иштерде да мугалим. Мугалимдин үлгүсүндө калыптанган сабырдуулук, адамгерчилик, ынтымак, мамилечилдик адамдын ден соолугуна чоӊ таасир этет. Ошондуктан «Жалгыз адамдан улуттун ден соолугуна!» деп ураан чакыралы».

Нарын шаары

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борборунун директору Жаңыл Бусурманкулованын айтуусу боюнча, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мугалимдердин билимин жогорулатууда дистанттык окутуу формасы колго алынууда.

2020-жылдын 16-17-мартында Нарын облусунун мектептеринин 51 билим берүү кызматкерлери Нарын облустук Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана адистерди кайра даярдоо борборунан катталышып, борбордун Ай-Ти администраторунун жардамы менен Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызмакерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан (РПККЖ ж-а КДИ) дистанттык-электрондук курстан өтүү үчүн аралыктан окутуу порталына катталышты.

— Учурда мугалимдер дистанттык-электрондук курстан квалификациясын жогорулатып жатышат. Курстан окуп жаткан билим берүү кызматкерлеринин түшүнбөгөн суроолорун жана проблемаларын чечүүдө борбордун кызматкерлери электрондук мумкүнчүлүктөрду колдонуп, методикалык жардамдарды берүүдө. Республикалык педагогикалык кызмакерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту (РПККЖ ж-а КДИ) Кыргызстандын бардык мектептеринде квалификацияны жогорулатуу курстарынын эки жумалык дистанттык негизде окутуу процессин жургүзүү алгоритмин сунушташты, — дейт борбордун директору.

Учурда 23-мартынан 27-мартына чейин Нарын облусу боюнча мектептерден аралыктан окутуу порталына катталуу электрондук формада жүрүп жатат. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу борборунун кызматкерлери, Ай-Ти администратору дистанттык-электрондук курстан окутуу порталына катталуу үчүн облустагы билим берүү кызматкерлерине аралыктан электрондук формада методикалык көмөк көрсөтүшүүдө. Бул электрондук курстан беш онлайн-курс боюнча квалификациясын жогорулатышат.

Дистанттык негизде окутуу процесси жүргүзүү үчүн регистрациядан өткөрүп, окутуу порталына катталуу бир кыйла кыйынчылыктарды жаратып жатканын адистер айтышууда. Атап айтканда, интернет байланыштарынын начардыгы, компьютердик технологиянын жетишсиздиги, компьютердик сабаттуулуктун төмөндүгү ж.б.

Ат-Башы району

Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлүмкан Турганбаева 28 жылдан бери башталгыч класстарынын мугалими болуп эмгектенип келе жатат. Замандын талабына ылайык, он жыл убакыттан бери технологиялык каражаттарды: компьютер, электрондук доскаларды пайдалануунун жолдорун үйрөнүп жатканын айтты.

— Билгенден, биле элегим көп. Бирок акырындан алдыга жылуу бар. Класс бөлмөм компьютер, принтер менен жабдылган. Сабакка керектүү иш кагаздарымды, материалдарымды өзүм иштеп даярдап, сабактарымда колдоном. Муну менен эмне айтмакчымын, мугалим ар тараптан күн сайын өнүгүү-өсүүнүн кадамында болушу керек. Албетте, ал үчүн билим, эрк, убакыт, аракет жана өзүңдүн жеке компьютериң же ноутбугуң болушу керек. Мектепте класстагы компьютерди, ал эми үйдөн нотбукту пайдаланам. Айрыкча, быйыл Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында ар бир мугалим акыркы технологияларды колдоно билиши зарыл.

— Коркунучтуу кырдаал биздин өлкөгө да келгендигине байланыштуу, мектептер карантинге алынып, окуу процесси токтотулду. Бул учурда, окуучуларга онлайн сабак өтүү ыкмалары колдонулуп жатат. Мен дагы убактымды текке кетирбестен, өзүмдүн билимимди өркүндөтүп, изденип, интернеттен онлайн сабак өтүү боюнча маалыматтарды алып жатам. Бул менен гана чектелбестен, бош убактымда адабий китептерди окууга аракеттенүүдөмүн, — дейт элеттик мугалим.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

Гүлүмкан Турганбаева: «Бул окуу жылында 1-классты окутуп жатам. Класста 29 окуучу бар. Онлайн сабак өтүүнү 23-мартта баштадым. Албетте, башталгыч класстарга онлайн сабак өтүүдө, ата-энелердин дагы онлайн-сабак жөнүндө түшүнүгү болуп, окуучуларга жардамдашып, мүмкүнчүлүк түзүшү керек. Биздин мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша, айылда өзүм ноутбук жана уюлдук телефонду пайдалануу менен, WhatsАpp аркылуу онлайн сабак өтүп жатам. Окуучуларды карантин убагында убактысын туура пайдалануусуна, сабакты өздөштүрүүсүнө жардам кылып, мугалим тапшырмаларды берип, кайтарым байланыш жасаса, эң жакшы натыйжа бере тургандыгы тажрыйбамда көрүнүп жатат.

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

Ата-энелер менен бирдикте “1-Б класс” деген группа түзүлүп, буга жалпы 29 ата-эненин жана сабак бере турган мугалимдердин WhatsАpp номерлери катталган. Сабак кадимкидей календардык план, сабактын жүгүртмөсү, башталуу убактысы боюнча жүргүзүлөт. Сабак 13:30 да башталат. Ар бир сабак 45 мүнөткө созулуп, ортосунда 5 мүнөттөн тыныгуу берилет.

Мен классыма математика, окуу, жазуу, адеп, мекен таануу жана турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери деген сабактарды өтөм. Онлайн сабак өтүүдө WhatsАppтан аудио-жазуу, сүрөт жөнөтүү жана жазуу ыкмаларын колдоном. Мисалы, математика сабагында окуучуларга аудио-жазуу аркылуу теманы айтып, оозеки түшүндүрүп, суроо-жооп жүргүзөм. Андан кийин, иш дептери боюнча ар бир мисалды түшүндүрүп, аны иштөөгө убакыт берем. Бүткөн иштерин менин жеке номериме сүрөткө тартып, жиберишет. Эгер оозеки иштей турган мисал болсо, аудио-жазуу аркылуу жиберишет. Мен бул учурда ар бир окуучу менен жекече иш жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк алам, эгер каталары болсо оңдоого багыт берем. Мунун натыйжасында 1-класстарга баа коюлбагандыктан, эмоционалдык баалоолорду жүргүзүп, ар кандай быйтыкчаларды жиберем. Эң жакшы иштелген иштерди, жоопторду жалпы группага “үлгү” катары көрсөтөм. Сабактын аягында үй дептерине тапшырманы жазышат. Тапшырманы иштеп, кийинки сабакка чейин жеке номериме жиберишет. Ал эми, окуу сабагында көбүнчө аудио-жазуу аркылуу өтсө болот. Мында темада берилген тексттерди, аңгеме-жомокторду окуучуларга тааныштырып, аудио-жазуу аркылуу көркөм окуп берем. Андан кийин текстти өз алдынча окууга убакыт берип, айрым окуучуларды аудио-жазуу аркылуу окуп берүүнү сунуштайм. Тексттин мазмуну боюнча талдоо-жыйноо жүргүзүп, суроолорго жооп алам. Бул учурда дагы эмоционалдык баалоо жүргүзүлөт. Адаттагыдай эле үй тапшырмалары берилет. Мындан сырткары, китеп окууга кызыктыруу максатында, өз алдынча аңгеме-жомокторду күн сайын окуп туруу сунушталат.

Онлайн окутууда окуучулар, ата-энелер дагы активдүү катышып жатышат. Ар бир сабакта кайтарым байланыш болуп, тапшырмаларды так аткарышууда. Ата-энелер балдары менен чогуу сабакка катышып, сабакты канчалык деңгээлде билгенине күбө болуп жатышат. Ата-энелердин, окуучулардын ортосунда бири-бирине атаандаштык пайда болуп, жакшы окууга ар бир окуучу тырышып, аракет кылышууда.

Онлайн сабак өтүү менен өзүмдүн билимимди тереңдетип, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоого аракет кылып, изденип, иштеп жатам. Буга чейинки иштерден сырткары, онлайн сабак өтүүнүн башка ыкмаларын ойлонуп, онлайн тесттерди колдонуунун аракетин көрүүдөмүн. Онлайн сабак өтсө боло тургандыгын, натыйжасы бар экендигин тажрыйбамда көрүп жатам жана кесиптештериме да сунуштайм».

Бишкек шаары

Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде ар бир мугалимдин креативдүү, чыгармачылык менен иштөөсүнө эң сонун шарттар түзүлгөн. Мугалимдерди заманбап технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү боюнча атайын онлайн жана оффлайн окутуу курстары уюштурулуп жатат.

Касымбек Жунусалиев, “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин информатика жана физика мугалими:

«Азыркы интернет технологиялар өнүккөн, санариптештирүү кеңири кулач жайган маалыматтык кылымда коомубуздун бардык катмарлары жаңы багыттагы өнүгүүнүн жолуна түшүүдө. Санарип технологиялар жашообуздун бардык катмарларына сүңгүп кирди. Мындан 5-10 жыл мурунку маанилүү деп эсептелген жүздөгөн кесиптер жаңы технологиялардын алдында сүрүлүп чыгууда. Ал эмес коомдун жалпы түзүлүшү да маалыматтык технологиялардын таасиринде өзгөрүүгө дуушар болууда. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө санариптештирүү деңгээли 80-90%ды түзүүгө жетишти. IT технологиялары менен тыгыз байланышта болгон жаңы кесиптер пайда болууда. Маалыматтык технологиялардын мындай деңгээлде өсүп-өнүгүшү жакынкы 10-15 жыл ичинде биздин коомубузда, маданиятыбызда, а түгүл ар бирибиздин жеке жашообузда олуттуу өзгөртүүлөргө алып келүүсүнө шек жок.

Мына ушундай заманыбыздагы технологиялык тез өзгөрүүлөрдө билим берүү тармагында жасалган кадамдарыбыз да замандын талабына жооп бериши керек. Албетте, билим берүү тармагында да көптөгөн алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Интернет технологиялардын өнүгүшү билим берүүдө эң кубаттуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Ошону менен бирге онлайн интернет технологиялары билим берүүдөгү көптөгөн көйгөйлөрдү түп тамырынан бери чечүүгө көмөктөштү десек жаңылышпайбыз. Мисалы, айрымдарына токтоло турган болсок:

  • Окуу китептердин жетишсиздигин (электрондук китептер, электрондук ресурстар);
  • Мугалимдердин жетишсиздигин (электрондук мугалим, вебинар, онлайн окутуу ж.б.);
  • Маалыматтын жетишсиздигин (электрондук энциклопедиялар, электрондук колдонмолор);
  • Байланыштын жетишсиздигин (электрондук почта, соцтармактар, месенджерлер ж.б.).

Ал эми билим берүүдө, окутуу процессинде дагы кандай артыкчылыктарды түзүп берүүдө? Учурда окутуу процессинде интернет-онлайн сервистеринин мугалимге көрсөткөн пайдасы өтө зор болууда. Мисалы: Предметтер боюнча онлайн тесттерди түзүү мүмкүнчүлүгү; электрондук китепчелерди түзүү мүмкүнчүлүгү; онлайн сурамжылоолорду жүргүзүү; онлайн жумушчу дептерлер менен иштөө мүмкүнчүлүгү; көнүгүүлөр менен иштөө үчүн арналган сервистер; мугалимдер үчүн онлайн инструменттер; сабактар үчүн сайт түзүү мүмкүнчүлүгү; онлайн курстарды түзүү мүмкүнчүлүгү ж.б.

Азыркы маалыматтык технологияларды колдонуунун жардамы менен мугалим сабагын өтө кызыктуу, жеткиликтүү, түшүнүктүү кылып түзүп жана өткөрө алат. Ал үчүн интернет бизге өтө көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берип жатат. Бирок эң көйгөйлүү маселе, ар бир мугалим ошол мүмкүнчүлүктөрдү жетиштүү деңгээлде колдоно алабы дегенде жатат.

Тилекке каршы, азыркы заманда көптөгөн мугалимдерибиз ошол компьютердик-маалыматтык технологияларды колдонуу жагынан аксап жатканы эч кимге сыр эмес. Албетте, мындай көрүнүшкө мугалимдерибизди күнөөлөөгө да болбойт. Анткени интернет технологиялары, санариптештирүү ушунчалык тездик менен өнүгүп жатканына байланыштуу, анын артынан кууп жетүү өтө чоң аракеттерди талап кылары шексиз. Бирок билим берүүнүн деңгээлин өнүктүрүүгө чындап далалатыбызды кылып, жаңы нерсени, жаңы технологияларды үйрөнүүнү өзүбүздүн приоритеттүү максаттарыбыздын бири катары карасак, ал көйгөйлөрдү жеңип чыгууга күчүбүз жетет деп ишенем. Бул замандын талабы. Азыркы маалымат кылымында окуучуларбыз үчүн маалыматка таңсыктык жок, алар маалымат алуунун түркүн булактарын өздөштүргөн, тескерисинче, кээде мугалимдерибиз окуучуларга караганда маалыматы чектелүү болгон учурлар көп кездешип жатат. Ошондуктан билим деңгээлибизди көтөргүбүз келсе, анда көп изденишибиз керек, сабактарыбызды окуучулардын кызыгуусун арттыргандай деңгээлге жеткирүү үчүн, албетте, интернет-маалымат технологияларын колдонууну үйрөнүшүбүз зарыл.

Мына ушулардын негизинде, биздин “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинде алгылыктуу иштер жүрүүдө. Замандын талабына жараша көрөгөчтүк менен иш жүргүзгөн, жалпы жамаатты туура багытка багыттап, ар бир мугалимдин креативдүү, чыгармачылык менен иштөөсүнө эң сонун шарттарды түзүп берген жетекчиликтин колдоосунда мугалимдерди заманбап технологиялар менен иштөөгө үйрөтүү боюнча атайын онлайн жана оффлайн окутуу курстары уюштурулуп жатат. Жалпы коллективди окутуудагы онлайн курстун форматына жана анын артыкчылыктарына токтолуп кетели:

Жалпы коллективди окутуудагы онлайн курстун форматы: Кайсы бир окутуунун интернет технологиясы тандалып алынат; ошол технологияны колдонуу боюнча этаптуу видеосабактар даярдалат; видеосабактар түшүндүрмөлөрү менен бир нече модулга бөлүнөт; андан соң ошол видеосабактар атайын онлайн платформада (сайт) жайгаштырылат; мугалимдер платформага катталышат; катталгандан кийин видеосабактарды көрүп, үйрөнгөндөрү боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышат; аткарылган тапшырмалардын жыйынтыктарын алар тренерге почта же башка сервистер аркылуу жөнөтүп турушат; тренер болсо алынган жыйынтыктарга жараша окуп жаткандарды багыттап турат; ар бир модул аяктагандан кийин, белгиленген убакытта онлайн видеоконференцияда же вебинарда мугалимдер түшүнбөй калган суроолорун талкуулашып, жеткиликтүү жооп ала алышат жана курстун жыйынтыгы боюнча жасалган практикалык иштердин жыйынтыгы менен тиешелүү күбөлүккө ээ болушат.

Мындай курстар өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү. Мындай курстардын артыкчылыктары: Мугалимдер негизги жумушунан тышкаркы каалаган убакта окуу мүмкүнчүлүгү; убакыттын үнөмдөлүшү; курсту каалаган убакта, каалаган түзүлүштүн жардамында (телефон, компьютер, планшет) өтүү мүмкүнчүлүгү; алган билимди тез арада окуу процессине интеграциялоо мүмкүнчүлүгү; заманбап технологияларды колдонуу көндүмүнө оңой ээ болуу жана түшүнбөгөн суроолорду тез арада тренер менен чечип алуу мүмкүнчүлүгү ж.б.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии