ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

  • 27.03.2020
  • 0

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мектептерге карантин жарыяланып, мугалимдер менен окуучулар эс алууга чыгышты. Каникул болгону менен мугалимдердин дагы деле жаны тынбай, аралыктан окутуу технологияларын өздөштүрүп, электрондук сабактарды берип жатышат. Ошол эле кезде алар изденип өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүп, заманбап технологиянын сырларын ачып, бири-бири менен тажрыйба алмашып жаткан чак.

Анимация жасоону үйрөнгөн Айжан

Ушул мезгилде электрондук сабактарды өтүү үчүн мугалимдер ар түрдүү программаларды, сабакта колдонулуучу жаңы стратегияларды өздөштүрүп жатышат.

Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинин химия мугалими, республикалык “Мыкты мугалим” кароо-сынагынын 1-орунунун ээси Айжан Абдувапова:

ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМ ИЙГИЛИК ЖАРАТАТ

«Алгач бүгүнкү күндөгү актуалдуу болуп жаткан программалар менен бөлүшүп кетейин. Окуучуларга электрондук видеолорду тартуу үчүн IV чейректе өтүлүүчү сабактын темаларына мыкты слайддарды жасоо үчүн анимация жасоону тереңдетип үйрөндүм. Даяр болгон слайддарды колдонуп, электрондук сабак даярдоо үчүн Bandicam, Free Cam аталышындагы программаларды өздөштүрдүм. Бул эки программанын башка программалардан артыкчылыгы: кошумча микрофон же кулакка тагып угуучу (наушник) жок болсо да программанын микрофонун колдонуу менен сабак өтүүгө ыңгайлуу. Биз тартылган видеобузду соцтармактарга жайгаштырып, алардын шилтемесин окуучулардын, ата-энелердин WhatsApp тайпаларына жиберебиз. Бирок 10-15-мүнөттүк видеонун мегабайты көп болгондуктан, аны соцтармактарга жүктөө да көйгөй жаратат. Өз тажрыйбамдан колдонуп, видеого онлайн-конвертирлөө (конвертирование) жасап, андан соң жайгаштырууну сунуштайм кесиптештериме. Албетте, сабак учурунда деле ар бир теманы өткөн соң кайтарым байланыш жасайбыз. Кайтарым байланыш – максатка жетүү үчүн аткарылган иш-аракеттер тууралуу маалымат. Кайтарым байланыш, өз учурунда, өз убагында мага гана тиешелүү жана өтө чоң пайда алып келе турган маалымат.

Эмне үчүн кайтарым байланыш берүү керек?

  • Окуучуларга окуп үйрөнүүдө коюлган максаттарга жана күтүлүүчү жыйынтыктарга жетүү деңгээли жөнүндө маалымат берет, жетүү көрсөткүчү жөнүндө маалымат берет;

  • Окуучуларга ар бир кайтарым байланыштан кийин жакшыраак деңгээлге чыгууга түрткү берет;

  • Окуучуларга кайсы учурда ката кетиргени жөнүндө маалымат болот жана алардын алдында бул каталарды кайталабоосуна шарт түзөт;

  • Окуучулар конструктивдүү сынды (критиканы) туура кабыл алып, өзүлөрүнүн окууларына жардам болоорун түшүнүшөт.

Жогоруда сөз кылганыбыздай ар бир электрондук сабактан соң, окуучуларга Гугл класс программасы менен тесттерди, текшерүү иштерин түзүп, шилтемелерин жиберемин. Жыйынтыгын чыгарып, кайтарым байланыш беремин. Гугл класстан атайын медицина багытын тандаган окуучуларга тайпа ачып, алар менен материалдарды бөлүшүп турамын. Мындан сырткары азыркы билим берүү тармагы санарип мугалимди талап кылып жаткандыктан, Гугл хромдон презентация бөлүгүнөн электрондук портфолиону жасап чыктым. Бул мезгилге чейин деле портфолиобуз болгон, электрондук портфолионун өзгөчөлүгү штрих код берилет. Ар кандай текшерүү же кароо-сынактар болсо кайсыл жерде жүрсөк дагы штрих код менен ачып көрүүгө болот. Аталган иш-аракеттерден сырткары кесиптештерибиз менен өз билимибизди, өз тажрыйбаларыбызды ватсап тайпалар аркылуу бөлүшүп жатабыз.

Ар бир мугалимде асыл ой, бийик идея, максат жашайт. Аны биз педагогикалык философия деп айтып жүрөбүз. Чындыгында асыл ой, улуу идея адам жашоосунун азыгы гана эмес, ал мүдөө-максаттарды ишке ашырууда кубаттуу энергия боло алат. Педагогикалык философиядагы асыл ойлор мугалимди дайым шыктандырат, адал иш, ак эмгек аркылуу алдыга сүрөйт.

Педагогикалык ишмердик аркылуу улуттун ден соолугуна эӊ зор салым кошсо болот. Мугалим мектептеги окуу-тарбия ишинде гана эмес коомчулукта, бардык жерде – көчөдө, аялдамада, автобуста, мааракелерде, маданий-массалык иштерде да мугалим. Мугалимдин үлгүсүндө калыптанган сабырдуулук, адамгерчилик, ынтымак, мамилечилдик адамдын ден соолугуна чоӊ таасир этет. Ошондуктан «Жалгыз адамдан улуттун ден соолугуна!» деп ураан чакыралы».

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии