ИЗДЕНҮҮ – ИЙГИЛИКТИН, ЧЫГАРМАЧЫЛЫК – ЖАҢЫЛАНУУНУН БУЛАГЫ

  • 12.01.2018
  • 0

Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын директору, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги Лира Сыдыкова: 

ИЗДЕНҮҮ – ИЙГИЛИКТИН, ЧЫГАРМАЧЫЛЫК  –  ЖАҢЫЛАНУУНУН БУЛАГЫ

Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын педагогикалык чыгармачыл жамаатынын жараткан ийгиликтери кубаныч тартуулап барат.

Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн билим уясында мугалимдер жана окуучулар үчүн толук шарттар түзүлүп, улуттук баалуулуктарды өнүктүрүү аркылуу, этнопедагогикалык, этномаданий түшүнүктөрдү жаштарга жеткирүүдө, компетенттүүлүгүн арттырууда өзгөчө басым жасалат.

 

Жакшы болсо шартың, көтөрүлөт баркың

Окутуу, тарбиялоо процессиндеги ийгиликтердин жаралышы, сапаттуу билим берүүнүн натыйжалары материалдык-техникалык базанын чыңдалышына көз каранды экендиги талашсыз. Бул өңүттөн алып караганыбызда ой учугу уланган, жагымдуу пикирлерден куралган билим бешигинде толук шарттар түзүлгөн. Т.а. компьютердик класстар, ар бир усулдук бирикмеге таандык 7 интерактивдүү доска заманбап билим берүүнүн булагына айланган. Анда семинар-тренинг, ачык сабактар такай өткөрүлүп турат. Ден соолукту чыңдоодо спорт, класстан тышкаркы иш чараларды өткөрүүдө актовый залдар учур үнүнө шартталган иш-чараларга бай. өзгөчө, “Манас” залы, Ч. Айтматов атындагы класс-кааналар кайрадан жаңыланып, анда улуу манасчылардын, көркөм сөз устаттарынын эмгектери, Ч. Айтматовдун дүйнө кезген чыгармалары, кинотасмалары ж.б. руханий байлык болуп жаш муундарга сиңирилет.

Мектептин ички, сырткы коопсуздугуна байкоо жүргүзүүдө атайын видеокөзөмөл камералары орнотулган. Коопсуздукту көзөмөлдөө, жүрүм-турум эрежелеринин нормаларын сактоо “Алтын эрежеге” айланган.

өткөн 2017-жылда Военно-Антоновка айыл өкмөтү (башчысы Бокомбаев Н.М.) тарабынан 6,5 млн. сом каржыланып, мектептин чатырынын орчундуу бөлүгү толугу менен алмаштырылды. О.э. ашкана капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Жакында окуучулар үчүн ысык тамак берүү пландаштырылууда. Мындан сырткары айыл өкмөтү тарабынан жыл сайын мугалимдерге көмүр үчүн 100 миң сом бөлүнүп берилет. Жайкы каникул мезгилинде 150 окуучуну лагерге жөнөтүшүп, камкордук көрүшөт. Мындай жагымдуу жагдай мектеп менен коомчулуктун тыгыз байланышын аныктайт.

Ишеним иш менен бекемделет

Чыгармачылык жолдо чыйралууну, инновациялык табылгаларды жаратууну, жайылтууну мугалимдер туу тутушат. Ошондон улам өткөн 2017 – Ыйман, адеп жана маданият жылында аймактык, райондук иш-чаралар байма-бай өткөрүлдү. Т.а. республикалык “Ыйман” фонду тарабынан уюштурулган “Билим кербени” окуучуларга ыймандуулук, адептүүлүк, маданияттуулук алкагында семинар-тренингдин алгачкы кадамын райондо дал ушул окуу-тарбия  комплекс гимназиядан баштаган. “Тарбия – адептүүлүктүн, ыймандуулуктун жана билимдүүлүктүн ачкычы” аттуу райондук тегерек столдогу баарлашуу Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн базасында өтүлгөнүнө да мектеп жетекчилигинин эмгеги зор.

– Туура. Мугалимдериме, окуучуларыма толук шарт түзүү – менин атуулдук да, жетекчилик да парзым. Алар кош канатымдай. Изденүү – ийгиликтин, чыгармачылык – жаңылануунун ачкычына, башатына, булагына айланат, — дейт окуу-тарбия комплекс гимназиянын директору, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги Лира Норозбековна.

өз ишине дилгир, тыкан, жетик жетекчи Лира айым билим берүү системасынын күңгөй-тескейин терең түшүнөт. өзүнүн адамгерчиликтүү, маданияттуу мамилеси эле идеал туттурат.

ИЗДЕНҮҮ – ИЙГИЛИКТИН, ЧЫГАРМАЧЫЛЫК  –  ЖАҢЫЛАНУУНУН БУЛАГЫ

Учурдун сабагы – келечектин талабы

Чыгармачыл мугалим Назгүл Кылжырбашеванын жетектөөсүндө ЮСАИД “Келгиле окуйбуз!” долбоорунун алкагында 31 мугалимге семинар-тренингдер такай өткөрүлүп барат. Ал эми жогорку класстарда тажрыйбалуу мугалимдер Улана Кадырова, Чолпон Аттокуровалардын демилгеси менен “Акыл ордо”, “Манас таануу”, “Жаш манасчылар” ж.б. таймаштар жандуу жүргүзүлөт. О.э. балдардын кызыгуусун арттырган саякаттар, тегерек столдор, жолугушуулар ж.б.у.с. байма-бай жүз бергендигинен күн сайын мектеп коңгуроосу майрамдагыдай кагылат.

Жаштарга үлгү, насаатчы, тажрыйбалуу 19 мугалим “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси. Алардын катарын Н. Сутормина, С. Куренкеева, Н. Захарченко, Ж. Тюлемишева, Л. Горбанева, А. Жусупбекова жана А. Зайнидинов өңдүү агартуунун азаматтары толуктап турат. Албетте, ак эмгектен эл сыймыгына ээ болгон, учур сабагын келечектин талабы экендигин туя билген, бүткүл өмүрүн балдарга арнаган мугалимдер гана качан, кайда болбосун окуу-тарбиялоо мекемелеринин туусун желбиретип, түндүгүн көтөрүп, даңкын даңазалайт.

Жаштарга учур сабагынын, инновациялык табылгалардын, интерактивдүү методдордун сырдуу түйүндөрүн үйрөтүүнү максат тутушат. Мындай иштердин натыйжалуулугунун 1 гана мисалы өткөн окуу жылында 76 бүтүрүүчүдөн 56сы ушул тапта ЖОЖдордо билим алышууда, т.а. 74 пайызын түзөт.

Жакында өткөрүлгөн окуучулардын предметтик олимпиадасында физика, тарых сабагынан (мугалимдер А. Куренкеева, Н. Каваленко) 3 окуучу райондук турдан 1-орунду ээлешип, облуска жолдомо алышы билим сапатынын көрсөткүчүн айгинелейт.

Ийгиликтердин жаралышына райБББ башчысы Эмилбеков Камчыбек жана жетектөөчү адистердин салымы зор экендигин баса белгилей кетүү абзел.

 

Лира Сыдыковага өйдөдө өбөк, ылдыйда жөбөк болгон окутуу, тарбиялоо, илимий методикалык иштерди уюштурууда чеберчилигин көрсөтүшкөн орун басарлары: Наталья Носачева, Лира Орозалы кызы, Айгүл Бибосунова, Арина Иманалиева, Амина Фаизова жана соцпедагог Назира Осмоновалар окутуу-тарбиялоо процессине бүткүл дараметин, жүрөгүн арнашат.

Арийне, аталган окуу-тарбиялоо мекемесинде бардык проблемалар чечилген деген ойдон алыспыз. Талаптагыдай окутуунун объективдүү жана субъективдүү себептерин турмуш ырастап турат эмеспи. 850 орунга ылайыкташкан кош кабаттуу имаратта учурда 2,5 миңден ашуун окуучулардын билим, тарбия алып жатышы бир топ түйшүктөрдү туюнтат. Курулушу башталган жаңы мектептин бүтүшүн окуучулар, ата-энелер, коомчулук күтүп келет.

Ибраим Чотов, “КБнын” өз кабарчысы

 

Поделиться

Комментарии