Имарбай БАКИРОВ: «ИЗДЕНҮҮ МЕКТЕПТИН ӨСҮҮСҮНӨ ДЕМ БЕРДИ»

  • 08.07.2016
  • 0

Чоӊ-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Бакиров мектеп директорлордун, окуучулардын, ата-энелердин башын бириктирип, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча күчтүү мектептерге алып барып, акыркы муундагы технологиялар менен жакындан тааныштырып, тажрыйба топтоо жолуна түшкөнүнөүч-төрт жыл болду. Натыйжада окуучулардын сабакка болгон мамилеси өзгөргөнү, ата-энелердин балдарына болгон кам көрүүсү ойгонгону, мугалимдердин чыгармачылык менен иштегенине түрткү болгону тууралуу бизге маек куруп берди.

— Имарбай Эсенбаевич, мектеп директорлорунун башын бириктирип тажрыйба топтоо сапарына биринчи жолу чыгып жаткан жоксуздар. Менин билишимче, Ысык-Көлгө сапар алуудан мурда сиздер Лейлектеги №3 Гапыр Мадаминов жетектеген белгилүү мектепте болдуӊуздар, кыргыз-түрк «Айчүрөк» лицейине келдиӊиздер, ушундай сапардан жыйынтык барбы?

— Чоӊ-Алай району — түштүк дарбазасы. Ал өтө алыс жайгашкан. Бизде 17 мектеп, 14 бала бакча, 1 спорт клубу, 1 балдардын чыгармачылык борбору бар. Бизге республикадагы бардык жаӊылык кеч барат. Албетте, бизге тиешелүү окутуунун усулдук жаӊылануулары дагы кеч тийет. Бирок  биз «алыспыз, тоолуу районбуз, чек арада жайгашканбыз» деп жатпастан, изденүү жолуна түшкөнүбүзгөүч-төрт жыл болуп баратат. Биз а дегенде эле Бишкек шаардык бала бакчалардан, мектептерден тажрыйба топтоону баштадык. Алсак, Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназияга келип, окутуунун методикалык процесси менен тааныштык. Кыргыз-түрк мектебине бардык. Улуттук илимдер академиясына барып, анын президенти А.Эркебаев менен жолуктук. Ушул жолугушуулардын өзү мектептин өсүүсүнө бир топ күч берди. Бул изденүүдөн ар бирибиз моралдык байлык топтой алдык. Демек, биз күтүп отурбастан, жаӊы методдор менен таанышуу максатында кыдырышыбыз керек экен.  Биздин негизги максатыбыз — окутуунун алтын ыкмаларын үйрөнүү. Мугалимдердин  багажы алсыз болуп калгандыгынын себеби, усулдук бирикмелердин, методкабинеттердин жоюлуп кетиши болду.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева «тогуз мектепте тогуз предмет боюнча электрондук  мугалим сабагын өткөрдүк» деди. Ошол күндөн тарта Ысык-Көл аймагын кыдырууну максат кылдык.

Мага Караколдогу Токтогул Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейи ушундай бир сезим ойготту. Биринчиден, мектептин материалдык-техникалык базасы чыӊдалышы керек экен.  Экинчиден, чыгармачыл мугалимдер менен толукталып турушу зарыл. Анан ал бала «буйлаланган төө» дегендей, ошонун айланасынан кете албай калат экен. Себеби бүгүнкү күндө кыргыздын балдары, өзгөчө биздин чоӊалайлыктар билимге суусап турат. Окуучуларды сугара алчу бир жакшы метод таптык, бул мугалимдин электрондук сабак берүүсү экен. Электрондук сабакка даярданууда мугалим аябай изденип, маалыматтарды интернеттен алып, өзүнүн болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланат экен. Окуучунун эс тутумуна көргөндөн 50% калса, уккандан 10% калат. Бул биринчи жагы. Экинчи жагы ошол сабакты телефонгобу, флешкагабы, кыскасы, мүмкүнчүлүгүнө жараша окуучу көчүрүп алып, каалаган убагында сабакка даярданса болот. Мисалы, биз Индияга барганда электрондук сабак тууралуу  профессорлор мындай айтышты: «Биз Делиде туруп эле бүтүндөй Индиянын штаттарына чейин сабак беребиз», — деп. Индияда окуучуларды эки категорияга бөлөт. Биринчиси — өзү окуган окуучу, экинчиси — жардамга муктаж окуучу. Биз дагы окуучуларды бөлүп окутсак болот экен. Буга сөзсүз чыгармачыл мугалим талап кылынат.

Бизде 17 мектептин ичинен А.Саид атындагы орто мектеп инновациялык мектеп болуп эсептелинет. Анда үч интерактивдүү такта бар. Ал мектепте бир топ семинарларды өткөрүп турабыз. Буюрса, электрондук сабактарды жазып, анан башка мектептерге таратсак болот.  Экинчиден, демөөрчүлөрдү табабыз.

— Мектеп директорлорунан сырткары мугалимдерди, окуучуларды алып келип жеринде көрсөтсө болот беле?

— Туура айтасыз, бир директордун көрүп келиши бүтүндөй мугалимдердин тобун чыгармачылыкка ойгото алышы мүмкүн эмес. Ал эми мугалимди мугалим, окуучуну окуучу көрүп келсе, дагы бир топ алга жылыш болот. Биздин дагы бир ийгилигибиз — бүтүрүүчүлөр Жалпы республикалык тестирлөөдө 197 баллдан жогору алышты. А мурда 130дан эле жогору болчу. Биз мына тажрыйба алмашуудан жыйынтык чыгып жатканын көрүп отурабыз. Биз балдарды «Secom» мектебине алып келип окуттук, атайын кыргыз-түрк «Sema» лицейине үч күнгө сүйлөшүп, балдарды ата-энелери менен кошо алып келип, үч күн окуттук. Ата-энелер «биз балдарга такыр туура эмес тарбия берет экенбиз» дешти. «Sema» лицейиндеги окуу-тарбия иштерин көргөндөн кийин ата-энелер «балабызга өзүбүз душмандык кылып жүргөн экенбиз» деп, келгенден кийин мугалимдерден билим берүүнү талап кыла башташты. Ал эми мугалимдер окуучулардын, ата-энелердин алдында уят болбоюн деп издене баштагандары баарыбызды сүйүнттү.

Лейлектеги №3 Гапыр Мадаминовдун «Энелер мектеби» баарыбызга таасир калтырды. Биз азыр бардык мектепте «Энелер мектебин» ачтык. Себеби бала энесин угат экен.  Отур десе отурат, оку десе окуйт. Сабакка кызыкпаган балдар кызыга баштады. Ата-энелер өзүлөрү мугалимдерди көзөмөлдөп калды. Сырткы көзөмөл чоӊ таасир этет экен. Мурда ата- энелер мектепке келчү эмес.

Мени балдардын эртеӊки тагдыры, алардын жашоосу ойлондурат. Жүрөгү таза, билимдүү балдарды тарбиялабасак болбойт. Биз Кыргызстанды сактай алчудай билимге сугарылышыбыз керек. Индияны көрүп келген соӊ, ал  сапар менин оюмду 160 градуска бурду. Ал жакта өлүп калсаӊ деле эч кимдин иши жок, бизде болсо мыйзамдар бар, биздин мамлекет өтө гумандуу мамлекет экендигин түшүндүм. Ал жерде жашоо өтө оор. Биз эмнеге билимге кызыкпай жатабыз, себеби бизге жашоонун зарылчылыгы жок. Бизде жыргал, ошон үчүн бизде окуп, жанын кыйнабайт. Дагы бир мисал, Астанадагы Н.Назарбаев университетине өзүбүз акча төлөп барып келдик. Назарбаев университетинин алдында 15 Назарбаев мектеби бар экен. Ал мектепте таланттуу балдарды окутуп, анан университетке алып кетишет экен. Университетте даярдалгандарды чет өлкөгө жөнөтүп, ал жерден билим алган соӊ кайра  Казакстанга алып келип казактын элитасын түзүп жатышат. Бул окуу жайлар Билим берүү министрлигине карабайт экен. Бул ата-энелердин жана Казакстан Президентинин көзөмөлүндө болуп турат.

— Айрым гимназия, лицейлерде окуучуларды билимге тартуу, кызыктыруу максатында мектептин мурдагы бүтүрүүчүлөрү стипендия уюштуруп жатышат. Мисалы, Караколдогу Т.Сатылганов атындагы жатак-мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү быйыл эӊ жакшы окуган окуучуга 1000 доллар сыйлык бериптир. Сиздерде кандай?

— Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы эмес учурда өзүм биринчи жолу атамдын атындагы «Эсенбай ата»  стипендиясын уюштургам. Эӊ алдыӊкы беш чыгармачыл мугалимге август кеӊешмесинде ар бирине 1000 сомдон берем. Бул дагы мугалимдерге стимул. 2007-жылы «Билим берүүнүн дулдулу (тулпары)» деген сыйлыкты окуучулары олимпиададан, тесттен жогорку балл алган, коомдук иш-чаралардан алдыӊкы орунду ээлеген, чыгармачылык менен иштеген мугалимге профсоюз менен бирге 1000 сомдон сыйлыктарды беребиз. 2008-жылы беш алдыӊкы мугалимге беш чоӊ баалуу саатты бердим. Андан сырткары демөөрчү издеп, эки жылдан бери 150 миӊ сомго Мугалимдер күнүнө карата чыгармачыл мугалимдерге, жаш адистерге атайын белектер берилип, иш-чара уюштурулат. 1-сентябрь күнү эки кой союп, алдыӊкы мугалимдерге, директорлорго чай берип, жаӊы окуу жылын баштаймын. Бул демөөрчүлүктүөз мойнума алгам.  Мен бай эмесмин, бирок мугалимдер үчүн эч нерсе аягым келбейт.

— Ал эми балдар үчүн кандай сыйлыктар бар?

— «Акыл таймаш» оюнубуз билимдүү балдарга арналган. Таймашка катышкан 10 окуучуга демөөрчүбүз 2000 сомдон акчалай сыйлык тапшырат. Мурда директор, завуч болуп иштегендердин балдары демөөрчүлүк кылышат.

«Себат» лицейлеринин мугалимдеринен сурадым: «Чыныӊарды айткылачы, биздин кыргыздар акылдуу, кыйынбы же түрк боордошторбу?» десем, бирөө айтты: «Чынында түрктүн балдары эки кайталаганда араӊ түшүнөт, ал эми кыргыздын балдары жарымын айтып жатканда жарымын өздөрү таап алышат табышмак катары. Айрыкча, тоолук балдар» деди. Фатима деген кыз өтө кыйын окуучу. Жакшы көрсөткүчтөн кийин 7-класстан «Себат» лицейине которулуп, олимпиадалардан алдыӊкы орундарды ээледи. Жакында Индияга математикадан дүйнөлүк олимпиадага барат. Былтыр Тойчубек деген балабыз Президенттин колунан  сертификат алды. Эки окуучубуз Президенттин стипендиясы менен окуду.  Бири Ош мамлекеттик университетинде, экинчиси Ош техникалык университетинде окушат.  Бул балдар, окуучулар биздин мөмөлөр. Биздин балдар өтө зирек.

— Мектеп жетекчилерин кызматка сынак аркылуу аласызбы?

— Мен бүтүндөй өмүрүмдү агартуу майданына арнадым. Мектептин уставында  мектеп директорун, эки орун басарын жана чарба иштери боюнча орун басарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жумушка алат жана бошотот  деген жери бар. Мен дайыма айтам: «Кимиӊ завуч болсоӊ, ал кийин директор болот мен иштеп турганда» деп. Мени менен сапарда жүргөн он беш директордун баары теӊ  10-15 жылдан бери завуч болуп иштешкен. Себеби катардагы мугалим болсоӊ, же жетекчинин туугандары болсо мектепти талкалап кайра колуӊа берет. Жогору жактан келгендер бир жылда мектепти талкалап коюшат. Мен билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштегениме тогуз жылдын жүзү болуп калды.  Кудайым буюрса, кызматты жаштарга берейин деген оюм бар. Кызмат мен үчүн экинчи маселе. Эӊ биринчи, ынтымак, чыгармачылык жана артыӊдан из калтыруу.

— Мектептердин материалдык-техникалык  базасын чыӊдоодо кандай аракеттерди жасап жатасыздар?

— Мектептин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо үчүн өтө көп аракеттер бар. Жалаӊ эл аралык уюмдар менен иштедик. Мектептин эмеректерин  Мерсико уюму камсыздады. Ага Хан фонду менен да иштештик. Мен бөлүм башчы болуп келгенде жети  бала бакча бар эле. Азыр 17 бала бакчага жеткирдик. Кудайым буюрса, Алай району дүркүрөп өнүгүп өсөт.  Азыр ата-энелер менен бирге иштеп жатабыз.  Азыр өнүгүү жолуна түштүк.

— Ата-энелерден мектеп акча   чогултабы?

— Ар бир мектепте көмөкчү мал чарбачылыгы бар. Азыр малды көбөйтүп сатып, андан түшкөн каражатты ремонт иштерине жумшайбыз. Ага Хан ар бир бакчага, мектепке ондон эчки берген. Азыр 450 эчкиге жетти. Күнөскананы иштетүүгөөтүп жатабыз. Ага Хан бизге беш кыргыз боз үйүн «Жайлоо бала бакчасын» ачуу үчүн берди. Биз бул долбоор менен иштегенибизге он жыл болду.

— Билим берүү тармагы эмнеден аксап жатат деп ойлойсуз?

— Менин оюмча, кадрдан аксап жатат.  Шаардык мугалимдердин айлыктары төмөн. Билим берүү стандарты реформага муктаж. Айрым предметтик сааттарды кыскартуу керек.

— Сиздин оюӊузча заманбап жетекчи кандай болушу керек?

— Эӊ биринчи, ал юрист, дипломат, экономист, чарбакер болушу зарыл. Эӊ негизгиси, Ч.Айтматов айткандай, «Адам күн сайын адам болушу керек».  Жетекчи калыстан тайса, чөйрөдөн кадыры кетет. Адамга калыстык, чынчылдык, ак эмгек керек. Адамды ушул нерселер сулуу кылат.

— Сиз үчүн байлык деген эмне?

— Байлык деген мен үчүн күнүмдүк тиричилик. Эӊ негизги байлык — жан дүйнөнүн байлыгы. Кадыр-баркыӊ, ак эмгегиӊ — бул да байлык. Адамдарга жасаган жакшылыгыӊ, алардан кайткан сый-урматыӊ —  бул чоӊ байлык.

— Келечектеги планыӊыз?

— Келечектеги максатым — кыргыздын балдары дүйнөнү багынтса, дүйнөнү башкарса деген оюм бар. Америкада иштеген досумдун айтуусунда, Американын дүйнөлүк банкында он кыргыз бала иштейт экен. «Мустрой» фирмасынын  президенти таластык бала экен. Мына ушунун бардыгы кыргыздардын кыйындыгын билдирет.

Мугалимдердин кеӊешмесинде дайыма айтам: «1941-жылы карыялар үйүндө  18% орустар, 2% кыргыздар болгон. Азыр, тескерисинче, 18% кыргыздар болуп калды. Бул нерсе таш боор, мерес балдардын саны көбөйүп баратканынан кабар берет. Алардан таштанды балдар жаралып жатат. Ал эми кыргыздар «Ыйлаганды соороткон, чачылганды жыйнаган» эл болгон. Ал багуучу, бириктирүүчү болгон. Кийинки учурларда жоолук салынган кыздар, эжекелер пайда боло баштады. Мен айттым, «Өнүгүү жолунда болом десеӊиз, анда жоолугуӊузду алыӊыз. Баарыбыз эле Кудай деп жашайбыз, бирок кандай болгон күндө дагы мезгилге жараша жашайлы. Кудайды бир эле көйнөк менен эмес, жан дүйнөбүз менен тааныйлы, ошону менен бейишке кирели» деймин. Ж.Баласагындын жакшы сөзү бар: «Арстандан башчы болсо, иттин баары арстан болот» деген. Канчалык жетекчи изденген, эмгекчил болсо ошол мекеме алдыга жылат. Ошон үчүн ар дайым мен эл үчүн ак эмгегимди сиӊирейин, ак эмгегим менен жашайын дейм.

 Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим», Эркинай Ысманалиева

Поделиться

Комментарии