ГЕОГРАФИЯЛЫК АТАЛЫШТАРГА КЫЛДАТ МАМИЛЕ КЫЛАЛЫ

  • 01.07.2013
  • 0

Географиялык аталыштар айрым учурларда түшүнүлүп түшүнүлбөй эле, ал өзүнчө илим экени эсепке  алынбай эле ызы-чууга айлана берет. Ал топонимика деген илимдин тармагы. Аны көбүнчө тилчилер, географтар, айрым учурларда тарыхчылар чечмелеп жүрүшөт. Бул илимдин башатында турган Э.М.Мурзаев, В.В.Жучкевич, А.И.Попов, Е.М.Поспелов, К.Конкашпаев сыяктуу ири топономисттер, кыргызстандык окумуштуулардан С.Өмүрзаков, Д.Исаев, Б.А.Лунин, С.Аламанов, К.Конкобаев, Т.Эшенкулов сыяктуу ири илимпоздор бар. Алар ар бир географиялык аталыштардын генологиясына чейин жиликтеп, аны илимдин баалуу бир тармагына айландырып келишүүдө. Ал эми айрымдарыбыз ата-жото, илик-жилигибиздин аттарын шаарларга, айылдарга, тоолорго, чокуларга, сууларга, ашууларга, айыл өкмөттөргө, көпүрөлөргө, мечиттерге, мекемелерге, окуу жайларга, мектептерге, ал эмес класс, комнаталарына жармаштырып коюп алып, анан эки жаат болуп салгылашып турабыз. Ушул кылганыбыз дегеле Кудайга эмес, адамга жага турган ишпи. Мындай ылайыксыз саясатташууну токтотуп, ырас, чын эле ылайыктуу берилген аталыш болсо ага тийишпей эле калтырып, ылайыксыз жамаачыланып жабыштырылган болсо, үӊүлдөтүп-дүӊүлдөтүп, аны саясий компанияга айландырбай эле жоюп койсо болот да. Алардын чынында эле ылайыксыздары бардык жерде өзүнөн-өзү  катардан чыгып, токтом-буйруксуз эле тарыхый аталыштарына келип жатпайбы. Мисалы: Коммунизм, Социализм, Комсомол, Пионер, Пограничник, Кызыл-Аскер, Ленин, Дзержинский, Жданов, Киров, Свердлов, Калинин, Интернационал, партсъезд ж.б.

ГЕОГРАФИЯЛЫК АТАЛЫШТАРГА КЫЛДАТ МАМИЛЕ КЫЛАЛЫ

Айрым бир андай белгилүү инсандардын атына коюлбаган аталыштарды дүӊгүрөгөн саясатка айландырбай эле, жергиликтүү элдин,  бийликтердин пикири менен макулдашып туруп, тарыхый аталышына которуп койсо болот да. Айталы: Малиновканы — Бүлдүркөндүгө, Сосновканы — Карагайлууга, Беловодскийди — Ак-Сууга, Маловодныйды — Ичке-Сууга, Краснореченскийди — Кызыл-Сууга ж.б.у.с. айландырып коюуну Россия Федерациясынын президенти менен өкмөтүнөн, ООНдун башкы катчысынан сурап обу жоктонуп, аны сенсацияга, шаӊдануучулукка, жел өпкөлүккө айлантып, ошондон саясий упай топтоонун канчалык кажети бар. Аны менен эки элдин ымаласына шек келтирүүдөн башка кымындай дагы пайда жок.

Кээде мурдагы аталыштарды жоюп, кайра ат коелу дегенди дагы туура эмес деп эсептейм. М: Бишкекти Манас же Чыӊгыз деп ж.б. Мен буларды жүрөгүм менен сыйлайм, туу тутам, бирок аларга мындай  сый көрсөтүү, тескерисинче, өтө эле осолдук болуп калат го.

Бишкек шаарынын райондорунун аталыштарынын башка инсандардын аттары менен атоо деле олдоксонураак. Ырасында эле Октябрь, Биринчи май, Свердлов, Ленин деген аталыштарды которууну каалагандар дагы бир көзү өтүп кеткен белгилүү инсандардын арбагын обу жок козгоп, алардын дарегине өйдө-төмөн сөз айттырып, ызы-чуу кылбай эле, ошол  райондор турган жерлердин Төкөлдөш, Ала-Арча, Аламүдүн, Жал, Мыкан ж.б. тарыхый аттарга ыйгарып койсо, ыксыз талаш-тартышка чекит коюлат да.

Көп эле жерлерде аталыштар талкууланып коюлду, атайын жазуулар жазылып илинди, түлөө жасалып той өткөрүлдү. Бирок мезгилдин өтүшү менен, ошол таӊууланган аталыштар өзүнөн-өзү унутулуп, мурунку өзүнүн эле аталышы менен айтылып калды. М: Тогуз-Тородогу Дөдөмөлдү Ысак кылышкан, Кочкордогу Теӊдикти Усубалиев дешкен, Ак-Талаада Чалк-Көйдөнүн ашуусун Мэлис ашуу деп аташкан. Мындайлар Кыргызстанда өтө эле көп. Булардын баары эле кийинки таӊууланган аты менен эмес, мурдакы эле аталыштары менен айтылып келе жатат. Жаӊы берилген аталыштар унутулуп эле калды.  Тарыхый аты турган жерге дагы бир инсандын атын  таӊуулоонун деги кереги барбы? Көзү өтүп кеткен инсандардын арбагын  козгоп, көзү тирүүлөрдүн аброюна шек келтирип дегендей. Менин жекече оюмда, кандайдыр бир жерлерге адамдардын атын коюу — бул аны өтө эле сыйлоо эмес, ал кишинин тууган-туушкандарына, тирүү болсо өзүнө жасалма жагымпоздук жасоо. Ошондойдон авторитет алып жүз будамайлабай эле койсок эмне болмокчу? Көзү өтүп кеткендер эмес, тирүүлөр деле бул маселеге анча кызыктар эмес.

Мына өз кезегинде орустарга жагымпоздук кылып, Караколду Пржевальский деп, Бишкекти Фрунзе деп коюп алдык эле, аягы эмне болду? Бул эмне, бизге сабак эмеспи?

Ушул азыр деле айрым жерлерге, айылдарга, райондор менен шаарларга атын коелу деген инсандардын айрымдары атак-даӊкка, дүйнөгө өтө деле таанылган адамдар эмес. Демек, бул жагы дагы эске алчу нерсе. М: Ленинград, Куйбышев, Жданов, Киров, Сталинград, Калинин, Ворошилов, Буденный ж.б. аталыштардын тагдыры эмне болду? Ал адамдар оӊ жагынанбы, терс жагынанбы дүйнөгө таанымал инсандар эмес беле. Эми биз сунуштап жаткан Эшмат, Ташматтар дүйнөгө ошолордон да атактуу болуп кеттиби? Алардан атактуу болуп кетсе деле, мурдагы тарыхый аталышы турган жерге башка бирөөнүн атын жамаачылай коюу дегеле туура эмес. Ошондуктан жөн турган адамдарды дарбытып, «Жаӊыл мырза» кылып, эзелкисин эстетпей эле жайына койсо болот. Дегеле көзү өткөн адам эмес, көзү тирүү адамдар деле өзүнүн атын бир жерге беришин каалабайт, айрымдары эле  болбосо.

Көпчүлүк учурда бери жакта жүргөн эле бирөө жагымпоздук кылып, иштин башын кылтыйтып коюп, элди эки-үч жаатка бөлүп кармаштырып коюп, мындайраактан көз салып, байкоо жүргүзүп, мылкыйып отурат. Ушунун кереги канча? Бастанчанын атын берели, түкүнчөнүн атын берели дегенди калктын 99% жактырбайт, каалабайт, ал жөнүндө ойлонбойт, ойлонгусу да келбейт. Алар өз ара дос-тамыр, катыш-алыш, куда-сөөк, таяке-жээн, илик-жилик, кошуна-колоӊ, элдеш-жердеш, урук-тууган ж.б. Кыскасы, сураштырып отурса бири-бирине бир жакындык келип чыгат. Анан жанагы бирөө тарабынан көтөрүлгөн сөздү биздин «өӊдү көрсө жүз таят» деген менталитетибиз менен туура эмес экенин ичибизден билип турсак дагы, жан дилибизден колдомуш болуп «вид» көрсөтүп коебуз. Анан ал болоор-болбос пикеттерге өтөт. Алгач дууга, аягы чууга айланат.

Менин жеке пикиримде, мектеп, бала-бакча сыяктууларга дегеле адамдын атын ыйгаруу туура эмес. Ушуну жөн эле коюп, токтото турган мезгил келди. Бул социализм, коммунизм, партократизмдин эле догмаларынын уландысы.

Өлкөбүздөгү бардык мектептердин дээрлик баарынын «Бастанчаев Түкүнчө» деген аталыштары бар. Ырас, ушул инсандардын ар кимисинин кандайдыр бир деӊгээлде сиӊирген эмгеги, аброю бар. Бирок ошолордун 90% ошол эле чөйрөнүн бир ууч элине белгилүү. Көбүнүн аты-жөнү кошуна айылына белгилүү эмес. Бирок алардын көзү тирүү бала-бакырасы, тууган-туушканы, кыскасы, жерге-жээгинен бирөө же кызматкер (жогорураакта), же колунда бар немелер. Ошолордун демилгеси менен, жамааттын ар бир кишиси менен жекече «беседа» жүргүзүлүп макулдашылат. «Өӊ караса жүз таят» принциби менен ишке ашат. Ошентип, бир эле демилгечинин ою ишке ашып, ар кандай деӊгээлде түлөө-той өткөрүлөт. Макулдашып чечим чыгарышат.

Мектептерге коюлган адамдардын атынан баш адашып калды. Бир эле адамдын аты  бир нечелеген мектепке коюлган. Бир эле райондун бир нече мектебине окшош ысымдар ыйгарылган, кимиси кайсы экени түшүнүксүз. Айрым аты коюлган адам ошол эле айылдын бир эле ууч адамдарына белгилүү, калгандары билбейт. Ошондуктан район, шаар, облус, республиканын чегинде эмес, ошол эле алакандай айылдын ичинде түшүнүксүздүктөр арбын. Ырас, бир инсандын аты коюлду, көзү өткөндөрдүн арбагы  ыраазы болсун. Буга чейинкиси болоору болду. Мындан ары тарыхый аты турган мектептерге «жулган тооктой жулмалап» көрүнгөн кишинин атын таӊуулабасак. Мурдакы коюлуп калган адамдардын аты-жөнү, кимдиги, сиӊирген эмгеги, эмнеликтен коюлуп калганы жөнүндө өзүнчө бир антологиялык китеп түзүү керек болуп калды. Ал райондук, облустук, республикалык масштабды камтышы керек. Мындай кылбаса ушул муундун көзү өтүп кетсе тигилер баатырбы, балбанбы, илимпозбу, мугалимби, башкармабы, бригадирби, уурубу, ушакчыбы, бандитпи, аракечпи эч ким билбей калмак болду. Ансыз деле аттары коюлган инсандардын айрымдарынын үстүнөн  алардын арбагын жөн койбой, ал арак кеч болчу ошондон өлгөн, ууру болчу, бандит болчу деп, бири менен бири арыздашып жүргөндөр бар. Ал жашыруун эмес.

Ушундай айыӊ кептерден сак болуу, эл арасындагы уйгу-туйгу сөздөрдү болтурбоо үчүн адамдардын атын жер-сууга, мектеп-мекемелерге, шаар-кыштактарга берүүнү абайласак.

Географиялык аталыштарга адамдын атын бергенди, аталыштарды обу жок которуштурууну токтотсок, элдин бүйүрүн кызыткан дагы бир балээлүү проблемадан кутулат белек деген пикир. Бул менин жеке пикирим. Калгандардын, башкалардын, көпчүлүктүн кандай пикири, ой-максаты бар болсо ал өздөрүнүн эрки жана иши. Кандай болгон күндө да географиялык аталыштарга кылдат мамиле керек.

 

Шаршенбек Алтыбаев,

У.Асанов атындагы Нарын облустук лицей-интернат

мектеби

географ, ардагер мугалим.

Поделиться

Комментарии