«ЭТНОПЕДАГОГИКА ЖАНА ТАРЫХ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ» аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын резолюциясы

  • 12.07.2013
  • 0

2013-жылдын 18-19-майында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана «Кыргыз Тарых Коому» биргелешип «Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечеги» деп атал­ган республикалык илимий-практикалык конференцияны илимий жана уюштуруучулук жактан жогорку деӊгээлде өткөрүштү.

Конференциянын ишине КР Өкмөтүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин, Ош областтык жана Ош шаардык мамлекеттик бийлик структураларынын расмий өкүлдөрү, республиканын бир катар жогорку окуу жайларынын жетекчилери, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын, өкмөттүк эмес уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ж.б. ка­тышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Катышуучулар бул конференция кыйла мезгилден бери көӊүл сыртында калып келе жаткан орчундуу проблема­га — этникалык тарых менен улуттук пе­дагогиканы айкалышта карап, алардын проблемаларын эриш-аркак изилдөө жана окуп-үйрөнүү маселесине арнал­гандыгын белгилөө менен анын не­гизги максаты «2013-2017-жылдарда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында», «Өлкөдө этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу бо­юнча Концепцияда» жана Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгы тууралуу Президенттин жардыгында аныкталган талаптарга толук шайкеш келе турган­дыгын белгилешет.

Конференцияны уюштуруу тобу­нун дарегине республиканын бардык аймагынан 200дөн ашык доклад келип түшкөн. Конференциянын пленардык жыйынында 9, анын алты тематика­лык секциясында 160тан ашык доклад окулду. Катышуучулардын курамы ре­спубликанын бардык областтарын, Бишкек жана Ош шаарларын, мектепке чейинки мекемелердин кызматкер­леринен тартып жогорку окуу жай­ларынын профессорлоруна чейинки компетенттүү адистерди камтыды.

Конференциянын пленардык жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, п.и.д., профессор А.М.Мамытов, п.и.д., И.Арабаев атындагы Кыргыз мам­лекеттик университетинин про­фессору А.Т.Калдыбаева, п.и.д., Кыргыз-Түрк “Манас” университе­тинин профессору А.А.Алимбеков, ф.и.к., И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин про­фессору Т.Т.Тургуналиев, т.и.д., М.Адышев атындагы Ош технологи­ялык университетинин профессору Б.Н.Нурунбетов, Социалдык өнүгүү жана ишкердик институтунун ректо­ру, ф.-м.и.к., доцент З.А.Каденова, «Кыргыз тарых коому» Эл Аралык коомдук бирикмесинин президенти, т.и.д., профессор Т. Чоротегин, т.и.д., КР Дипломатиялык академиясынын профессору Т. Кененсариев, Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы С.Иптаров кызыктуу жана проблемалуу докладдарды окушту.

Докладдарда жана билдирүүлөрдө элибиздин узак та­рыхый жолунда, совет доорунда, кийинки эгемендүүлүк жылдарында топтолгон баалуу этнопедагогикалык жана тарыхый тажрыйбалар, ошон­дой эле көӊүл чөгөргөн көйгөйлүү көрүнүштөр талдоого алынып, алар­ды чечүүнүн практикалык жолдору сунуш кылынды.

Элдин этникалык тарыхы менен таалим-тарбиялык маданияты, коом­дун социалдык-саясий, экономикалык абалы менен рухий-педагогикалык, психологиялык маанайы өз ара ты­гыз байланышта экендигине басым жасалып, өлкөнүөнүктүрүүнүн ке­лечеги тышкы инвестицияга эмес, биринчи иретте, ички рухий-адептик жана илимий-интеллектуалдык по­тенциалга, жаш муундардын заман­бап технологиялык билимдерге ээ болуусу салттуу таалим-тарбиядагы өрнөктүү көрүнүштөр, улуттук дөөлөт- мурастар менен жуурулушуп туруусу керектиги баса белгиленди.

Мында бөтөнчө орун улуу му­ундун: ата-энелер менен муга­лимдердин, окутуучулар менен тарбиячылардын, илимпоздор ме­нен методисттердин адистик жана адамдык сапаттарынын деӊгээлине, алардын этнопедагогикалык били­ми менен тарыхый аӊ-сезиминин тереӊдигине байланыштуу боло тургандыгы айтылды. Таалим-тар­бия ишинде элдик педагогикалык дөөлөттөрдү “эскинин саркындысы”, кандайдыр бир экзотика, иллюстра­ция, көмөкчү материал катары карап, “эске алуу” менен чектелбестен, оку­туу-тарбиялоо ишинин бардык баскы­чында жана түрүндө, багытында жана мазмунундаэӊ негизги таяныч булак, улуттук нарк-сезимди калыптоонун уникалдуу, сыналган каражаты ката­ры кароозарыл экендиги белгиленди.

Ошондой эле конференциянын катышуучулары эгемендүүлүктүн шартында элдин кылымдар бою топ­тогон таалим-тарбиялык көз карашта­ры менен турмуштук бай тажрыйбасы, тарыхый-мекенчилдик санаа-сези­ми менен улуттук кулк-мүнөзү анын бирдиктүү педагогикалык маданий ка­зынасын түзө тургандыгын, аны таа­лим-тарбиялык багыттагы рухий жана материалдык дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, өздөштүрүү жана жайыл­туу системасы катары комплекстүү, шайкеш өнүктүрүү зарылдыгын баса көрсөтүштү. Бул максатта төмөндөгү иштерди жүзөгө ашыруу сунуш кы­лынды:

Элдик педагогикалык жана та­рыхый-маданий дөөлөттөрдү сак­тоо багыты боюнча:

— элибиздин көөнөрбөс рухий жана материалдык маданий мурастарын, этнопедагогикалык жана тарыхый та­бериктерин аздектеп сактап калуу, ата мекендик билим берүү тармагынын көп кылымдык баскан жолун толук кандуу жана кеӊири чагылдыруу максатында Элдик педагогиканын Улуттук музейин түзүүнү колго алуу;

— кыргыз элинин жана Кыргыз­станды мекендеген калктардын көп кылымдар бою иштеп чыккан элдик педагогикалык мурастарын, советтик системанын тушунда жаралган жана колдонулган билим берүү жана тар­биялоо жагындагы уникалдуу мате­риалдарды тарыхый-маданий таберик катары эл арасынан жыйноо, бардык булактардан, алыскы жана жакын­кы чет өлкөлөрдөн кыргыздар жана Кыргызстан тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу жана алардын маалымат банкын түзүү;

— этнопедагогикалык жана этно­тарыхый маданияттын энциклопеди­ясы болгон «Манас» жомогуна кара­та адабий-фольклордук гана баалуу мурас эмес, инсандык, улуттук жана жалпы адамзаттык рухий өнүгүүнүн бийиктигин сыпаттаган планетардык маданий парадигма, көчмөндөр ци­вилизациясынын көркөм дүйнөсүнүн адамзат айдыӊына койгон кайталангыс эстелиги катары мамилени калыптан­дыруу. Улуу жомокко, башка элдик дастандарга, элдик санжырага, аӊыз- уламыштарга, айтымдарга, тарыхый жана маданий окуяларга байланышкан эстеликтерди сактоо жана күтүү бо­юнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

— көп улуттуу, көп конфессиялуу, көп маданияттуу өлкө катары Кыр­гызстан өзүнүн ички этнопедагогика­лык, тарыхый-маданий байманасын болушунча толук жана натыйжалуу пайдалануусуна жетишүү. Үй-бүлөдө, билим берүү жана тарбиялоо меке­мелеринде, коомдук жайларда элдик педагогикалык дөөлөттөрдү мамле­кеттик, коомдук жана жекече күнүмдүк турмуштун толук кандуу практикалык каражатына жана эрежесине айлан­дыруу;

— жыл сайын өткөрүлүүчү «Жыл мугалими» конкурстарынын жеӊүүчүлөрүнүн, жаӊычыл, алдыӊкы, чыгармачыл мугалимдердин педаго­гикалык лабораториясында жаралган табылгаларын, көрсөтмө жана кол­донмо куралдарын, белгилүү көркөм сүрөткерлердин, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ж.б. өрнөктүү тарбиялык табериктерин топтоо, аларды кино, теле, радио, үн тасмаларына түшүрүп, компьютердик түзүмдөрдө сактоо.

Элдик педагогикалык жана та­рыхый-маданий дөөлөттөрдү жа­ратуу багыты боюнча:

— эгемендүү Кыргызстандын улут­тук мектебинин, заманбап мектеп му­галиминин, бүгүнкү мектеп окуучусунун жана бүтүрүүчүсүнүн моделин калып­тоого багытталган Этнопедагогикалык жана тарыхый-маданий билим берүү концепциясын иштеп чыгуу. Бул кон­цепцияны ишке ашырууга зарыл бол­гон каражаттын булагын жана көлөмүн так аныктоо жана аны жүзөгө ашыруу­чу компетенттүү кадрларды даярдоо;

— кыргыздардын жана Кыргыз­станды мекендеген калктардын эт­нопедагогикалык маданияты – улуттар аралык диалогдун, гуманизмге жана толеранттуулукка тарбиялоонун сыналган каражаты. Андыктан көп убакытты, каражатты жана шартты талап кылган эл аралык программа­ларга, долбоорлорго жана чет өлкөлүк технологияларга басым жасабай, өз тарыхый тажрыйбабыздагы жана салт-санаабыздагы таалим-тарбиялык өрнөктүү дөөлөттөргө таянуу, аларды жаӊыча өӊүттөн тереӊ аӊдап-таанууга жана кеӊири колдонууга умтулуу;

— фольклордук педагогикалык му­расты: элдик санат-насыят ырларын, айтымдарды, термелерди, макал-ыла­каптарды, жомокторду, обондуу ыр­ларды, ошондой эле салт-санааларды, үрп-адаттарды, каада-жөрөлгөлөрдү этномаданий, этнопедагогикалык му­рас катары тереӊ иликтеп-изилдөө жана окуп-үйрөнүү, алардын жаӊыча, заманбап үлгүлөрүн жаратууга багыт­талган максаттуу иштерге ынтызарлык менен катышуу;

— улуттук жана коомдук телекөрсөтүү, радио уктуруу ка­налдарында, массалык маалымат каражаттарында элдик көркөм кол өнөрчүлүктү, салттуу элдик билим­дерди жана өнөрчүлүктүн түрлөрүн, элдик педагогикалык мурастарды сактоо жана колдонуу багытындагы рубрикаларды жана берүүлөрдү уюш­туруу, бул багыттагы иштерге туруктуу колдоо көрсөтүү жана шарт түзүү.

Элдик педагогикалык жана тарыхый-маданий дөөлөттөрдүөздөштүрүү (иликтеп-изилдөө, окуп- үйрөнүү) багыты боюнча:

— этнопедагогика илиминин теори­ялык-методологиялык, окуу-методи­калык жана терминологиялык масе­лелерин тереӊ изилдөө жана тактоо, заманбап билим берүүнүн мазмунун жана методдорун этнопедагогикалык негизде жаӊылоо жана модерниза­циялоо;

— жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында жаӊы муундагы мугалим­дерди даярдоодо, билим берүү ме­кемелеринин жетекчилеринин жана кызматкерлеринин билимин жогору­латууда алардын этнопедагогикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана өркүндөтүү маселесине олуттуу көӊүл буруу;

— кыргыз элинин этникалык ма­даниятынын тарыхын, анын педа­гогикалык системасын, социалдык- психологиялык нарк-насилин тереӊ таанып-билүү боюнча кеӊири иликтеп- изилдөө иштерин жүргүзүү. Бул мак­сатта этнопедагогикалык, эл таануу, аймак таануу ж.б. багыттар боюнча ак­туалдуу изилдөөлөрдүн тематикасын иштеп чыгуу жана бекитүү; бул багытта жасалып жаткан иштердин тематика­сын, проблематикасын, географиясын, динамикасын тереӊ талдап, жалпылап, координациялоо;

— жаӊы муундагы билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, окуу китептерин, окуу-усулдук ком­плекстерди иштеп чыгууда уланма­луулук, табият таламдуулук, маданият таламдуулук, элдүүлүк принциптерин жетекчиликке алуу, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында «Кыргыз этнопедагогикасы», «Кыргыз тарыхы», “Кыргыз маданияты”, “Кыргыз мен­талитети” атайын курстарын окутуу;

— мектепке чейинки мекемелер­де, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында «Манас» жомогун этномаданий багытта окуп-үйрөнүү маселелерин изилдөө, улуу жомок­тун педагогикалык байманасын башкы каарман аркылуу гана эмес, андагы элдик, жалпы адамзаттык үлгүгө ай­ланган бардык башка образдардын, маданий жана инсандык стереотип­тердин, социалдык-педагогикалык мо­делдердин өрнөгүн маданий-типологи­ялык багытта тереӊ иликтеп-изилдөө жана окуп-үйрөнүү;

— мектептеги окуу предметтери­нин мазмунун этнопедагогикалык маалыматтар менен байытуу, алар­ды окутууда этнолингвистикалык ык­маларды, эне тилдин ички ресурсун кеӊири колдонуу, окутуу методдорун, билимди баалоо каражаттарын иш­теп чыгууда этнодидактиканын бай мүмкүнчүлүктөрүн билгичтик менен пайдалануу;

— жалпы билим берүүчү мектеп­тин Базалык окуу планындагы билим тарамдарына бөлүнгөн сааттардын салыштырма салмагын теӊдештирүү, «социалдык» билим тарамына бөлүнгөн окуу жүктөмүн көбөйтүп, Кыргызстан тарыхы, адеп, жаран та­ануу предметтеринин жумалык окуу жүктөмүн 2 сааттан кем кылбоо. Адеп сабагын класстык журналга киргизип, билим стандарттарын, окуу програм­маларын, окуу китептерин өркүндөтүү, адеп сабагы мугалимдерин максаттуу даярдоо, жаӊы муундагы окуу китепте­рин жана окуу-усулдук комплекстерин түзүү;

— Улуу Кыргыз Каганатынын, Фер­гана өрөөнүнүн тарыхын, көрүнүктүү тарыхый инсандардын өмүрү— чыгармачылыгын иликтөөдө этника­лык айырмачылык менен аймактык- маданий жалпылыктын гармониясын, улут аралык алаканын өрнөгүн чагыл­дырган даректүү материалдарды, булактарды, турмуштук фактыларды кеӊири пайдалануу аркылуу атуулдар­ды толеранттуулукка, боордоштукка, ынтымакка тарбиялоо;

— Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек ара маселелерин, постсоветтик Кыргызстандын саясат таануусунун проблемаларын иликтөөдө тарыхый маалыматтарды так колдонуу мак­сатында чөлкөмдүн жалпы тарыхын иштеп чыгуучу автордук кеӊеш түзүү, мында элдик дипломатиянын жана салттуу карым-катнаштын бай таж­рыйбасын камтыган материалдарды жана булактарды кеӊири пайдалануу;

— Мамлекеттик жана коомдук теле­радио каналдарынын берүүлөрүндө, басма сөз каражаттарында диний уюм­дар жана дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамдарда каралган ченемдерди так сактоо. Дүйнөлүк диндер тууралуу, алардын генезиси, социалдык жана гносеологиялык тамыры жөнүндө, белгилүү дин аалымдарынын өмүрү, чыгармачылыгы, диний адабияттар тууралуу илимий-педагогикалык жана дин таануу багытында жетиштүү маа­лымат берүү.

Элдик педагогикалык жана та­рыхый-маданий дөөлөттөрдү жай­ылтуу багыты боюнча:

— улуттук этнопедагогикалык жана тарых таануу боюнча терминдер жана түшүнүктөр сөздүктөрүн иштеп чыгуу жана жарыкка чыгаруу. Мугалимдер, тарбиячылар, ата-энелер үчүн этно­педагогикалык усулдук популярдуу журнал чыгаруу;

— этнопедагогика, тарых, эл таа­нуу, маданият таануу, дин таануу ж.б. багыттарда иштеген адистердин ба­шын кошуп, бирдиктүү, туруктуу жана максаттуу иш алып баруу үчүн Кыргыз таануучулар ассоциациясын түзүү, бул багытта иштеген аймактык жана эл аралык коомдор менен байланыш түзүү жана бекемдөө;

— Арстанбек, Молдо Кылыч, Жеӊижок, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков сыяктуу улуу инсандардын тарбия ба­гытындагы этикалык, педагогикалык ойлорунун антологиясын түзүү жана жарыкка чыгаруу. Тарыхый, маданий, адабий, диний, саясий ж.б. булактар­дагы элдердин ортосуна жик салуучу, бөлүп-жаруучу маалыматтарга сын көз менен кароо мамилесин калыптан­дыруу, адамдарды баш коштуруучу, бириктирүүчү, диалогго жана толе­ранттуулукка үндөөчү материалдар­дын антологиясын түзүү жана басып чыгаруу;

үй-бүлөдө, бакчада, билим берүү уюмдарында жаштарды дене-бой, акыл-эс жана рухий-ыймандык жактан тарбиялоодо, аларга тилдик, табигый- математикалык, социалдык-гумани­тардык билим берүүдө, алардын адеп­тик жана билим жетишкендиктерин баалоодо көөнөрбөс элдик педагогика­лык жана дидактикалык мурасты, эне тилинин бай ички мүмкүнчүлүктөрүн, таанып-билүүнүн ийкемдүү каражатта­ры менен усул-ыкмаларын билгичтик менен кеӊири пайдалануу;

— элдик педагогикалык дөөлөттөрдү сактоого жана кеӊири жайылтууга ча­кырган көркөм чыгармалардын конкур­сун жарыялоо, маданият, искусство мекемелеринде элдик педагогикалык салттарды даӊазалаган көркөм тас­маларды, спектаклдерди коюу, спорт, туризм мекемелеринде элдик оюндар боюнча мелдештерди өткөрүү. Элдик оозеки чыгармачылыктын көөнөрбөс үлгүлөрүн, дүйнөлүк жана улуттук ада­бияттардын ири өкүлдөрүнүн элдик салт-наркты даӊазалаган чыгарма­ларын которуу жана басып чыгаруу;

— диний уюмдардын жана кон­фессиялардын өз ара диалогун жана көтөрүмдүү, сабырдуу мамилесин кам­сыз кылуу максатында тегерек стол­дорду, практикалык семинарларды жана конференцияларды, ачык талкуу­ларды ж.б. данакерлик иш-чараларды өткөрүү. Телекөрсөтүү жана радио уктуруу, массалык маалымат кара­жаттарында элдердин ортосундагы диалог жана толеранттуулук идея­ларын кеӊири чагылдырган атайын берүүлөрдүн топтомун уюштуруу.

Илимий конференцияда окулган докладдардын жана билдирүүлөрдүн топтому “Кыргыз билим берүү акаде­миясынын кабарларында” жарыяла­нып, авторлорго жана тийиштүү ме­кеме-уюмдарга таркатылат. Аталган тематикадагы жаӊылануу процесси­не ургаалдуулук берүү максатында кезектеги илимий конференцияны 2014-жылы Талас мамлекеттик уни­верситетинин базасында уюштуруу пландалды.

Аталган иш-чаралар учурдагы ааламдашуу селинин терс таасирле­рине бөгөт коюп, тышкы дүйнөгө ба­гытталган билим берүү саясатын ички ресурстарыбызга бурууга, атуулдук жана улуттук өзүн-өзү аӊдап-таануу процессин активдештирип, өзүбүзгө жана өзүбүздүн тарыхый тажрыйба­бызга болгон ишеничти бекемдөөгө, өз мүмкүнчүлүктөрүбүз менен ресурста­рыбызга карата жаӊыча көз карашты калыптандырууга өзүнүн омоктуу са­лымын кошот деп эсептешет.

Конференциянын катышуучулары

Поделиться

Комментарии