«ЭТНОПЕДАГОГИКА ЖАНА ТАРЫХ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ» аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын резолюциясы
- 12.07.2013
- 0
2013-жылдын 18-19-майында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Ош гуманитардык-педагогикалык институту жана «Кыргыз Тарых Коому» биргелешип «Этнопедагогика жана тарых: абалы жана келечеги» деп аталган республикалык илимий-практикалык конференцияны илимий жана уюштуруучулук жактан жогорку деӊгээлде өткөрүштү.
Конференциянын ишине КР Өкмөтүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин, Ош областтык жана Ош шаардык мамлекеттик бийлик структураларынын расмий өкүлдөрү, республиканын бир катар жогорку окуу жайларынын жетекчилери, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын, өкмөттүк эмес уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү ж.б. катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Катышуучулар бул конференция кыйла мезгилден бери көӊүл сыртында калып келе жаткан орчундуу проблемага — этникалык тарых менен улуттук педагогиканы айкалышта карап, алардын проблемаларын эриш-аркак изилдөө жана окуп-үйрөнүү маселесине арналгандыгын белгилөө менен анын негизги максаты «2013-2017-жылдарда өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында», «Өлкөдө этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча Концепцияда» жана Улуу Кыргыз Каганатынын 1170 жылдыгы тууралуу Президенттин жардыгында аныкталган талаптарга толук шайкеш келе тургандыгын белгилешет.
Конференцияны уюштуруу тобунун дарегине республиканын бардык аймагынан 200дөн ашык доклад келип түшкөн. Конференциянын пленардык жыйынында 9, анын алты тематикалык секциясында 160тан ашык доклад окулду. Катышуучулардын курамы республиканын бардык областтарын, Бишкек жана Ош шаарларын, мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлеринен тартып жогорку окуу жайларынын профессорлоруна чейинки компетенттүү адистерди камтыды.
Конференциянын пленардык жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, п.и.д., профессор А.М.Мамытов, п.и.д., И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору А.Т.Калдыбаева, п.и.д., Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору А.А.Алимбеков, ф.и.к., И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Т.Т.Тургуналиев, т.и.д., М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профессору Б.Н.Нурунбетов, Социалдык өнүгүү жана ишкердик институтунун ректору, ф.-м.и.к., доцент З.А.Каденова, «Кыргыз тарых коому» Эл Аралык коомдук бирикмесинин президенти, т.и.д., профессор Т. Чоротегин, т.и.д., КР Дипломатиялык академиясынын профессору Т. Кененсариев, Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы С.Иптаров кызыктуу жана проблемалуу докладдарды окушту.
Докладдарда жана билдирүүлөрдө элибиздин узак тарыхый жолунда, совет доорунда, кийинки эгемендүүлүк жылдарында топтолгон баалуу этнопедагогикалык жана тарыхый тажрыйбалар, ошондой эле көӊүл чөгөргөн көйгөйлүү көрүнүштөр талдоого алынып, аларды чечүүнүн практикалык жолдору сунуш кылынды.
Элдин этникалык тарыхы менен таалим-тарбиялык маданияты, коомдун социалдык-саясий, экономикалык абалы менен рухий-педагогикалык, психологиялык маанайы өз ара тыгыз байланышта экендигине басым жасалып, өлкөнүөнүктүрүүнүн келечеги тышкы инвестицияга эмес, биринчи иретте, ички рухий-адептик жана илимий-интеллектуалдык потенциалга, жаш муундардын заманбап технологиялык билимдерге ээ болуусу салттуу таалим-тарбиядагы өрнөктүү көрүнүштөр, улуттук дөөлөт- мурастар менен жуурулушуп туруусу керектиги баса белгиленди.
Мында бөтөнчө орун улуу муундун: ата-энелер менен мугалимдердин, окутуучулар менен тарбиячылардын, илимпоздор менен методисттердин адистик жана адамдык сапаттарынын деӊгээлине, алардын этнопедагогикалык билими менен тарыхый аӊ-сезиминин тереӊдигине байланыштуу боло тургандыгы айтылды. Таалим-тарбия ишинде элдик педагогикалык дөөлөттөрдү “эскинин саркындысы”, кандайдыр бир экзотика, иллюстрация, көмөкчү материал катары карап, “эске алуу” менен чектелбестен, окутуу-тарбиялоо ишинин бардык баскычында жана түрүндө, багытында жана мазмунундаэӊ негизги таяныч булак, улуттук нарк-сезимди калыптоонун уникалдуу, сыналган каражаты катары кароозарыл экендиги белгиленди.
Ошондой эле конференциянын катышуучулары эгемендүүлүктүн шартында элдин кылымдар бою топтогон таалим-тарбиялык көз караштары менен турмуштук бай тажрыйбасы, тарыхый-мекенчилдик санаа-сезими менен улуттук кулк-мүнөзү анын бирдиктүү педагогикалык маданий казынасын түзө тургандыгын, аны таалим-тарбиялык багыттагы рухий жана материалдык дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, өздөштүрүү жана жайылтуу системасы катары комплекстүү, шайкеш өнүктүрүү зарылдыгын баса көрсөтүштү. Бул максатта төмөндөгү иштерди жүзөгө ашыруу сунуш кылынды:
Элдик педагогикалык жана тарыхый-маданий дөөлөттөрдү сактоо багыты боюнча:
— элибиздин көөнөрбөс рухий жана материалдык маданий мурастарын, этнопедагогикалык жана тарыхый табериктерин аздектеп сактап калуу, ата мекендик билим берүү тармагынын көп кылымдык баскан жолун толук кандуу жана кеӊири чагылдыруу максатында Элдик педагогиканын Улуттук музейин түзүүнү колго алуу;
— кыргыз элинин жана Кыргызстанды мекендеген калктардын көп кылымдар бою иштеп чыккан элдик педагогикалык мурастарын, советтик системанын тушунда жаралган жана колдонулган билим берүү жана тарбиялоо жагындагы уникалдуу материалдарды тарыхый-маданий таберик катары эл арасынан жыйноо, бардык булактардан, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн кыргыздар жана Кыргызстан тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу жана алардын маалымат банкын түзүү;
— этнопедагогикалык жана этнотарыхый маданияттын энциклопедиясы болгон «Манас» жомогуна карата адабий-фольклордук гана баалуу мурас эмес, инсандык, улуттук жана жалпы адамзаттык рухий өнүгүүнүн бийиктигин сыпаттаган планетардык маданий парадигма, көчмөндөр цивилизациясынын көркөм дүйнөсүнүн адамзат айдыӊына койгон кайталангыс эстелиги катары мамилени калыптандыруу. Улуу жомокко, башка элдик дастандарга, элдик санжырага, аӊыз- уламыштарга, айтымдарга, тарыхый жана маданий окуяларга байланышкан эстеликтерди сактоо жана күтүү боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
— көп улуттуу, көп конфессиялуу, көп маданияттуу өлкө катары Кыргызстан өзүнүн ички этнопедагогикалык, тарыхый-маданий байманасын болушунча толук жана натыйжалуу пайдалануусуна жетишүү. Үй-бүлөдө, билим берүү жана тарбиялоо мекемелеринде, коомдук жайларда элдик педагогикалык дөөлөттөрдү мамлекеттик, коомдук жана жекече күнүмдүк турмуштун толук кандуу практикалык каражатына жана эрежесине айландыруу;
— жыл сайын өткөрүлүүчү «Жыл мугалими» конкурстарынын жеӊүүчүлөрүнүн, жаӊычыл, алдыӊкы, чыгармачыл мугалимдердин педагогикалык лабораториясында жаралган табылгаларын, көрсөтмө жана колдонмо куралдарын, белгилүү көркөм сүрөткерлердин, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин ж.б. өрнөктүү тарбиялык табериктерин топтоо, аларды кино, теле, радио, үн тасмаларына түшүрүп, компьютердик түзүмдөрдө сактоо.
Элдик педагогикалык жана тарыхый-маданий дөөлөттөрдү жаратуу багыты боюнча:
— эгемендүү Кыргызстандын улуттук мектебинин, заманбап мектеп мугалиминин, бүгүнкү мектеп окуучусунун жана бүтүрүүчүсүнүн моделин калыптоого багытталган Этнопедагогикалык жана тарыхый-маданий билим берүү концепциясын иштеп чыгуу. Бул концепцияны ишке ашырууга зарыл болгон каражаттын булагын жана көлөмүн так аныктоо жана аны жүзөгө ашыруучу компетенттүү кадрларды даярдоо;
— кыргыздардын жана Кыргызстанды мекендеген калктардын этнопедагогикалык маданияты – улуттар аралык диалогдун, гуманизмге жана толеранттуулукка тарбиялоонун сыналган каражаты. Андыктан көп убакытты, каражатты жана шартты талап кылган эл аралык программаларга, долбоорлорго жана чет өлкөлүк технологияларга басым жасабай, өз тарыхый тажрыйбабыздагы жана салт-санаабыздагы таалим-тарбиялык өрнөктүү дөөлөттөргө таянуу, аларды жаӊыча өӊүттөн тереӊ аӊдап-таанууга жана кеӊири колдонууга умтулуу;
— фольклордук педагогикалык мурасты: элдик санат-насыят ырларын, айтымдарды, термелерди, макал-ылакаптарды, жомокторду, обондуу ырларды, ошондой эле салт-санааларды, үрп-адаттарды, каада-жөрөлгөлөрдү этномаданий, этнопедагогикалык мурас катары тереӊ иликтеп-изилдөө жана окуп-үйрөнүү, алардын жаӊыча, заманбап үлгүлөрүн жаратууга багытталган максаттуу иштерге ынтызарлык менен катышуу;
— улуттук жана коомдук телекөрсөтүү, радио уктуруу каналдарында, массалык маалымат каражаттарында элдик көркөм кол өнөрчүлүктү, салттуу элдик билимдерди жана өнөрчүлүктүн түрлөрүн, элдик педагогикалык мурастарды сактоо жана колдонуу багытындагы рубрикаларды жана берүүлөрдү уюштуруу, бул багыттагы иштерге туруктуу колдоо көрсөтүү жана шарт түзүү.
Элдик педагогикалык жана тарыхый-маданий дөөлөттөрдүөздөштүрүү (иликтеп-изилдөө, окуп- үйрөнүү) багыты боюнча:
— этнопедагогика илиминин теориялык-методологиялык, окуу-методикалык жана терминологиялык маселелерин тереӊ изилдөө жана тактоо, заманбап билим берүүнүн мазмунун жана методдорун этнопедагогикалык негизде жаӊылоо жана модернизациялоо;
— жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында жаӊы муундагы мугалимдерди даярдоодо, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жана кызматкерлеринин билимин жогорулатууда алардын этнопедагогикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруу жана өркүндөтүү маселесине олуттуу көӊүл буруу;
— кыргыз элинин этникалык маданиятынын тарыхын, анын педагогикалык системасын, социалдык- психологиялык нарк-насилин тереӊ таанып-билүү боюнча кеӊири иликтеп- изилдөө иштерин жүргүзүү. Бул максатта этнопедагогикалык, эл таануу, аймак таануу ж.б. багыттар боюнча актуалдуу изилдөөлөрдүн тематикасын иштеп чыгуу жана бекитүү; бул багытта жасалып жаткан иштердин тематикасын, проблематикасын, географиясын, динамикасын тереӊ талдап, жалпылап, координациялоо;
— жаӊы муундагы билим берүү стандарттарын, окуу программаларын, окуу китептерин, окуу-усулдук комплекстерди иштеп чыгууда уланмалуулук, табият таламдуулук, маданият таламдуулук, элдүүлүк принциптерин жетекчиликке алуу, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында «Кыргыз этнопедагогикасы», «Кыргыз тарыхы», “Кыргыз маданияты”, “Кыргыз менталитети” атайын курстарын окутуу;
— мектепке чейинки мекемелерде, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында «Манас» жомогун этномаданий багытта окуп-үйрөнүү маселелерин изилдөө, улуу жомоктун педагогикалык байманасын башкы каарман аркылуу гана эмес, андагы элдик, жалпы адамзаттык үлгүгө айланган бардык башка образдардын, маданий жана инсандык стереотиптердин, социалдык-педагогикалык моделдердин өрнөгүн маданий-типологиялык багытта тереӊ иликтеп-изилдөө жана окуп-үйрөнүү;
— мектептеги окуу предметтеринин мазмунун этнопедагогикалык маалыматтар менен байытуу, аларды окутууда этнолингвистикалык ыкмаларды, эне тилдин ички ресурсун кеӊири колдонуу, окутуу методдорун, билимди баалоо каражаттарын иштеп чыгууда этнодидактиканын бай мүмкүнчүлүктөрүн билгичтик менен пайдалануу;
— жалпы билим берүүчү мектептин Базалык окуу планындагы билим тарамдарына бөлүнгөн сааттардын салыштырма салмагын теӊдештирүү, «социалдык» билим тарамына бөлүнгөн окуу жүктөмүн көбөйтүп, Кыргызстан тарыхы, адеп, жаран таануу предметтеринин жумалык окуу жүктөмүн 2 сааттан кем кылбоо. Адеп сабагын класстык журналга киргизип, билим стандарттарын, окуу программаларын, окуу китептерин өркүндөтүү, адеп сабагы мугалимдерин максаттуу даярдоо, жаӊы муундагы окуу китептерин жана окуу-усулдук комплекстерин түзүү;
— Улуу Кыргыз Каганатынын, Фергана өрөөнүнүн тарыхын, көрүнүктүү тарыхый инсандардын өмүрү— чыгармачылыгын иликтөөдө этникалык айырмачылык менен аймактык- маданий жалпылыктын гармониясын, улут аралык алаканын өрнөгүн чагылдырган даректүү материалдарды, булактарды, турмуштук фактыларды кеӊири пайдалануу аркылуу атуулдарды толеранттуулукка, боордоштукка, ынтымакка тарбиялоо;
— Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек ара маселелерин, постсоветтик Кыргызстандын саясат таануусунун проблемаларын иликтөөдө тарыхый маалыматтарды так колдонуу максатында чөлкөмдүн жалпы тарыхын иштеп чыгуучу автордук кеӊеш түзүү, мында элдик дипломатиянын жана салттуу карым-катнаштын бай тажрыйбасын камтыган материалдарды жана булактарды кеӊири пайдалануу;
— Мамлекеттик жана коомдук телерадио каналдарынын берүүлөрүндө, басма сөз каражаттарында диний уюмдар жана дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзамдарда каралган ченемдерди так сактоо. Дүйнөлүк диндер тууралуу, алардын генезиси, социалдык жана гносеологиялык тамыры жөнүндө, белгилүү дин аалымдарынын өмүрү, чыгармачылыгы, диний адабияттар тууралуу илимий-педагогикалык жана дин таануу багытында жетиштүү маалымат берүү.
Элдик педагогикалык жана тарыхый-маданий дөөлөттөрдү жайылтуу багыты боюнча:
— улуттук этнопедагогикалык жана тарых таануу боюнча терминдер жана түшүнүктөр сөздүктөрүн иштеп чыгуу жана жарыкка чыгаруу. Мугалимдер, тарбиячылар, ата-энелер үчүн этнопедагогикалык усулдук популярдуу журнал чыгаруу;
— этнопедагогика, тарых, эл таануу, маданият таануу, дин таануу ж.б. багыттарда иштеген адистердин башын кошуп, бирдиктүү, туруктуу жана максаттуу иш алып баруу үчүн Кыргыз таануучулар ассоциациясын түзүү, бул багытта иштеген аймактык жана эл аралык коомдор менен байланыш түзүү жана бекемдөө;
— Арстанбек, Молдо Кылыч, Жеӊижок, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков сыяктуу улуу инсандардын тарбия багытындагы этикалык, педагогикалык ойлорунун антологиясын түзүү жана жарыкка чыгаруу. Тарыхый, маданий, адабий, диний, саясий ж.б. булактардагы элдердин ортосуна жик салуучу, бөлүп-жаруучу маалыматтарга сын көз менен кароо мамилесин калыптандыруу, адамдарды баш коштуруучу, бириктирүүчү, диалогго жана толеранттуулукка үндөөчү материалдардын антологиясын түзүү жана басып чыгаруу;
— үй-бүлөдө, бакчада, билим берүү уюмдарында жаштарды дене-бой, акыл-эс жана рухий-ыймандык жактан тарбиялоодо, аларга тилдик, табигый- математикалык, социалдык-гуманитардык билим берүүдө, алардын адептик жана билим жетишкендиктерин баалоодо көөнөрбөс элдик педагогикалык жана дидактикалык мурасты, эне тилинин бай ички мүмкүнчүлүктөрүн, таанып-билүүнүн ийкемдүү каражаттары менен усул-ыкмаларын билгичтик менен кеӊири пайдалануу;
— элдик педагогикалык дөөлөттөрдү сактоого жана кеӊири жайылтууга чакырган көркөм чыгармалардын конкурсун жарыялоо, маданият, искусство мекемелеринде элдик педагогикалык салттарды даӊазалаган көркөм тасмаларды, спектаклдерди коюу, спорт, туризм мекемелеринде элдик оюндар боюнча мелдештерди өткөрүү. Элдик оозеки чыгармачылыктын көөнөрбөс үлгүлөрүн, дүйнөлүк жана улуттук адабияттардын ири өкүлдөрүнүн элдик салт-наркты даӊазалаган чыгармаларын которуу жана басып чыгаруу;
— диний уюмдардын жана конфессиялардын өз ара диалогун жана көтөрүмдүү, сабырдуу мамилесин камсыз кылуу максатында тегерек столдорду, практикалык семинарларды жана конференцияларды, ачык талкууларды ж.б. данакерлик иш-чараларды өткөрүү. Телекөрсөтүү жана радио уктуруу, массалык маалымат каражаттарында элдердин ортосундагы диалог жана толеранттуулук идеяларын кеӊири чагылдырган атайын берүүлөрдүн топтомун уюштуруу.
Илимий конференцияда окулган докладдардын жана билдирүүлөрдүн топтому “Кыргыз билим берүү академиясынын кабарларында” жарыяланып, авторлорго жана тийиштүү мекеме-уюмдарга таркатылат. Аталган тематикадагы жаӊылануу процессине ургаалдуулук берүү максатында кезектеги илимий конференцияны 2014-жылы Талас мамлекеттик университетинин базасында уюштуруу пландалды.
Аталган иш-чаралар учурдагы ааламдашуу селинин терс таасирлерине бөгөт коюп, тышкы дүйнөгө багытталган билим берүү саясатын ички ресурстарыбызга бурууга, атуулдук жана улуттук өзүн-өзү аӊдап-таануу процессин активдештирип, өзүбүзгө жана өзүбүздүн тарыхый тажрыйбабызга болгон ишеничти бекемдөөгө, өз мүмкүнчүлүктөрүбүз менен ресурстарыбызга карата жаӊыча көз карашты калыптандырууга өзүнүн омоктуу салымын кошот деп эсептешет.
Конференциянын катышуучулары
Комментарии