ЭНЕ ТИЛ МЕКТЕБИН ЭМНЕГЕ ЧАНАБЫЗ?

  • 06.09.2013
  • 0

Кыргызстандын Бишкек, Ош баш болгон чоӊ-кичине шаарларында, райборборлорунда окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерди, класстарды тандаган ата-энелердин саны жылдан-жылга көбөйүп баратат. Бул көрүнүш мындан ары өзгөрбөй жүрүп отурса, береги 50-60 жылда кыргыз коому орустарсыз “орусташып” кетери бышык.

Кепти Ак-Өргөдөн баштайын

 

Ак-Өргө Ленин районундагы жалаӊ кыргыздар отурукташкан эӊ ири калктуу конуштардын бири. Ак-Өргөдө орусту кой, башка бизге тектеш улуттардын өкүлдөрү жокко эсе. Кайра куруунун деми менен кыргыз жаштарынын улуттук кайра жаралуу аракеттеринин натыйжасында түптөлгөндүктөн, мындагы көчөлөрдүн аталыштары да кыргыз руху жыттанып турат. Юрий Антоновдун  белгилүү бир ырындагыдай, алардын аталыштары да кыргызга жакын, кыргызга түшүнүктүү. Ошолордун айрымдарына кулак салыӊыз… Ай көчө, Күн көчө, Алтын-Казык, Алты-Бакан, Айдыӊ-Көл, Чамгарак, Таттыбүбү… Не деген жүрөккө жакын ысымдар, аталыштар! Ак-Өргөгө капилет келгендердин баары ушундай кыргыздын нукура сөздөрү бир конушка чогулуп калганына ар убак таӊданып “Кыргызча аталыштар деле сонун угулат турбайбы?!” — дешип, ата-бабалардан калган сөздөрдү ичтеринен кайра–кайра кайталай беришет.

Аталыш го аталыш, бирок кайра куруу деми менен курулуп, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында түптөлгөн Ак-Өргөдө кыргыздын нарк-насили, анын башаты болгон эне тили канчалык сакталган, бул башка маселе. Жашырганда эмне, бул жерде деле орус тилинин орду чоӊ. Колунда барлардын, өзүн интеллигенциянын өкүлүмүн дегендердин, күндө кочуштап базардан акча тапкандардын балдары шаардын борборундагы элиталык деген лицей-гимназиялардан орус тилинде билим алышат. Ата-энелер болсо, балдарынын күндө эки саат жол басып, маршруткаларда чоӊдордон орун тийбей, тикесинен тик туруп барып келгенине кайыл. Эптеп аттуу-баштуу мектептерден орусча билим алса болду. Ал эми ар кандай себептерден улам алыска баралбаган окуучулар жаӊы конуштагы эки мектептин бирине барууга аргасыз. Бирок мурдатан иштеп келе жаткан №77 орто мектепте мындан үч жыл мурун салтанаттуу ачылган Жалил Садыков атындагы №84 орто мектепте да орус класстары бар.

“Жыл өткөн сайын биринчи класска келгендердин арасында орус класстарды тандаган ата-энелердин саны көбөйгөндөн көбөйүүдө. “Кыргыз болгондон кийин кыргызча эле окутпайсыӊарбы?” десек, ата-энелер бир добуштан “Балдарыбыз биздей орус тилинен кыйналышпасын, келечекте Россияда окуп, иштеп калышса, жеӊил болор дешет”, – дейт жаӊы ачылган мектептин директору Динара Иманалиева.

 

“Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” же кыргыз тилинин душманы ким?

 

Албетте, баласы кайсы тилде окуйт, аны тандоо ар бир ата-эненин конституциялык укугу деӊизчи, бирок укук менен катар атуулдук, улуттук ар-намыс деген акча, байлык менен өлчөнгүс зор көрөӊгүлөр бар эмеспи, аларды кайда катабыз? Өзүн сыйлаган элдерди карагыла, кимиси эне тилин тепсеп туруп, башка тилге өтүп кетти? Грузин, немец же япон эч качан өз баласын өзгөнүн мектебине алып келбейт. Япон сырын жакшы билген советтик дипломат Константин Преображенский өзүнүн “Как стать японцем” аттуу атактуу китебинде япондуктар технология жагынан көп элдерден алда качан озуп кеткенине карабай, өз эне тилин, каада-салтын, тарыхын унутпай, тескерисинче, аларды бүгүнкү өз жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары ала жүргөнүн тамшануу менен жазат.  Япондордо эне тилге канчалык маани берилерин автор таасын чагылдырат.  Япондун кайсы дипломаты болбосун өз мекенине кайтып келгенден кийин, балдары эне тилиндеги болор-болбос акценти үчүн башкаларга кошула албай, мектепте көпкө чейин кыйналышат экен. Ошентип, аларда кайда жүрбө, кайсыл бийиктикти багынтпа, нечен тилдерди сүйлөбө, өз тилиӊди билбесеӊ, япон эмессиӊ. Демек, япон болбогон соӊ, улутташтарыӊ үчүн адам эмессиӊ! Көрбөйсүзбү, япон болуштун эӊ биринчи талабы – эне тилин билүү! А биздечи?…

Кайра куруунун тушунда жогорку кызматынан ажырап, а кезде болуп келгендей гезит беттеринде жамандалып, өз тегерегинде жүргөндөрдөн далай куугунтук жеген советтик-партиялык кызматкердин айтканы эч эсимден кетпейт.

“Мен бир нерсени түшүнө албайм. Эки жүздүүлүктүн да чеги болушу керек да! Биздеги азыр кайра курууга жамынып алып гезит бетин бербей жазып жаткандардын, аттуу-баштуу жазуучулардын, окумуштуулардын балдарынын баары орус тилдүү мектептерде окушат. Алардын баары кыргыз эли, тили, маданияты үчүн өмүрүмдү арнадым дешет. А мен эч качан кылган-эткендеримди элим үчүн жасадым дебейм. Бирок үйдөгү балдар-кыздарымдын баары борборубуздагы бешинчи мектептен билим алышты. Үйдө да эне тилинде сүйлөшөт. Муну мен жогорку кызматым үчүн эмес, кыргыз болгонум үчүн, балдарымдын да кыргыз болушун каалап жасадым”, — деген ал ошондогу эне тилдин абалына күйүп.

Андан бери далай суулар акты, жылдар өттү. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн арты менен мамлекеттик статуска ээ болгон эне тилдин азыркы абалы азыр деле жакшырып кеткен жок. Тескерисинче өз эне тилин чангандардын армиясы бүгүн номенкулатура, интеллигенция өкүлдөрүнөн тышкары, ички миграциядан улам элеттен шаарларга көчүп келген айылдыктар Россияга, башка чет жерлерге үй-бүлөсү менен иштеп кеткен кыргыздар менен толукталып отурат.  Бир сөз менен айтканда, бизде эне тилин чануу модага айланды. Өзү орус тилинде эки сөздү билбегендер да, жөндөп сүйлөй албагандар да баласын орус, түрк мектебине бергилери келишет. Өкүнүчтүүсү, эне тилге ичкериден душмандык кылып жаткандардын арасында аттуу-баштуу жазуучулар, көрүнүктүү илимпоздор, белгилүү журналисттер, маданият ишмерлери бар. Алардын баары астыртан балдарын орус мектебине жөнөтүп коюп, көпчүлүктүн алдында “Эне тилим үчүн жаным курман, бул тилди жоготпошубуз керек, себеби ал – Манастын тили” дешет көздөрүнө жаш ала.

Эне тилге карата мындай эки жүздүү мамилени күнүмдүк турмушта күн сайын жолуктурасыӊ. Жүрөгүӊ ооруйт.  “Мамлекеттик тил тууралуу” мыйзам турса да, борбор шаарда чоӊ жыйындардын, курултай, чогулуштардын баары официалдуу тил болуп эсептелген орус тилинде өткөнү өткөн. «Кой деген кожо жок». Бир ай мурун,  белгилүү бизнесмен Аскар Салымбеков элди жыйнап, кыргыз коомун кантип өнүктүрөбүз дегенде да, идея чогулткан жыйын баштан-аяк  орус тилинде болду. Мында да эне тилдин шагы сынды, бели мертинди. Тилине маани бербеген соӊ, кантип элине жардам берип, анын экономикасын түзүктөп жиберсин деп, ал жердегилерге ишене бербедим. Жыйынга келген кыргыз орусча оюн айта албай кыйналды. Айтса да жалпы сөз сүйлөнүп, жүрөктөр толкубады. Ал эми Кыргызстанды өнүктүрүш үчүн кыргызга жүрөктү толкуткан жалындуу сөздөр керек. Мындай бийик, жооптуу кызматты энебиздин ак сүтү менен каныбызга сиӊген эне тилибиз гана аткара алат деп ойлойм.

Тил маселесинде жаӊы саясат зарыл

 

Биз ушуга чейин эне тилдин маанисин даӊазалоодо башка тилдүүлөргө басым жасап келдик.  Мүмкүн эне тилибиздин мамлекеттик тил катары телчигишинде бул да керектир? Бирок мындан ары эне тили үчүн башка тилдүүлөр эмес, ар бир кыргыз үлгү болушу керек. Алыска барбай эле, өзбектерди  алалы. Те союздун доорунда, партиянын укуругу узун кезинде да, алар өз эне тилин эч кимге тебелетпей, өнүктүрүп-өстүрүп келишти. Башка улуттарды кой, совет элинин өзөгүн түзгөн орустарды да өзбекче сүйлөгөнгө мажбурлашканы өзүнчө эрдик. Бул маанилүү иште албетте, өзбектер башка улуттун өкүлдөрүнө такай эне тилинде билим алып, такай эне тилинде сүйлөп үлгү болушту. 90-жылдардын башында Фергана шаарына жумуштап барып, политехникалык институттун илимий иштери боюнча проректоруна кирдим. Абдан жакшы кабыл алды. Топу кийгенине, анан да өзбекче таза сүйлөгөнүнө карап, өзбек экен деп отургам. Кийин кагазга кол койгондо аты-жөнүн карасам, корей улутунда экен. Кыргызстанда жашап, бир да корейдин кыргызча сүйлөгөнүн укпаган мен ошондо таӊ калгам.

Боордош казактар болсо 70 жыл ичинде өз тилин унутуу жагынан бизден алдыга кеткени белгилүү. Бирок эгемендүүлүккө ээ болгон соӊ,  мамлекет башчысы баштап өзгөчө маани бергендиктен, бара-бара казак тили  Казакстанда жашаган бардык элдерди бириктирген орток тилге айланды. Азыр Казакстанда бардык жыйындар эне тилинде жүргүзүлөт. Теледен көрсөтүлүүчү башка тилдеги фильмдердин баарын казакчага которуп жатышат. Ал жактагы жаштар казак тилисиз жакшы жашоого, мыкты карьера курууга мүмкүн эместигин түшүнүп калышты. Бизге да ушундай саясат зарыл болуп турат. Тилдин тазалыгы, анын келечеги үчүн ар бир кыргыз эмгек кылчу мезгил келди. Бул багытта эч кимдин көрсөтмөсүн күтпөй, иштеп жаткандар бар.

Карабууралык айрым алдыӊкы педагогдордун сабактарынан башкаларга көнүмүш болуп калган “Бүгүн кайсыл число?”, ”Ким дежурный?”, “Тряпканы суулап кел!”, “Расписаниени карадыӊбы?” деген же кыргызча эмес, же орусча эмес кайрылууларды укпайсыӊ. Кыргыз тилчи мугалимдер өздөрү да ушуга көнгөн, окуучуларынан да, башка предметтерди окуткан кесиптештеринен да тилдин тазалыгын талап кылышат. Буга кошумча район мектептеринде бешинчи күн – Улуттук кийим күнү деп кабыл алынган. Бул күнү агай-эжейлер баш болуп, окуучулардын бири калбай мектепке улуттук кийимчен келишет. Ушул карабууралык мугалимдердин тилдин тазалыгын, элибиздин каада-салтын сактоо аракеттери, Бектур Исаковдун “Манасты” өзгөчө ыкмада окутканы, Бекмурза Батыркуловдун класстан класс калтырбай манас айттырганы, илим менен билимдин нукура очогуна айланган Ноокат “Билимканасы”, тээ Лейлекте элет балдарын эне тил мектебинде ашкере ийгилик менен окутуп жаткан Гапыр Мадаминовдун педагогдук каармандыгы биз үчүн үлгү боло албайбы? Менимче, мунун баары биз үчүн үлгү. Бирок… тил үчүн олуттуу эмгек кылбаганы менен бардык балдарын эне тил мектебинде окутуп жаткан ата-энелер да биз үчүн үлгү. Алар чыгарма жазбаса да, кыргыз тилинин келечегине балта чаап, өз баласын орус мектебине берген жок. Чынында эле Эшматтын баласы чанса, Ташматтын баласы келбесе, орус Алексейдин баласы окумак беле кыргыз мектебинде? Кыргыз болгон соӊ ушуну көӊүлгө түйө жүргөнүбүз оӊ…

 А. Алибеков, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

 P.S. Макала басууга даярдалып жатканда Ак-Өргөдө дагы бир орус тилиндеги менчик бала бакча ачылганы белгилүү болду.

Поделиться

Комментарии