Эмне үчүн окуучу мугалимин айыптады?

  • 18.10.2013
  • 0

0619F745-96E3-481C-A1F4-055EA77EADBF_w640_r1_sЖаӊы окуу жылы башталганына эки айдын жүзү болду. Ошондон бери окуучу кыздардын  жоолук кийүү маселеси талкуудан талкууга өтүп, билим берүү мекемесинин толук кандуу иштөөсүнө жолтоо болуп келет. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда, нормативдик актыларда мектеп формасы так көрсөтүлүп жазылбагандыктан, чечкиндүү чара көрүлбөгөндүктөн мектеп жетекчилери, мугалимдер радикалдуу диний уюмдардын соккусуна кабылып, анысы аз келгенсип эми окуучулардын айыбына жыгылып олтурат. Бул жолу Ош областынын Кара-Суу районундагы К.Рахимов атындагы мектептин 9-классынын окуучусу Нафиза Назарова сабакка жоолук салынып келгендиги үчүн мугалимден таяк жегенин “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтып чыкты. Окуучунун ата-энеси райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылды. Ал эми мугалим болсо окуучудан мектеп формасын кийүү талабын гана койгондугун айтып, урду деген айыпты четке кагууда.

“Азаттык” радиосу таркаткан маалыматка таянсак, Кара-Суу шаарындагы Каримжан Рахимов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Нафиза Назарова кичинекейинен эле динге берилген. Бирок жоолук салынып келгени үчүн окуу жылдын башынан бери эле мугалиминен ыдык көрүп келатканын айткан.

— Мектеп башталгандан бери менин жоолугума, узун юбкама асылып жүрдү. Анан ошол күнү да кыргыз тил сабагы болчу. Эжеке кирип келип,  “узун юбка кийгендер сыртка чыгып кеткиле” деди. Мен чыкпай койсом, китеп-дептеримди сумкама салып, мени сыртка сүйрөп чыгарып салды. Түртүп, колдорумду оорутуп салды. Сабактан кууп чыкканы аз келгенсип, эжекем мени сабап да жиберди. Кийин мен директорго кирсем, ал юбкамды бир аз өйдө көтөрүп, жоолугумду оӊдоп, кайра сабакка киргизип жиберди. Анда кайра мени директордун кабинетине алып кирип, “эмне менин аброюмду төгүп жатасыӊ?” деп кыйкырып кетти. Бир маалда эле капыстан мени 3-4 жолу уруп жиберди. Качып чыгып кеттим. Классташтардан уялып, азырга дейре сабакка барбай жүрөм. Эми мен кантип баш көтөрүп жүрөм? Мугалим ошол урганына жооп берсин…, — дейт окуучу.

Ал эми окуучу менен энеси айыптап жаткан мугалим Таттыгүл Романова мектепте мугалимдиктен сырткары, окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп иштейт. Анын айтуусу боюнча,  окуучу кыздан тизеден бир карыш ылдый юбка кийип, жоолукту артыраак салынып, ак жаканы чыгарып, ак кофта, кара юбка кийип кел деп айткан.

— Мектептин жобосунун негизинде талап кылгам. Ал эми жобону болсо мектеп жамааты  мугалимдер жана ата-энелер биргеликте кабыл алган. Мен аны эч качан, эч жерде урган эмесмин, мыйзамдык жактан ага акым да жок. Бирок мен аны “ата-энеӊди чакырып кел, же формаӊды алмаштырып кел” деп, сабактан чыгарып жибергенимди мойнума алам. Бул менин айыбым. Себеби мен ал кызды бир ай күттүм, формаӊды алмаштыр деп. Бирок уруп-сабады деген нерсе бул жөн гана жалган жалаа.  Бардык окуучуларга талап бирдей, баары ушул эрежени аткарып, окшош мектеп формасын кийип келишет. Кээ бирлери мода кууп, узун юбка алып кийишкен экен, аларды эскерткенибизден кийин кайрадан талапка көнүшкөн. Бир гана ушул окуучу мектептин уставын аткарбай келди. Ал жоолук менен бетин жаап алганы аз келгенсип, мончок, шылдырактарды, шакектерди да тагынып келчү. Жободо ага деле уруксат берилген эмес. Окуучу деген окуучудай эле болушу керек. Кийин чоӊойгондон кийин деле жоолук салынып алууга үлгүрөт. Анан мага эмнеге минтип жалган жалаа жаап атканы да түшүнүктүү. Эрежени талап кылып жатканыма өчөшүп, ушундай кылып атышат, — дейт мугалим берген интервьюсунда.

“Азаттыктын”  маалыматы менен гана чектелип калбастан,  “Кутбилим” газетасы да өз иликтөөсүн баштады. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон жок. Райондук прокуратура арызды ички иштер бөлүмүнүн тергөөсүнө жөнөткөн.

— Бул ишти тергеш үчүн арызды ички иштер бөлүмүнө жөнөткөнбүз. Тергөө амалы башталгандан кийин он бир күндүн ичинде чечим чыгарылыш керек, — деди прокурордун орун басары Медет Матисаков.

Ал эми мектептин директору Жылдыз Токтаева менен кабарлашканыбызда, төмөнкү маалыматтарды алдык.

— 2-октябрда 9 “б” класста кыргыз тили сабагы өтүп жаткан. Кыргыз тили мугалими, ошол эле кезде окуу бөлүмүнүн башчысы Таттыбүбү Романова окуучу Нафиза Назарованын жоолук кийип келгенин айтып, мектеп формасын кийип келүүсүн талап кылып, окуучуну сабактан чыгарып ийген. Негизинен биздин мектептин уставында окуучуларга жоолук оронгонго уруксат берилген. Окуучу кыз менин кабинетиме келип, мугалим сабактан чыгарып салганын айтты. Мен анын жоолугун оӊдоп, юбкасын кичине көтөрүп, “эжеӊден кечирим сурап, кир” деп кайра сабакка киргизгем. Мугалим болсо “барып ата-энеӊди чакырып кел” деп кайра чыгарып салыптыр. Окуучу кыз коридордо ыйлап келатканын көргөн китепканачы аны кайра менин кабинетиме алып келет. Нафиза Назарова менен сүйлөшүп жатканыбызда, мугалим Т.Романова кирип келип, “сен эмнелерди айтып жатасыӊ?” деп окуучуну жаакка чаап ийди. Учурда мугалим Ош шаарына билимин жогорулатканы кеткен. Бир жумадан кийин кайтып келет. Азырынча эч кандай чечим чыгарыла элек, — дейт мектеп жетекчиси.

Мектеп директору Жылдыз Токтаеванын мектеп уставында жоолук салынганга уруксат берилген дегени бизди таӊ калтырды. Анткени Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы окуу процессин, анын ичинен окутуунун жана тарбиялоонун тилин (тилдерди), окуп жаткандарга сабак берүү режимин уюштуруу дегенге “окуучулардын кийиминин формасын” деген сөздөр менен толуктоолор киргизилген. Буга байланыштуу билим берүү уюмдарынын жетекчилери мыйзам чегинде окуучулардан бирдей кийинип келүүнү талап кылууга укугу бар. Билим берүү уюмунун уставында жоолук салынсын деген бир дагы сөз жок. Мектеп жетекчиси кайсы уставга таянып айтып жатканы белгисиз. Ал эми  мугалим бардык мектептерге тиешелүү уставда жазылган тартипти бирдей сактаганга окуучуларды чакырганы көрүнүп турат.

— 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 “Жалпы билим берүү уюму жөнүндөгү” токтомдо, мектептеги ички тартипти сактоо  жана мектеп кийимин кийүү талаптарын  аткарууга окуучулар милдеттүү деп белгиленген жана “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 10-беренесиндеги билим берүү уюмунун уставында так жазылып турат. Бирок учурда жоолукка жамынып алып, хиджаб кийген кыздар мектепте пайда боло баштады,  — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Кылым Сыдыкназарова.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии