Эмгек акынын эсеп-кысабы: үчүнчү сабак

  • 25.02.2014
  • 0

Гезитке мугалимдердин эмгек акысынын эсеп-кысабы тууралуу макалалардын сериясы жарыялана баштагандан бери редакцияга республиканын туш тарабынан ар кандай маанидеги каттар келип, көптөгөн телефон чалуулар болууда. Редакцияга келип түшкөн суроолордун көптүгү эмгек акы төлөөнүн бирдиктүү системасы иштебей жаткандыгынан жана мугалимдерге эмгек акынын төлөнүшү тууралуу толук кандуу маалымат жетпей жаткандыгынан кабар берип тургандай. Андыктан бул жолу окурмандардан келип түшкөн суроолорго Билим берүү жана илим министрлигинин  тийиштүү адистеринин жоопторун  берүүнү чечтик.    

 

Кашкатаева Бурул, Сыдыкова Айша, Кара-Буура районундагы мектептердин китепканачыларынын атынан:

 

— Урматтуу «Кутбилим» газетасынын эмгек жамааты, көптөн бери мугалимдер үчүн чечилбей келе жаткан көйгөйгө токтолуп, мугалимдердин эмгек акысынын эсеп-кысабы тууралуу толук маалымат бергендигиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бирок ошол эле учурда китепканачылардын эмгек акысы тууралуу дагы кенен маалымат беришиңиздерди өтүнөбүз. Анткени мектептин китепканачыларын дагы түйшөлткөн көптөгөн суроолор бар. Мисалы, айылдын китепканачыларына зыяндуулук үчүн кошумча акча төлөнөт. Бирок ошондой эле ишти аткарган мектептин китепканачыларына зыяндуулук үчүн төлөнбөйт. Эмне үчүн мектептин китепканачылары мындай кошумча акыдан сыртта калып калган?  Мугалимдердин эмгек акысы жаңыдан жогорулаганда айыл жери үчүн китепканачынын эмгек акысына дагы 1000 сомдон кошулуп төлөнө баштаган. Бирок тилекке каршы, кийин бул кошумча төлөмдү дагы кайра алып салышты, мунун себеби эмнеде?

Жооп

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №270 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” Токтомунун №14 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын кызматтык маяналарынын өлчөмү” тиркемесиндеги биринчи эскертүүсүнө карасак,  башталгыч мектептеги китепкана иши үчүн айына 500 сом өлчөмүндө, он үчкө чейинки класс-комплекттер бар толук эмес орто мектепте — айына 1000 сом өлчөмүндө кошумча төлөм киргизилет. Андан башка зыяндуулук, айылдык жери үчүн эч кандай акча каражаты төлөнбөстүгүн билдиребиз.

 

Батырбаева Фатима, Талас шаардык билим берүү профсоюз комитетинин төрайымы:

 

— «Кутбилим» газетасынын 24-январдагы №3 санына чыккан макалада мугалимдердин класс жетекчилиги үчүн каралган сааттар орто кесиптик билими бар мугалимге  40 сом, жогорку билимдүү мугалимге 45 сом төлөнөт деп жазылган. Бирок биз КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №270 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомго ылайык класстан тышкаркы иштер үчүн 22,5 сом төлөп келебиз. Ошондуктан бизге мугалимдердин класс жетекчилиги үчүн канча сом төлөө керектигин түшүндүрүп берсеңиздер.

Жооп

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №270 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун 5.2. беренесине ылайык,  жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин сабактан тышкаркы иштерине жана чеберчиликти жогорулатууга саат боюнча эмгек акысынын наркы билимине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө (сом менен) белгиленген:

Эскертүү. Орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин саатынын наркын аныктоодо кесиптик орто билими бар мугалимдин (окутуучунун) окутуучулук ишинин сааттык ставкасынан 0,7 коэффициент колдонулат.

Мугалимдин сабактан тышкаркы иши төмөнкүлөрдү камтыйт:

— класска жетекчилик;

— насаатчылык;

— мектептик (райондук) усулдук бирикмелерге жетекчилик;

— ийримдик иш;

— башка сабактан тышкаркы иш (сабактан жетишпеген жана зээндүү балдар менен иштөө, тарбиялоо, иш-чараларын даярдоо жана өткөрүү).

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык, жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер жана бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү төмөндөгүчө каралган

Натыйжада адистер тарабынан газетага такталбаган маалымат кетип калгандыгын билдиребиз.

 

Кушубакова Чолпон,

Талас шаарындагы №5 мектептин орус тили мугалими:

 

— Талас шаарындагы кыргыз мектептериндеги орус тилчи мугалимдерине эмгек акынын өлчөмүнө кошула турган 15% кошумча төлөмдү эки жылдан бери,  бул кошумча шаардык мугалимдерге тиешеси жок, айылдык мугалимдерге гана тиешелүү деп бербей келет. Ошондуктан урматтуу редакция, Талас шаарынын кыргыз мектептеринде орус тилинен сабак берген мугалимдери үчүн ушул суроого так маалымат берүүңүздөрдү суранабыз. Себеби биз эки жылдан бери бул кошумча төлөмдү албай келебиз.

Жооп

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №270 “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун 4-беренесинин “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жана кошумча акысы”  3-пунктуна ылайык айыл жана шаар жеринде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин (окутуучуларынын) жана айыл жеринде окутуу орус тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде орус тил жана адабияты мугалимдеринин (окутуучуларынын) окутуу (окутуучулук) иши үчүн саат боюнча эмгек акынын өлчөмү жалпы билим берүүчү мектептердин, кесиптик лицейлердин мугалимдеринин, окутуучуларынын тийиштүү билим деңгээли менен (окутуучулук) иши үчүн саат боюнча белгиленген эмгек акысынын өлчөмүнөн 15%га жогорулатылат.

— Класста баланын саны отуздан ашкандыктан орус тили сабагында эки группага бөлүп окутабыз, орус адабиятында болсо бөлгөнгө тыюу салып койду. Бирок былтыркы жылдын январь айына чейин экиге бөлүп эле окутуп келгенбиз. Ал эми ушул жылдын январь айынан баштап орус адабияты сабагынан дептер текшербейсиңер деп дептер текшерүү үчүн бериле турган бир саатты дагы кыскартып салышты. Бирок иш жүзүндө бул сабактан дилбаян, баяндама иштери текшерилет. Анан эмне үчүн бул сабактар үчүн бөлүнө турган сааттарды окуу жылынын башында эмес, окуу жылынын ортосунда кыскартышат?

Жооп

— Жазуу жүзүндөгү жана лабораториялык иштерди текшерүүгө мугалимге төмөнкүдөй убакыт бөлүнөт:

— башталгыч класстарга — мугалимдин класстагы сабактык жүгүнө карабастан жумасына төрт саат, класста 15 окуучудан кем болсо, эки саат;

— окутуу кыргыз тилиндеги класстарда кыргыз тили жана адабиятына, окутуу орус тилиндеги класстарда орус тили жана адабиятына, окутуу өзбек тилиндеги класстарда өзбек тили жана адабиятына, окутуу тажик тилиндеги класстарда тажик тили жана адабиятына — жумасына төрт саат, класста 15 окуучудан кем болсо — эки саат;

— математикага — үч саат, класста 15 окуучудан кем болсо — эки саат;

— окутуу орус, өзбек жана тажик тилдериндеги класстарда кыргыз тилине, окутуу кыргыз, өзбек жана тажик тилдериндеги класстарда орус тилине, чет тилдерге — класстагы окуучулардын санына карабастан жумасына эки саат;

— физика, химия, тарых биология, география, информатика жана технологияга — класстагы окуучулардын санына карабастан жумасына бир саат.

Айтылган сабактардын ичинде орус адабияты кыргыз мектептеринде окуу боюнча жоктугуна жараша эч кандай акы төлөнбөгөндүгүн билдиребиз.

 

Мукаш Жамангулов, Ак-Талаа району, Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектеби, КР Эмгек сиңирген мугалими:

 

— Мурда бир айдагы жуманы 4,3кө көбөйтүп, айлык берип келишкен. Эми болсо борборлоштурулган бухгалтерияга өткөнү бир айдагы жуманы ар кандай көбөйтүп жатышат. Бирок биз райОНОдогу тийиштүү адистерден сурасак, алар заявканы 4,3 жума менен берип, бирок айлыкты бир айдагы жуманы ар кандай, кээде 4,1 кээде 4,2 менен берип жаткандыктарын айтышты. Бирок тарификация боюнча бир айдагы жуманы 4,3 кылып берип жатышканы менен бизге бир айдагы жумаларды өзгөртүп берип жатышат. Ошондо ортодогу сумма кайда кетет?

Жооп

Тарифтик тизме түзгөндө жумалык бөлүнгөн саатты 40,45,28 сомго (билимине жараша) көбөйтүп, андан кийин 4,3 көбөйтүлөт. Эмгек акыны эсептөөдө ар бир айда иштеген саатына жараша түзүлгөн табель колдонулат, башкача айтканда, ай ичинде майрам, дем алыш күндөрдөн башка күндөргө өткөн сааттарына жараша эмгек акы эсептелинет.

 

Айчүрөк Тойчиева, Жалал-Абад облустук Балдар борборунун директору:

 

— «Кутбилим» гезитинин 24-январдагы №3 санында жарыяланган макалада «Мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн 41 саат сабак берүүгө уруксат берилет» деп жазылган. Мунун канчасын расписаниеге кое алабыз, кыскасы, ушул сааттын бөлүнүшү тууралуу жалпы түшүндүрмө берсеңиздер. Себеби мурун 20 саттан ашпасын деген чектөө бар болчу.

Жооп

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-майындагы №270 токтому менен бекитилген “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө” нускамага ылайык, айрым сабактар боюнча мугалимдердин саны жетишсиз болгондо, мектептен сырткаркы билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын бир жумалык максималдууу жүгү 41 сааттан ашпоого тийиш. Бардык сааттар расписаниеге коюлат.

 

Самат Сатаров,

Ат-Башы району:

 

— Директордун тарбия иштери боюнча орун басарымын. Биздин мектепте 320 окуучу бар. Токтом боюнча балдардын саны 100дөн 600гө чейинки мектептерде тарбия иштери боюнча завучка 4845 сом төлөнөт деп турат. Бирок биздин мектептеги балдардын саны 320 эле болгондуктан, мени 0,5 ставкага өткөрүп, айыл жергеси үчүн берилип келген 1000 сомду дагы кыскартып салышты. Буга чейин балдардын саны 400 эле деп, 0,75 ставка менен, айыл жери үчүн 500 эле сом төлөп келишкен. Эми болсо айыл жери үчүн бериле турган 500 сом дагы кыскартылды. Балдардын санына карап директордун орун басарынын ставкасын кыскартып салса болобу?

Жооп

— Урматтуу Самат Сатаров, министрликтин тийиштүү адистери сиздин кызмат ордуңуз директордун тарбия иштери боюнча орун басары эмес, класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу экендигиңизди билдирет. Андыктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы №404 токтомуна ылайык, класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучунун штаттык бирдиги мектептердеги балдардын санына жараша бекитилет. 300 баладан 400 балага чейин класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу 0,5 ставка менен иштейт. Көрсөтүлгөн жагдайда айыл жергеси үчүн кошумча төлөм 500 сомду түзөт.

 

Эскертүү:

 

Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №270   токтомунун 4-тиркеменин 3-пунктуна түшүндүрмө.

Айыл жана шаар жеринде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектепдерде кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жана айыл жеринде окутуу орус тилинде жүргүзүлбөгөн жалпы билим берүүчү мектептерде орус тил жана адабияты мугалимдеринин окутуу иши үчүн саат боюнча эмгек акынын өлчөмү жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин, тийиштүү билим деңгээли менен иши үчүн белгилеген эмгек акысынын өлчөмү 15%га жогорулатылат. Ал эми “Кутбилим” гезитинин 2014-жылдын 24-январындагы №3 санына жарыяланган макалада техникалык себептерден улам айыл жеринде  окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептин кыргыз тили мугалимине 1,5 коэффицент кошулат деп жазылып калган. Ошондон улам айыл жериндеги кыргыз тили сабагынын мугалимдеринин эмгек акысына 1,5 коэффициент кошулбаарын билдиребиз.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии