Эмгегибиз натыйжалуу

  • 01.07.2013
  • 0

Бүгүнкү күндө  заманбап универсал билим берүү, инсандык жактан өнүгүүнүн негиздерин үйрөтүү болуп көрбөгөндөй актуалдуу жана зарылдыкка айланды. Биздин балдарыбыз — жашообуздагы үмүтүбүз, биздин келечегибиз. Аз эле убакыт өткөндөн кийин бүгүнкү биздин балдарыбыз тагдыр чечүүчү деӊгээлге өсүп жетилишет. Ал эми биздин мектеп-интернатта материалдык абалы оор шарттагы балдар тарбияланышат.

Бакай-Ата районундагы Чалдыбар мектеп-интернаты 1929-жылы балдар үйү, 1941-жылы Чалдыбар орто мектебинин алдындагы интернат, 1959-жылы малчылардын балдары үчүн толук эмес орто билим берүүчү интернат, 1991-жылы жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернаты, 1995-жылдан жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектеп-интернаты болуп иш жүргүзүп келүүдө.

Учурда 320 бала тарбияланат. Анын ичинен 30 окуучу тоголок жетим, 89 окуучу жарым жетим, жалгыз бой энелердин балдары 52, социалдык жетимдер 110, майыптардын балдары 13 жана бир майып окуучу, мамлекеттик кызматкерлердин балдары 23, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары 2. Бизде 37 мугалим, 14 тарбиячы эмгектенет. 2012-2013-окуу жылында жатакананын ашканасына 1300 000 миӊ сомго капиталдык евроремонт жүргүзүлдү. 2012-2013-окуу жылында областтык предметтик олимпиадада физика предмети боюнча Мавленова Чынара III орунду, кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча Сүйүнбай кызы Сагина II орунду, биология предмети боюнча Рысбекова  Уулкыз II орунду ээлешти. 2012-2013-окуу жылында жатаканадагы бөлмөлөргө 10 килем, 2 телевизор, 1 диван, 2 чоӊ күзгү сатылып алынды. Ушул эле окуу жылында Бишкек Эркин экономикалык аймагынын генералдык директору Нусувалиев Орозбектин демөөрчүлүк демилгеси менен 250  миӊ сомдой акча каражатына: башталгыч класстардын окуу китептерин, 20 комуз, 2 гитара, 1 аккордеон жардамга берилди.

Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл ремонт иштери эрте жүргүзүлдү. Жылда август айларында мамлекет ремонт иштерине бөлүп берген акча каражаты менен ремонт иштерин жүргүзсөк, быйыл 2012-2013-жылында Бишкек Эркин экономикалык аймагы тарабынан бардыгы 60 миӊ сомго сыр (краска) алынып, мектептеги жана жатаканадагы класстарды, бөлмөлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүп, актап, сырдадык. Мугалим, тарбиячылардын да эмгек өргүүсүнө эрте чыгуусуна жакшы шарт түзүлдү. Натыйжада бардык класстар жана жатаканадагы бөлмөлөр жаӊы окуу жылына окуучуларды кабыл алууга даяр.

Учурда көмөкчү чарбада 60 бодо мал багылып, 24 га жерге фасоль айдалды. Өндүрүлгөн экологиялык таза продукция: эт, сүт, май, каймак, сүзмө, айран, курут окуучуларга берилет жана түшкөн каражат балдардын жашоо-шарттарын жакшыртуу, ошондой эле алардын жетишкендиктерин демилгелеп сыйлоо үчүн пайдаланылат.

 

Шаршенбек Кайбылдаев,

мектеп-интернаттын директору

Поделиться

Комментарии