ЭЛЕТТЕН ЧЫККАН ЗАЛКАРЛАР

  • 06.09.2013
  • 0

Белгилүү мугалим Кыркаяк Момункулованын 90 жылдыгына карата

Быйыл биз кадырман Кыркаяк эжебиздин 90 жылдык мааракесин өткөрүүнүн алдында турабыз. Сүйүктүү эжебиздин жаркын элеси ар дайым эсибизде. Мен эжемен төрт жаш кичүү болсом да эмгек жолубуздун  башталышы бирдей болуп калганы кызык. Себеби биз жердешпиз, экөөбүздүн теӊ туулган жерибиз азыр мелмилдеген касиеттүү Токтогул суу сактагычынын алдында калды. Ал эми ал жерлерди эстесек, ошол жердин кулуну катары өкүнбөй кое албайсыӊ. Суу түбүндө жаратылыштын канча байлыгы калды. Ал эми жаз алды менен өрөөндүн сулуулугун көз алдыбызга азыр келтирүү кыйын. Нарын суусунун оӊ жээги жайык болор эле. Дайранын боюна жаз алды менен кой, эчкилер төлдөп, түп эл жайлоого чыккандай бээ саап, кымыз кылып жыргап жашап келишкен. Жээктен бир аз түндүктү көздөй бастырганда анча бийик эмес кашат бар болгон. Кашаттын асты жагында даӊкы далайга кеткен атактуу уста, Кыркаяк эжемдин чоӊ атасы Кулуке чоӊ ата, өз атасы Момункул аталар жашаган.

Улуу акын Токтогул Кулукенин усталыгын:

“Кулукедей уста бол,

Кыргыз элдин ичинде

Өлбөй турган нуска бол”, – деп баалаган.  Кулуке чоӊ ата менен биздин чоӊ аталар Казат, Ботбай, Казакбай жана башка туугандар  айылдаш. Илгертен бир туугандай болуп жашап келишкен. Төмөнкү айылда дагы залкар табып киши – Турганбай калпа ата жашаган. Бул эки айылдын ортосунда кышында суусу тоӊбогон Кара-Суу деп аталган чоӊ арык болгон эле. Анын жээгинде үчүнчүлүк доордон калган кыша деген өсүмдүк жыш өсчү эле. Айылдар – төмөнкү айыл, үстүӊкү айыл деп бөлүнүшчү. Кашаттын үстүндөгү айылда биздин чоӊ аталарыбыздын мечити болгон экен. Аны Казат чоӊ атабыздын мечити деп айтышчы эле. Биздин Казат чоӊ атабыз жөнүндө да элибиз сыймыктануу менен эскеришет. Жылдардын бир жылында эл арасында чечек оорусу башталганда, Казат атабыз Наманганга барып “прививканы” үйрөнүп келип элди дарылап, чечектен аман сактап калган дешет. Ал эми биздин Балбай, Казакбай деген аталарыбыз элди баскынчылардан сактап турушчу экен. Айтор, карап отурсам биздин чоӊ аталарыбыз чыгармачыл, кайраттуу кишилерден болгон экен.

Ошондой элдин арасында өскөн Кыркаяк эжебиз да жөнөкөй кыз болуп өспөсө керек. Мен Кыркаяк эжемди  Кетмен-Төбөлүк кыздардын арасынан чыккан, “Эмгек кызыл туу” ордендүү Уултай Ботбаева эжебизден кийинки эле залкар педагог деп эсептейм. Ушул жерде биздин Уултай эжебиз жөнүндө бир-эки сөз жазып кетүүнү туура көрүп турам. Себеби кыргыздын айрым сөздөрү бекеринен айтылбайт да, ”эжесин көрүп сиӊди өсөт” дегендин өзү кандай  философия? Туура, 1924-жылы Уултай эжемди 14 жашында, өзүнүн атасы Казакбай (мага чоӊ ата) күйөөгө берем деп жаткан учурда менин атам Фрунзеден Кетмен-Төбөгө Токтогул Сатылгановду алып кетем деп келип калат. Ошол күндөрү Затаевич деген атактуу композитор комузчулардын күүлөрүн жазып алыш үчүн Москвадан келет. Ал кезде менин атам Фрунзеде БК Союз “Кошчунун” жооптуу катчысы экен. Жолдун алыстыгына, татаалдыгына карабай, Кетмен-Төбөдөн Токомду алып келип, күүлөрүн жаздырып калыш үчүн атам өзү жөнөйт. Токомо кошуп Уултай эжемди туугандарынын чыр-чатагына карабай атам Фрунзеге алып келип, педтехникумга окутуп коет. Аны бүткөн соӊ Мугалимдер институтуна өткөрөт. Ал жерде жан дили менен аракеттенип окуп, турмуштун кыйынчылыктарына чыдап, жогорку окуу жайын бүтүп чыгат. Он чакты студенттин ичинен 1936-жылы кыргыздын эки гана кызы бүтүрүптүр.  Булар — Ботбаева Уултай жана Оторбаева Акима. Албетте, бул эки кыздын чыдамкайлык менен ошол мезгилдеги зордук–зомбулуктарды жеӊип, жогорку билим алып чыгышы өзүнчө эле баатырлык десе болот. Чынын айтканда, булар кыргыздын кыздарына билимдүүлүктүн жолун биринчи ачып беришкен. Бул чындык,  муну эч ким тана албайт.

Эми кайрадан Кыркаяк эжеме келели. Бул адамды өзү жап-жаш туруп, кадимки мугалимдин сапаттарына ээ болгонуна таӊ калып да, сыймыктанчу да элем. Көрсө, алдына койгон аруу максатына жетүүдө ал кишинин темирдей эрки чоӊ жардам берсе керек.

Ошентип, Кыркаяк эжем кыргыздын залкар педагогдорунун катарындагы мугалим болгондугун, анын басып өткөн ишмердүүлүк жолу, жеке өзүнүн адамдык сапаты менен педагогдук иш билгилигинин айкалышып тургандыгы кынтыксыз тастыктап турат. Кыркаяк эжем өзү жөнүндөгү эскерүүсүндө: “Кулактын кызы аталып мектепке алынбай калгам.  СССРдин алгачкы Конституциясы кабыл алынып, чоӊ атам толук акталгандан кийин гана окуй баштадым,” – деп жазганына караганда, бакубат балалык күндөрдө жүрүп, толук билим алганда, эжебиз эмгиче анык академик болмок деп ойлойм. Өзүнүн дилгирлиги, аракетчилдиги, тырышчактыгынын аркасы менен алгачкы класстарды аттап, 3-класстан баштап окуй баштаганы жана ошол мезгилдеги социалдык кыйынчылыктарга карабай башталгыч окууну эӊ жакшы деген баалар менен бүтүшү — зор жетишкендик болгон.

Окуу мезгилдери Улуу Ата мекендик согуш жылдарына туш келет. Өлкөбүздөгү бардык мүмкүнчүлүктөр биринчиден, өз өлкөбүздү, Советтер Союзун коргоп калууга жумшалып жатты. Жооптуу кызматчылар, мугалимдер, 18 жаштан жогору карай эркек балдар аскердик мобилизацияга кабылды. Бирок ошондо да өкмөтүбүз мектептерди жаап койгон жок. Келечектен үмүт үзүлбөй илим-билим социалисттик өлкө үчүн канчалык керек экендигин эстеринен чыгарышпады. Армияга кеткен агайлардын ордун толуктоо үчүн райондордогу ички мүмкүнчүлүктөр изделе баштады. Мындай ойлорду иш жүзүнө алгачкы мугалимдер Ыбыш Алимбеков, Осмон Абдыкадыровдор  ишке ашырышты. Мына ошондо Кыркаяк эжемдин жана ошол сыяктуу жаш таланттардын кереги тийди. Ошол учурда өлкөнүн башына түшкөн зор кыйынчылыктарды жаштар, ал эмес мектептеги окуучу балдар да тереӊ сезишип, канчалык жан-дили менен аракеттенип жардам берүүгө умтулгандарын Кыркаяк эжемдин эскерүүлөрүнөн байкаса болот.

“Эл башына катуу мүшкүл түштү. Бир күнү райондон чакыруу кагаз алдым… Барсам мектептерде мугалим жетишпей жатыптыр… Ошондуктан 2-класска мугалим кылып дайындалганымды айтышты. Эл башына түшкөн кыйынчылыкты эми кошо тартуу керектигин түшүндүм. Эч кандай педагогикалык билимим жок туруп, али өзүм да мектеп босогосунан чыкпай туруп мугалимдик асыл кесипке аралашып кеттим. 1941-43-жылдары башталгыч класстарды окутуп жүрдүм. 1944-жылдан баштап 5-7-класстарга биология, арифметика сабагынан сабак бере баштадым. 1946-жылдан баштап 5-7-класстарга математика сабагынан окутууга өттүм” — деп жазган.

Ө

зү болсо 1946-жылы гана орто мектепти бүткөн экен. Орто мектепти бүтүрүү аземи бул райондо биринчи жолу 1946-жылга туура келген. Ошол жылдардан бери Кыркаяк эжем үзгүлтүксүз бир күн да сабакты калтырбай, балдарга билим берүү менен алек болуп келди. Мугалимдик кесип менимче, дүйнөдө эӊ оор кесиптердин бири, аны агартууга берилген, көп жылдар бою балдарды окуткан гана киши сезет. Ошол менен бирге эӊ сыймыктуу кесип. Карыганча эжемдин колунан канча миӊдеген окуучулар билим алып чыгышты, алганда да тереӊ билим алып жатышты. Кыркаяк эжемдин бактысынын эӊ негизгиси, жанында жан жолдошу кыргыздын улуу педагогдорунун бири – элдик мугалим Бримкулов Нургазы агайыбыздын болгону. Менимче, табийгат бул экөөнү бекер кошкон эмес. Экөө издешпей табышкан өмүрлүк жарлар, биринен бири өткөн тубаса педагогдор. Лев Толстой айткандай, бирөөнү тарбиялаш үчүн, өзүӊ тарбиялуу болушуӊ керек дегенди туура түшүнүшкөн инсандар. Булар өздөрү гана тарбиялуу эмес, айланасында жүргөн-тургандарга да, окуткан окуучуларына да тереӊ билимдүүлүктүн, тартиптүүлүктүн, адамгерчиликтин, гумандуулуктун, мекенчилдиктин негиздерин үйрөтүшкөн. Ошону менен бирге окуучуларга интернационалдык духта тарбия беришкен.

Бул эки педагогдун мектепти көздөй шашып бара жаткандарын далай жолу өз көзүм менен көргөм. Себеби мен өзүм да ошол мектепте иштеп жүргөм. Кыркаяк эжемди жакындан тааныйм дегеним, мен дагы эжемдей болуп согуш жылдары өзүм 9-классты бүтүп 10-классты “экстерно” окуп, Сталин мектебинде химик-биолог мугалими жок болгону үчүн, 5-10-класстарга сабак берүүгө мажбур болгом. “Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” деген сөз бар эмеспи. Мен жаштайыман жакшы жамаатта иштеп калдым. Мектепте бизге үлгү болгон Кыркаяк эжемен башка да Турганбү деген эжебиз бар эле. Мугалимдер менен окуучулар ынтымакта болгондугу албетте, мектептин мүдүрүнө байланыштуу болот. Биздин  мектебибиз Сталин атындагы мектеп эле. Окуу кыргыз тилинде жүрчү. Мен билгенден Бримкулов агайдын тушунда бул мектеп мактоодон түшкөн жок. Мында Кыркаяк эжемдин да салымы жок эмес. Чоӊ мектепти башкаруу оӊой эмес, кем-карчы көп, күндөп–түндөп жүрүүгө туура келет. Ал үчүн үйдө “тыл” бекем болуу керек. Кыркаяк эжем ошол тылды бекем ширетип жүрдү. Ошону  менен бирге эже жөнөкөй эле мугалим эмес, эл арасында партиялык тарбия-таалим ишин да жүргүзчү. Ал эми 9 баланы өстүрүү дегендин өзү эле эмне деген түйшүк. Бул чоӊ каармандык. Бирок канча жыл, кандай учурда көрсөм да, эжемдин кабак-кашынын бир бүркөлгөнүн көргөн эмесмин. Бул эмне деген айкөлдүк. Ырыска шерик адамдар гана ушундай болуш керек. Өзү кыйналып турса да, башка адамдын маанайына терс таасири тийип калбасын деп кишиге аяр мамиле жасаганы — бул эӊ жогорку даражадагы адамгерчилик сапат эмеспи. Ал эми Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдары кандай эле?

Менин атам Ботбаев Мамыт 1920-жылы Ташкентке барып, алты айлык мугалимдер курсун аяктап келип, өзү зээндүү киши болгондуктан, Наманган облустук билим берүү бөлүмү тарабынан Кетмен-Төбөгө мугалим кылып жиберишет. Өзү биринчилерден болуп мектептерди ачып, мугалим болуп иштеп калат жана биринчи партия уюмун  уюштура баштайт. 60 кишиден биринчи партячейка түзүлөт. Элдин сабатсыздыгын жоюуга киришет. Жайлоо советтерин  уюштурушат. Эл анда толугу менен эле сабатсыз болгон экен. Кыркаяк эжем төрөлгөн кезде гана (1923-ж.) райондо ончакты мектеп ачылган дешет.  Атамдын айтканына караганда, биринчи мектеп — Ак-Жар мектеби, экинчиси — Торкен, үчүнчүсү — Кашка-Ат, төртүнчүсү — Карл Маркс. Ошентип, алгачкы жылдары Кетмен-Төбөдө 10 мектеп иштеп баштаган экен. Булардан мурда эле сабатсыздыкты жойгон орус-тузем мектеби болгон. Анда 1908-жылы Россиядан көчүрүлүп келинген орустардын жана жергиликтүү  бай-манаптардын балдары окушкан. Ал мектепти Дыйканбай манап салдырган дешет. Ал эми менин атам батрактардан чыкса да зээндүү болуп, 2-классты ошол орус мектептен бүтүргөн. Кетмен-Төбө өрөөнү туш-тушунан кыркалар менен тосулуп, жол каттамы татаал  болсо да ошол мезгилде,  Кеӊеш өкмөтү жаӊы курулуп жаткан кезде эле 1920-жылы партия уюму уюшулуп, 60 киши кабыл алынып, жаӊы мектептер салынып, биринчи мугалимдер иштей башташат. Менин атамды биринчи мугалим десек  болот.  Ошол мезгилде, 1920-жылдары Кетмен-Төбөнүн далай балдарын менин атам  окууга жиберген экен. Кыркаяк эженин жолдошу Бримкулов Нургазы агай да биринчи агартуунун кадрларынан. Педтехникумда окуп жүргөндө (1926-1928-ж.ж.) эле  жайлоодо уюштурулган жайкы сабатсыздыкты жоюу мектептеринде иштей баштайт.

Жаӊыдан Совет өкмөтүн курууда биздин Токтогул районунда да көп убарачылыкты тартышкан экен. Айрыкча, элди басмачылардан коргоо үчүн эр азаматтарыбыз ыктыярдуу отряд түзүп, башчылыкка Ботбаев Мамытты  шайлап, жөө аттанышкан.

Ал кезде ынтымак-ырашкерлик өкүм сүрүп, патриоттор Совет өкмөтү үчүн күчтөрүн  аяган эмес. Алардын ысымдары элдин арасында ар дайым сыймыктануу менен  айтылат. Алар: Ботбаев Мамыт, Аширов Мураталы, Д.Мамбеталиев, Жолоев Тургуналы, К.Кадыров, Чапраштиев Үезбай, Чапраштиев Түмөнбай, Раев Кодуран, О.Сарыбаев, К.Сопуев, Чыналиев Кожомжар, Бабич Артём, Давлетов Султаке ж.б.  (аты айтылбай калган аталардан кечирим сурайбыз). Мына бүгүнкү учурга чейин элибиз далай жолду басып өттү.  Эл-журтубуз менен кошо Кыркаяк эжемдей кыргыздын кыздары да азаттыкты, эркиндикти эӊсеп эмгектенип келишкен.

Ошону менен бирге сүйүктүү эжебиз менен ардактуу Нургазы агайыбыз өз балдарын өстүрүп, тарбия берүү жаатынан да үлгүлүү ата-энелерден болушту. Уулдары: Улан  техника илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Нурлан медицина илимдеринин доктору, илим боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Кыркаяк эжебиз жана Нургазы агайыбыздын асыл сапаттары эч качан эстен чыкпайт. Коломтолору эч качан өчпөсүн. Балдары, неберелери, чөбөрөлөрү аркылуу жакшылык, ийгиликтери улана берсин.

 Мира Ботбаева, профессор, Кыргыз ССРинин Элге билим берүүсүнүн эмгек сиӊирген ишмери,  Кыргыз Республикасынын алдында сиӊирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучусу,   “Ардак белгиси” ордени, “Даӊк” медалы, И.Арабаев атындагы медалдын ээси, “Экобилим” коомунун президенти.

Поделиться

Комментарии