ЭЛЕТТЕ БИЛИМ САПАТЫН КАНТИП КӨТӨРӨБҮЗ же ГАПЫР АГАЙДЫН ТААЛИМИ

  • 14.07.2016
  • 0

Жакында Ош облусунун Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен «Глобалдашуу доорунда айылдык билим берүүнүн сапаты, көйгөйлөр, тажрыйбалар, сунуштар» аталышындагы үч күндүк конференция болуп өттү. Бул жыйынга райондун акими Бекболот Айтиев, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ОГПИнин ректору Бекмырза Зулуев, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов, мектеп деректирлери, тарбиялык иштер боюнча орун басарлары, ата-энелер комитеттери, балдар бакчаларынын башчылары катышты. Окуучулардын акыл эмгегинин маданиятын, ата-энелердин “Энелер мектебин” уюштуруудагы зор тажрыйбасы менен бүтүндөй өлкөгө таанымал новатор, элдик педагог, Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиясынын директору Гапыр Мадаминов агайдын тажрыйбасы да конференцияда зор кызыгууну жаратты.

Бир максатка умтулалы

 “Конференциянын максаты – райондогу билим берүү мекемелериндеги атаандаштыкты күчөтүү, билим жана тарбия процессин жаӊы багытка буруу, ата-энелерди, коомчулукту тарбиялоо процессине тартуу, — деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар МАМАТАЛИЕВ конференцияны ачып жатып. — Азыркы доордо билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мугалим, окуучу, ата-эне, коомчулук бири-бири менен өз ара тыгыз аракетке өтүп, ортодогу ажырымды улам барган сайын жоюп, бир максатка умтулуу керек”.

Ал эми Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек ИСАКОВ: “Атаандаштыкка туруштук бере ала турган үлгүлүү мектеп уюштуруу керек. Окуучунун билим сапатына ЖОЖдор, мугалимдин сапатын мектеп, коомчулук нараазы болуп отургандан көрө максаттуу келечекти чогуу ойлонуп, ар ким өз абийири менен иштесин. Үлгүлүү мектеп уюштурулса, ал жерде билим алган окуучуларды, билим берген мугалимдерди көрүп башка мектептер өрнөк алат. Мындай мектепти уюштурууда анын негизги миссияларын так аныктап, келечекке багыттуу, мамлекеттик идеологиянын негизинде иш жүргүзүү зарыл. Бул үчүн, албетте, мыкты кадрларды даярдоо керек”.

 Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек КИМСАНОВ билим берүүнүн сапатын баалоонун негизги көрсөткүчү болуп эсептелген предметтик олимпиадага 1000 деген окуучу катышып, анын арасынан болгону 30 гана окуучу тандалып, калгандарына колдоо болбой жаткандыгын айтты. ”Ош шаарында предметтик олимпиаданын шаардык этабын толугу менен электрондук каражаттарды колдонуу менен өткөрүүнү колго алдык. Биздин бул тажрыйба көрсөткөндөй, окуучунун билим деӊгээлин аныктоодо электрондук олимпиадада калыстын да, кошоматчы, ортомчунун да кереги жок. Мыктыларды компьютер өзү аныктайт. Окуучу өзү менен өзү таймашат. Мына ушул чыныгы олимпиада болушу керек”, — деди ал.

Чыныгы мугалим ким?

 Мындан бир топ жыл илгери канчалаган түйшүк менен эксперименталдык гимназияны уюштуруп, бүгүнкү күндө да анын ысык-суугуна чыдап, опол тоодой жүктү жонунан түшүрбөй, жооптуу да, түйшүктүү да, ардактуу да мугалимдик-устаттык кесипти, гимназиянын жетекчилик милдетин татыктуу аркалап келе жаткан Гапыр МАДАМИНОВ агайыбыз жөнүндө, анын устаттык өнөрү, педагогикалык, илимий-иликтөөчүлүк ишмердиги тууралуу жылуу пикирлер айтылып келет. Коомчулук Гапыр агайга «Эл мугалими», «Элеттик илимпоз», «Лейлектин Герродоту», «Биздин Макаренко», «Кыргыздын Сухомлинскийи» деген наамдарды эчак эле ыйгарган. «Мен профессор да, академик да эмесмин. Болгону ортодон төмөнүрөөк турган жөнөкөй мугалиммин», — деп айтканына бир чети таӊ калсаӊ, бир чети опол тоодой иштерди аткарганына манчыркабай, сөөлөт күтпөй, өзү айткандай, жөнөкөй гана жүргөнүнө ыраазы болосуӊ. Улуу адамдар ар убак жөнөкөй болушат эмеспи. Ошондой улуу инсан билим, тарбия берүүдөгү маселелердин себептери, чечүү жолдору боюнча өз тажрыйбасынан ой бөлүштү:

— “Бала окутканды окутуучу дейбиз, бирок алардын баары эле устат деген улуу наамды алууга акысы жок», – деген немец элинин улуу акыны Гете. «Баланы тарбиялап адам кылып чыгарууда устаттын парз-милдети ары эбегейсиз зор, ары татаал. Чыныгы устат кандай шартта болсо да келечектин ээси боло турган инсанды тарбиялайм деген улуу максаттан тайбайт. Ал ушул ыйык нерсеге бүт жан-дили менен умтулса гана, өз кесибине ыйманы таза болсо гана, Ата Журт менен эл алдындагы озуйпасын аткарган болот», – деп профессор Б.Алымов айтканын да эстей жүрөлү. Билим жана тарбия берүүдөгү эӊ негизги көйгөйлөрдүн бири – бул мугалим өз милдетин, мугалимдик кесиптин ыйыктыгын, түбөлүктүгүн, жоопкерчилигин так ажыратып биле албагандыгында. Ошондуктан биз көбүнчө татыктуу устат боло албай жатабыз, мугалимдин так максаты жок болууда.

Билим жана тарбиянын көйгөйүн чечүүнүн башкы багыты билим сапатын жогорулатууда. Азыр бир канат менен учуп бара жаткан шумкар сыяктуубуз. Шумкардын экинчи канатын ишке салуу үчүн ата-энелерди мектеп турмушуна тартуубуз зарыл.

Мен төрт жогорку окуу жайдан билим алып калдым. Бирок эӊ жогорку билимди мага шахтер болуп иштеген атам Маматкулдан алган экенмин. Мен так ошондо ата-эненин тарбияга жана билим алууга салымы канчалык зор экендигине түшүндүм.

Билим-тарбия берүүдө көйгөйлөрдү чечүүдөгү бирден бир жолу – мугалим сабакка абдан жоопкерчиликтүү даярданышы керек. Анткени тер менен түзүлбөгөн мугалимдин күндөлүк планы максатка жеткирбейт. Мугалимдик кесипке намазга жасагандай мамиле жасабаса ал жыйынтык бербейт.

Мектепте билим, тарбиянын сапатын жогорулатуу үчүн эффективдүү башкара билүү керек. Башкаруу үчүн алгач мектеп жетекчиси өзүүлгү болушу зарыл. Мыкты директор, окуу бөлүм башчы, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары ким дейсизби. Ал жумушка баарынан мурун келип, баарынан кийин кетет. Колунан педагогикалык, адабий журнал, китеп түшпөйт. Качан көрсөӊ ал окуп отурган болот. Өзү ачык сабактарды биринчилерден болуп өтөт, анын жыл сайын өзүнүн тармагында ийгилиги болот. Ал кол алдындагы ар бир кызматкеринин, кесиптешинин ички ой толгоолорун көзүнөн окуй алган, окуучусун өзүнүн келечегин көрүп тургандай элестеткен инсан болот. Мына ошондо ким гана болбосун мындай инсандын алдында кызмат кылгандыгына, аны менен бирге замандаш болгондугуна ыраазы болуп жашайт. Мына ушундай сапаттарга ээ болгон инсанды мектепти эффективдүү башкаруучу десе болот.

Үй-бүлө жана мектеп эриш-аркак иштесин

Үй-бүлөнүн тарбия жана билим сапатын жакшыртуудагы ролу эӊ жогору экендигин эске алып, Гапыр агай «Энелер мектеби» окуусунун автордук программасын, ал боюнча «Ата-энелер, сиздер үчүн» методикалык колдонмосун түзүп чыккан. «Энелер мектебин» уюштуруп, жогоруда аталган программанын негизинде энелерге жыл сайын атайын лекция, практикалык сабактарды өтүп турат. Жеке өзүнүн демилгеси менен Баткен облусундагы №3 эксперименталдык гимназиясында бүгүнкү күнгө дейре 400дөн ашуун эне аталган курстан билим алган. Агай ошондой эле балдары мыкты окуган, жүрүм-туруму үлгүлүү деп табылган үй-бүлөнүн иш тажрыйбасы менен таанышып, алардын жакшы жактарын башкаларга жайылтуу максатында «Мыкты үй-бүлө», «Мыкты эне», окуучулар үчүн «Эӊ мыкты сабак даярдоочу бөлмө», «Эӊ көп билген окурман» автордук сынактарынын да жобосун жазып, жыл сайын өткөрүүнү колго алуу зарыл экендигин билдирди.

Конференциянын урунттуу темаларынын бири окуучуларды предметтик олимпиадасына жана Жалпы республикалык тестке даярдануунун эффективдүү жолдоруна байланышкан эле. Бул талкууда да Гапыр Мадаминовдун тажрыйбасын катышуучулар абдан кызыгып угушту.

Мектепте «Инсан таануу» автордук сабагы өткөрүлүшү зарыл. Анда адам өмүрү, жасаган иштери элге өрнөк болгон карапайым дыйкандан тартып, Мухаммед пайгамбарыбыз, Авраам Линкольн, Конфуций, Исхак Раззаков сыяктуу улуу инсандардын эмгектери, асыл сапаттары үйрөнөт. Бул сабак – нагыз турмуштун сабагы деп айтар элем. Бала өз идеалын табуусу керек, ошол аркылуу анда умтулуу, кызыгуу, аракет жанданат жана инсандыгы калыптанат эмеспи.

Лейлектеги №3 гимназиянын бардык ийгиликтеринин башкы себеби дал ушул АЭМ (Акыл эмгегинин маданияты) сабагынын өтүлүшүнө байланыштуу. Муну гимназисттердин ар бири баса белгилейт. АЭМде ”Окуунун түрлөрү“, “Ойлоо”, “Өз ишмердүүлүнүн уюштуруу”, “Өзүн-өзү тарбиялоо”, ”Оӊой, тез, бекем жаттоо”, “Окуп, укканда негизин бөлүп алуу”, ”Тез, түшүнүктүү конспект жазуунун сырлары”, “Убакытты рационалдуу пайдалануу” ж.б. окуучунун оӊой, бекем, тез билим алуусу үчүн жардам, багыт берет. Демек, билим алуунун алтын ачкычы – акыл эмгегинин маданияты.

Ошондой эле жергиликтүү материалдарды пайдалануу аркылуу сабак өтүү окуучулардын мыкты билим алуусуна өбөлгө болоруна Гапыр агай көӊүл бурду. “Гимназияда олимпиадага, жалпы республикалык тестке даярдануунун атайын программасы жана ыкмалары бар. Мына ушулардын негизинде гимназия окуучулары олимпиадаларда байгелүү орундарга, ал эми ЖРТда эӊ жогорку упайларга жетишүүдө, — деди Г. Мадаминов. — Олимпиада жеӊүүчүсүн мугалим таптайт. Бул ишти түрмөк түрүндө уюштуруу керек. Педагогикада баланы башка бирөө менен салыштыруу этикага жатпайт. Жеӊүүчү болуу үчүн бала ар бир тапкан ачылышына, мейли ал чакан болсо дагы сүйүнүп, өзүнө мотивация берип, дем берип турса, бул олимпиада катышуучусун психологиялык жактан даярдоо болот. Олимпиаданын катышуучулары төрт деӊгээлдеги: жөнөкөй, орточо, татаал жана өтө татаал тапшырмаларды аткарууну адат кылуу менен тутумдуу түрдө сөздүктөрдү жаттоону колго алышы зарыл”.

Конференцияга катышуучулары устаттын ар бир баалуу кеӊешин кол чабуулар менен коштоп турушту. Мугалимдик кесипке болгон сүйүү сезиминин учкундары тутанып баштагандыгы жаш педагогдордун жана чыгармачыл агай-эжейлердин көз караштарынан байкалып турду.

“Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу аркылуу билим  тарбия сапатына жетишүүнүн эӊ негизги элементи – бул өз ара сабакка катышууну жандандыруу менен системалуу пайдалануу жана устат-шакирт алакасын түзүү. Муну бир топ тажрыйбалар далилдеди. Жаш мугалим өз предметин 1-11-класска чейин толугу менен казып чыгышы керек. Ал жөн гана сабак өтпөстөн, адал иштеши зарыл”, — деди устат.

Жаш мугалимдин педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу, өз алдынча билимин өркүндөтүүгө шыктандыруу, мектеп, аймак, район деӊгээлинде жаш педагогдордун бирикмелерин түзүп, алардын педагогикалык көйгөйлөрүн чечүүгө, педагогикалык кесиптин сырларын үйрөнүү, билим тажрыйба чеберчилигин өстүрүү, айылдык, аймактык, элдик, дүйнөлүк педагогикалык идея, тажрыйбаны үйрөнүү, устат, чыгармачыл насаатчы мугалимдер менен байланыш орнотуу, педагогикалык кесиптин принциптерин, артыкчылыктарын, жоопкерчиликтерин, жарандык жана кесиптик укуктарын, милдеттерин түшүнүп билүүсүнө түрткү берүү, жогорку окуу жайлары, чыгармачыл, насаатчы мугалимдер менен бирге инсандын, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сапаттуу билим жана тарбия берүүгө жетише алган компетенттүү мугалимди даярдоо максатында коомдук “Жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу мектебин” ачуу сунушу айтылды жана ал конференциянын катышуучулары тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

З. Мамасадыков,

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы

Поделиться

Комментарии