Элет жергесиндеги мектептин ийгиликтери

  • 01.07.2013
  • 0

Биздин мектеп —  Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун  Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы мектеп. Келечек муундарды окутуп, тарбиялоонун бардык тармактары боюнча райондо алдыӊкы мектептердин катарында турат.

Элет жергесиндеги  мектептин ийгиликтери

Мурунку окуу жылдарында мектептин материалдык базасынын начардыгы, ремонттун сапатсыз өткөрүлгөндүгү боюнча эчен жолу сын пикирлер айтылып келген.

2010-2011-окуу жылында мектептин администрациясы толугу менен алмаштырылган. Жогорудагы  кемчиликтер акыркы эки окуу жылында толугу менен четтетилди. Класс–кабинеттердин бардыгынын линолиумдары жаӊыртылып (бул иштерде ар бир класстын ата-энелери да өз жардамдарын көрсөтүштү), залдар түрдүү  тематикада кайра жаӊыртылып жасалгаланып чыкты. Ремонттон сапаттуу өткөрүлдү. Мугалимдердин, окуучулардын иштөөсүнө ыӊгайлуу шарттар түзүлүп, ашкана, усулдук кабинет, спорт зал, китепкана, эс алуу бөлмөлөрү кайрадан жасалгаланып, толукталды. Окутуу–тарбиялоо  иштери да талапка ылайык жүргүзүлүп жатат.

2011-2012-жылдарда мектептин администрациясы: мектептин директору Тогузаков Канатбек Баратбаевич, окуу бөлүмүнүн башчысы  Жамакеева Алмагүл, уюштуруучу Намастаев Иляз, соц-педагог Орунтаев Канат  толугу менен Областтык билим берүү институтунан  «Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында өз билимдерин жогорулатып келишкен.

Курстан кайтып келээри менен ар бири мугалимдер үчүн бир нече тренингдерди өтүшүп, конкреттүү иштерди пландаштырып, бардык тармактар боюнча үзүрлүү иш алып бара башташты.

Натыйжа жаман болгон жок. Алгачкы ийгиликтер жарала баштады. Жалпы жамаат жаӊы күч, ар бири чыгармачылык менен иштөөгө аракет кыла башташты. Бирикмелердин иши жакшы жолго коюлду. Бирикмедеги мугалимдер бири-бирине көмөктөшүп иштей баштады. Бизде «Насаатчылар кеӊешинин»  иши абдан жакшы жолго коюлду. Бул ишти башка мектептер да үлгү катары кабыл алышып, бизге келип кеӊештерди алып кетишет. Биздин мектеп Жети-Өгүз районундагы батыш зонадагы кусталык иштердин борбору болуп да эсептелет.

2006-2008-окуу жылдарында    «Айылдык билим берүү» долбоорунун алкагында биздин мектеп жакшы ийгиликтерге жетишкен. Анда мугалимдердин 80% аттестациялоодон ийгиликтүү  өтүшүп, мектептин ошол кездеги окуу бөлүмүнүн башчысы Курманалиева Жыпар «Лидер –завуч», мугалимдерден Баялиева Соня менен Тогузаков Канатбек «Устат- мугалим», калгандары ийгиликтерге жетишкен. 2009–жылы мектеп да аттестациялоодон ийгиликтүү өтүп, 2000 долларын утуп алган.

Калыптандыруучу баалоону биздин мектептин жамааты ийгиликтүү улантып  келет. Бизде ар бир сабакта окуучунун эмгегин түрдүү индикаторлор, баалоо баракчалары менен системалуу баалоону  ар  бир мугалим колдонот.

Калыптандыруучу баалоодо топтолгон тажрыйба «Сапаттуу билим» долбоорунун талаптарын ишке ашырууга жакшы жардам болду. Себеби биздин жамаат инновациялык технология менен иштөөгө мурда эле калыптанышкан.

«Сапаттуу билим» долбоорунун талаптарына ылайык  сабактын максатын окуучунун позициясынан коюу жана башка инновациялык усулдар, идеялар менен өткөрүлгөн кусталык иш–чара адегенде,  батыш зонанын  мектептери үчүн өтүлүп, аларга тарбиялык саат, сабактар, класстан тышкаркы иш-чаралардан  башка «Сапаттуу билим» долбоорунун  талаптары, усулдары боюнча семинар–тренинг өткөрүлдү.

2012-2013-окуу жылында  да бул иштер улантылып, окутуп- тарбиялоону жакшыртуу планы (ОТЖП)  да мектеп командасы тарабынан жакшылап анализделип, конкреттүү, мерчемдүү болуп иштелип чыгып, ошол боюнча иштер аткарылып жатат. 2013–жыл президентибиз тарабынан «Иштерман жылы» деп жарыяланбадыбы. Бул боюнча мектепте атайын план иштелип чыгып, иш-чаралар белгиленди. Анын алкагында бир нече кароо–сынактар өткөрүлдү. мисалы: «Мыкты класс», «Мыкты окуучу» (1-4-класстар, 5-8- класстар, 9-11-класстар үчүн өз-өзүнчө). «Жылдын мыкты мугалими»  «Мыкты усулдук  бирикме», «Мыкты насаатчы», «Мыкты жаш адис» ж.б. Айрыкча «Мыкты бирикме» кароо-сынагы  кызыктуу, таасирлүү өттү.

Андан кийин 3-апрелде Ысык-Көл областы боюнча 5 район жана  3 шаардан келген мектеп директорлорунун катышуусу менен областтык директорлордун семинары абдан жогорку деӊгээлде өткөндүгүн семинардын катышуучулары белгилеп өтүштү.

Олимпиаданын жыйынтыгы менен райондо үч биринчи орун жана сегиз  2-3-орундар, областтык олимпиадада  бир 3-орун болду.

«Жыл мугалими 2013» райондук кароо сынагында биздин жаш адис Королуева Гүлзат да байгелүү 3-орунду жеӊип алды.

Ошентип, жылдын жыйынтыгы менен райондо  өткөн «Жылдын мыкты мектеби» кароо сынагында биринчи орунду алып, областтык кароо сынакка  катыштык. Ал жерде да чоӊ таймашуудан өтүп, Ысык-Көл областы боюнча биринчи орунду ээлеп, «Жылдын мыкты айылдык мектеби»   деген наамды жеӊип алып, эми республикалык  кароо сынакка катышууга укук алдык. Бул бизди мындан да жакшы изденип иштөөгө милдеттендирет. Ушул тапта  республикалык кароо-сынакка кызуу даярдыктар жүрүп жатат.

К.Тогузаков,

мектептин директору, Эл агартуунун отличниги

Поделиться

Комментарии