ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

  • 01.07.2013
  • 0

Чүй районундагы Кегети айылы академик, окумуштуу, илимий даражалуу инсандарга бай. Бул өзгөчө феномендүү чөлкөмдөн жыйырмадан ашык илимдин доктору, жүзгө жакын илимдин кандидаттары, ондогон мамлекеттик жана саясий ишмерлер чыккан. Кыргызстандын Эл мугалиминен эле экөө ушул айылдан. Алардын бири – Чүй университетинин негиздөөчүсү, президенти, академик Султан Мамбеткалиевдин  демилгеси менен өткөн жумада ушул айылдын кулуну, кыргыздын мекенчил мыкты уулдарынын бири Алмазбек Мамбетказиевге тургузулган айкелдин расмий ачылышы болуп өттү. Ал ушул Кегетиден чыккан чыгаан уул-кыздарынын урматына ачылган “Даӊк аллеясындагы“ Энелерге арналган эстеликтин жанындагы алгачкы айкел болуп калды.

ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРЕТ

КРнын Ардактуу медицина кызматкери, КР Эмгек сиӊирген дарыгери, Россия Федерациясынын Коопсуздук, коргонуу жана тартип академиясынын академиги, РФнын Пирогов атындагы сыйлыгынын ээси, КР стоматология ассоциациясынын вице-президенти болуп иштеген Алмазбек Мамбетказиев өзүнүн аз, бирок саз жашаган өмүрүндө эл оозуна арзырлык эмгек өтөп кетти. Кыргыз деп күйүп жанган, патриоттук бийик сезимдерге толгон Алмазбек Токтобекович өзү мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

Расмий ачылышта сөз сүйлөгөн Султан Мамбеткалиев өз сөзүндө улуу залкар Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген сөзүн эске алуу менен арбак ыраазы болбой, тирүүлөрдүн иши алдыга жылышы кыйын экенин, андыктан өмүрү кийинки муунга өрнөк болоор мыктылардын эмгегин татыктуу баалоодо ушундай эстеликтердин ролу зор экендигин айтып өттү.

— Алмазбектин Кегети айылы үчүн, деги эле кыргыз эли үчүн өтөгөн эмгеги чоӊ. Ал медицина тармагында эле эмес, коомдук иштерге да активдүү аралашып, эки жолу шаардык кеӊешке депутат болуп шайланган, эл үчүн кызмат өтөсөм деген адам эле. Кегети айылындагы Энелер паркына келечекте Алмазбек сыяктуу элинин мыкты уул-кыздарына айкел тургузуу максатыбыз бар. Мына бул Энелерге арналган эстеликти көргөндө дайыма көз алдыма таӊкы үрүл-бараӊдан, күүгүмдөгү көз байланганга чейин мээнеттен колу бошобогон энелердин элестери тартылат. Алар сыртта колхоздун жумушу деп жанын карч урса, үйдөгү бүлөнүн түмөн түйшүгүн артынып бел чечпей эмгек өтөшкөн, ошол эмгектерине таазим катары ушул ой жаралды эле. Максатым – кийинки жаштар айыл тарыхын, анын даӊктуу атуулдарын билип жүрүшсө деген ой-тилек. Улууну урматтоону, кичүүнү ызааттоону ушул сындуу даректүү иш-аракеттерибиз аркылуу жаш муундарга жеткире алсак, бизге окшогон агартуучулардын ак эмгегинин акыбети кайтканы ошол эмеспи. Мугалим үчүн агай, эжей деген ат улук. Ата-эне үчүн алар өстүргөн балдарынын аздыр-көптүр эмгегин эли баалап, ардактап турса мындан өткөн сый барбы. Алмазбектин ата-энеси да эл кадырлаган ардактуу агартуучулар. Ал кичи мекени – Кегети дегенде ичкен ашын жерге койгон патриоттук сезими бийик жигит эле. Ошондон улам ал ата-энесинин ак эмгегин актады деп ойлойм. Ал үчүн энеси, бир туугандары, жердештери сыймыктанышса болот, — деди.

Алмазбек Мамбетказиевдин жолдошторунун атынан сүйлөгөн Муканбай Курманкожоев анын жолдошчулукка бекем, адамгерчилиги жогору адам эле деп, эскерип өттү. – Биз Алмаздын тиш догдур экендигине карабай, кимдин кайсы жери ооруса эле бара берчүбүз. Бирөөнө да жок дебей, колунан келген жардамын аячу эмес. Качан кайрылбайлы билгенин айтып, билбесе сураштырып, издеп таап, бизге жеткирчү. Өзү шаарда чоӊойсо да, кыргыздын нукура каада-салттарын үйрөнүп-билүүгө тырышаар эле. Ушул жагынан башкаларга өрнөк болчу. Дагы жашаса эли үчүн дагы көп иштерди аткармак. Алмазбектин эли-жери үчүн өтөгөн эмгеги унутулбай, эстелик куруп, ушинтип эскерип жатышкан жердештерине рахмат, — деди.

Алмазбек Мамбетказиевдин апасы Анипа Ахмедова жолдошу Токтобек агай экөө беш бала тарбиялап эрезеге жеткиришти. Экөө теӊ агартуу тармагынын өкүлдөрү. Анипа эже Бишкектеги №1 мектеп-интернатта кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп көп жыл үзүрлүү иштеген. Ата-эне жолун жолдогон кыздары учурда жогорку окуу жайларда эмгек өтөшүүдө.

— Эне үчүн баласын жоготуу кандай кайгы, муну пендем десе кудайым эч кимге бербесин. Мени соороткону — анын артында калган туяктары, анан дагы минтип анын аздыр-көптүр эмгегин баалап эстелик тургузуп жатышканы. Ушуга каниет, айланайындар. Султанга рахмат, өзүбүз көрүп турабыз, ал  башкаларга өрнөк көрсөтүп, ушул Кегетиден чыккан чыгаан инсандардын эмгеги унутулуп калбасын деп бир топ иш-аракеттерди жасап келатат.  Султан аткарып жаткан иштери башкаларга үлгү болсун, — деди эне чогулгандарга кайрылып.

Султан Мамбеткалиевдин демилгеси жана колдоосу менен буга чейин кыргыз журналистикасынын негиздөөчүлөрүн бири, өзүнүн устаты Мукай Сасыкуловго, белгилүү жазуучу Насирдин Байтемировго, ХХ кылымдын белгилүү спортсмени Тобокел Мамыровго ж.б. баш-аягы болуп 6-7 адамга эстеликтер тургузулган. Мындай демилге айылдан чыгып ааламга аттанышып, кыргыз тарых барактарында кол тамга калтырышкан атак-даӊктуу инсандардын эмгектерин эл эсинде сактоого чоӊ салым кошоор талашсыз.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”   

Поделиться

Комментарии