Э.САРИЕВА ЖОЖДОРДУН КАБЫЛ АЛУУ ИШИН ТЕКШЕРДИ

  • 15.07.2015
  • 0

 

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева 15-июлдаКыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Кыргыз-Орус Славян университетиндеги кабыл алуу өнөктүгүнүн 2-турунун жүрүшүн текшерди.

Текшерүүдө министр кабыл алуу комиссиясынын ишмердүүлүгүн, абитуриенттердин билдирүүлөрүнүн агымын, жалпы республикалык тесттин талондорунун жыйналышын, автоматташтырылган электрондук саноо боюнча маалыматты текшерди. Э.Сариева абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, жаштардын кесип тандоодогу мүмкүнчүлүктөрү  жана алар дуушар болуп жаткан көйгөйлүү маселелер тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуунун ачык-айкындыгын камсыздоо максатында Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен ар бир окуу жайда бир эле учурда ЖРТнын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуулар иштеп, ар бир адистик боюнча маалыматтар ачык-айкын чыгарылууда.

  Ч.Кийизбаева, “Кутбилим”

 

Поделиться

Комментарии