ДИСТАНТТЫК ОКУТУУ: ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА ТОСКООЛДУКТАР

  • 15.04.2020
  • 0

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерди аралыктан окутуу иштери жөнгө салынды. Студенттер алыскы аймакта жашагандыгына карабастан, билим берүү программаларын инновациялык, педагогикалык жана маалымат технологияларын окуу процессинде колдонуу менен өздөштүрүп жатышат.

Окуу процессиндеги студент менен окутуучунун өз ара байланышы электрондук почта, WhatsApp, телефон аркылуу ишке ашып жатат. Компьютер менен иштөө көндүмдөрү бар жана интернет тармактарына эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон студенттер ZOOM программасы менен да байланышууда. Окуу жайдын окуу процесси үзгүлтүккө учурабай өз убагында сабактын жүгүртмөсүнө ылайык окутуучулар тарабынан презентациялар, аудио үн жазуу менен, видеосабактар аркылуу окуу процесси өтүлүп жатат. Колледждин директору, техника илимдеринин доктору, профессор Жыргалбек Сабырбекович Шаршембиев тарабынан мугалимдерди шыктандыруу максатында “Эң мыкты аралыкта өткөрүлгөн сабак” аттуу конкурс жарыялагандан бери, окутуучулар биринен бири өтүп, өз жөндөмдөрүнө, чыгармачылыктарына жараша күндөн-күнгө аралыктан окутуунун эң мыкты усулдарын өздөштүрүп, видеосабактарды түзүп, натыйжалуу иштерди аткарышууда.

Бирок ушуну менен катар эле бир топ кыйынчылыктар да бар. Кээ бир аймактарда интернеттин тартпагандыгы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө компьютер эмес тыңгылыктуу телефондун да жок болгондугуна байланыштуу студенттин билим алуусуна тоскоолдук түзүлүп жатканын айтпай коюуга болбойт. Мына ушундай көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекет тарабынан кандайдыр бир иш жүргүзүлсө жакшы болоор эле.

Ушундай оор шартта билим берүү системасын үзгүлтүккө учуратпай, келечектеги муундарды тарбиялоого өз салымдарын кошуп, үзүрлүү эмгектенип жатышкан биздин билим берүү кызматкерлерине ден соолук, иштерине ийгилик каалоо менен бирге эртерээк түзүлгөн абалды сабырдуулук менен жеңип чыгышыбызды тилейм.

Адила Рысалиева, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин ТИ жана МТӨ боюнча директордун орун басары

Поделиться

Комментарии