ДИСТАНЦИОННОЕ ОБУЧЕНИЕ УЧИТ ДЕТЕЙ К САМОСТОЯТЕЛЬНОСТИ И ОТВЕТСТВЕННОСТИ

  • 27.04.2020
  • 0
ДИСТАНЦИОННОЕ ОБУЧЕНИЕ УЧИТ ДЕТЕЙ К САМОСТОЯТЕЛЬНОСТИ И ОТВЕТСТВЕННОСТИ

Карантин в связи с пандемией заставил всех нас корректировать занятия в студиях «Балажана». Но мы не растерялись, перешли на «дистанционку». За два-три дня до объявления чрезвычайной ситуации в Бишкеке, юные чтецы закончили съёмки на канале «Баластан» КТРК, посвященные басням великих: И.Крылова, Р.Шукурбекова, Ж. Мамытова.

В первую очередь, идет активная подготовка к празднованию 75 годовщины Великой Победы над фашизмом. Праздничные мероприятия перенесены на более поздний срок, но сам праздник никто не отменял. Ребята разучивают стихи и отрывки из прозаических произведений и по скайпу, и в телеграмм канале рассказывают. Руководитель Шааркан Токтогуловна редактирует, помогает поставить дикцию, интонацию. Одним словом, идет занятие.

По скайпу и WhatsApp педагог показывает, как правильно поставить дыхание, артикуляцию, театральную дикцию. По телефону ребята связываются с педагогом, между собой обсуждают темы занятий, высказывают свое мнение. Такая форма обучения, на мой взгляд, тоже имеет место быть, потому что учит ребят к самостоятельности и ответственности.

Ко Дню Великой Победы студийцы во главе с руководителем, отличником образования и культуры Шааркан Иманалиевой готовят целую передачу, посвящённую подвигам дедов и прадедов, и планируют показать ее на всех возможных каналах социальных сетей: Фейсбуке, Инстаграмме, в контакте, твиттере, телеграмм канале.

Ийримдин жетекчисине ата-энелердин ыраазычылыгы

Исаева Аяна, Имангазиев Азаматтардын ата-энелери:

Урматтуу Шааркан Токтогуловна!

Мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсүнө, өзгөчө, билим берүү маданият тармагында натыйжалуу иш-аракеттерди жүргүзүп, келечек муундардын чыгармачылык дараметин жогорулатууга кошкон зор салымыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздин талбас, таалыкпас мээнетиңиздин негизинде жигердүү, курч идеяларыңыз менен бирдикте окуучуларыңызды алга сүрөп, элибиздин жана дүйнө жүзүнүн маданиятын таанытып, аны даңазалоо менен өнүктүрүүдө “Устат” катарында жаш муундарга (балдарыбызга) эбегейсиз эмгек жасап келесиз.

Азыркы өлкөбүздөгү өзгөчө оор, кыйын кырдаалда да мамлекетибизге карантин жарыяланганына карабастан, балдарыбызга убактыңызды бөлүп, “окууларды үзгүлтүккө учурабасын” деп, онлайн (дистанттык) сабагын өтүп келатасыз. Сиздин ар бир тапшырмаңызды туура жана так аткарганга аракет кылууда, себеби Сиз аларды өз алдынчалыкка да үйрөткөнсүз.

Сиз жетектеген “Балажан” республикалык окуу борборунун “Сахналык кеп” (“Сценическая речь) ийрими мындан ары жасаган иш-аракеттериңизге ийгилик, үй-бүлөңүзгө жана өзүңүзгө бакубат жашоо, бакыт, таалай жана бекем ден соолук каалоо менен калкыбыздын керегине жараган мыкты уул-кыздарды тарбиялап өстүрө беришиңизге тилектешбиз.

Илгиздин ата-энеси:

Шааркан Токтогуловна сиз биздин уулубуздун таалим-тарбиясына берген зор салымыңызга чоң ыраазычылык билдиргибиз келет. Сиздин ийримиңизге келгенден бери үзүрлүү эмгегиңиздин артынан уулубуз башка адамга айланды, көптөгөн жакшы сапаттарга ээ болуп, мектептеги сабактардан дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууда. Сиздин ар бир сөзүңүздү Илгиз сүйүнүү менен угат. Өлкөбүздөгү Өзгөчө кырдаалда Сиздин сабактарыңыз бизге дем-күч берип жатат. Ата-эне катары биз сизге өтө ыраазыбыз. Сизге кааларыбыз бекем ден соолук, байгерчилик, бакыт-таалай, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

Поделиться

Комментарии