ДАЯРДОО КЛАССТАРЫ ДИСТАНТТЫК ОКУУГА ӨТӨТ

  • 02.04.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин 2019-2020-окуу жылында балдарды мектепке даярдоо жана мектепке чейинки билим берүү программасын аткаруу жөнүндөгү 2020-жылдагы буйрукту аткаруу максатында балдарга дистанттык билим берүү технологияларын (маалыматтык телекоммуникациялык) колдонуу менен ишке ашырууну бала бакча тарбиячылары, даярдоо классынын мугалимдери өз ара аракет кылышууда.

Кочкордогу Ак-Чий орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбековдун берген маалыматына таянсак, «Наристе» 480 сааттык программасын ишке ашыруу максатында программага ылайык келген видеослайддар мугалимдер тарабынан жасалууда. Жасалган видеослайддарды балдардын ата-энелери балдары менен бирге көрүп балдарына аткартып, кайра жооп иретинде WhatsApp аркылуу видео кылып көргөзүп беришүүдө.

— Кочкор районунун мектептеринде «Наристе» 480 сааттык программасынын негизинде түзүлгөн даярдоо классынын мугалимдери Бекбосун кызы Нагима, Бейшенкулова Жазгүл, Жамангулова Асель, Асанбаева Эркин, Калыйева Нуржамал, Алиева Анара, Жумакаева Нуржамал өзүлөрү жасаган видеослайддарды өз ара талкуулап тажрыйба алмашып аракеттенишүүдө. Учурдун талаптарына ылайык даярдоо класстары да дистанттык окууга даярданышууда, — дейт кесиптештеринин иштери тууралуу мектеп директору.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии