ЧЫНЫГЫ МУГАЛИМДИН ЧЫНДЫГЫ: ойлор, пикирлер, сунуштар

  • 27.10.2016
  • 0

Майрам  БАЙБОСОВА,    №88  орто  мектебинин мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, Бишкек шаары:

— Биз  окуткан  балдар билимдүү болсо, коом да   ошончолук  бекем болот. «Дарак  жемиши, адам иши менен нарктуу» дегендей, мугалим – өнөр   ээси, тарбиячы ата-эне,   чыгармачыл  адам жана   окуучунун  ой  жүгүртүүсүн жандантып, окууга болгон умтулуусун ойготуп, аны келечекте жакшы  адам  болуп калыптанышына күзгү болуп туруш керек. Окуучунун  «саламатсызбы?»   деп учурашканы мугалимдин жан дүйнөсүн нурлантат. Албетте, жугумдуу билим бериш үчүн бекем эрк, предметин мыкты билген, билимдүү, ой чабыты кенен болсо окуучулары жашоого, турмушка туура тарбияланат. Билим  сапатынын  ачкычы мугалимдин  колунда деп айтышат. А бирок коомдогу көйгөйлөр көмүскөдө  калып  жатпайбы. Мисалы,  билим  сапатынын төмөндүгү бир нече факторлорго байланыштуу. Алар:  окуучунун ден соолугунун чың болушуна күнүмдүк тамак-ашка керектүү витаминдер менен азыктанбагандары; кээ бир ата-энелердин аракка берилүүсү; ата-энелердин күн-түн  (2  сменде)  иштегени,  балдарына көңүл  буруунун жоктугу; айрым  окуучулар  ата-энелери  менен базарда соода-сатык  кылышы; ата-энелердин чет өлкөлөргө иштөөгө  кетиши (балдарын туугандарына калтыруусу); мектепке чейинки   бала-бакчалардын аздыгы;  педагог  адистердин, окуу китептердин жетишпегендиги;  айрым ата-энелердин  динге берилиши менен өз  балдарын  дагы  медресеге бериши; ата-эненин  баланын билим алуусуна  көңүл коштугу. Коомдогу  ушундай  көйгөйлөр окуучунун билим-тарбия алуусун төмөндөтөт.  Бир эле менин эмес,  бардык  мугалимдердин жүрөгүн ооруткан бул маселелер  үй-бүлөбүздү  унуттуруп, өз  балдарыбызга  жеткиликтүү  көңүл бөлбөгөнгө  алып  келгени мени өкүндүрөт. Мейли  конокто отуралы, мейли театрга баралы жүрөгүбүздө мектептеги окуучулардын түйшүгү тынч отургузбайт. Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзамды тезинен кабыл  алуу керек. Же  болбосо окуучу үй-бүлөлүк шарт боюнча өз  жанын кыйса  дагы  мугалим, мектеп  күнөөлүү,  окуучу  мектептен чыккандан  кийин тентек кылса дагы биз күнөөлүбүз. Биздин күн-түн сабакка даярданып, балдарга билим, тарбия берели дегенибиз  үчүн күнөөлүбүзбү?.. Ошондуктан ар бир ата-эне, окуучу советтик мезгилдегидей мугалимди  сыйлап,  урматтаганга жетишсе дейм.

Кыялбек АКМАТОВ, “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, Ош шаары:

—  Проект  боюнча мониторинг жүргүзүү үчүн райондордун бирине барып калдым. Милдетим сабактарга катышып, мугалимдин ар бир кыймыл аракетин, өтүлүп жаткан сабак процессин байкоо. Атайын берилген кагазды толтуруу. Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” чыгармасындагы “Дүйшөндүн мектебин” ушул өнүгүп калган заманда  да кездештиргендей болдум.  Эски,  жапыз  мектеп  экен. Бөлмөлөрү сыз, тар, караңгы. Бала кезде чоң энем от жакчу кичинекей темир мештер бар. Жаздын алгачкы  күндөрү  болгондуктан класстар суук. Математика сабагына катыштым.  Пенсия  курагындагы  агай сабак  өттү. Чындап чарчаганы, мугалимдик түйшүк менен көр турмуштун түйшүгү чарчатып койгону байкалып турду. Аңгыча сабак башталды. Агай бир да окуучуну атынан же фамилиясынан айтпайт экен. Бардыгы-на “Эй паланчанын баласы”, “Эй түкүнчөнүн кызы”  деп кайрылат. Бир  айыл болгондуктан бардык окуучунун ата-энесин жакшы тааныйт да. Окуучулар да ошого көнүп калышыптыр. Бир убакта сары  чач кыздын жанына басып барды да: “Эй, па-ланчанын кызы, кечээ не бедени тебелеп, талпылдап өттүң. Не сага бедеден башка жол жок беле?” – деп урушуп кирди. Кыз болсо унчукпай башын жерге салды. Анан бырс этип күлүп жиберген кыздын жанындагы баланы, китеп менен башка чаап калганга да үлгүрдү. Сабак ортолоп калганда бир баланы:  “Эй,  паланчанын  баласы,  доскага  чык.  Сен  менин жээнимсиң,  туурабы?”  –  деди. Бала баш ийкеди: “Жээним болсоң үйдө жээнимсиң, жогол эшикке,” – деп кууп чыкты. Агай  доскага  бор  менен  “х (икс)” деп жазгандан кийин артта отургандардын бирөөсү “у (игрык)” дебестен “у (уу)” агай деп калды. Агай:  “Эй  жинди,  кайсы  жинди айтты ушуну” деп артына кайрылып кыйкырып жиберди. Кыскасы ушундай зериктирбеген мугалимдин сабагы болду. Кийинки  жылы  дагы  ошол мектепке кайрадан бардым. Бир жыл аралыгындагы  мугалимдеги өзгөрүүнү байкашыбыз керек эле. Дагы эле ошол сабак, дагы  эле ошол агай экен. Эс алууга кетпептир. Чамасы мугалим жетишпейт окшойт. Бул сабакта текшерүү иш алмак экен. Мунун алдында өткөн жылкы  сабак  кызыктуу  болгон тура. Бул жолу  агай окуучуларга кош барак алдырып, доскага мисалды жазды да иштей бергиле деп сыртка чыгып кетти. Сырттагы мектептин алдындагы олтургучка чыгып олтуруп, тамеки чекти. Бир заматта эле беш-алты  мугалим чыгып агайга шерик болушту. Менимче, алар да текшерүү иш  же тапшырма  берип коюп чыгышса керек окуучуларга. Агайлар тамеки чегишти, эжекелер болсо алда нелерди сүйлөшүп жатышты. Кызуу талкуу  маектешүү болуп жаткандыгын терезеден карап, алардын кыймыл аракетинен  байкап турдум. Чыгууга  коңгуроо  кагылганда агай  кирди  да  кош барактарды жыйнап чыгып кетти. Окуучулар иштегени иштеди мисалды, иштей албаганы  бирөөлөрдөн көчүрдү. Эптеп  кош  баракты толтуруп  беришти.

Мына кесиптеш, бул окуядан мугалимдин окуучуга жасаган мамилеси менен тааныш болдуңуздар. Мугалимдик этиканы билбеген бул мугалимден окуучу кандай тарбия алат? Мугалим окуучуларга ушинтип кайрылса болобу? Албетте,  бул  туура эмес  көрүнүш,  кесиптеш! Сабагыңызда ар бир окуучуну атынан атап чакырсаңыз өзүн сиз менен жакындай сезет. “Мени жакшы тааныйт экен. Атымды билет экен” деп кудуңдап  кубанып калат. Сизди  чоочун  адам катары  эмес, өзүнүн жакын бир сырдашы катары сезет. Сиз ар дайым окуучуну кубаттап, башынан сылап жакшы сөз айтып көрүңүз, мугалимдик бакыт эмне экендигин дагы бир жолу туясыз.

Гүлнара АСАНАЛИЕВА, №78 мектебинин мугалими, Билим берүүнүн мыктысы, «Жүрөгүм менин балдарда» шаардык сынагынын жеңүүчүсү, Көлмө жаңы конушу:

— Ар бир окуучунун келечеги бизди тынчсыздандырат. Баары тең Кыргызстанга салым кошкон, мекенчил, чыгаан инсандар болсо экен деп тилейбиз. Өз балдарыбызга көп көңүл бөлө албай, башкалардын балдарынын ар бирине өзүңдүн балаңан артык карайсың.  Менин  жүрөгүмдү өйүгөн нерсе: окуучулардын кош көңүлдүгү, ата-энелердин жоопкерсиздиги, жашоонун айынан тууган-туушкандарына таштап коюп, башка мамлекеттерде эмгектенип кеткени. Учурда мектепте Кыргызстандын келечегин ойлогон чыныгы  мугалимдер гана эмгектенип жатышат. Кээ бир ата-энелер алардын балдарына жакшы шарт түзүп берип жатсак да,  артыбыздан эмне деген ыплас сөздөрдү айтышпайт. Ата-эненин далилсиз арыз жазгандарын укканда жүрөгүм ооруйт. Мисалы, биздин №78 мектепке Э.Музаева директор болуп келгенден баштап бир топ жакшы иштер жасала башталды. Бардык кабинеттер эмеректер менен жаңыланды, диспенсерлер коюлду (таза суу), телевизор, DVD менен камсыз болдук. Гимназия статусун алдык. Бирок ошого карабастан айрым ата-энелер мектеп  жетекчисинин үстүнөн арызданып келишет.  Мурдагы мектеп менен азыркыны салыштырууга болбойт.

Ата-энелер адилеттүү болсо деп тилейм. Анткени бардык мугалимдер, мектеп админи-страциясы балдар үчүн гана ден соолуктарын берип, чачтарын ак  бубак басса  дагы милдет кылбай, түшүнүү менен иштеп келатабыз. Ошондуктан ата-энелер ар бир адамдын эмгегин баалай билишсе. Дагы бир маселе, мугалимдерге убакыт жетишпейт. Заман талабына жараша интернеттен дагы кызыктуу материалдарды таап, сабакка колдонсок дейбиз. Би-рок ар бир инстанцияга документтерди толтуруу, план жазуу ж.б.у.с. кагаз иштери убактыбызды алат. Ооба, план жазуу керек, менимче, аны жаш адистер жазса жарашат. Ал эми тажрыйбалуу  мугалимдерге план жазуунун кажети жок.

Жыпар  КАРЫБАЙ кызы,   Барскоон айылы, Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими:

— Мугалим аткарган ишине аз эмгек акы  алган катмарга  кирет. Анан билим сапатын аныктап (Пиза сыяктуу) башка өлкөлөрдүн ичинен акыркы орундардын  бирин алды деп  кейийбиз.  Башка өлкөлөрдө  агартуу кызматкерлеринин статусу өтө жогору. Мисалы,Түркияны алалы, эгерде бир үйдө  бир эле мугалим иштесе, анда ал бүт үй-бүлөнү мугалимдик маянасы менен  эле  бага алат. Демек, ал өлкөдө мугалимдин эмгек акысы жогору экени көрүнүп турат. Бирок мен кепти бул жаатта улайын деген оюм  деле жок. Түрктөргө деле теңелели дебейм. Биздин өлкө менен өнүккөн  Түркияны салыштырууга болбойт. «Алыбек алына жараша иш кылат» дегендей, чама-чаркына жараша  мамлекет акы төлөп жатат. Анысына да шүгүр дейли. Бизде  көзгө  илинбей  жаткан көмүскөдөгү  көйгөйлөр  көп. Көбүнчө улуу муун «биздин убакта балдар мындай  эле, андай эле, китептен  башын алышчу  эмес» деп калышат. Анысы да туура. Ар бир замандын балдарынын дүйнө таанымы да ар түрдүү болот окшобойбу. Мектептеги окуучулардын би-лим сапатынын төмөндүгүнүн  эң башкы себеби, азыркы мугалимдин эң башкы көйгөйү  ааламдашуу доорунун  балдарынын билим алууга болгон көңүл коштугу деп ойлойм. Анткени кайсы мугалимден сураба  ушул кендирди кескен маселени айтышат. Мисалы, класста 30 окуучу болсо жыйырмасы сабакка көңүл бурбайт, оюнун баары башкада. Мен өзүм жеке анализдеп отуруп муну интернеттин таасириби деп койдум. Себеби,  интернетке чыгууда да социалдык теңсиздик жаралды.  Ата-энеси  алы  жеткенинин  үйүндө интернети, баласында акыркы үлгүдөгү  чөнтөк айфону бар. Ошол эле учурда ата-энеси төмөн жашаган  үйдүн баласында мунун бири жок. А балдардын өз ара баарлашуу очогу – интернет –  андагы кызыктар. Айыл жергесинде көпчүлүк  ата-энелер баласына мындай шартты түзүп бере албайт. Натыйжада бала досторунан артта калган, окууга да, башкага да көңүлү жок. А китеп окуйт деген ал жомок. Мына, азыркы мугалимдерге ушундай балдарга  билим берүү   шыбагасы туш келип отурат. Же болбосо ар бир эле мектеп өз кесибинин устаты болгон, өз окуучуларын жан дили менен сүйгөн, “иш десе,  ичкен ашын жерге койгон”   билимдүү мугалимдерден куру эмес.Билим берүү жана  илим  министрлиги  окуучулардын  арасында теңсиздикти жоюу  үчүн бирдиктүү  форма  киргизүүнү ишке  ашырууда.  Муну  менен алардын «окуучулардын билим сапаты   көтөрүлөт» деген  ою татаалдашчудай. Менин оюмча, министрликтин алдында эми дагы бир чоң маселе жаралды. Ал ар бир мектепти интернет жана ага ылайыктуу  техникалык каражаттар менен жабдуу (интерактивдүү доскалар ж.б.). Бардык эле мектепте интернет байланыштары ойдогудай эмес. Демек, ааламдашуу доорунун келечек муундарына сабак берүүдө  мугалимди түйшөлткөн да, кыйнаган да, ошол эле учурда айтылбай келаткан көйгөйлөрү  ушулар.  Ааламдашуу доорунун мугалими да балдарындай заманбап,  активдүү интернет колдонуучусу болууга тийиш экенин мезгил  талап кылууда. Эгер мугалим  интернетти мыкты билсе, балдарга да аны туура, өзүнө пайдасы тийгидей маалыматтарды алууга ар дайым түрткү берип турса аны интернеттин терс таасирлеринен алыстатат беле деген ойлор келет. Бирок мугалим кандай жагдай болбосун кол куушуруп отуруп калбай,  өз  билимин  балдарга төгө берет. Кандай кыйынчылык болбосун көтөрүп келет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии