Чыгармачылык изденүүнүн үзүрү

  • 24.03.2014
  • 0

Бишкектеги А.Осмонов атындагы № 68 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын адеп мугалими Туратбек Алдаяров мугалимдер үчүн “Адеп сабагы боюнча дидактикалык оюндар” колдонмосун чыгарды. Автор эмгегинде 35 жылдан ашык мугалимдик иш тажрыйбасында топтогон  педагогикалык табылгаларын адеп сабагын окутууда колдонууга ылайыктап, дидактикалык багытта системалаштырып, предметтин максатына жана мазмунуна шайкеш иштеп чыккан. Окуу куралында негизинен автордун чыгармачылык талантынан жаралган тарбиялык үлгүлөр: ырлар, аӊгемелер, ыр түрмөктөрү, учкул сөздөр, тамсилдер ж.б. колдонулган. Алар адеп сабагы боюнча башталгыч жана ортоӊку класстардын окуу программасынын тематикасына ылайык келет. Колдонмо адеп мугалимдерине, класс жетекчилерге, ата-энелерге, тарбиячыларга, ошондой эле адептик таалим-тарбия иштерин уюштуруучу адистердин кеӊири чөйрөсүнө арналат. Гезитибиздин бул санында тажрыйбалуу адеп мугалиминин колдонмосунан үзүндү жана ага карата пикирди жарыялоону туура таптык.

 

Сабыр Иптаров, Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы:

 

  • Т.Алдаяровдун «Адеп сабагы боюнча дидактикалык оюндар» деген адеп мугалимдери үчүн иштеп чыккан колдонмо окуу куралы керектүү эмгектердин бири болот деп эсептөөгө негиз бар. Колдонмо окуу куралы эки бөлүмдөн туруп, тийиштүү бөлүмдөрдүн маанисин ачып берүүдө автор М.А.Рыбникова, Б.Исаков сыяктуу белгилүү педагог-методисттердин ойлорун эпиграф катары ыктуу пайдаланган.

«Тамсилдер, ырлар» деп аталган 1-бөлүмдө автор тигил же бул адептик оң-терс сапаттын маанисин ачып берүүдө ар түрдүү жан-жаныбарлар жөнүндөгү тамсилдерди, ырларды, тексттерди колдонгон.  Аларга тамсилде туюнтулган ойдун маанисине үндөш макал-ылакаптар, учкул сөздөр, элдик айтымдар эпиграф кылып алынган. Андан соӊ тамсилдин маанисине байланыштуу суроолор коюлуп, тапшырмалар  берилген. Окуучулардын жоопторун ар кандай деңгээл (20, 25, 30 упай ж.б) менен баалап, жыйынтыктоо боюнча үлгүлөр берилген.

Бул этаптардын бардыгы автордун усулдук көрсөтмөлөрү, сунуштары менен коштолгондуктан, алар мугалимдин ишин бир кыйла жеңилдетип, аларды кырдаалга жараша ийкемдүү, максаттуу пайдаланууга шарт түзөт. Ошондой эле аларды тийиштүү класстарда дидактикалык оюндар, таратылуучу материалдар, тесттик тапшырмалар катары колдонсо да болот.

Бул методикалык ыкманын алгылыктуу жагы — автор адеп сабагында, жалпы эле  окутуу-тарбиялоо ишинде көп колдонулбай келе жаткан, адам сапаттарын каймана туюнтуучу тамсилдерди ыктуу пайдаланып,  ар бир тамсилде жан-жаныбарлардын, канаттуулардын образдары, диалогу, кылык-жоругу, кулк-мүнөздөрү аркылуу окуучулардын адам сапаттарын таанып-билүүгө болгон аракет-дымагын, адептик сезимдерин жана түшүнүктөрүн активдештире алганында.

«Уйкашмак» (буриме), “АТАнын уйкашмагы”, «Сөз-күзгү» деп аталган 2-бөлүмдө автор ар кандай дидактикалык материалдар аркылуу ар түрдүү адептик сапаттардын маани-маӊызын ачып берип, адамдагы оң-терс жүрүм-турумдун айырмасын таанытууга аракеттенген. Бул оюндардын түрлөрүнө түшүндүрмө берилип, аларды ойноонун максаты, шарттары жана эрежелери көрсөтүлгөн.

Автор мында «буриме» (фр. burime — берилген үлгүгө үндөш, уйкаш сөздөрдү табуу өнөрү) формасын тандап алып, ага «табыш+мак» үлгүсү боюнча «уйкаш+мак» деген ат коюп, дидактикалык оюндардын түрлөрүн сунуш кылган. Бул оюндар окуучуларды тарбиялык темага ылайык тапкычтыкка, логикалык жана эркин ойлоосун өстүрүүгө, эне тилин байытууга, чыгармачылык шыгын ойготууга көнүктүрөт.

Аларды жаңы сабакты өтүүдө, өтүлгөн сабакты кайталоодо, бышыктоодо, үйгө тапшырма берүүдө, тесттик тапшырмаларды түзүүдө да колдонсо болот. Мындан тышкары, алар адептик тарбия боюнча конкурстарды, викториналарды, сценкаларды уюштурууда да колдонууга ылайыктуу.

Колдонмодо «АТАнын уйкашмагы», «Сөз-күзгү» деген аталыштагы автордук адептик-дидактикалык оюндардын түрлөрү да сунуш кылынган. Мында «АТА» — эки мааниге ээ. Биринчиси, бул сөздүн өзүнүн нукура

мааниси, экинчиси, Алдаяров Туратбек Алдаяр уулу деген автордун аты-жөнүнүн баш тамгаларынан чечмеленет. «Сөз-күзгү» дидактикалык оюндары «Адам — сөзүнөн билинет» 

деген этнопедагогикалык накылга негизденип, анын 7 түрү   берилген.

        Китептин аягында ар түрдүү тапшырмалар, тамсилдер, уйкашмактар, суроолор, макалдар, сөз-күзгү оюндары боюнча туура жооптордун ачкычтары берилип, алар беш упайга чейин баалана тургандыгы эскертилет. Жалпысынан колдонмо окуу куралынын   алгылыктуу жактары катары буларды кошумчалоого болот, ал:

— диалогдук педагогиканы көңүл чордонуна коёт, бул программалык материалды кеңири жана терең ачып берүүгө мугалимге көмөктөшөт;

— сөз өнөрүн кеңири колдонуу адептик лексиканы байытат, эне тилин терең билүүгө жана сүйүүгө тарбиялайт;

— проблемалуу суроолор адептик аң-сезимди өстүрөт, окуу жана түшүнүү жагын активдештирет, чыгармачыл, сынчыл ойломду өрчүтөт;

        — окуу процессин оюн катары уюштуруу кабыл алууну эркин, жандуу, таасирдүү кылат, акыйкатты таңуулабай, коллективдүү издөөгө шарт түзөт;

        — окуучулардын жекече тажрыйбасына, күндөлүк турмуш көрүнүштөрүнө  таянуу адамдарга, айлана-чөйрөгө кылдат, сергек мамиле жасоону калыптандырат, өзүн өзү тарбиялоого көнүктүрөт.

Автордун эмгеги окутуу процессине чыгармачылык мамиле жасоонун, сабактын сапатын арттырууга багытталган астейдил аракеттин үзүрү десе болот. Анын акындык жөндөмүнө адепчи-педагогдук акыл рефлекциясы жуурулушуп, адеп сабагынын мазмунун жана методикасын, предметтин этикалык-гуманитардык, маданий-этнопедагогикалык багытын тереңдетүүгө шарт түзгөн. Эмгектен пайдаланган мугалимдер да ага чыгармачылык менен мамиле жасап, ыктуу  колдонуусу зарыл. 

  “Мугалими күндөй тийсе чачырап, окуучусу гүл сыяктуу      бажырайып ачылат”                    

                                                                                                                            Советбек Байгазиев

             “АТАнын уйкашмагы” жана “Сөз-Күзгү” оюндар

  Бир жолу сегизинчи класста адеп сабагында “Адам жашоосунун маңызы жана максаты” деген темада сабак өтүп, төмөндөгүдөй болгон

“АТАнын уйкашмагынын” шарттуу чиймесин доскага чийип, үйдөн аткарып келүүгө бердим:                           

                                 А._______***** (жаралат).

                                 А._______***** (бага алат).

                                 Б.(____________________),

                                 А._______***** (агарат).

                                 В.(___________________ ),

                                 А._______***** (ала алат).      

              Өзүңүздөр баамдап олтургандай, тема оор, мейли дедим, аткарып көрүшсүн, бул ойду эрдемсип ойлоп алган менен эми балдар кантээр экен деген   бүдөмүк ой да пайда болду. Бирок менде бир чоң ишеним бар эле, ал окуучуларымдын билими.

        Кийинки сабакта ошол класстын окуучусу ыр жазууга далалаттанып жүргөн, Капарова Айчүрөк деген кызым:                                              

                                 Эмгектен бакыт жаралат,

                                 Эмгекчил элин бага алат.

                                 Элин сүйгөн жигитке,

                                 Көпчүлүк көөнү агарат.

                                 Кызара жортсо максатка,

                                 Турмуштан баарын ала алат.

деп үй ишин аткарып келиптир. “Сөз чынынан бузулбайт”, дейт эмеспи. Бул ырды жаратууда сырткары жардам болгонун сезип:

 — Айчүрөк, сага ким жардам берди? — деп сурадым, ал тартынбай эле:

—  Чоң атам, ал айылдан доктурга көрүнгөнү келип турат, азыр пенсияда,  мугалим болуп иштеген, – деген жообу мени бир аз ойго салды.

Мына, ата-энелер дагы балдарынын татыктуу билим, тарбия алышына кайдыгер карашпайт экен да.

    Азыркы күндө Айчүрөк өз бет алдынча ар кыл темада ыр жазып жүрөт.

Анын келечеги алдыда. Ошол эле темада Кубанычбек кызы Назгүл аттуу окуучум   “АТАнын уйкашмагын” минтип аткарыптыр:

                                  Адам болуп бул жашоого жаралат.

                                  Эмгек менен жанын түзүк бага алат.

                                  Койгон максат орундалса четинен,

                                 Орундуу болуп, жашоо маңызы,

                                 Жан дүйнөсү тазарат да, агарат.

                                  Билим алса, тарбия алса улуудан,

                                  Келечектен көп нерсени ала алат.

     Мына, бул жолу  дагы демейдегидей эле, канча окуучу болсо, ошончо түрлүү  ойлорду камтыган, өтүлгөн темага мазмундаш ырлар жазылганына күбө болдум.

      Алтынчы класста “Кек жана кекчилдик” деген тема өтүлөт, ошол теманы баштап жатып, ал сөздөрдүн маанисин ким айтып берерин сурасам, дымырап унчугушпайт, балдардын арасынан бири:  — Агай, ал өч алам деген эмеспи? – деп болголоп жатпайбы. Теманы түшүндүрүп болуп, үйдөн аткарып келгенге мындай “АТАнын уйкашмагын” бердим:

А._______*****(барбагын).

А._______*****(албагын).

Б.____________________),

А._______*****(ар дайым).

             Андан бери үч жылдын жүзү болсо дагы, ошондогу Нурадил уулу Бектур деген окуучумдун ишти аткарып койгонун айтканы, мен болбой койсом, балдардын окуп берсинчи, деп суранышканы али эсимде, сабак башында, өтүлгөн тема тууралуу эч түшүнүгү жок баланын эми минтип тез эле “АТАнын уйкашмагын” аткарып, темага ылайык ыр жаза калганы, мени таң калтырды, ал иш үйдөн аткарып келүүгө берилди эле да, балдар ырды угуп алышып, кол чаап жиберишти.

Ал минтип аткарыптыр:

                                                       Өч алам, деп барбагын

                                                       Досуңду ыйлатып албагын.

                                                      Кекчил болгондун ордуна,

                                                     Кечиримдүү бол ар дайым.

       Үй ишин аткарып келүүдө бул жолу да окуучулардын ой-чабытынан жаралган, ушул эле темага ылайык түркүн ойлор, иштер иштелиптир.

       Төмөнкү “АТАнын уйкашмагына” окуучуларым мындай жооп беришкен:

   Берилген тема:      ”Ушакчылык жана чагымчылдык”      

                                                                                А._______*****(жашынан).

А._______*****(башынан).

Б.(____________________),

А._______*****(ташыган).

    Аткарылышы :        Ушакчы болду жашынан,

                                       Куу түлкү болчу башынан.

                                       Эки досту уруштурду чагымчы,

                                       Ушакты ченебей ташыган.

                          (Нурланбек кызы Касиет, 6-б класс)

                        

     Берилген тема:  “ Канткенде адам уулу адам болот?”

                                        А._______*****(асылы),

                                        А._______*****(атыңды)

                                         Б.(___________________),

                                         А._______*****(акыры).

      Аткарылышы:         Адам дүйнө асылы,

                                         Барктап жүр ал атыңды.

                                         Жамандарга кошулсаң,

                                         Жооп бересиң акыры.  

                                  (Самат уулу  Элчибек, 8-класс)

                                   

      Берилген тема:          “Ата-энени сыйлоо”

                                           А._______*****(сыйлагын).

                                           А._______*****(кылбагын).

                                            Б.(_____________________),

                                            А._______*****(жүр дайым).

       Аткарылышы:           Ата-энеңди сыйлагын,

                                           Тентектикти кылбагын.

                                           Актайм десең эмгегин,

                                           Тилин алып, жүр дайым.              

                                   (Уланбек кызы Кызжибек, 5-класс)                    

                                ————————————————             

       Берилген тема:              “Жалкоо бала“

                                            А._______*****(ойногон),

                                            А._______*****(ойлогон).

                                            Б._____________________,

                                            А._______*****(кор болгон).                     

       Аткарылышы:             Апасынан суранбай барып ойногон,

                                             Сабакты эмес, оюнду эле ойлогон,

                                              Классташ кыз күндөлүгүн толтуруп,

                                            “Экилерге” достошуп, өтө кор болгон.  

                                   (Тариэль  кызы Дастангүл,  5-класс)

 

                                   “Сөз-Күзгү”

 Мында аталган оюндун жети түрүнүн эки түрүнөн, иштелген үлгүлөр берилет. Алар: ”Сөз-Күзгү” (мүнөздөмө), ”Сөз-Күзгү” (диалог)

                                     

  “Сөз-Күзгү”(мүнөздөмө):

              1)     — Апа, мен сиз тапшырган иштерди аткарып койдум.

                      — Азаматсың, алтын кызым.

                        (————————————————————-).                  

       Оюнда кашаалардын ичиндеги үзүк сызыктардын ордуна диалогдогу кыздын мүнөзүн, сүйлөгөн сөзүнөн баамдап, карап, таап жаз.

      Жообу: (тил алчаак, элпек кыздын сөздөрүнөн)                                    

                                     “Сөз-Күзгү” (диалог):

              2)      —  (______________________________________).

                        — (______________________________________ ).

                        ( тил алчаак эмес, кежир баланын сөздөрүнөн)

 

Мында, кашаалардын ичиндеги мүнөздөмөгө тууралап, диалог түз.

       Жообу:       —  Кызым, суу алып келе калчы.

                         —  Апа, мен кичине ойноп алайынчы.

                             (жалкоо кыздын сөздөрүнөн)

                                       ————————

Бул оюндарды төмөндөгү аты аталган окуучулар мындай аткарышкан:

                 Уланбек кызы Кызжибек, 5-класс.

 1)                         “Сөз-Күзгү”(мүнөздөмө):

               — Мен сага ашык ручкамды берейин, алып жаза бер.

               — Чоң рахмат.

                 (———————————————————————).

Кызжибек кашаалардын ичине минтип жазыптыр:

                          (жакшы жолдош, колу ачык, берешен кыз)

2)                            “Сөз-Күзгү”(диалог):

              —    (_______________________________________).

               —   (_______________________________________).

      (мектептен качып, оюн клубдарында жүргөн баланын сөздөрүнөн)

                —  Мен кичине эле ойноп алайын дегем да, убакыт өтүп                 

         кетиптир.

                —  Акчаңды коротуп, сабактан калып жатасың, уят,

               деп, ошол эле 5-класста окуган Жусубалиева Айгерим туура

               жооп берген.

              Мына бул оюнда дагы окуучулар ар кандай мүнөздөрдү талдап, алар эмне сөздөрдү сүйлөшөөрүн акыл калбырынан өткөзүп жатышпайбы.

  «Сөз-Күзгү» дидактикалык оюндары «Адам — сөзүнөн билинет» 

деген этнопедагогикалык накылга негизденип, иштелген.

             Алар адамды сөзүнөн тааный билүүгө, жүрөгү менен ким экенин туюуга үйрөтөт. Бекеринен улуу Аристотель: ”Сүйлөчү, мен сенин ким экениңди көрөйүн”, -дебесе керек. Демек, сөз адамдын ким экенин көрсөтүп турган күзгү тура. Андай болгондо, ошол күзгүдөн адам тынымсыз “каранып” туруусу керек экен да?… Ошондой мүмкүнчүлүктү

“Сөз-Күзгүдөн” таап жүрбө?…  

 

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

 

 

Поделиться

Комментарии