ЧЫГААН ЭТНОПЕДАГОГ С.Иптаровду ЭСКЕРИП

  • 07.05.2016
  • 0

Кыргыздын бийиги – адам, медери – бала, байлыгы – сөз, шаары – үй-бүлө, тилеги – ыйман, тиреги – намыс, аздеги – ат (ысым), турагы – боз үй, акылы – макал, булагы – билим, чырагы – илим, урааны – Манас,  насили – нарк, туткасы – салт, байрагы – кызыл туу, билим бешиги – мектеп, көчү – турмуш, калкасы – кайрымдуулук. (С.Иптаров, «Кыргыз жан дүйнөсү».) Сабыр Иптаровдун жаркын элесине сүртүмдөр

Сабыр Иптаров өз кесибинин чыныгы адиси да, нукура таза адам да эле.  Ал тууралуу эскерүү мен үчүн канчалык оор болсо да, ал жөнүндө жакшы сөздөрдү айтуу ошончолук жагымдуу да. Чындыгында Сабыр агай менин кесиптешим гана эмес, этнопедагогика багытындагы устатым да, кеменгер кеӊешчим да, ал турсун, Сабыкем өзү айткандай, жакын досум да, эӊ бир ынак агам да болчу. Мен Сабыр Иптаровду 2006-жылдан бери билем. Алгач бизди адеп сабагын окутуунун көйгөйлүү маселелери жакындатса, кийин экөөбүздү улуттук мүдөө-тилек, улуу максаттар бириктирди. Кыргыз билим берүү академиясында бир аз жыл бирге эмгектендик. Мен Сабыр Иптаровдой  адам менен пикирлеш болуп, бирге иштешип калганым үчүн сыймыктанам! Анткени ал кыргыз элинин чыныгы мекенчил уулу, өзүнүн аруу тилек, улуу ойлорунда акыйкаттык издеп жашап, көөдөнүнүн тереӊинде адилеттикти туу туткан, жан-дүйнөсү бай, кашкөй талант, адамгөй инсан эле.

…Жаман кабар угуп, ишенгим келбей; балким жалгандыр деген ойдо кесиптешим Асылбек Жоодонбековго чалып, чындыкты укканда күн алдында заманам куурулуп, жер үстүндө басаар жер калбай, көкүрөк ичинде көөдөнүм буулугуп, дендароо болуп отуруп калдым. Оо Жараткан! Жоготуунун таасири ушунчалык аянычтуу болорун мурда сезбегенимди карачы! Сиз мага адам катары да, кесиптеш катары да, устат катары да, өзүӊүз айткандай, дос катары да абдан жакын болуп калганыӊызды сезип жүрөгүм канап турду. Көрсө пендем ушинтип жаркылдап күлүп-жайнап иштеп жүрүп эле бир күнү күтүүсүздөн, баарын таштап кете берет тура.

…Бир күнү түшүмө кирдиӊиз. Анда сиз үч бурчтуктун эӊ алдында экенсиз, ал эми сиздин артыӊызда жалаӊөзүӊүз өӊдүү кара костюмчан таза кийинген мырзалар үч бурчтук формасында тизилип туруп алып, бирдей кадам шилтейт, менин маӊдайыма келгенде кол бербей баш ийкеп учураштыӊыз да, кайрылып узап баратып, тигилердин катарынан бөлүнө калып, мага кайрылып, бир нерсе айткыӊыз келгендей абалда күлүмсүрөй карап турдуӊуз да, эч нерсе айтпай узап кете бердиӊиз. Эмнени айткыӊыз келди экен? – деп түйшөлүп жүрдүм мен анда ойгонуп кетип…

Андан бери эки жыл өтүп барат. Кантмек элек, Сабыке, сиз жок болсоӊуз да, сиз жасап кеткен улуу иштер элиӊиздин эсинен чыкпай, түбөлүккө же  өзүӊүз айткандай, “түбүөлүккө” урпактарга мурас болуп сакталып калмак! Кош Сабыке! Кош менин устатым! Кош жандос агам! Кош кыргыз элинин чыгаан кулуну! – деген аянычтуу үн көөдөнүмдүн тереӊинде чыркырап, буулугуп турат. Аны угуп-туйган сайын мында мен өз ичимден түтөп алам…

…Аттиӊ дүйнө!!! Мына сиздин кенен жарык кабинетиӊиз, чай үстүндө, иш үстүндө маектешип отурчу үстөл, анда баарлашып кетиш үчүн киргендер көбөйүп, ар дайым толкуп турар эле…

Сабыр Иптаровдун кыргыз  эли үчүн жасаган эмгеги зор

 Эгерде кыргыздын үрп-адат, каада-салтын кастарлап урпактарга жазып калтырган Амантур Акматалиев болсо, кыргыздын нукура ата-жолун этнопедагогикалык негизге салып улап, билим салмагын калыс таразалап, адам наркын барктап көтөрүүгө умтулган нукура атуулдардын бири С.Иптаров эле. Анын демилгеси менен 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик билим берүү академиясынын алдында этнопедагогика бөлүмү ачылып, анда Амантур Акматалиев, Самар Мусаев, Акматалы Алимбеков өӊдүү элибизге белгилүү, аттуу-баштуу инсандар эмгектенип, кыргыз элинин үрп-адат, каада-салтын, жашоо эрежелеринин, өзгөчөлүктөрү тууралуу бир катар китептер басылып чыкты. Андан кийин жаштардын рухий-адептик маданиятын калыптандыруу максатында 2002-2003-жылдары жалпы билим берүүчү мектептерде “Адеп” сабагын окутуунун концепциясы, мамлекеттик билим стандарты, окуу программасы иштелип чыгып, КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген. Бул ишти ф.и.д., профессор С.Байгазиев менен бирге баштап, кийин  С.Иптаров өзү көшөрүп жүрүп аягына чыгаргандыгын Советбек агайдын эскергени бар. Андан бери бир катар окуу китептери, мугалимдер үчүн усулдук колдонмолор иштелип, басылып чыкты. №81мектепте “Адеп” борбору ачылып, бир катар мектептерде адеп кабинеттери уюштурулду. С.Иптаров баштаган “Адеп” сабагы бүгүн бир мүчөлдөн ашты. Өзүнүн көзү барда бул сабактын юбилейлик майрамын республикалык деӊгээлде өткөрөбүз деп макулдаштык эле, бирок ал иш Сабыкенин көзүөтүп кеткенине байланыштуу азырынча артка жылып турат.

Бир мезгилде анын демилгеси менен уюштурулган “Мугалимдердин билимин өркүндөтүү борбору”, бүгүн республикалык аймактарда да өз ишин улантып, мугалимдердин билимин жогорулатуу курстарын уюштуруп жатат.

Республикалык масштабда билим берүү багытында бир нече жолу илимий-практикалык конференцияларды уюштуруп өткөргөн. Ал көптөгөн илимий-публицистикалык, илимий-методикалык макалалардын, эки окуу китебинин, усулдук-окуу китептеринин автору.

Сабыр агай мындан тышкары этнолингвистика илими боюнча да өзүнүн жаӊы ойлорун айтып, этнолингвопедагогикалык иликтөө иштерин баштап кетти.

Сабыр агайдын адамдык өзгөчөлүктөрү:

 Сабыкени адам катары эскере турган болсок, ал “төрт тарабы төп келген” адам эле. Төрт тарабы төп деген оюмду мен төрт критерийден далилдөөгө аракет кылайын.

Биринчиден: Анын жеке инсандык сапаты. Б.а. анын кичипейилдиги, сылыктыгы, адамгерчилиги, көтөрүмдүүлүгү, сабырдуулугу, өӊдүү касиеттери өз атына төп келип турчу. Анын алдыга койгон максатынын тактыгы, жасаган ишинин келечектүүлүгү, ой-туюмунун заманга шайкештиги, заманбап технологияларды түшүнө, пайдалана билген сергектиги, чыгармачылык менен иштей билген таланттуу адам эле.

Экинчиден: Үй-бүлөлүк орду. Үй-бүлөдө татыктуу орду бар инсан эле. Мисалы: өз түгөйүнүн алдында сүйүктүү, камкор жар, балдарынын алдында аталык касиетин, таасирин сактаган, ал эми бир туугандарынын алдында кадыр-баркын үй-бүлөлүк каттообуз аркылуу да өз ара жөн жай учурдагы жеке маектерибиз аркылуу жакшы билип калдым эле.

Үчүнчүдөн: Адистик кесипкөйлүк  чеберчилиги мыкты. Ал кандай ишке киришпесин майын чыгара иштеген, өз кесибинин мыкты ээси, топтогон тажрыйбасы мол, билимдүү, таланттуу окумуштуу педагог эле.

Төртүнчүдөн: Коом, мамлекет үчүн жасаган өрнөктүү эмгеги. Ал жарандык жоопкерчилигин сезген адам болчу. Ошондуктан мамлекеттик туунун, Бишкек шаардык Гербинин авторлорунун бири, “Адеп” сабагынын “атасы” деген сыймыктуу атакка ээ болгон.

Сабыкенин ишке ашпай калган максаты – улуттук музей ачуу тилеги болчу. Анда кыргыз элинин каада-салты, үрп-адаты, элдик өнөрү, кол өнөрчүлүгү, спорту, тамак-ашы, тарыхы, санжырасы, боз үйү, ж.б. маданий дөөлөттөрү чагылдырылмак.

Ар бир сабакты эки сааттан кем эмес, төрт сааттан ашык эмес окутууга өткөрүү. Анын ичинен Адеп сабагынын окуу жүктөмүн көбөйтүп, эки саатка жеткирүү.

С.Иптаров жөнүндө кесиптештери эмне дейт?

 Акматаалы Алимбеков өз макаласында Сабыр агай тууралуу мындай бир ойду таамай айткан экен: “Ал эл камын ойлоп, өзүнүн көр турмушу, карьералык өсүшүүчүн азыраак кам көрчү. Соӊку Кыргызстандын тарыхында мындай мекенчил жандар сейрек кездешет. Кыргызстан кандай көйгөйгө туш келсе, Сабыр ичкен ашын жерге коюп, чын дилден бүткүл акылын, билимин, убактысынын баарын ошолордун чечимин табууга жумшачу. Сабыр чындыгында эле, элдик дастандарда айтылгандай, “Караӊгыда көз тапкан, капилеттен сөз тапкан” акылман, тапкыч, кыраакы, жөн билги, баамчыл жан эле. Кыргызстан эгемендүүлүктү алганда, мамлекеттик символдорду аныктай албай турган учурда, Сабыр желектин идеясын ойлоп таап, ал бардык элдин купулуна толуп, легендарлуу парламент тарабынан бекитилген. Азыр анын идеясы менен жаралган желек бардык мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунда да желбиреп турат”.

 Ал эми дүйнөгө аты белгилүү, чуваш элинин уулу, чоӊ аалым, этнопедагогика илиминин негиздөөчүсү, академик Геннадий Никандрович Волков 1988-жылдын аягында С.Иптаровду алгач көргөндө эле бир нерсени көзөп айткан көрөгөч, тереӊ ойчулдугун, адамдык нарктуулугун даана байкап: «Бул жигит кыргыз элинин жогорку класстагы таланттуу интеллектуалдарынын бири болот”, — деп жогору баасын берген.

— Ал эми Сабыр Кыргыз Республикасынын Желегинин авторлорунун бири болгондо, Г.Н. Волков мындай дейт: “Желекте кыргыз элинин түпкүрдөн түптөлгөн куттуу дөөлөттөрүнүн баарын түгөл чагылдыра алган, мен мындай окуучум менен ар дайым сыймыктанам!” — деп жазган эле, — дейт белгилүү этнопедагог, педагогика илиминин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика кафедрасынын башчысы, С.Иптаровдун үзөнгүлөш досу Акматаалы Алимбеков «Шоокум» журналына жарыяланган өзүнүн “Эл дегенде эт-бетинен кетчү эле” аттуу эскерүү макаласында.

Ал эми Акматаалы Алимбеков өзүнүн ушул эле макаласында Сабыр агай тууралуу мындай деп баса белгилеп көрсөтөт: “Сабыр өзүнүн табиятынан ар кандай кубулушту өзүнө гана таандык сезим туйгусу менен аӊдап, ар бир маселе тууралуу башкаларга окшобогон таасирдүү, таамай, так, жана кайталангыс ой тыянактарды чыгаруу жагынан жанда жок билимге жана жөндөмгө ээ инсан эле. Сабырдын бул насиби 150 дөн ашык илимий макаласынан гана эмес, өндүрүштүк муктаждыктар үчүн жазылган утурумдук иш кагаздарынан эле даана байкалып турчу”.

С.Иптаровдун 55 жылдык мааракесинде «Шоокум» журналынын кызматкерлери мындай деген чын дилден чыккан ойлорун айтышат. «Сиз  кыргыздын этнопедагогика илимине, кыргыздын дүйнө таанымына, маданиятына, кыргыз тил илимине албан салым коштуӊуз. Сизди ишиӊизге абдан жоопкерчиликтүү жана чыгармачыл мамиле кылган, ар бир иштин сапатына жана түпкү натыйжасына умтулуп, глобалдык жаӊылыктарды жергиликтүү жана улуттук бөтөнчөлүктөрдү эске алуу менен кабыл алган жаран, адис катары билебиз. Андан тышкары, сизде кесиптештерин, шакирттерин натыйжалуу жана кайтарымдуу иштөөгө багыттай билүү сыяктуу асыл сапаттар бар. Журналисттердин абдан мыкты табылгасы, куткаруучусу, дайыма иштиктүү сунушун, ой-пикирин айткан, издеген адамысыз».

Кош, Сабыр агай! Жаткан жериӊиз жайлуу болсун! Сиздин эл үчүн жасаган өрнөктүү эмгегиӊиз элиӊиздин эсинен кетпейт! Сиз адеп сабагын негиздөөчүлөрдүн башкы сабында турган адам катары да, “Адеп сабагынын атасы” деген сыймыктуу ат менен бул сабактын тарыхында да, адепчи мугалимдердин көӊүлүндө да, жалпы эле элдин эсинде да түбөлүккө сакталып кала бересиз!

Адеп сабагынын атасы

 Атагын алыстан ук,

Жанына келсеӊ бир киши!

Деген сөз карандай калп,

Анткени Сабыр Иптаров

Жанына келсеӊ деле нур киши!

Ишенбегендер, көӊүл буруп,

Мамилесин аӊдап  көргүлө!

Ал адамгерчиликтин нукура үлгүсү!

Окумуштуулар мага капа болушпас,

Мен баарыӊарды тегиз көрөм.

Бирок, бул ачык сөз!

Кыргыз этнопедагогика илимин,

Дал ушул киши жолго салып негиздеген!

“Ал эми «Ыйман сабагын» окутууга киргизгенде да,

«Ыйман-диний түшүнүк, биз окутабыз» деп талашып,

Соттошкон молдолорго жемин жегизбеген!..

Айтор, Сабыр Иптаров

Сөз берметтерин тандап,

Элинин акыл-ой казнасына сары эсеп салып келет.

Канчадан бери алпурушуп отуруп,

Билим берүү академиясында иштеп,

Көз майын коротуп, кагаз тиктеп,

Кыргыздын дүйнөтаанымын  байытып келет.

…Кыскасы, кебимдин жок катасы,

С. Иптаров бүгүн элдин пикиринде

“Адеп” сабагынын атасы!

2011-ж.

Аман Кармышаков,

Кыргыз билим берүү академиясынын Социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясынын  илимий кызматкери, балдар жазуучусу.

Поделиться

Комментарии