БОРОНБАЕВА ЗАМИРА: “МУГАЛИМДИК – МЕНИН ӨМҮРҮМ, ТАГДЫРЫМ, ЖАШООМ”

  • 08.02.2018
  • 0

Боронбаева Замира кырк жылдан ашуун убактан бери бала тарбиялап, жашоосундагы кыйынчылыктарга карабастан сүйүктүү кесибин таштабай келет. Ал учурда пенсия курагына келип калса дагы, мектептен кетип кала албай, жаш мугалимдерге үлгү болуп, иштеп жүргөн кези.

БОРОНБАЕВА ЗАМИРА: “МУГАЛИМДИК – МЕНИН ӨМҮРҮМ, ТАГДЫРЫМ, ЖАШООМ”

Келечегин мугалимдиктен көргөн Замира Боронбаева 1971-жылы Каракол шаарындагы Педагогикалык институттун география факультетине тапшырган. Өзү Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Дөбөлү айылынын кызы. 1954-жылы төрөлгөн. Учурда Бишкек шаарындагы К.Бобулов атындагы №88 орто мектебинде үзүрлүү иштеп жатат. Ага чейин Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жан-Арык орто мектебинде иштеп, облустагы алдыңкы мугалимдердин катарын толуктаганга жетишкен.

Өмүрлүк жолдошу белгилүү географ, картограф Жакыпов Жумабай Ысык-Көл мамлекеттик университетинде иштеп жаткан кезинде, оорудан улам каза болуп калгандыктан 1990-жылдан 2007-жылга чейин Кара-Кол шаарындагы №14 мектепте иштеп, бир эле учурда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жолдошунун баштаган ишин уланткан. Он жылдан ашуун университетте географияны окутуунун методикасы боюнча студенттерге лекция окуп, мектепте студенттер менен биргеликте практикалык, усулдук иш-чараларды өткөргөн. Жолдошу баштаган топонимика боюнча илимий ишин азыр дагы улантууда. Учурда бул илимди сабакта пайдалануу методун жайылтуу боюнча Бишкек шаарындагы мектептерде семинар, тренингдерди өтүп, методикалык иштелмелерин таркатып келет.

БОРОНБАЕВА ЗАМИРА: “МУГАЛИМДИК – МЕНИН ӨМҮРҮМ, ТАГДЫРЫМ, ЖАШООМ”

Замира эжей турмуш шартка байланыштуу 2007-жылы борборго көчүп келип, ошондон бери №88 мектепте үзүрлүү иштеп, эмгек жамааттын сүймөнчүгүнө айланып,  окуучулардын жүрөгүнөн орун тапты. Жарым кылымга жакын эмгек жолунда нечендеген сынактарга катышып, методикалык колдонмолорду иштеп чыгып, жаш мугалимдерге насаатчы болуп, беш баланы жалгыз татыктуу тарбиялаганга дагы жетишти.

1984-жылы «Жыл мугалими» сынагында Ысык-Көл областы боюнча алдыңкы орунга ээ болуп, “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Өзүнүн демилгеси менен заманбап жасалгалап алган география кабинети дагы Ысык-Көл облусу боюнча алдыңкы кабинет деп табылып, байгелүү орунга татыган. 1989-жылы аттестациянын жыйынтыгы менен «Методист мугалим» деп таанылган.

Замира эжей окуучуларды олимпиадага даярдоо жаатында дагы бир топ алгылыктуу иштерди жасап, анын окуучулары шаардык, облустук сынактарда алдыңкы орундарды бербей келишет.

“География сабагын окутууда окуучулардын өз алдынчалыгын өстүрүү” аттуу усулдук-колдонмосу китепче катары жарык көрүп, кесиптештери үчүн баалуу табылга болуп, облустун мугалимдерине таратылган. Алдыңкы мугалимдин бир катар усулдук иштелмелери биздин газетага дагы жарыяланып, география мугалимдери үчүн чоң жардамчы болуп келет.

40 жылдык эмгек жолунда Замира эжей бир канча жаш мугалимди дагы тарбиялап, мугалимдиктин терең сырларына үйрөттү. Анын ушундай үзүрлүү эмгеги бааланып, өткөн жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” наамы ыйгарылды.

— Менин бүтүндөй өмүрүм мектепке, бала тарбиялоого арналды. Бул менин бала кезимдеги кыялым эле. Мен бактылуумун, анткени секелек кезимдеги кыялым орундалып, минтип эмгегимдин акыбети кайтып, шагы ийилген мөмөлүү дарактай болуп отурам.  Башымдан канчалаган кыйынчылыктар өттү. Бирок ага дагы моюн сунган жокмун, сүйүктүү кесибимди таштаган жокмун. Анткени мен жашоомду балдарсыз, мектепсиз элестете албайм. Азыр дагы эс алууга чыга турган убагым келгенине, бир аз ден соолугумдун начарлап жатканына карабастан иштеп, дагы-дагы ийгиликтерди жаратканга, мугалимдерге, өзгөчө жаш мугалимдерге методикалык жактан жол көрсөткөнгө белсенип иштеп жатам. Мугалимдик – менин жашоом, менин тагдырым, менин өмүрүм, — дейт Замира Боронбаева.

Замира эжейдин үй-бүлөсү үчүн мугалимдик кесип ардактуу. Анткени он бир тууганынын үчөө өзүнүн кесиптеши болсо, апа жолун жолдоп бир кыз, бир уулу дагы агартуучу.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим” 

Поделиться

Комментарии