Бишкекте эскилиги жеткен мектептер жаӊыланат

  • 12.07.2013
  • 0

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардык мектептердин абалы боюнча шашылыш кеӊешме-жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

9-июлда шаар башчысы Бишкек ша­арындагы №25 жана №44 орто мектеп­тердин абалы менен таанышып чыккан. Таанышуу учурунда №25 орто мектептин имараты эскиргендигине байланыштуу жа­раксыз абалга келгендиги, ошондой эле абалга №44 орто мектептин имаратынын бир блогу да туш болгондугу аныкталган. Өз кезегинде шаар башчысы мектеп имаратта­ры боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аларды мындан ары пайдалануу боюнча жыйынтык чыгаруу тапшырмасын берген эле.

Жыйындын жүрүшүндө мектеп айлана­сын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлбөстөн кароосуз калгандыгы белгиленди.

— Мындай көрүнүш ар бир мектепке тиешелүү. Чарбачылык менен мамиле кы­луу жок. Өз ишине мындай мамиле кылган адамдарды жумуштан бошотуу керек,- дейт И.Өмүркулов.

Белгилей кетсек, жакынкы арада мектеп имараттарынын абалын изилдөө боюнча эксперттик комиссия түзүлүп, имараттар­дын техникалык абалы тууралуу корутун­дусун берет.

— Мен №25 орто мектептин имаратын бузуп, ордуна жаӊы имарат салынышын колдойм,- деп кошумчалады шаар баш­чысы.

Ошондой эле мэр, бардык мектептин жетекчилери август айынын аягына чейин мектептердин айланасын көрктөндүрүп, тартипке келтиришин талап кылды жана жеке өзү текшерип чыгып, коюлган талап аткарылбаса, тиешелүү жетекчилерди иш­тен бошоторун белгиледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА

Поделиться

Комментарии