БИРГЕЛЕШКЕН ИШ-АРАКЕТ — ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

  • 07.05.2016
  • 0

2016-жыл — Тарых жана маданият жылы болуп жарыялангандыгына байланыштуу мектеп тарыхына кичине токтоло кетсем.

Мектеп 1923-жылы Кара-Суу көчөсүндө бир комната үйдө медресе тибинде уюшулган. Андагы окуу мусулманча, араб алфавитинде окутулган. Ошол мектептин биринчи окуучусу болгон Сагынбаев Абдылла: — Ал кезде медреседе он чакты бала окуганбыз. Арабызда 2-3 кыз бала да бар эле. Биринчи молдобуз Жийдебай болгон, —  деп эскерип калат.

1923-жылы Кыргызстанда жалпы 107 гана мектеп барын эскерсек, анда бул айылда агартуу тармагында чоӊ жетишкендик болгон деп билсек болот. Ошол кезде элдер туташ сабатсыз болчу деген советтик пропагандага толугу менен кошулууга болбойт. Революцияга чейинки эле айылыбызда: Мусакожо, Курманбай, Бексултан, Коной, Акматсия, Иманбет ж.б. араб алфавитин тааныган билимдүү молдолор болгон. Мечитти Жийдебай молдо кармаган.

Бексултан молдо  он жыл бою айылдагы окууга дилгир болгон бир нече баланы окуткан.

1924-жылы азыркы «Рахмат» көчөсүндө эки комнаталуу мектеп курулат. «Мектепти салдыруу үчүн бир жылдан (400гр) апийим жыйнап берип, Сарт-Ногойлорго салдырганбыз»,- деп эскерет Сарыбаш ата.  «Мектепте кыргыз тили, жагарапия(география), эсеп сабактары өтүлүүчү», — деп эскерет мектептин алгачкы окуучуларынын бири Сагынбаев Абдылда.

Биринчи кызыл мугалимдер Маргазиев Иманалы, Оӊгоев     Керим, Волышов, Жолколот Бурма-Суу айылынан болушкан. 1924-1930-жылы Тегизчил мектеби деп аталган. 1930-жылы Кара-Жал  башталгыч мектеби деп уюшулган.

 1935-жылы 7 жылдык мектепке өтүп, 1942-1943-жылдары орто мектеп болот. Интернат иштейт. Согуш убагында интернат жабылып, мектеп кайрадан 7 жылдык болуп калган.

Өмүр карыса да жетекчинин эмгеги карыбайт.

1933-жылдан 1964-жылга чейин К.Оӊгоев, К.Жумабаев, К.Чынтемиров, О.Базарбаев, Ү.Мусаев, Б.Орунтаев, Г.Өмүрзакова – директор болуп иштеп кетишкен.

1964-жылы 10 жылдык орто мектеп болуп, 1964-1970-жылдары Маданбекова Шүкүр дайындалат. Андан бери жүздөгөн алдыӊкы бүтүрүүчүлөрдү уядан учурдук.

1986-1987-окуу жылында алдыӊкы бүтүрүүчү Чөдөева      Айнура болгон. Ал биология илимдеринин кандидаты наамына жетишти.

1992-1993-окуу жылында мектептин тарыхында  биринчи болуп Н. Чолпонкулова, И.Осмоналиева  мектепти күмүш медалы менен бүтүшкөн.  М.Калкаева, Ж.Кулунбаева. К.Турсуналиева өзгөчө аттестат менен бүтүргөн.

 2006-жылдан тартып мектепти мен, Атыгаев Талгарт жетектеп келем. Азыр педколлективде 21 мугалим эмгектенип, 234 окуучу билим алууда. Мектепте усулдук бирикме жана «Жалын» жаштар уюму чыгармачылык менен иш алып барууда. Мектеп заманбап техникалык каражаттар менен демөөрчүлөрдүн жардамында камсыздалган. 2012-жылы  мектепке 19 видеокөзөмөл орнотулган. 2013-жылы «Мега Билим» долбоору аркылуу 7 компьютер алынган. 2010-2015-жылдары тышкы инвесторлорду тартуу  5 млн. сомду түздү.

— Биздин мектеп болгон күчүн тарбиялуу, билимдүү балдардын өсүп жетилишине чоӊ аракеттерди жумшап  келет.

Мектепте бүгүнкү күндө 21 мугалим эмгектенет. Алардын 19 — жогорку билимдүү, 6 — билим берүүнүн мыктысы, 4 — министрликтин грамоталарынын ээси.

Төрт жаш мугалим бар. Алар насаатчылардын жардамы менен иш алып барышат. Бардык предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү  камсыз болгон.

Заманбап окутуунун талаптарына ылайык, мектебибизде компьютерлер, интерактивдүү такталар, проекторлор менен сабак өтөбүз. 2013-2014-  жана 2014-2015-окуу жылдарында   мектебибиз райондук жылдын жыйынтыгы боюнча I орунга  ээ болуу  менен бирге мектептерге тажрыйба жайылтуу иштерин жүргүздүк.

Окуучулардын коопсуздугу үчүн ар бир класс-кабинеттерде видеокөзөмөл орнотулган. Андан сырткары ар кандай долбоорлор менен иш алып барабыз. Мисалы, быйыл «Наристе 480» программасы боюнча областта алдыӊкы көрсөткүчтөрдү бере алдык. «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдөбүз. «Менин мектебим» долбоорунун алкагында алдыӊкы балл алган окуучуларга (1-орун 8000 сом; 2-орун 5000 сом; 3-орун 3000 сом өлчөмүндө, сыйлыктар  тапшырылат. Мындан тышкары, бизде жыл сайын  мектеп ичинде мыкты окуучулар жана мыкты классты окуу жылы аяктаганда  ар кандай тарыхый жерлерди көрүп, эс алып келишин салт катары уюштуруп келебиз.

Албетте, бул сыяктуу иш-чаралар аркылуу мамлекетибиздин эртеӊки келечегине, түпкүлүгүнө зор салымыбызды кошо бермекчибиз.

«Билим башаты – китеп, тарбия башаты – мектеп» демекчи, балдардын татыктуу билим алуусу менен бирге, алардын тартиби, эстетикалык жактан тарбиялануусу да бекем колго алынуусу тийиш. Биздин   мектептин  тарбия жаатында  аткарган иштери тууралуу токтолсом, жыл башында атайын иш-план кабыл алабыз. Негизинен класс жетекчилер менен тыгыз иштешебиз. Мектепте балдардын өзүн-өзү башкаруу уюму бул жагынан чоӊ жардам берет. Алар жыл ичинде боло турган бардык иш-чараларга активдүү катышышып гана тим болбостон, ал иштерди өздөрү дагы алып барышат. «Мекенге кызмат кылуу мектептен башталат» деген сөз буга эӊ сонун далил болуп берет. Мектептеги тарбия иштери ата-энелерсиз ойдогудай болбойт. Бул жагынан биздин ата-энелер дайыма колдоо көрсөтүп, ар кандай иш-чараларга келип, активдүү катышып беришет. Жыл ичинде ата-энелер чогулуштарын өткөзүп, анда бизди кооптондурган маселелерди чогуу чечип алабыз. Мындан тышкары, мектеп коомчулук менен дагы тыгыз байланышта болуп турат. Ар кандай иш-чараларга коомчулуктан чакыртып, мектеп турмушуна аларды да аралаштырганга аракет кылабыз. Жаӊы жыл майрамын биздин окуучулар өзгөчө чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени, 8 жылдан бери айылдык кеӊештин депутаттары 1-4-класстын окуучуларына майрамдык  таттуулар баштыгын камдап, белек кылып келишет. Андан тышкары, мектепте окуучуларды мекенди сүйүүгө,  мекендин татыктуу атуулу болууга тарбиялоо максатында такай иштер жүргүзүлөт. Мисалы, жакында эле Каракол шаарындагы  аскер бөлүмүнөн офицерлер атайын келип, жалпы аскер турмушу, курал–жаракты туура колдонуу жөнүндө маалымат берүү менен бирге   ар кандай турмуштук кырдаалдарда мекендин чыныгы атуулу кандай болуш керек экендигин түшүндүрүштү.

Бу да болсо окуучуларга эӊ позитивдүү ойлорду, таасирлерди калтырды. Мектеп парламенти менен бирдикте «Аймак периси», «Акыл таймаш», кенже класстар менен «Бирге окуйбуз», «Ден соолук күнү» конкурстарын өткөрүп турабыз.

Биздин мектеп болгон күчүн тарбиялуу, билимдүү балдардын өсүп жетилишине чоӊ аракеттерди жумшап  келет.

Даярдаган М.Кайыпов,  “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии