БИР ООР ЖОЛДУН ҮЧ АШУУСУ

  • 05.04.2016
  • 0

Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы зор окуялар — Аксы трагедиясы жана 2005-ж. март, 2010-жылдагы апрель элдик революциялары жөнүндө сабактын усулдук сунуштамасы

 

Мугалим: Саламатсыӊарбы, кымбатуу окуучулар!Биздин бүгүнкү сабагыбыз Кыргызстандагы соӊку жаӊы тарыхындагы эӊ  зор тарыхый окуяларга арналат.Сабактын темасы: “Бир оор жолдун  үч ашуусу”
Эскертүү: Сабактын максатын окуучуларга мугалим жакшылап түшүндүрөт, себеби максатка жетүү үчүн окуучулар сабактын максаты менен таанышып түшүнүшү керек.Билим берүүчү максаты: Окуучулар 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары, 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция жана 2010—жылдын 7-апрелиндеги Элдик революция кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргыз Республикасынын соӊку жаӊы тарыхындагы эӊ зор үч ашуу экендиги жөнүндө маалымат алышат.Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулар 21 к. алгачкы он жылдыктарындагы демократиялык жолго багытталган Кыргызстандагы болуп өткөн окуяларды анализдешет, салыштырышат жана талкулоо менен өз баалоолорун беришет.Таалим-тарбия берүүчү максаты: Окуучулар кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунан сабак алуу менен мекенчилдик, адилеттүүлүк, мамлекеттик кызыкчылыкты өз кызыкчылыгынан өйдө коюу инсандык сапаттары калыптанат.
Мугалим: Келгиле балдар биз сабагыбызда Элдик революция деген терминди көбүрөөк колдонот экенбиз. Силерге суроо: Революция деген эмне? Ким буга кандай түшүнөт, өз алдыӊарча дептериӊерге аныктама жазып көргүлөчү.Эскертүү: Ар бир окуучу өз алдынча доскада жазылган революция деген терминге аныктама бериши керек. (Мээ чабуулу ыкмасы) Бул тапшырма  окуучулардын алдын ала билимин текшерүү жана сабакка активдүү катышуусуна өбөлгө түзөт. Иш аракетке 3 минута убакыт берилет.  Убакыт өткөн соӊ мугалим каалаган окуучудан аныктамасын окутуп аягында өзү коментарий берет. Окуучулар: Өз аныктамаларын окуп беришет.Революция деген өзү эмне?«Революция» деген сөз французча «revolition» деген сөздөн алынып, анын мааниси – түп тамыры менен өзгөртүү, бир сапаттан экинчи сапатка секирик менен өтүү болуп саналып, ал коомдун, аӊ-сезимдин жана жаратылыштын диалектикалык өнүгүүсүнүн эӊ маанилүү мыйзам ченемдүүлүгүн иш жүзүндө көрүнүшү».«Революция» деген терминдин илимий теориялык чечмелениши: социалдык, коомдук-экономикалык, саясий түзүлүштөрдүн түп тамырынан өзгөрүшү. Бул – революция – деп аталат.
Мугалим эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчун күрөштун улуу үч ашуусу бул Аксы окуясы жана 2005-ж март, 2010-жылдагы апрель элдик революциясы жөнүндө болуп жатканын айтып берүү менен окуучулардын бул окуяларды анализдеп талкуу кылуу үчүн 3 топко бөлөт.1-топтун тапшырмасы: 2002-жылдагы Аксы окуясы анын өбөлгөсү, себептери жана натыйжасы.2-топтун тапшырмасы: 2005-жылдагы 24-марттагы элдик революциянын өбөлгөсү, себептери жана натыйжасы.3-топтун тапшырмасы: 2010-жылдагы 7-апрель Элдик революциянын өбөлгөлөрү, себептери жана натыйжалары.Эскертүү: Топтук иштерге 15 минут, презентацияга 3 минут.
Мугалим: Күн мурунтан даярдалган текстерди изилденип талкууга алынуучу темаларына жараша топторго таратат.1-топтун тексти: Аксы окуялары Кыргызстандын соӊку тарыхынан бекем орун алды. 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында өлкөнү тоногон, элибизди манкурт, кул катары көргөн акаевдин үй-бүлөлүк режимине каршы көтөрүлгөн куралсыз демонстранттарга укук коргоо органдары тарабынан ок атуучу курал колдонулган. Бийликтин элге каршы аракеттеринин кесепетинен Аксы районунун алты тургуну: Бегалы Четинбаев, Сатинбай Үркүнбаев, Кадыркул Сапаралиев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев, Медетбек Бекмуратов курман болгон. Көп күндүк саясый ачкачылык жарыялоодон Бишкекте Шералы Назаркулов каза болгон.17-мартта карапайым калкыбыз өлкөнү тоногон, элибизди маӊкурт, кул катары көргөн Акаевдин үй-бүлөлүк режимине каршы көтөрүлгөн, бирок бийлик өз элине каршы курал колдонуп, өз жарандарын өлтуруп, өзүн сактап калган. Демократияны өнүктүрүүдө Аксы окуяларынын өзгөчө ролу эске алынып, ошондой эле кайгылуу окуялардын курмандыктарынын жаркын элесине урмат көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2012-жылдын 17-марты «Аксы окуяларын эскерүү күнү» деп жарыяланган. «Аксы окуялары бизге элдин жана бийликтин биримдигин чыӊдоонун зарылдыгы, өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу, коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты сактоо жөнүндө эскертет.2-топко берилүүчү текст. Аксы окуясына мамлекеттик бийлик тарабынан баа берилбеши, барган сайын Акаевдин авторитардык-корупциялык режимдин чыӊдалышы, эл менен бийликтин ортосундагы ажырымдардын күчөшү, элдик нааразычылыкты күчөттү. Шайлоолор көп сандаган мыйзам бузуулар жана бурмалоолор менен коштолуп, бийликтин бир ууч өкүлдөрүнүн мүмкүн болгон бардык каражаттардын жардамы менен парламенттик көпчүлүккө ээ болууга, өздөрүнүн бийлик укуктарын сактап калууга болуп көрбөгөндөй аракет жасоолор ачык жүрдү. Бул көрүнүштөр калктын жигердүү каршылыгын пайда кылды. Оппозиция лидерлеринин бийликке ишеним көрсөтүшпөй, болуп өткөн шайлоолорду жараксыз деп табуу жана президенттик шайлоолор болгонго чейин эски парламенттик ыйгарым укуктарды сактоо, парламенттик шайлоону президенттик шайлоодон кийин өткөрүү талабын коюшту. Жала-Абад жана Ош областарында. Нарын областындагы Кочкор районундагы жергиликтүү органдардын бийлик алмашуусу, курултайлардын өткөрүлүүсүнө каршы мамлекет күч колдоно баштады. Натыйжасында 2005-жылы 24-мартта жалпы элдик нааразылык революцияга чейин өсүп жетип ал жеӊиш менен аяктады. Бирок көп узабай элдин жеӊиши дагы бир үй-бүлөлүк режим-Бакиевдердин режими уурдап алган.3-топтун текст. Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүү жолуна салууга, корупцияга каршы чындап күрөшүп, мекенибизди кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгарууга, демократиялык шайлоо өткөрүп, парламенттик системанын пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк берген жол 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциядан кийин ачылган. Бул сапар элибиз үй-бүлөлүк, кландык системаны биротоло талкалаган. Бирок жеӊиш өтө кымбатка турган. Жүзгө жакын  жараныбыз курман болуп,  миӊден ашык адам жаракат алган.
Текст менен иштөө жана өз маалыматтары менен толуктап 3 топ презентация жасоосу. Презентация кыска жана так болууга тийиш. Тапшырманы аткарыш үчүн 15 мүнөт убакыт берилет.  Ар бир топко тапшырманын темалары алдын-ала жазылып коюлган флипчарттар, маркерлер таратылып берилет. Ар бир топ тандап алган темасынын баракчалардагы тексти жана мурдатан окуп билгендери боюнча маалыматтарды даярдашат. Алар ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн. Тапшырмаларды кыскача, кызыктуу кылып даярдоого мугалим көмөктөшөт.Топтор тапшырманы аткарып бүтүшкөндүктөрүн кол чаап билдиришет. Баардык топтор бүткөндөн кийин, тапшырманы аткарып бүткөн ырааты боюнча топтун 1-2 өкүлү чыгып, өз маалыматтарын жакташат (жактоого топторго 3 минуттан берилет).Эскертүү: Топтук иштер окуучулардын маалыматтык, коммуникативдик жана өзүн-өзүөркүндөтүүчүлүк компетентүүлүгүн өнүктүрөт.
Мугалим жыйынтыктоосу: Окуучулардын презентациясынан кийин дагы бир жолу 4-апрелдеги жарлыкка кайрылуу менен өткөндөрдөн сабак алып келечекке умтулуубуз керек экендигин айтуу менен мамлекеттин келечеги жаштар экендигин бекемдөөгө тийиш.

 

Сунушталган адабияттар:

1. Президент Алмазбек Атамбаевдин: “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыгы . 4 апрель 2016 ж.

2. Президент Алмазбек Атамбаев: “Аксы окуясы элибиздин көзүн ачып, адилеттик менен эркиндикке жол баштаган” , Кыргыз Туусу.  №21. 18-март 2016-ж

3. М. К. Иманкулов. Кыргызстандын тарыхы 20-21 кк. Окуу китеби. -Б.: “Билим-компьютер”, 2012

 

Түзүүчүлөр:   КББАнын лабораториясынын башчысы п.и.к. М.ИМАНКУЛОВ

“Себат” ЭАББМсинин тарых кафедрасынын башчысы А. ДОТАЛИЕВ

 

Поделиться

Комментарии