БИЛИМ БЕРҮҮ ФЕСТИВАЛЫ: «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ– ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН”

  • 04.05.2015
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан демилгеленген III билим берүү фестивалы балдар жанажаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатууга арналды. Алты интерактивдүү аянтчалары/класстары бар эко-фестиваль эки күнгө созулду. Коом үчүн сапаттуу билим берүүнүн маанилүүлүгүнө жана артыкчылыгына басым жасоо менен биринчи Билим берүү фестивалы 2013-жылы (18-19-май) өткөн жана ал балдарга, борбор шаардын меймандары үчүн керектүү жана актуалдуу иш-чара экени белгиленген. Ал эми 2014-жылы өткөн экинчи Билим берүү фестивалы техникалык кесиптерге кызыгууну кайра жаратууга, ошондой эле балдардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана салттуу экологиялык билимдерди жайылтууга багытталган. Быйылкы, т.а.  2015-жылдагы үчүнчү Билим берүү фестивалы: «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ– ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат.

Фестиваль  К.И.Скрябин атындагы  Кыргыз  улуттук агрардык  университети (КУАУ) жана Бишкек шаарынын мэриясы менен илимий-техникалык кызматташтыкта өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз улуттук агрардык университетинде ачылды. Ал жерде ар бир каалаган адам КУАУнун жана анын лабораториялары өткөргөн экскурсияларга катышып,  экология,  айыл чарбасы жана ветеринария жагынан эксперименттерди жана  демонстрацияларды көрө алышты. Ошондой эле университеттин Коллекциялык питомнигинде биогумусту жана компосту даярдоо технологиясы, ландшафттык дизайнды, газондорду күтүүнү ж.б.у.с. нерселер менен келгендер жакындан таанышты.

 ЮНИСЕФтин колдоосунда «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясынын алкагында  Раимжан Курманов, Омар, Юлия Руцкая балдарга китеп окуп беришсе, кыргыз элинин алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун  карындашы Роза Айтматова окуу жайдагы жазуучунун атындагы кабинетте, анын өмүр баянынан балдарга үзүндү окуп берди.

Кыргызстандын  экс-президенти  Роза Отунбаева: «Бул иш-чара — биздин эл үчүн маанилүү окуя. Фестивалды  өткөрүүнүн  максаты — балдарда жана жаштарда,  ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданият деңгээлин жогорулатууну, сырттан карап байкоо жүргүзүүчүнүн позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү  катышуучусунун позициясына өтүүнү, сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүгүүүчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүүнү көздөйт. Бул эко-долбоор 2015-жылдын январында ишке киргизилген жана Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы жана экологиялык уюмдар менен бирдикте турмушка ашырылып жатат.

Биз балдарга өсүмдүктөрдү кантип отургузуу керек экенин үйрөтөлү дедик. Анткени бизди мектепке буга эч ким үйрөткөн эмес. Ал эми азыркы жаштардын үйрөнүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар», — деди ал.

Иш-чарага  келген  Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева Президент Алмазбек Атамбаевдин аты-нан  Р.Отунбаеванын  демилгесине  ыраазычылыгын билдирди.

— Бул иш-чара бизди жана балдарды экологиялык проблема тууралуу ойлонууну үйрөтүп жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырды. Биз сырттан карап турбай,  экологиялык акцияларга жана иш-чараларга активдүү катышуубуз зарыл, — деди Раиса Атамбаева.

Эки күн бою эртеден кечке чейин мектеп эко-викторинасынын катышуучулары үчүн күйөрман болууга, планетарийдин  көрсөтүү  залында фильмдерди  көрүүгө,  Борбордук  Азиядагы  биринчи «Суу музейине» барууга, ал эми түштөн кийин КВН «Эко-Кубогунда» эс алууга жана шаардын эң мыкты КВН командаларынын тамашаларын көрүүгө ж.б.у.с. кызыктуу иш-чараларга шаардыктар күбө болушту. Эки күндүк майрамга шаардын100дөн ашык уюму катышты.

Баса,  Балдар  жана өспүрүмдөр «Сейтек» улуттук борборунун сахнасында фестивалдын катышуучулары «Этуаль– жылдыздардын уулу» спектаклинин алкагында ушу байыркы кытай өнөрү менен тааныша алышты. Жаңы спектаклге төрт жаштан60  жашка  чейинки 130 актер: ушуну жаңыдан баштап жаткандар, ошондой эле салттуу ушу боюнча көп жолку сыйлыктардын ээлери жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү,  дүйнөнүн чемпиондору катышты. Жаңы спектаклдин башкы режиссеру болуп КР салттуу ушу Федерациясынын президенти, Дүйнөлүк салттуу ушу ассоциациясынын президенти,  салттуу ушу боюнча дүйнөнүн чемпиону Евгений Лопаткин саналат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии