БЕГАЛИЕВА НУРИЯ – МЫКТЫ МУГАЛИМ, АЛДЫҢКЫ НАСААТЧЫ

  • 23.01.2017
  • 0

 

Бегалиева Нурия Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жер-Казар айылынын К.Айдарбекова атындагы орто мектебинде 42 жылдан бери эмгектенген, мектептин жана айылдын эң ардактуу, кадыр-барктуу, ардагер мугалими. Ал жетимиш жашка келсе дагы өзүнүн сүйүктүү мектебин таштабай, балдарга химия, биология сабагынан  билим берип келет.

Бегалиева Нурия эмгек жолун дал ушул мектептен баштап, чейрек кылымга жакын өмүрүн бала окутууга, бала тарбиялоого арнап, пенсия курагынан алда качан ашканына карабастан, башкаларга окшоп кабагым-кашып деп үйдө отуруп албастан жигердүү эмгектенүүдө. Ал алгач мугалимдик кесипти эмес медайымдыкты тандап алып, мектепти бүткөндөн кийин Медициналык орто окуу жайында билим алган. Андан соң Кыргыз улуттук университетинин биология факультетине тапшырып, бешинчи курста окуп жүргөндө азыркы мектебинде химия жана биология сабагынан мугалим жок болуп калып, күтүүсүздөн эле мугалим болуп иштеп баштаган. Ал алгач мугалимдик эң сүйүктүү, эч нерсеге алмашкыс кесиби болуп калат деп эч ойлогон эмес.

— Мен негизи балдарды абдан жакшы көрөм. Ошондуктан мугалимдик кесип мени арбап алды окшойт. Менин окуучуларым дайыма келип сурап, учурашып, ал-акыбалымды билип турушат. Окутуп жаткан балдарым болсо жылда окуу жылынын аягында «Эжей эмдиги жылы келесизби, бизди дагы окутасызбы», — деп сурап калышат. Демек, алар менин сабак өткөнүмө кызыгышат. Менден дагы билим алгысы келет. Окуучуларымдын дал ушундай мамилеси мени мектептен кетирбей кармап келет, — дейт Нурия Омуралиевна.

Ушул күнгө чейин мектебин, окуучуларын таштап кете албай жүргөн каарманыбыз ал тургай мектебине жардам, колдоо көрсөтүү максатында, өзү дайыма сабак өтүп жүргөн биология классын толук ремонттотуп, заманбап жасалгалап да койгон.

— Бул айылда биринчилерден болуп оңдоп-түздөөгө жардам берген адам дал ушул Нурия эжей болду. Биздин мектеп 1971-жылы курулган тейинче капиталдык ремонттон өткөн эмес. Ошондуктан бизде баардыгы эски. Жетекчи катары мектепти кантип оңдоп-түздөп алабыз деп баш катырып жүргөндө Нурия эжей саамалык киргизип, бир классты 90 миң сомго жасатып берди. Эжеден кийин айылдын көп тургундары намыстанып, бир топ класстык бөлмөлөрдү жасатып беришүүдө. Бул класска эженин жолдошунун наамын берелик дешкен. Бирок биз эженин өзүнүн атын берүүнү туура көрдүк, — дейт мектеп директору …..

Нурия эжейдин өмүрлүк жолдошу Бегалиев Картаң бир канча жыл айыл башкармасы болуп иштеген, легендарлуу парламенттин эки жолку депутаты. Ал өз айылын көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга зор салымын кошкон, айыл мектебине ар тараптуу жардам берген адам болгон. Убагында эжейдин жолдошу балдарды спортко тартуу, калктын ден соолугун чыңдоо максатында мектепке атайын спорт мектебин курдуруп берген. Ал мектепке Бегалиев Картаңдын аты берилип, ушул күнгө чейин айыл жаштарын тарбиялоодо чоң салым кошуп келет.  Нурия эжей жолдошу экөө беш баланы тарбиялап-өстүрүшкөн. Балдары дагы билимдүү болуп, алды учурда Америкада жашап жатса, эки кызы эне жолун жолдоп мугалимдик кесипти аркалап келишет. Нурия Омуралиевна жакында эле жаш курагына карабай Америкага кызына барып, алты ай жашап, өнүккөн мамлекеттин жашоо-турмушуна күбө болуп келди.

— Мен өзүм мугалим болгондуктан көбүнчө Американын билим берүү системасына көңүл бурдум. Неберелеримди ээрчип алып мектептерине чейин барып жүрдүм. Бизде балдар мектепте 11 жыл окуса, Америкада 12 жыл окуйт экен. Анан да аларда логикага  көбүрөөк көңүл бурушат. Изденишет, балдардын эле эмес, өздөрүнүн да аң-сезимин өстүргөнгө көңүл бурушат экен. Окуучуларына 10-класстан баштап эле дүкөндөрдө, кафелерде  күнүгө үч сааттан иштегенге уруксат беришиптир.  Ар бир мектепте бардык мамлекеттердин желектери илинип турат. Арасынан биздин желекти көрүп абдан кубандым, — дейт Нурия апа.

Америкалык балдарга караганда кыргыз балдары жалкоо экендигин,  азыркы балдардын китепке эмес  интернетке көбүрөөк азгырылып жатканын айткан ардагер мугалим балдарды окууга кызыктыруу үчүн мектептерде жаңылануулар керек экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, мектептерде компьютерлерди көбөйтсө, жаңы окуу куралдары болсо, интернетти максаттуу пайдаланса, көрсөтмө куралдары менен толук камсыз болсо билимдин сапаты алда канча жогоруламак. Мугалимдер дагы ар тараптан изилденип, жок деп колду жайып отура бербестен өздөрү дагы аракет кылышы керек.

— Бизде мурун азыркыдай мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Бирок ошого дагы карабастан көп нерсеге жетишчүбүз. Үй иштерин бүтүрүп, балдарымды уктатып коюп түн жарымына чейин сабакка даярданчумун. Анда азыркыдай тиричилик техникалары да жок. Анын үстүнө жолдошум кызматкер болгондуктан биздин үйгө конок көп келчү. Эки күндүн биринде эле мейман тозчубуз. Бирок канча чарчасам дагы мектептен калчу эмесмин, — дейт Нурия.

Түйшүгү түмөн болсо дагы Нурия эжей өз балдарына мыкты тарбия берүүгө аракет кылып, ар бир баласынын мүнөзүнө жараша кылдат мамиле кылган. Ал башка ата-энелерге дагы бала тарбиялоонун ушундай жолун сунуш кылат. Себеби ар бир бала, өзгөчө азыркы замандын балдарынын мүнөзү, дүйнөгө, айланага болгон көз карашы такыр башка. Ал ар бир баланын тилин таба билүү  бала тарбиялоонун эң жакшы жолу деп эсептеп, баланы коркутуп-үркүтпөй, акырын айтып түшүндүрүп, болгон мээримиңди төгүп турганда гана тарбиянын өтөсүнө чыгасың деп эсептейт. Эжейдин балдарга болгон ушундай мамилесинен уламбы, айтор, качан болсо окуучулары айланчыктап жанынан чыгышпайт.

— Мага, өзгөчө улгайып калган кезде жагымдуусу мектепке келе жатканда окуучуларымдын алдымдан тосуп чыгып, колумдагы  баштыгымды ала коюшуп, класска чейин жетелеп баргандары болот. Ошондуктанбы же кесибимди абдан сүйгөндүктөнбү, айтор дагы деле мектептен кетким келбейт. Ушул окуу жылында жакшы эле эс алууга кетүүгө чамындым эле мектеп директору жибербей койду. Анын үстүнө мектепке биология, химия сабагынан орус класстарга сабак бере турган жаш мугалимдер келбей жатат, — дейт Нурия.

Мектеп директору болсо Нурия эжейдей болгон мыкты, өз ишин билген, окуучуларды сүйгөн мугалиминен кол үзүп калууну каалабай жаткандыгын айтып, эжейди дагы бир топ иштете тургандыгын билдирди.

— Мен Нурия эжейди Кыргызстандагы мугалимдердин эң мыктысы деп эсептейм. Эже мыкты инсан, ыйык эне, мыкты аялзат, төгөрөгү төп келген инсан. Көп жылдар бою ушул тармакта иштеп келет. Дайыма эжейибиз мугалимдерге, окуучуларга, деги эле айыл жаштарына үлгү болуп келет. Өзү бир сөзүн эки кылбаган киши. Мен мектебибизде ушундай жакшы мугалимдин бар экендиги менен сыймыктанам. Адамдык жакшы сапаттардын баарын эжеден тапса болот. Бул адам педагог болуп жаралган. Педагогикалык тармакта ушундай адамдар дагы да көп боло берсин. Ушундай адамдар бар үчүн билим сапаты, мектеп, коом кармалып турат, — дейт мектеп жетекчиси.

Бегалиева Нурия ушул күндөрү 70 жылдык торколуу тоюн белгилеп жаткан кези. Окуучулардын сүйүктүү мугалимин, айылдын кадырлуу аксакалын торколуу тою менен кесиптештери, ага-туугандары жана балдары кызуу куттукташып, ага ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалашып, дагы да болсо жаш муундарга билим, тарбия бере беришине тилектеш экендигин билдиришти.

 

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

 

 

Поделиться

Комментарии