“Бабалардын кутманы, Элдин медер тутканы, Эр Сейтек баяны”

  • 28.04.2014
  • 0

DSC_2644“Айгине” маданий-изилдөө борборунун демилгеси менен бүгүнкү доордогу манасчылардын айтуусунда 16 сааттык  “Бабалардын кутманы, Элдин медер тутканы,  Эр Сейтек баяны” видеоверсиясы жарык көрдү. Буга чейин “Улуу Баян урпактардын оозунда” жана “Улуу элдин укуму, Эр Манастын тукуму, Семетей баатыр баяны” аттуу дисктер чыккан болчу. Үчилтиктин видеоверсиялары жалпы республикадагы мектептерге, жогорку окуу жайларга бекер таратылып, жети дубанды айгинечилер манасчылар менен түрө кыдырып, жолугушуу өткөрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өтүп жаткан иш-чаранын  максаты — азыркы күндө айтылып жаткан дастанды элдерге кенен таанытуу, улуу баянды сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган аракетти көздөйт. 2014-жылдын 7-22-апрелине чейин өтүп жаткан иш-чарага белгилүү манасчылар Кубанычбек Алмабеков, Рыспай Исаков, Камил Мамадалиев, Улан Исмаилов, Салимбай, Тоолуу Шориядан келген кайчы (дастанчы) Чылтыз Таннагашевалар катышып,  окуучулар жана студенттер менен жолугуп, өнөрлөрүн тартуулап,  жаштардын суроолоруна  жооп беришүүдө.

      Биринчи күн:  Самаркандектеги кичинекей манасчы

Алыскы өрүкзарлуу Баткен шаарына келээрибиз менен Самаркандек айылында жайгашкан мектептердин мугалимдери, окуучулары дем алыш күнгө карабай бизди чыдамсыздык менен күтүп жатканын уккандан кийин (негизинен программада бул айыл каралган эмес), түштөнүп алып эле кайра жолго чыктык. Самаркандек айылындагы М.Салихов атындагы мектептин директору Адаалат Кудайбергенова окуучулары менен бизди күтүп жатышыптыр, машинеден түшөөрүбүз менен эле жолугушуу өтчү залга алып жөнөдү. “Айгине” маданий-изилдөө борборунун директору, иш-чаранын уюштуруучусу Гүлнара Айтпаева айылдагы беш мектептен келген өкүлдөрдүн бар, жогун тактагандан кийин, келе элек окуучулар менен мугалимдерди кичине күтүп турууну сунуштады. Ушул убакыттын аралыгында мектептин жетекчиси А.Кудайбергенова мени ээрчитип алып, мектеп менен тааныштырып чыкканга үлгүрдү. Анын директор болуп иштегенине бир жарым жыл болуптур. Ушул аралыкта 783 окуучуга билим берген 44 мугалим чыгармачылык менен иштеп жаткандарын, билим сапатын көтөрүүдө ар бир мугалим семинарларга катышып, алган тажрыйбаларын кесиптештерине жайылтканы тууралуу, окуучулардын предметтик олимпиадаларга, спорттук мелдештерге кызыгып, жылдан жылга алдыңкы орундарды камсыз кылып жатышкандарын, мектепте бир лингафондук кабинет, бир компьютердик класс, “Манас” борбору бар экенин ж.б.у.с. иштерин айтып берди. Жолугушууга келгендер бизди күтүп калганын уккандан кийин, залга түшсөк модератор Гүлнара Айтпаева манасчыларды тааныштырып жаткан экен.

  •  Кубанычбек Алмабеков, Түп айылынан келди. Кесиби хирург, төртүнчү муундагы тукум кууган манасчы. Чылтыз Таннагашева, Тоолуу Шориядан келген. Шор эли Россия Федерациясынын Кемеров облусунда жашашат, түбү түрк элдерден болот. Владимир Таннагашев деген акыркы кайчынын (дастанчынын) карындашы. Рыспай Исаков, Өзгөндөн. Түштүктөн чыккан чоң манасчылардын бири болот деп ишенебиз. Түштүктөн чыккан манасчылардын өзгөчө айтуу жолдору, өзгөчө касиеттери болот. Манас ордодон, Таластан келген Камил Мамадалиев учурунда аттын кашкасындай белгилүү болгон Кааба ата, Шаабай аталардын түздөн түз шакирти. Алардын жанында жүрүп касиеттерин таанып, манасты үйрөнгөн. Ысык-Көлдөгү Кичи-Жаргылчак айылынан келген Улан Исмаилов. Бул жигит байыркы манасчылардын кабарын сактап келатат. Илгерки манасчылар эпосту жумалап айткан. Улан Исмаилов ошондой манасчылардын бири. Убакытты карабай айта берген касиетти алган жигит, — деди Г.Айтпаева.

Мындан сырткары,  “Айгине” маданий-изилдөө борбору үч жылдын аралыгында “Манас”, “Семетей, “Сейтек” үчилтиги боюнча заманбап манасчылардын айтуусунда видеоверсиялар тартылганы тууралуу маалымат берип, Самаркандек айылындагы беш мектепке бекер дисктерди жана ЮНЕСКО тарабынан чыгарылган “Манас” тууралуу китепти бекер берилээрин айтып, келген өкүлдөргө өз колу менен аларды тапшырды. Андан соң, алыстан жол арытып, жол карытып келген шориялык кайчы Чылтыз Таннагашева өз өнөрүн самаркандектерге тартуулады. Анын дастан айтып жатканда назик үнү бир заматта көмөкөй үнгө айланганы, карышкырдай улуганы, ал эми ооз комузда ойногондо бир эле учурда комуз ойноп, көңдөйү менен кекиликтин, каркыранын үндөрүн коштоп, жылкыдай кишенеп, анын келаткан дүбүртүн көңдөйү менен чыгарганда олтургандардын эле оозу ачылбастан, чогуу жүргөн биз дагы таң берип,  талантына таазим кылдык. Андан кийин кезек кезеги менен манасчылар “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторунан кыска жана нуска айтып беришти.

Өнөрлөр тартуулангандан кийин “Манас” тууралуу кимде суроо бар?” деп модератор залга кайрылса, дуулдап, манасчылык өнөргө анчейин көңүл бурбай олтургандар бир заматта жымжырт боло түшүштү. Бир маалда олтургуч жетпей, жерде олтурган жети жаштагы баланын сунган колу көрүндү, айтор, модераторубуз сүйүнүп кетип “келе гой, эмне сурооң бар?” десе, тиги бала чу дегенде эле “манас айтам” деди. Манасчылар ортолоруна алып олтургузгандан кийин баягы кичинекей бала “Манас” эпосунан жаттаган саптарын кыраат менен айта баштады.   “Манасты” укпай, маани бурбай олтургандарды 1-класстын окуучусу сестентип койду окшойт, ошондон кийин жогорку класстын окуучулары намыстанып кетиштиби, айтор, биринин артынан бири кезекке туруп, манасчыларга суроолорун жаадырышты.

 

Суроо — жооп

? Чылтыз эже, Сиз бир эле учурда ооз комузду ойноп, анан кантип куштардын сайрагандарын, жылкынын кишенегенин, анын добушун чыгарасыз? Сизден ушул өнөрдү үйрөнсө болобу?

Чылтыз Таннагашева: Биздин тилибиз, маданиятыбыз окшош. Мен токойдо, тайгада чоңойгом. Ошондуктан табиятка чукул болуп, табигый үндөр кулагыма сиңип калган. Өзүм да түшүнө албайм, кантип  оозуман үндөр чыкканын. Ал өзүнөн өзү келет.

? “Манасты” канча жашыңыздарда айта баштадыңыздар жана кантип?

Кубанычбек Алмабеков: Ысык-Көлдөн чыккан чоң манасчы Дыйканбайдын небересимин. Жети жашыман баштап айтып келатамын. Манасчылык кыргыздын өзгөчө таланты. Ал аян, тукум куучулук менен келет. “Манас” эпосу кыргыз элине гана таандык. Биз сыймыктанышыбыз керек. Өзбек, тажик, казак эли окшоштуруп айтып жүрүшөт, бирок биздей эч ким айта албайт. Ал биздин каныбызда. Акыркы учурда айрым адамдар “кыздар турмушка чыкканда “Манас” китебин сепке кошуп бериш керек” деп талкуулап жатышат. Менимче, ага чейин эле бериш керек. Ал Курандан да ыйык. Түшкө берет, айткың келет. Бул бизге берилген касиет.

Рыспай Исаков: Негизинен түш көрүп,  11-12 жашыман баштап айта баштадым.

Камил Мадемилов: Чоң атам манас айтчу, санжырачы эле. Теректерге, бутактарга чыгып алып, “Манас манас болуптур, Манас атка конуптур, Коңурбайды Манас сайып, талкалап кетиптир” деп кайталай берчүмүн. Чоң атамдын алдына олтурганда, ал “Манасты” сүрөттөчү: “Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй” деп. Ошол саптар менен арбалып олтуруп, китепте тартылган сүрөттөрдү көрүп, таасирленип, кызыгып, мен суроо берген сайын чоң атам эринбей жооп бере берчү. Көрсө, чоң атам мага “Манасты” сабак катары берген экен. 4-класста сынакка катышып, ошол жерден ачылып кеттим. “Манас” айтып жатып эсим ооп калганы эсимде, мага суу чачып, араң токтотушкан.

Улан Исмаилов: Аян, сыр болуп, эки жылча айтпай жүрүп, кыйналып, ооругандан кийин айттым. Ошол кезде оокаты жүрбөй калган адамдар манас айтат деген түшүнүк менен айтпай жүргөм. Манастан жамандык көргөн жокмун. Манасчылар Ысык-Көл менен Нарындан эле чыккан деген түшүнүк болуп калган. Жок, андай эмес. Түштүктөн Кадыраалы деген чоң манасчы болгон. Жеңижок аны устат катары кабыл алган. Сагымбайдын вариантында Манастын сөөгү Орто Азиядагы кырк жерде көмүлгөн деп айтылат, ал жерде Баткендин тоолору да бар. Мүмкүн сөөгү ушул жердедир. Илгерки убакта адамдардын “Манаска” болгон түшүнүгү, кабыл алуусу, ишеними күчтүү болгон. Анткени “Манас” эпосу кыргыздарды жоокерчиликке үйрөткөн, жер-суу, өсүмдүктөрдү тааныткан, дипломатиянын эң жогорку чеги да “Манаста” болгон. “Манас” аркылуу кыргыздар үчүн бир топ ачылыштар бар. “Манасты” адамдар кунт коюп угушканын байкап жүрөбүз. Анткени ал ар бир кыргыздын жүрөгүн ойготот.

? Манасты айтып жатканда көздөрүңөргө көрүнөбү?

Рыспай Исаков: “Манасты” айтып жатканда силерди эле көрүп жаттым (күлүп). Мага көрүнө элек. Өткөн доорлорду, бабалардын жомогун, жоругун айтканда ошол окуяларды элестетип айтууга туура келет. Кыскасы, абалга жараша болот. Кээде мен деле эмес, башка манасчыларда да болот экен. Оозуң манас айта берет, бирок өзүң талыкшаган уйкуга кетесиң.

Камил Мамадалиев: Манасчы жүрөгү менен эргип айткандыктан, көзүнө көрүнбөйт, сезим менен берилет. Жүрөк менен туюп, кайыптан берилген нерсе аң-сезимге түшүп, жүрөк менен байланышып, анан оозуман чыгат.

Улан Исмаилов: “Манас” айта баштаганда кирип-чыккан адамга көнүл буруп олтурасың. Качан гана “Манас” дүйнөсүнө кирип кеткенде, ошоло дүйнөдө кайнай бересиң. Ким олтурат, ким угуп атат, ким эмне кылганына анализ бербейсиң. Манасчылардын угуучуларды байкабай, башка дүйнө менен алып-урушуп калганы, жанагы көзүңө көрүнөт дегени ошо. Бул күчөтүлгөн түрү.

Гүлнара Айтпаева: Улан Исмаилов 2000-жылдары Таласка барып 7-13 саат тынбай айтканын өзүм көргөмүн. Күн чыккандан күн батканга чейин айтканда, “кантип тамак ичпей, жылбай, эс албай айтасың?” деп суроо бергенимде, ал  “мен олтурганда келгениңерди башынан бир билем, бирок “Манас” дүйнөсүнө киргенде эч кимди көрбөй калам. Болгону эмнени көрүп атсам, ошону сүрөттөп берем. Согушту согуштай, өлүмдү өлүмдөй, кубанычты кубанычтай көрүп, айтып берем” деген эле. Мен мындай пикирди 2-3 манасчыдан уккамын.

? Ар бириңер башка обондор менен айта аласыңарбы? Кумириңер ким?

Кубанычбек Алмабеков: Азыр укканыңар Шааба, Кааба, Дыйканбайдын обону менен айтылды. Улан Исмаилов илгерки чоң манасчы Тыныбектин обону менен айтып жүргөнүн  билебиз. “Манастын” обону башында кошокко окшоп айтылган деп айтылып жүрөт. Саякбай атабыз совет учурунда көп обонду киргизген экен. Кайсы обон менен айтпайлы, бул нукура кыргыздын обону. Белгилүү композитор К.Молдобасанов айткан экен:”Саякбай Каралаев “Манасты” 90 обонго салып айтканы бар” деп.

Мен үчүн кумирлер – түз жүргөн, эл үчүн таза, адилеттүү кызмат кылган адамдар. Менин чоң атам Калык Акиев менен чогуу жүрүп, айткан манасын радиого жаздырган. 1939-жылы жети манасчы Москвага барып, манас айтып, ошолордун ичинен М.Калининдин колунан грамота алган чоң атам мага кумир бойдон калды.

? Балдарыңар манаска шыгы барбы, айтып жүрүшөбү?

Рыспай Исаков: “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?” дегендей, балдарым кичинекей. Эки ооз сөздү кошо коюп жүрөт. Келечек көрсөтөт.

Камил Мамадалиев: Балам манас айтып жүрөт, үмүтүбүз бар.

Улан Исмаилов: Балама “Манас” жөнүндө түшүнүк берем,  ириде кыргыз тилин жакшы үйрөтүп туруп, башка тилдерди үйрөтөм.

? Баткенден кандай манасчылар чыккан?

Кубанычбек Алмабеков: Жакында “Манасчылар” деген китеп чыкты, ага 86 манасчы кирген. Буудайдын ичинде кантип эле бир арпа болбосун. Эң туура суроо берилди. Манасчы атаңарды таап беребиз, милдеттенме алабыз. Баткенден кантип эле манасчылар чыкпасын? Буюрса, “Айгине” маданий-изилдөө борбору үч жылдан бери изилдеп жатат, баткендик манасчылар да чыгат болуш керек. 

Рыспай Исаков: Өтө оор маселе. Богданова деген изилдөөчү түштүк тарапты изилдеген. Баткенден чыккан манасчыларды уккан эмесмин. Кийинки божомолдорго караганда, Токтогул ырчыны Баткенден чыккан деп жүрүшөт. Чындыгында, Токтогул ырчынын чыккан жери эски санжыраларда башкача айтылат.

Улан Исмаилов: Баткен тараптан манасчы чыккан боюнча так маалымат жок. Окумуштуулардын баары Нарын менен Ысык-Көлдү изилдей беришкен. Бирок 32 муунга чейин айткан Кадыраалы чыккан аймактан кантип бир манасчы чыкпасын? Айтылбай калган болуш керек.

Камил Мамадалиев: Кичинекей манасчы чыкпадыбы?.. “Манасты” окуучуларга бекем таанытыш керек.

? Теңирчиликке кандай карайсыңар? Бир күн манас айтпай калсаңар, өзүңөрдү кандай сезесиңер?

Кубанычбек Алмабеков: Манас айтуу —  милдет. Аны актык деп коет. Теңирчиликке каршымын. Кыргыз эли бир эле ислам динин туткан. Хиджаб кыздар кийген эмес. Молдолор азыркыдай дааватка чыккан эмес. Биздин дин – эң жакшы, мамлекетке жаманчылык кылбаган дин. Биз салт-санааларыбызды, адаттарыбызды сакташыбыз керек.

 

Экинчи күн: Кыздардан түзүлгөн манасчылар хору

Иш сапарыбыздын экинчи күнүндө эртең менен Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепке келдик. Бизди мектеп жетекчиси Айгүл Алдашева, Баткен облустук билим берүүнү координациялоо борборунун жетекчиси Мехриниса Айжигитовалар тосуп алышты. Жолугушууга шаардык мектептерден айрым гана өкүлдөр келип, коробкалап алып барган дисктерди кайра алып кетүүгө аргасыз болдук. Бирок ал дисктердин каны жерге тийбей, Ош, Жалал-Абад, Талас жергесинде талашка түшүп, таралып кетти. Эң башкысы, окуучулар, студенттер үчүн “Манас” таануу, тарых, кыргыз адабият сабактарына окуу курал катары чыгарылган дисктер даректүү пайдаланылса деген ниетти  ар бир жолугушууда филология илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Айтпаева баса белгилеп жатты.  

Баткенде манас угуу маданияты өнүгө элек экен. Шыбырашып, кыткылыктап күлүп жаткан окуучулар эмес, айрым мугалимдерди көргөндө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун эскерүүсүн эстедим. Саякбай Каралаев экөө Таласка барып, конторанын жанында аны манас айтат экен деп калың эл чогулуп, күтүп калышкан экен. Саякбай Каралаев манасын төгө баштаганда эле ачык турган асман бүркөлүп, кайдан-жайдан белгисиз кара булут каптап, чагылган чартылдап, жаан шатырата куюп жибергенде, Чыңгыз Айтматов конторага кире качкан экен. Артын караса, эч ким жок. Акырын келип эшикти караса, Саякбай Каралаев күпүлдөп манас айтып жатып, элди эбак арбап алган экен, манасчы солго жыгылса эл солго карай, оңго бурулса оңго карай бурулуп, манас дүйнөсүнө эбак кирип кетишкен экен. Чыңгыз Айтматов жамгырдан качпай, тикирейип олтуруп алып, манасты угуп жаткандардан аябай уялганын жазганы бар. Дегеле кыргыз эли илгери манасчылар, төкмө акындар келатат дегенде бир үйдү тамак-ашы менен атайын даярдап коюп, ошол жерге эл чогулуп, батпай калганы үйдүн сыртында олтуруп угушчу. Ошол маданият азыр бизге абдан керек экенин байкадым. Манасчыларга ырахматын айтып, коштошпогонго жарабаган жетекчилер да четтен чыкты. Эми алар тууралуу кеп башка. Эң башкысы, Баткенде мыкты, акылдуу окуучулар, “Манасты” сыйлаган, аны уга билген мугалимдер бар экенин көрдүк. Айрым мугалимдер укпай калышыптыр.  Бирөөлөр аркылуу биздин келгенибизди укканда, сабагын таштап, манас айткан кыздарын алып келген Баткен мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу,  №3 орто мектебинин 6-классынын мугалими Алтынай Сатыбалдиева биздин кеткенге даярданып калганыбызды көрүп, абдан кейиди. Убактыбыздын тардыгына карабай, кеч болсо да чуркап келген мугалимдин, анын окуучуларынын шаабайын суутпай, айткандарын угалы деп чечтик. Мугалим кыргыз элинин руханий кенч байлыгы “Манас” эпосун үйрөтүүдө өзгөчө көңүл буруп  жатканын,  6-класстын окуучуларына хор менен манас айттырып, анын  идеялык түпкү маңызын балдарга жеткирүү аракетин, ар бир сабагын манас айтуу менен баштаарын айтты. Ошентип, манасчылар кайра залга кайрылып, келген алты окуучу кыздардын хор менен, анан жекече айткан манастарын угуп, аларды алкап, батасын беришти.

Баткен шаарында өткөн жолугушууда да өнөр адамдары өздөрүнүн таланттарын көрсөткөндөн кийин окуучулар, мугалимдер кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Суроо – жооп:

? Чылтыз эже, шор элинин дастаны жөнүндө айтып берсеңиз?

Чылтыз Танагашева: Шор элинин фольклору абдан бай. Анда элдин жашоо-тиричилиги камтылган. Эң башкысы – бул эпос. Учурда болгону 200 жакын оозеки чыгармалар бар. Менин атамдын улуу агасы Владимир биздин үйгө келгенде, атам экөө таң атканча сүйлөшчү. Мен аларды аңдып, сүйлөшкөндөрүн укчумун. Ал киши биздин тоолордун ар биринин атын, алар тууралуу дастандарын жатка билчү.

Кубанычбек Алмабеков: Чылтыздын комузунда, үнүндө нукура илгерки кыргыздын салты, үнү угулуп турат. Шор эли учурда болгону 11 миң эле экен. Ошого карабастан, алар  өзүнүн маданиятын сактап келатышат.

? Манас ата Алмамбет өлгөндө аны Саралага өңөрүп жөнөтүп, Ала-Тоого көмүлөт. Эмне үчүн Чубак менен Сыргакка Алмамбеттей сый көрсөтүлбөй көмүлгөн?

Рыспай Исаков: Бул Манас атабыздын адилеттен тайгандыгынан эмес. Чоң казат, уруш  болуп жатканда, биринчилерден болуп Сыргак кетет, анан 12 чоро кетип жатат. Эч кимиси калбай калды. Керек болсо, Манас Алмамбет кайда экенин билбей калды. Ал жерде сөөктү алып кетели, коюп кетели деген ой болгон эмес. Өлүм менен кармашып жаткан учур болчу. Алмамбетти Манас эмес, адамдан эстүү Сарала алып кетти. Аларды салтанат менен коюуга Манастын убактысы да, шаасы да жетмек эмес. Сараланын мыктылыгынан Алмамбеттин сөөгү Ала-Тоого келип калган.

? Манасчылар боюнча биринчи жазма булактары канчанчы кылымдарга таандык?

Рыспай Исаков: Кылым боюнча маалыматым жок. Манастын сөздөрү, өзөктөрү,  сыпаттоолор, көркөм сүрөттөр Орхон Енисейден кездешет. Манас байыртадан айтылып келатканбы деген тыянак чыгарса болот.

? Манасчы болгонго эмне себепкер болду?

Улан Исмаилов: “Аян болбой, баян болбойт” деп айтылат. Аян сыр болуп, айтып калдым. Аян-сыр берилүү менен арбактын сынынан өтүп кеткендер дагы бар. Чындап келгенде, манасчылыкка башка күчтөрдүн кийлигишүүсү менен келет. Аян — манаска кирүү эшиги, андан кийин эмгекти, түйшүктү талап кылат. Айрымдар жүктү көтөрө албай, ооруп калышат.

Кубанычбек Алмабеков: Манасчылык тукумга берилгенде аян менен келет. Тыныбек, Келдибек, Акылбек, Сагымбай, Саякбай аталар манасты аян аркылуу айтып калышкан. Мен дагы тукум кууган манасчынын биримин. Чоң атам Дыйканбай айлап, жылдан үйдөн кетип калып, эл кыдырып манас айтчу экен. Ал Анжианга чейин келиптир. Чоюке, Азис, Шааба манасчылар да ушундай болгон экен. Тукум кууган манасчылардын эмнеси жакшы? Мен бардык манасчыларды көрүп калдым.

? Манас айтууга түрткү берген устаттарыңар ким?

Камил Мамадалиев: Устат болмоюн шакирт чыкпайт. Устаттан шакирт ыраазычылыгын алыш керек экен. 7-класста Шааба, Кааба аталарды жуунтуп жүрдүм, чет өлкөгө чыкканда сумкаларын сүйрөп жүрүп, тешип койгом. Эми сумка табайын деп Түркияда иштеп жүргөн бир байкеге айтсам, дөңөлөгү бар чемодан сатып берген. Азыркыга чейин бар экен.

? Манас эпосу кыргыз элинин энциклопедиясы. Кубанычбек агай, “Манаска” таянып элди дарылап көрдүнүзбү?

Кубанычбек Алмабеков: Мен кыргызчылыкка кайрылган кишимин. Чоң алаамат болоордо Манас атам түшүмө кирет. Садык Шернияздын агасынын баласы беш жыл мурда 17 бала менен авария болуп, менин колума түштү. Ошол балдардын баары тирүү калды. Айрыкча, дары чөптөр “Манаста” көп айтылат. Биздин Айгүл таш эпосто бар. Окумуштуулар изилдеп жатышат. Япондуктар өсүмдүктөрдөн дары чыгарып, таштын үстүнө чыккан өсүмдүктөрдөн боек чыгара башташты.

? Саякбай Каралаевдин манас айтуу боюнча рекордуна чыккан манасчылар барбы?

Камил Мамадалиев: Дөөлөт Сыдыков менен Улан Исмаилов өткөн жылдары Таласта 3-4 сааттан кем эмес үч күн бою айтышты. Ошондо алар Көкөтөйдүн ашына жетишти. Эгерде баарын кошуп эсептесек Саякбай Каралаевден ашса ашып кетээр, кемисе кемип калаар, бирок манасчыларыбыз кемибей келатканына Кудайга шүгүр. Эл деген манасчыларга дем берип турушу керек, ал үчүн угуу маданиятын көтөрүү зарыл. Манасчыларга калың эл керек.

 

Үчүнчү күн: Ошко оомат келди

Баткенден түш оодарып Ош шаарына карай сапарыбызды уланттык. Манасчылар менен жүрүү өзүнчө керемет экен. Кандай гана суроо салба, баарына жооптору даяр. Эң башкысы, манасчылар сөзгө бай, тамашакөй, нукура кыргыз элинин билимин аздектеп сактап жүргөн адамдар экенин түшүнгөндө, аларга ого бетер аяр мамиле жасап, элдин баалуулуктарын жүрөктөрүнө, алмадай болгон башына сыйдырып, сактап жүргөндөрү үчүн ичимен таазим кылдым. Баарлашууда алар “Манас” эпосу кыргыз элинин тарыхын гана эмес, жашоо-тиричилигин, каада-салтын, үрп-адатын, таалим-тарбиясын, адеп-ахлагын, айлана-чөйрөгө, табият менен таттуу жашоого, жаратылышка жасаган мамилесин, дүйнө таанымын, эне тилинин кудурет күчүн, билимин ж.б.у.с. толгон-токой жолдорду баяндаган нукура элдик чыгарма экенин айтып олтурушту. Учурда “Манастын” 86 варианты айтылса, ал жерде таалим-тарбияга байланыштуу канчалаган окуялар баяндалаарын айтып, керек болсо, мамлекет манасчыларга айлык төлөп берсе (үй-бүлөнү багуу үчүн каражат керек да, алар эл кыдырып кетсе, жашоо-тиричилик кандай болот?) алар мектептерди кыдырып манасын айтып, алардын аурасын тазалап, жаш муунга кеңири, терең түшүнүк беришерин билдиришти. Айтмакчы, 2010-жылы 7-апрелде кызыл кандуу жаш балдар “Замана” студиясына келатат деген кабарды укканда, жетекчилери манасчы Улан Исмаиловду алдырышып, кире беришине олтургузуп, манас айттырышкан экен. “Бир маалда карасам жер жайнаган, кыйкырган жаш балдар келатат, бир учурда туруп кетким келди” дейт ал, бирок болбой эле күчөп айта баштаганда башында келаткан жигит артындагыларды токтотуп, манас айтып жатат, отургула дегенде, баягы кыйкырып келаткандар жымжырт олтуруп, угуп калышкан экен. Ошондо “Замананын” жетекчилери чыгып, жаштарга “студияны сындырбагыла, бүлдүрбөгүлө, бул элдики, силердики” деп түшүндүргөндө, таяктарын ыргытып, басып кетишкен экен. Карачы, “Манастын” күчү, аны угуучуларга жеткирген манасчынын айтымчылыгы?!. Демек, мектептердеги рэкет, суицид, акча чогултмай ж.б.у.с. маселелерди манас таануу аркылуу чечсе болот экен. Сөзүм кур болбош үчүн бир мисалды келтирип кетейин. Ош шаарындагы жолугушууга келген Кара-Суу районундагы Ленин атындагы №66 мектептин директорунун айтымында, мектепте “Манас” борбору ачылып, 40 чоро дайындалгандан кийин рэкет маселеси кан буугандай жоюлган.

Ош шаарындагы жолугушууну эртең менен Ош мамлекеттик университетинин базасынан баштадык. ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков бизди кабинетинде күтүп олтуруптур. Ал жерден таанышып, чай ичкенден кийин чоң залына жөнөдүк. “Босогосун көрүп, төрүнө өт” дегендей, эми бул окуу жайдын кире беришинен эле жетекчинин ишмердиги, айкөлдүгү, даанышмандыгы, жамаатка жасаган мамилеси, иштегенге жана окуганга түзүлгөн бардык шарттар бар экени айтпаса деле көрүнүп турду. Эмнегедир ОшМУнун имаратын Казак Республикасындагы эң күчтүү Аль-Фараби университетинин базасына окшоштурдум. Жыйын өткөргөн чоң залына киргенде көзүң умачтай ачылат экен. Анткени ордо калаадагы бир дагы жождо мындай жасалгаланган залды көрө элекмин.

Ошентип, ар бирибиз өз ордубузду тапкандан кийин сөздү окуу жайдын ректору алып, жолугушуунун максатын айтып, ар бирибизди окутуучуларга, студенттерге тааныштырып чыкты. Андан соң, модераторлук ишин колго алган Гүлнара Айтпаева алып келген дисктер тууралуу маалымат берип, Каныбек Исаковго “Семетей”, “Сейтек”    боюнча тартылган видеоверсиялардын дисктерин, түштүк аймактагы изилденген ыйык жерлер тууралуу орус тилинде чыккан китепти жана жылнааманы белекке тартуулады. Андан кийин шор элинин дастаны угулуп, ооз комуз ойнолуп, кыргыздын “Манасы” жаңырды. Суроолор берилип, эстеликке сүрөткө түшүү, кол жазма алуу, коноктоо вазийпалары өттү.

Ушул эле күнү Ош шаарындагы Достук атындагы №52 кыргыз-түрк мектебинде шаардык мугалимдер, окуучулар үчүн жолугушуу өттү. Бул мектепке да киргенде эле жетекчинин иштеген жүзү көрүндү. Эгерде “театр илгичтен башталат” десек, бул “мектеп тепкичтен башталат” экен десем ашыкча болбостур. Анткени ар бир тепкичтин алдында мугалимге тийиштүү сөздөр бадырайып жазылып турат. Бул мектеп тууралуу материалды кийинки сандан окусаңыздар болот.

Жолугушууну төкмө акын Идрис Айтпаев аттуу мугалим ачып, ал ар бирибизге токтолуп, ырын арнагандан кийин гана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсановго сөз берди. Бул мектептин окуучулары борбордон барган конокторго атайын “Манас” таануу боюнча чакан программа уюштурушуптур.

Андан соң, биздин келген максат айтылып, манас өнөрү тартууланып, суроолорго жооп берилди. Кайрадан сүрөткө түшүү, кол жазма алуу, конокторду коноктоо, жаш манасчыларга бата берүү вазийпалары аткарылды. Баса, биз чыгып кеткенден кийин дагы артыбыздан кубалап жетип, эки өзбек окуучу манас айтып беришкенге үлгүрдү. Жолугушуудан кийин биздин чакан топ Кыргызстандын Меккеси Сулайман-Тоого чыгып, анын шайыгы менен жолугуп, ыйык жердин тарыхын уктук. Ал жерден да  ОшМУнун студенттери бизди тосуп алып, кара жорго бийин көрсөтүп, Чылтыз Танагашевага дискке жаздырган ырларын белекке тартуулашты. Чылтыз да студенттерди кур калтырбай, өзүнүн дискин белекке берди. Эң кызыгы, оштук бир үй-бүлө социалдык тармак аркылуу Чылтыз менен баарлашып жүрүшүптүр. Кайчы өнөрпоздун Ошко келгенин угуп, алар баарыбызды “Ош ордо” кафесине коноктоду. Кыскасы, оштук туугандар эзелки оозеки чыгармаларды, аны алып жүрүүчү дастанчы, манасчыларды абдан сыйлашат экен.

Суроо – жооп:

? Кубанычбек агай, Манас айтуу боюнча шакирттериңиз барбы? Аларды даярдаган мектебиңиз барбы? Чылтыздын өнөрүнө таазим. Кесибиңиз эмне?

Чылтыз Танагашева: Шор элинин маданиятын өнүктүрүүгө салымымды кошуп жүрөм. Биринчи кесибим – мектепке чейинки билим берүү мекемесинин педагогу.

Кубанычбек Алмабеков: Мектебим жок. Манасчы Таланты Бакчиевди, Тилек Асановду мектебим деп эсептейм.

? Башыңардагы калпактар өзгөчө экен.  Коомдук жайларда дайыма кийип жүрөсүңөрбү?

 Рыспай Исаков: “Айгине” борбору белек кылган калпактар, кээде душка да кирип кетебиз (тамаша). Жеке мен дайыма кийип жүрөм. Калпактын жыты да башкача. Баш ооруганда да бетке жыттап алсам, айыгып калам.

? Рыспай агай, поэзия менен “Манасты” айкалаштыруу оңой бекен? Же поэзияны таштап салдыңызбы?

Рыспай Исаков: Таштап салгандай тамеки белеби? (күлүп). Жазмалык дасыгууну талап кылат. Илгеркилердин туюму башка болчу. Азыр баарыбыз унутчак болуп калдык. Учурда жазмалык абдан керек.

? Манас айтканда эмнени таап, эмнени жоготтуңуздар?

Камил Мамадалиев: Эч нерсе жоготкон жокмун. Учурунда “Манас” айтпа, ичиңе жин кирип кеткен” деп айтышкандар болду. Үч жыл айтпай калсам, ооруп калдым. “Манасты” жандантып айта баштаганда жеңилдеп, тазалана баштадым. Кароол-Чокуга чыгып алып, жакшы ийгиликтер болсо экен деп жакшы тилек менен айтам. Улуу эпостун, манасчылардын орду төр болуп калат экен.

Гүлнара Айтпаева: Манасчылар арак ичишпейт, тамеки тартышпайт, сөгүнүшпөйт. Манасчыларды кыргыз коомчулугунда үлгү катары алса болот. Таза адамдар жаралып жатат.

? Чылтыз  шор эли эне тилинде сүйлөйбү?

Чылтыз Танагашева: Кемеровдо жашаган токтогулдук кыргыз кызга өнөрүмдү үйрөтүп жатам. Ал ыр жазат, абдан таланттуу кыз. Шор тилин айылдагылар сүйлөшөт, шаардыктар такыр сүйлөшпөйт, тилекке каршы.  Мен сүйлөгүлө деп үгүттөп жүрөм.

? Манас эпосунун 100 жакын варианты бар. Канчасын билесиздер? 

Рыспай Исаков: XX кылымдын Гомери деп таанылган Саякбай атабыздын, аны менен үзөңгүлөш Сагымбай атабыздын варианттары бүткүл кыргыз журтчулугуна кеңири маалым. Жаңы топ сиз берген суроонун тегерегинде, алкагында  манас айтып, өздөштүрүп келатышат. Ар биринин жекече өзгөчөлүгү, өзүнчө ички туюму бар. Манас эпосу жөнүндө бир жума бою төп келишип айтып, чече  алабыз деп айткандан алысмын.  Ал чалкыган океан, биз жээгиндеги тамчысы сыяктуу инсандарбыз.

Кубанычбек Алмабеков: Илимдер Академиясында  “Манастын”  86 варианты бар. Үч эле кишинин “Манасы” чыкты: Саякбайдыкы совет учурунда, Сагымбайдыкы  Ч.Айтматовдун кол алдында болуп, жакында Азисов Шаабайдыкы чыкты. Варианттар көп. Бирок нугу бир. Негизги окуясы, сюжети бир.

 

Төртүнчү күн: Манасчылар окутуу өзбек тилиндеги мектепте

Ош облусундагы мектеп жетекчилер, окуучулар менен жолугушууну Ош облустук билим берүү институту уюштуруп берди. Бизди институттун директору Абдыкерим Муратов тосуп алып, Рудаки атындагы мектептин “Манас” борборун, залын көрсөтүп чыкты. Андан кийин ушул мектептин залына жыкжыйма толгон окуучуларга, мугалимдерге, мектеп жетекчилерине бизди тааныштырып, максатыбызды айтып өттү. Бул жолугушууда да манас айтылды, ооз комуз ойнолду. Эң кызыгы, бул жерде суроолор берилбей, тескерисинче, мен манас айтам деген балдардын саны абдан көп экенин көрдүк. Баарын угуп олтурганга чамабыз жетчүдөй эмес. Андыктан аларды таарынтып албаш үчүн айрымдарын гана угалы деп макулдашып алдык. Ошентип, тубаса, жаттама манасчылардын  үнү залды жаңыртып жатты.  “Кудай Таалам оозанган балага “Манас” улуу баянынан бермет сөздөрүн бер, кыргыз элине зоболосун бийиктетип, айткан манасы кыргыз элиме жугумдуу болсун!” деп манасчылар ак баталарын беришти. Окуучулар убакыттын аздыгына моокумдары канбай калышты окшойт, “Айгиненин” кызматкерлери Чолпон менен Мээрим дисктерди, китептерди таратып жаткан учурда, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сүрөткө түшүп, бирден манасчыны колтуктап алып, маек курушту. Бул күнү да институттун жетекчилери манасчыларды өзгөн күрүчүнөн басылган даамдуу тамак менен коноктоп, жакшы каалоо-тилектери менен узатып коюшту. Кыргыз элинин меймандостугун, салтын кадырлап, барктаган Каныбек Исаковго, №52 мектептин директоруна, Абдыкерим Муратовго ыраазычылыктарын билдирип, баталарын беришти.

 

 

Жолугушуудан кийинки ойлор

Гүлнара Айтпаева, “Айгине” маданий-изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор:

  • “Айгине” уюму кыргыздын маданиятын, көмүскөдө калган баалуулуктарын, көрүнүштөрдү  изилдеп келатат. Беш-алты жылдык изилдөөлөр өлкөнүн ыйык жерлерине, географиясына арналган. Жалпы Кыргызстандын ыйык жерлеринин географиялык картасын чыгарып, касиеттерин ачып, аны илимий изилдөөгө алуудабыз. Орус, англис тилдеринде Ош, Баткен, Жалал-Абадка байланыштуу китеп чыкты. Жылнаама чыгарылды, ыйык жерге байланыштуу окуяларды чагылдырган. Негизги максатыбыз – үч жылдан бери “Манасты” изилдеп, заманбап анасчылардын айтуусунда видеоверсияны чыгардык. Үчилтиктин бир кайсы чакан изилдөөнүн натыйжасында чыгардык. Азыр атагы чыккан 15 манасчыбыз жүрөт, бирок “булар кайсы нукта, кайсы варианттарды айтышат?” десек, маалымат жок экен. Ошонун негизинде заманбап манас айтуучуларды чогултуп, айттырып, дискке түшүрдүк. Окуу жайларга бекер таратууну туура көрдүк.

Каныбек Исаков, ОшМУнун ректору, профессор:

  • “Айгине” маданий-изилдөө борбору кыргыз элинин жалпы улуттук маданиятын, руханий маданиятын изилдөөдө эбегейсиз зор эмгектерди жасап жатат. Кыргыз элинин кыйырына чыгып, эл арасындагы этнографиялык материалдарды, каада-салт, үрп-адаттарды, эл алып жүргөн улуу баалуулуктарды чогултуп, кайра элине тартуулап жатат.  “Манас” эпосу бир кезде Кытайдын маданий, руханий мурасы катары ЮНЕСКОго катталса, өткөн жылы биздин үчилтик кыргыз элинин байыркы маданий, руханий мурасы баалуулугу катары катталды. Буга да “Айгиненин” кошкон салымы зор. “Манас” эпосуна карата болгон мамиле башкача өңүттө баратканы биздин эгемендүү алгандыгыбыздын эң башкы белгилеринин бири катары карасак болот. Себеби эпикалык ой жүгүртүүдөн  жаралган, элдин генинен жаралган мурастарыбыз бүгүн жаштар арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ болуп, ошол мурасты алып жүрүүчүлөр, манасчылар көбөйүп бараткандыгы биздин руханий кайра жаралуубуздун белгиси деп айтсак болот. Себеби “Айгине” сыяктуу уюмдар жаштардын чыгышына  стимул жаратып жатканы, элдин алдына топтоп, заманбап усулдарды чыгарып жатканы биз үчүн чоң кубаныч. Ар бир кыргыз баласы, Кыргызстанда жашаган жарандар мурасыбыздан кабардар болуш керек,  аны окуп, таанышы керек. Мүмкүнчүлүгү жетишинче  манаска  кайрылып турса, кыйынчылыктардан чыгууда жеңилдик алып келет. Мамлекеттин бүтүндүүлүгүн сактоодо  “Манас” эпосу кайталангыс табылга, кайталангыс  касиет деп ойлойм. Улуттук өнөргө жакындап баратабыз. Аны сыйлаган муун келатат. Жолугушуудагы таасирдүү сөздөр жүрөгүбүздө калат. Биз байкабаган манасчылык өнөр  — илим, билимди көкүрөгүнө топтоп жүргөн өнөр экенин түшүндүк.

Гулина Жамгырчиева, ОшМУнун окутуучусу, доцент, ф.и.к.:

  • “Айгиненин” филиалы Ош шаарында уюшулса деген сунушту айтам. Кыргызстан боюнча таасирдүү болот эле.  Маданиятты, рухту жаштарга өзүбүз үйрөтүп, өз жергебизде улантсак. Өнөрпоздор бизде көп, ачылат эле. Жаш манасчылардын жолугушуулары уланса, токтобой айта берсе деп каалап турабыз. Манасчыларды жандуу көргөндө кадимкидей энергетика алмашып, угуу да башкача

Кайрынса Кубанычбек кызы, ОшМУнун Кыргыз филология жана журналистика факультетинин 5-курсунун студенти:

  • Беш жылдын ичинде мындай таасирдүү жолугушууну биринчи жолу көрдүм, анткени “Манас” эпосу боюнча биринчи жолу уюштурулуп жатат. “Манас” эпосун изилдөөчүлөр, аны сактоочулар, алып жүрүүчүлөр келгени өзгөчө таасир калтырды. Ректоратка ыраазычылык билдиребиз, ушундай мүмкүнчүлүк түзүп бергендери үчүн.

Абдыкерим кызы Гүлзада,  ОшМУнун Кыргыз филология жана журналистика факультетинин 5-курсунун студенти:

  •  “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсе бир киши” дегендей, теледен, гезиттен көрүп жүргөн адамдар келип, алар менен жолукканда чоң таасир калтырды. Өзгөчө, шор элинин маданиятын, тарыхын, искусствосун тааныштырганы жакшы болду. Манасты китептен окуганда мындай таасир берилбейт, ал эми алардын жанында олтуруп укканда, кызыгуу күчөйт экен.

Аман кызы Феруза, ОшМУнун Кыргыз филология жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти:

—              Мен мурда манас айтчу элем. Манас айтканда болгон күчүмдү жумшап айтып, кийин акырындап кетчүмүн. Манасчылар акырын баштап, анан күчөйт экен. Бул жолугушуудан мен сабак алдым. Чылтыз эженин табияттан күч бергени бар экенин баамдадым. Ар бир адамдын колунан келбеген өнөр экен. Окуучуларга манас айтууну өркүндөтүп, “Манас айтуу”  мектебин ачам деген ой келди.

Темирлан Рустамов, Ж. Мойдунов мектебинин 8-классынын окуучусу, Ош облусу:

  • Түшүмө өзүмдүн айылымдагы көпүрөнүн алдында калың элге манас айтып жаткандан кийин айтып калдым. Жети жашыман баштап манас айтам. Манасчы -байыркы менен азыркы заманды туташтырып туруучу, тарыхчы, ойчул, өзүнүн сөзү, обону менен айткан адам болот. Мен бир саатка чейин токтобой айта алам. Кээде айтып олтуруп өзүмдү жоготуп койгон учурлар болот. Манасчы жалганчы болбойт. Мен сынакка катышып, гран-при утуп алганда курдаштарым манаска ого бетер кызыга башташты.

Айганыш Таалай кызы, №66 Ленин атындагы мектептин 7-классынын окуучусу, Кара-Суу району:

  • 6-класстан баштап манас айтам. “Манас айт” деп түшүмө кирген, качсам да алдыман чыкчу. “Манас” эпосун бир сыйра окугандан кийин жатталып калат. Чын жүрөгүмөн манас айтканда дагы айткым келе берет. Көздү жуумп айтканда “Манас” урушуп жатканы элестетет.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Бишкек – Самаркандек – Баткен – Ош — Бишкек

 

Поделиться

Комментарии