БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ГЕМОФИЛИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮНӨ КАРАТА АКЦИЯ ӨТТҮ

  • 19.04.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин медицина факультети  Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмү менен биргеликте 17-апрель — Бүткүл дүйнөлүк гемофилияга каршы күрөшүү күнүнө карата акция өткөрдү.

Акцияга эпидемиологиялык абалга байланыштуу Ош шаарына жакын жайгашкан Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунан гемофилия менен жабыркаган  балдар ата-энелери менен келип катышты.

Уюштуруучулар гемофилия жөнүндө маалыматтарды беришип, чакан маанай көтөргөн концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын негизги максаты коомчулукка гемофилия илдети тууралуу маалыматтарды жеткирүү,  ооруунун алдын алуу, бейтаптардын өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн  жакшыртуу. Акцияга медицина факультетинин ички оорулар №3 жана педиатрия кафедрасынын жамааты, студенттер активдүү катышты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда гемофилия менен ооругандардын саны 400гө жакын, анын 40 пайызын 16 жашка чейинки өспүрүмдөр түзөт.

Поделиться

Комментарии