АЙНАЗИКТИН КИНОДОГУ ДЕБЮТУ

  • 06.03.2015
  • 0

Кыргыз режиссеру Марат  Сарулу тарткан «Көч» кинотасмасы атамекендик кинематографияга зор ийгилик алып келди. Социалдык-психологиялык, философиялык татаал мүнөздөгү бул фильм былтыркы жылы Эстониядагы эл аралык кинофестивалда эӊ мыкты режиссерлук иши үчүн – улуп жаткан карышкырдын көзгө толумдуу күмүш статуэткасына ээ болсо, андан бир аз мурдараак Азия фильмдерин жайылтуу боюнча Netpac ассоциациясынын премиясын жеӊип алган. Ушундай ийгиликтерге бөлөнгөн акжолтой фильмдеги башкы каармандардын бирин Бишкек шаарындагы №68 орто мектептин 1-классынын окуучусу Айназик Бекбалаева аткарганы баарынан кызыктуу.

Кырсык – каш-кабактын ортосунда

— Ооба, «Кырсык каш-кабактын ор-тосунда» демекчи, Айназиктин жеке турмушундагы оор  трагедия бул  фильмге тартылып ка-луусуна  се-беп болду. «Мындан үч  жыл мурун Ай-назиктин көз алдында апасы  авто-кырсыктан каза болуп, кичинекей кыз  бир  жылдай сүйлөбөй  калыптыр. Аны биринчи эле көргөндө, дал өзүндөй образды издеп жүргөнүмдү түшүндүм. Анткени, портфолиодогу мага карап турган көздөрдөн, мен ушунчалык зор кайгыны туйдум, аны актерлук че-берчиликке салып аткаруу мүмкүн эмес, — дейт фильмдин башкы режиссеру Марат Сарулу «Ком-сомольская  правда»  гезитине берген маегинде.

Кинотасманын өзөгүндө жаткан окуя да Айна-зиктин жеке турмушуна опокшош. Фильм Айназик ме-нен  таята-сынын  бир калыптагы жай турмушун баяндап келип, андан ары апасы-нын шылуундардын илмегине  илинип, үй-жайынан  ажыра-шы,  таятасы  экөөнүн болбогон  акчага  үйүн сатып  шаарга  келиши, вагонеткадан бир аз күнгө баш паанек таап, анан апасы Москвага акча тапканы кетээрде бирин карылар үйүнө, экинчисин балдар үйүнө аргасыз алып бар-ган аянычтуу көрүнүштөр менен коштолот.

Анткен менен Айназик мыкты аткарды

«Айрыкча эки көрүнүштү тар-туу  бизге  кыйынга  турду,  -дейт Марат Сарулу. Таятасы бүтүндөй шаарды аралап, балдар үйүндөгү небересин көргөнү барат. Ушул көрүнүштү, ал кандай аянычтуу болбосун, фильмдин идеясы бо-юнча,  башкы  каармандар  ачык эмоциясыз, көз-жашсыз аткаруу-га тийиш болчу. Мен башкы каар-мандар ушундай милдетти аткара алабы деп корктум. Бирок баары ойдогудай болду».

Режиссер экинчи кыйынчылык балдар үйүнө келгенде Айназик-тин чачын алып жаткан көрүнүш болгонун белгилейт. «Фильмдин сюжетинде ушундай көрүнүш бар экенин айтканыбызда, Айназиктин таенеси: «Неберебиз бий студи-ясына барат», — деп, Айназиктин ролго тартылуусуна макул болгон эмес…

Союз мезгилинде жашап кал-гандар  механикалык  чач  алгыч устараны  жакшы  билишет.  Бул аспаптар чач алып жатканда кып-чып кетип, далай балдарды ыйлат-ты го чиркин! Фильмде Айназиктин бир тамчы көз-жашын көрбөйсүӊ. Ал баарына чыдады…», — дейт режиссер.

Айназик таене-таятасына ыраазы

Өз  апасы  жол  кырсыгынан кайтыш  болгондон  көп  узабай Айназик Бишкекте таене-таята-сынын колунда калат. Таятасы агартуу журтчулугуна таанымал илимпоз, Кыргыз билим берүү академиясынын белдүү илимий кызматкерлеринин бири, сүрөт сабагы боюнча бир топ окуу китеп-теринин, окуулуктардын автору

– Дамир Акматов. Чындыгында, Айназиктин кинодогу дебютунда таенеси менен таятасынын эмге-ги чоӊ. Көркөм тасма өлкөбүздүн түштүгүндө, Таш-Көмүрдө, Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Биш-кектин четинде бир жылга чукул убакытта тартылып, ошонун ба-арында таене-таятасы кезмек-тешип небересинин жанында бо-лушту. «Кээде жумуштан кезексиз эмгек өргүсүн алууга туура келди. Таш-Көмүрдө кино тартуу учурун-да Айназиктин кинодогу таятасы Сагындык Макекадыров менден талашып, неберемди колунан же-телеп жүрдү», — дейт күлүп Дамир агай.

Полковниктер династиясындагы алгачкы актриса

Айназик – полковниктердин династиясынан. Чоӊ атасы пол-ковник Тентимиш Бекбалаев Улуу Ата мекендик согуштун чыныгы баатыры,   «Кызыл  жылдыз», «Биринчи даражадагы Улуу Ата мекендик Согуш» ордендеринин, «Сталинградды алгандыгы үчүн», «Берлинди алгандыгы үчүн», «Ке-нигсбергди алгандыгы үчүн» ме-далдарынын ээси болгон. Көзү өткөнчө колуна мүштөгүн кармап, үстүнөн кителин түшүрбөй жүрчү, Сталиндикиндей портсигары да бар болчу», — дешет балдары. Бир тууган агасы полковник Сагынбек Бекбалаев – Баткен согушунун баатыры. Каза болгондон кийин «Эрдик»  медалы  менен  сый-ланган. Өз атасы – полковник Сүйүнбек Бекбалаев Ош шаа-рындагы аскердик гарнизондо иш-тейт. Атасы менен бирге бүтүндөй тууган-уругу, эжелери Айназик менен сыймыктанат. Айназикке билим берген эжейлери, өзгөчө класс жетекчиси Рахат эжей ме-нен «Сейтектеги» эжейи Сырга Жапарованын учурда кубанычы койнуна  батпай  жүргөн  чагы. Алар  да  күнүмдүк  билинбеген эмгектери аркылуу Айназиктин балалык жашоосуна не бир сонун жаӊылыктарды киргизип жатыш-канын айта кетели.

Бүтүндөй Кыргызстандын азыркы тагдырын эске салган фильм

Айназиктин алгачкы ийгили-ги болгон бул фильм дээрлик үч саатка созулду. Жарым саатына араӊ чыдайм деп киргем. Бирок, үч саат экрандан көз албай ол-турдум. Башкалар да ошентти. Фильмге арбалып олтурдук. Бул эмне  деген  новаторлук  ыкма? Экзистенционализм дешти ре-жиссерлор. Ооба, баары кенен форматта, эч бир өзгөртүүсүз, көркөмдөөсүз тартылган. Жара-тылыш да, адамдар да, окуялар да.  Бирок  баарын  бириктирип турган өзөк бардыгы сезилет. Ал түйүндүү өзөк — азыркы Кыргыз-стан. Фильм тууралуу белгилүү киносынчы Темирбек Бирназа-ров да ушундай ойдо. Фильмде мындай бир кызыктуу эпизод бар.

Апасы Айназикти таежесине кал-тырып кетейин деп айылга барат. Барса, таежеси чоӊ үйдө жалгыз жатат. «Балдарыӊыз кайда, та-еже?» — дейт апасы. «Улуусу – Россияда, кичүүсү – Казакстанда, кызым түрккө күйөөгө чыккан. Ай-ылда жалаӊ мага окшогон кары-картаӊдар калды. Жерибиздин ээси калган жок», — дейт таежеси оор үшкүрүнүп…

А. АЛИБЕКОВ,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии