Айбийкеч СУЛТАКАЕВА: «КӨП ТИЛДҮҮЛҮК – МЫКТЫ БИЛИМГЕ ЖАНА ЫНТЫМАККА ӨБӨЛГӨ»

  • 08.07.2016
  • 0

Жакында «Көп тилдүүлүк – ийгиликтин ачкычы» конкурсунда алдыга суурулуп, Чүйдүн Аламүдүн районунда ресурстук борбор макамына ээ болгон Гроздь орто мектебинин деректири Айбийкеч Султакаева менен маектештик.

— Биздин мектеп «Көп түрдүүлүктөгү биримдик» долбоору боюнча бир жылдан бери  иш жүргүзүп келет. Мунун алкагында көп тилдүү билим берүү программасын киргизе баштадык. Предмет менен тилди айкалыштырып окутуу (KLIL) методикасына таянып, балдардын эки тилди бирдей өздөштүрүшүнө ушул алгылыктуу жолду тандадык. Бул максатта биздин 32 мугалимдин 20сы атайын курстарда окуду. Долбоорго киришерден мурун окуучулар менен ата-энелердин пикирин да сурап көрдүк. Көпчүлүгү жаӊы программаны жактырып, бизди колдоду.

Орус класстарда бир катар сабактар (дене тарбия, сүрөт, кол эмгек, адеп жана музыка) кыргызча, ушул эле сабактар кыргыз класстарда орус тилинде окутула баштады. Азырынча тилдик чөйрөгө толук аралаштырууга («тилдик чөгөрүүгө») жетише элекпиз – сабактын айрым келкилерин гана экинчи тилде окутуп жатабыз. Быйыл, мисалы, 3-4-класстын окуучулары дене тарбияда берилүүчү командаларды туура түшүнүп, тийиштүү кыймыл-аракеттерди так аткарганга, жооп бергенге жарап калды. Эмки жылдан тартып бул класстарда аталган сабактар толугу менен экинчи тилде окутулат. Беш жылга стратегиялык планыбызды түзүп алдык.

— Башка сабактарчы?

— Быйыл 7-класста физиканы киргизип көрдүк, келерки жылдан тартып математика менен информатиканы да экинчи тилде окуталы деп жатабыз.

— Көп тилдүү окутуу методикасын каяктан үйрөнө баштадыӊыздар эле?

— Адегенде өзүбүз изденип, долбоорго катышуу үчүн тийиштүү адабияттарды окуй баштадык, анан райББга, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдык. Башында биз үчүн көп нерсе бүдөмүк болгон, азыр кыйла даана түшүнүп, колубуздан келерине көзүбүз жетип калды. Мугалимдерибиз да көбүрөөк кызыгып, тартыла баштады. Өз мектебибиз менен эле чектелбей, райондун билим берүү башкармалыгынын жетекчилеринин катышуусунда көп тилдүү билим боюнча семинар өткөрдүк, андан соӊ мектеп деректирлеринин орунбасарлары үчүн уюштурдук.

Кийин көп тилдүү билим берүү боюнча Борбордук Азия республикаларынын өкүлдөрү катышкан семинарда да биздин мугалимдер сабак өткөрүштү.

Бул иште филолог мугалим менен башка предметтер боюнча окуткандардын, параллель класстарда сабак бергендердин өз ара жана класс жетекчилер менен кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ болот экен. Ошентип, долбоорго катышкан мугалимдер арасында милдеттерди так бөлүштүрүп алдык, коридорлордо жана предметтик бөлмөлөрдө «сүйлөөчү дубалдарды» илип эле койбостон, күнүмдүк окуу-тарбия иштеринде пайдаланып жатабыз.

— Ал каражатты балдар пайдаланып жатканын байкайсыздарбы?

— Ооба, сабактан үйрөнгөн сөздөрүн танапис учурунда да колдонууга аракет кылышат. Мындан тышкары, кыргыз жана орус тилдүү класстардын жетекчилери алмашып, оюндарды экинчи тилде өткөрүшөт. Бул балдардын обочолонуучулугун жойгонго шарт түзөт. Мурда, мисалы, орусчада басымды туура эмес койгон баланы шылдыӊдап күлүшчү, азыр мындай абал убактылуу, табигый болорун түшүнүп, өз ара жакындашып калды. Ушинтип, чыр-чатак азайды, ынтымак бекемделип жатат.

Алматыга конференцияга барып, көп тилдүү сабак берип жаткан мугалимдердин сабактарына катышып, мектептердин тажрыйбасын көрүп келдим. Эстонияга да бардым. Ал жакта көп тилдүүлүк бала бакчадан тартып эле киргизилиптир. Алар ишти жыйырма жылдай мурда эле баштаган экен, көп жакшы тажрыйба топтошуптур. Азыр мектепте бул тажрыйбаны баарыбыз биргеликте практика жүзүндөөздөштүрүп жатабыз. Мугалимдер көбүрөөк кызыгып калды. Окуу жылынын башында мектепке 480 сааттык даярдоо программасы боюнча «Адам жана тил» методикасы боюнча сабак бере баштаганыбызда балдар экинчи тилде окуткан мугалимден чоочуркап, жакшы катышпай жүрдү. Кийин бара-бара көнүгүп, мугалим ырда десе ырдап, ойно десе ойноп, балдар өз ара да ачык-айрым баарлашууга ыктап калышты.

Жаӊы иштин натыйжалуулугу кандай болуп жаткандыгын аныктоо үчүн пилоттук жана демейки класстардын окуучулары менен, ошондой эле ата-энелер менен сурамжылоо жүргүздүк. Балдардын кызыгуусу артканы кадимкидей байкалат. Ата-энелер бул жаӊылыктын пайдалуу экендигине көздөрү жетиптир. Алар балдарыбызга тапшырма аткаруу жагынан жакшы жардам бере албай жатабыз, эми биз үчүн да кыргыз тили боюнча курс уюштуруп бергиле деп жатышат.

— Бул өтүнүчкө кандай жооп бересиздер?

— Педкеӊеште акылдаштык. Албетте, баары айланып келип эле каржыга такалат. Буга чейинки көп тилдүү билим берүү жаатындагы кошумча түйшүктөргө деле жетиштүү акы сурабай, карандай дилгирлик (энтузиазм) менен иштеп келдик. Ырас, түрткү берүүчү гранттан эӊ жигердүү иштеген (ачык сабактарды өткөргөн, ишинин натыйжасы даана байкалган) мугалимдерди сыйлап турабыз. Эмгек өргүүсүнө да үч күн кошуп бердик.

Мугалимдерге баарынан да жакканы – сабакта окутууга эле эмес, баланын окуп-үйрөнүүсүнө да басым жасалып жаткандыгы. Окуучулар мурдагыдай мугалимдин койгон баасы үчүн эмес, чыныгы билим үчүн окуй баштады, анткени алар өздөрү да баалоо критерийлерин үйрөнүп, өздөрүнүн, бири-биринин жоопторун, билимин баалап калышты. Мурда мугалим: «Сага «2», сага «3», — десе, окуучулар унчукпай отуруп калышчу, эми ар бир баанын негиздүүлүгүнө сөзсүз көӊүл бурушат, керек учурда муну ачык-айкын талкуулашат. Топто иштөө да барган сайын натыйжалуу жүрүп баратат. Балдар мурдагыдай тартынбай, кысынбай, ачык-айрым болууда. Мыкты окугандарды сүрөш үчүн былтыртан бери эле окуу жылынын аягында парад өткөрүп, 200-300 сомдон стипендия ыйгара баштадык. Быйыл мыкты окугандардын пайызы 40ка жетти, мурда 35тен төмөн болчу. Жалпы республикалык тестте былтыр 14 бүтүрүүчүдөн бешөө гана 110 баллдан өйдө топтогон эле. Быйылкы орточо көрсөткүч 128 балл болду.

— Ата-энелерден каржылык жардам аласыздарбы?

— Бизде шаардагыдай акча чогултуу кыйын. Жакында камкорчулар фондунун чогулушунда ай сайын ар окуучудан 50 сомдон чогулталы деген сунуш айтышты. Эгер буга көпчүлүк макул болсо, турмуш шарты анча оор эмес үй-бүлөлөр ушундай салым кошуп турушу мүмкүн.

Мугалимдер жаӊыча иштегенге кыйла дилгирленип калды – өргүүгө чыккандан кийин деле улам мектепке тегеренип келип турушат. Айрыкча KLIL (предмет менен тилди айкалыштырып окутуу усулу) боюнча жаӊы окуу жылында сабактарды кыйналбай окутуш үчүн пландарын азыртан даярдап, өз ара пикир алмашып, үйрөнүшүп жатат. Жумасына бир жолудан чогулуп, жасаган иштерин ортого салып талкуулап жатышат.

Жакында болгон «Кош тилдүү билим – келечектин ачкычы» конкурсуна катышып, биздин мектеп ресурстук борбор макамын алып, мультимедиалуу проектор, лазердүү мультифункционалдуу принтер жана ламинаторго ээ болду. Физика сабагынан мугалимибиз Бурул Ашыбаева сабактын үлгүсүн түзүп, байгеге планшет алды. Бул конкурс да көп тилдүү билим берүүгө кызыгууну күчөттү. Мектептин материалдык-техникалык базасы жакшы болушу керек. Муну эске алып, быйыл «Өнүктүрүүчү саясат институтунун» конкурсуна катыштык. Биз «Баары өз колубузда» деген долбоорубузду айыл өкмөтүнүн чоӊ жыйынында коргоп, башкалардан мыкты, алгылыктуу экендигин көрсөттүк да, миллион сомдук байгени ээледик. Биздеги мурдатан бери жүргүзүлүп келген иштерди, соӊку жылдардагы демилгелерибизди, жетишкен ийгиликтерибизди, конкурстан жеӊсек, дагы чоӊ мүмкүнчүлүктөр ачыларын даана түшүндүрө алдык. Ата-энелер менен дайыма тыгыз иштешип келгендиктен, жыйында көпчүлүк добуш топтодук. Компьютерлерди толуктап, проектор, эмерек алмакчыбыз.

Бүгүн (29-июнда) «Парламент үнү» радиоберүүсүнө катышып келдим. Депутаттардан Садык Шернияз  катышты. Көп тилдүү билим берүүнүн орчундуулугу жөнүндө сүйлөштүк. Кыргыз тилин жакшы үйрөтө албай жатканда көп тилдүүлүктү эмне кыласыӊар деген суроо да болду. Мен жаӊы программа мамлекеттик тилди окутууга эч зыян тийгизбейт, тескерисинче, тил чөйрөсүн кеӊейткенге, коомдогу ынтымакты чыӊдаганга өбөлгө түзүлөт деп, бир жылдан берки бул багытта жүзөгө ашырып жаткан иштерибизди ата-энелер да жактырып жаткандыгын айтып бердим. Түз эфирде телефон аркылуу суроо бергендердин бири көп тилдүүлүктү бала бакчадан баштабайсыӊарбы деди. Мен бизде даярдоо классын кошо камтыганыбызды белгиледим. Дагы бир угарман ата-энелер үчүн курстар керек деген оюн билдирди. Мен жакшы саамалыктын мамлекет тарабынан да каржылык көмөк алышы үчүн колдогула деп депутаттарды чакырдым.

— Жаӊыча окутканга даяр мугалимдер жетишпей жаткандыр?

— ЖОЖдон атайын ушундай адистик алып окугандар жок азырынча, бирок иштеп жаткан мыкты мугалимдер филологдор менен биргеликте методиканы иш жүзүндө тез эле өздөштүрүп алса болот экен. Мугалимдердин ичинен Р.Акунова, А.Акматова, Л.Струкова, М.Сариева, Э.Шаршенова, Ж.Абдраимова, предмет менен тилди айкалыштырып окутуу (CLIL) боюнча Б.Ашыбаева, С. Жумакунова, П.Бороева, М.Отбасарова, Д.Ашыралиева, О.Деркач сыяктуу үлгүлүү сабактарды жогорку деӊгээлде өткүрүп жүргөндөр бар. Билим берүү отличниги, чыгармачыл топтун жетекчиси, биология мугалими Н.Сыдыкбекованын акыл-насааты, берген кеӊеши баа жеткис. Албетте, көнүп алган нуктан чыккысы келбеген ыкшоолору да бар, бирок жаӊылыкты жакшы түшүнүп, дилгир иштегендердин катары калыӊдап баратат.

— Райондогу мектептер үчүн өткөрүлгөн семинарлардан тышкары да жекече кызыгып, сиздердин мугалимдерге келип сурап жаткандар барбы?

— Албетте, бар. Эмне үчүн биздин мектеп бул программага өтпөйт дешет алар. Демек, бул саамалыкты коомчулук жакшы кабыл аларына шек жок.

— Кошуна Казакстандагы, алыскы Эстониядагы көп тилдүү билим берүү программаларын кыйла мурун баштаган мектептер менен интернет аркылуу байланышып турасыздарбы? Мисалы, биздин бир мектеп менен эстондордун мектеби достошсо, мугалимдер кеп-кеӊеш уюштуруп, тажрыйба алмашып, окуучулар да совет доорундагыдай интернационал достук клубу сыяктуу уюм түзүп, кат жазышып же скайп ж.б. аркылуу баарлашып турса сонун болмок.

— Азырынча мынчалык тыгыз иштеше элекпиз. Тажрыйба алмашуу негизинен семинарларда, анан тийиштүү адабияттарды окуу жолу менен жүрүп жатат. Сиз айткандай иштешүү да планыбызда бар.

Окуучулардын ой-пикири:

 — Меня зовут Роман, учусь в 4 классе. Раньше кыргызский изучали только на уроках кыргызского языка. Сейчас и по природоведению и музыке некоторые моменты объясняют по-кыргызски. Мне это очень нравится. Мен кыргыз тилин үйрөнгүм келет. Кыргызча түшүнөм, бирок азыр жакшы сүйлөй албайм. В будущем научусь свободно разговаривать.

— Менин атым Нурзамат. 6-класска көчтүм. Биздин класста кыргыз тилинде окутушат. Эми орус тилин да жакшы үйрөнүүгө шарт түзүп беришти. Ата-энелерибиз да жактырып, үйдөн жардам берип жатат. Классташтарым баары сабакка көбүрөөк кызыгып, тапшырмаларды толук аткара баштады.

Айыл өкмөтү да колдойт

 Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы Сыргак Кыдыкеев:

— Мектептин жакшы иштерин баарыбыз колдошубуз керек. Быйыл «Өнүктүрүүчү саясат институтунун» конкурсунда мыкты долбоору менен жеӊип, миллион сомдук грантка ээ болушту. Мындан тышкары деле мүмкүнчүлүккө жараша жардам берип келебиз. Мисалы, көп тилдүү билим берүү боюнча жана башка семинарларга, курстарга барган мугалимдердин жол киресин төлөп берип жатабыз. Балдарыбыздын тил билгени абдан жакшы – канчалык көп тил билсе, жолу да ошончолук кеӊеет эмеспи.

Маектешкен Жолдош ТУРДУБАЕВ

 

Поделиться

Комментарии